Стамбулда жоголгон кыз - мигранттардын мүшкүлү менен үшкүрүгү
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түркияда эки аптадан бери дайыны чыкпай жаткан 20 жаштагы кыргызстандык кыздын окуясы чет өлкөгө чыгуудагы коопсуздук маселесин кайрадан козгоду. Расмий органдар сыртка чыгууда жарандар айрым талаптарды эске албай жатканын айтууда.
24-июнь күнү Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кыргызстандык аял чалып, эки күндөн бери кызы менен байланыша албай жатканын билдирген.
Дипломатиялык мекемеге түшкөн маалыматка караганда, кыз Болгариянын Варна шаарына жолго чыккан. Ал Бишкектен Стамбулга учак менен барып, андан ары автобус менен Варна шаарына кетмек болгон.
Кыздын Түркияга эч кандай тоскооолдуксуз киргенин Сабиха Гокче аэропортунун миграция кызматы да тактаган.

Сүрөттүн булагы, oficial
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова учурда издөө иштери жүрүп жатканын Би-Би-Сиге билдирди.
“Бизде ар кандай такталбаган маалыматтар бар, анын алкагында издөө иштери жүрүп жатат. Бардык маалыматтарды ТИМге жиберип жатабыз”, – деди ал.
Кыздын жакындары журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартып жатканы айтылды. Мындан улам социалдык медиаларда ар кандай айың-кептер тарап жатат.
Айрым маалыматтарда кыз сезондук жумушка иштөө үчүн Варна шаарына барууну пландаган. Бул үчүн ал чет өлкөгө жумушка орноштурган компаниялардын бири менен келишим түзүп жолго чыкканы айтылууда. Башка версияларды да айткандар бар.
“Бир дагы компания менен келишим түзбөптүр”
Кыргызстанда жарандарды Болгарияга жумушка орноштуруп иштеген кырктай компания расмий каттоондон өткөн.
Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун базасына кирип, Стамбулда изделип жаткан кыздын аты-жөнүн айтып, бир нече компанияга кайрылдык.
“Ушул тармакта иштегенден кийин бул окуядан кабарыбыз бар. Компаниялар ич-ара сүйлөшүп, кимдин кардары жоголуп кетти экен деп сураштырдык. Бирок ал кыз эч бир агенттик менен келишим түзбөптүр. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ал отелдер менен эле сүйлөшүп, өз алдынча эле жолго чыгыптыр”, - деди Болгарияга жумушка жиберген агенттиктердин биринин жетекчиси.
Жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун башчысы Алмаз Алыбаев да изделип жаткан кыз мыйзамдуу түрдө иштеген компаниялар менен келишим түзбөгөнүн Би-Би-Сиге билдирди.
“Биз лицензия алып иштеген бардык жеке компаниялардын жана өзүбүздүн базадан карап чыктык, ал кыз тууралуу маалымат жок экен”.
Эмнени эске алуу керек?
Кыргызстандыктарда иш жок болгондуктан жарандардын көбү жакшы жашоо издеп сыртка кетүүгө аргасыз. Мигранттардын көбү Орусияда, андан кийинки сапта Казакстан менен Түркия турат. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, сыртка чыккандардын 45 пайызы аялдар.
Иштөө үчүн чет өлкөгө кеткен жарандар укуктарын билбестен көптөгөн оорчулуктарга кириптер болуп калары көп айтылып келет. Буга алардын эмгек визасын албастан же мыйзамсыз иштеген агенттиктер аркылуу барганы себеп дешет адистер. Мындай учурларда алар өз өлкөсүнөн жетиштүү жардам да ала албай калышат.
Кыргызстанда тышкы мигранттардын агымын жана укуктарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тейлейт.
Министрликтин алдындагы чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун башчысы Алмаз Алыбаевдин айтымында, мыйзамсыз иштеген агенттиктер аркылуу же өз алдынча чет өлкөгө кетип калган атуулдарда көйгөй көп жаралат:

Сүрөттүн булагы, migrant.kg
“Кетер алдында ар бир адам дайынданыш керек. Бара турган өлкөнүн тилин билип, маданияты менен мыйзамдарынан кабары болсо жакшы. Арыз-даттануулардын негизинде биз уруксат алып иштеген агенттиктердин жоопкерчилигин карайбыз. Быйыл эле 5 компаниянын уруксат кагазын жокко чыгардык. Негизги көйгөй лицензия албай, мыйзамсыз иштеген компаниялар аркылуу кеткендерде болууда”.
Алыбаевдин айтымында, ушул тапта чет өлкөгө ишке орноштурган 145 жеке агенттиктик расмий каттоодон өткөн. Алар жарандарды 21 мамлекетке жиберип, иш менен камсыздай алышат. Ал эми мыйзамсыз иштеген компаниялардын так саны белгисиз. Алар менен укук коргоо органдары күрөшөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Мыйзамсыз иштегендер укугун коргой албайт"
Жарандар мыйзамсыз иштеген компанияга туш болуп калбашы биринчи кезекте агенттиктердин Миграция кызматынын каттоосунан өткөнүн текшерүүгө тийиш. Тиешелүү мамлекеттик органдар чет жакка мыйзамдуу жол менен чыгууну сунуштап келет.
Беш жылдан бери Стамбул шаарында эмгектенип келген Насият Казиева жарандар эмгек визасын албастан башка өлкөгө иштөө үчүн барганда укуктарын коргой албай калат дейт:
“Мурда агенттиктер аркылуу келегендер көп эле болчу. Азыр интернеттин заманы болгондуктан жумушту да онлайн табышат. Мисалы, бирөө иштеп жаткан жеринде бош орун болуп калса мессенджерлер аркылуу туугандары менен тааныштарын чакырат. Азыр иштеп жүргөндөрдүн көбү эмгек визасын албастан, туристик виза менен мыйзамсыз иштеп жүргөндөр. Мындай учурда мигранттар өз укуктарын коргой албай калышат”.

Сүрөттүн булагы, social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мекендештерибиз белгилегендей эле Түркияда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүктөр укугу тебеленген учурда полицияга кайрыла беришпейт. Алар көп учурда иш бергендердин кордугуна чыдоого аргасыз болот же качып кетишет.
Сыртта жүрүп ар кандай тагдырга туш болгон кыз-келиндердин окуяларынан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 20-жашка чейинки кыздарды чет өлкөгө ата-энелеринин коштоосунда гана чыгаруу керектигин айтып чыккан. Анын сунушу баш мыйзамга каршы келгендиктен сын-пикирлер менен коштолгон.
Ал тургай кыз-келиндер айрым учурларда алдамчылардын торуна түшүп, сойкулукка мажбурланып, кулчулукка кабылып, ал тургай киши колдуу болгондору да жок эмес.
Түркиядагы “Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз” платформасы жыл сайын он миңдеген аялдар кыйынчылыктарга дуушар болорун айтып келишет. Уюм былтыркы жылы 400 аял киши колдуу болгонун билдирген. Ушул жылдын алты айында эле башкалардын колунан ажал тапкан кыз-келиндердин саны 137ге жеткен.
Түркияда 25 миңден ашуун Кыргызстандын жараны расмий каттоодон өткөн. Каттоодон өтпөгөндөрдү кошкондо, алардын саны мундан да көп болушу мүмкүн. Кыргызстандыктар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда эмгектенишет.












