Шайлоо-2021: салмагың кандай саясатчы?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда бүгүн үгүт өнөктүгү соңуна чыгат. Бирок шайлоо алдындагы саясий рейтингдер бир беткей эмес болууда. Себеби, Кыргызстанда коомдук пикирди иликтөөчү бейтарап институттар жокко эсе.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт

Кыргызсанда ар бир шайлоо нааразылык менен коштолуп, жеңилип калган партиялар митинг-акцияларга чыгат. Бул шайлоо алдындагы электорат маанайын билбегендиктен болуп жатат, дешет эксперттер.

Кыргызстанда добуш берүүгө беш күн калганда шайлоого байланыштуу сурамжылоо же саясий рейтингдер жыйынтыгын чыгарууга тыюу салынат.

Шайлоо эксперти Арсланбек Өмүрзаков саясий рейтингдер - Кыргызстанда көбүнесе шайлоо алдында коомдук пикирди манипуляциялоонун куралы дейт:

“Мисалы, кээ бир рейтингдер апыртылган рейтингдер болуп калат. Туура эмес маалыматтар берилет. Айрым учурда реклама түрүндө атайын рейтинг сурамжылоолор уюштуруп, мына биздин рейтингдер бийик дешет”.

Кыргызстанда саясатчылар өзүнө караштуу ММКлар аркылуу саясий рейтингдер уюштуруп, анын жыйынтыгы дайыма кожоюн пайдасын көздөйт.

Коомдук пикирди соңку жылдары өлкөдө "Жалпы иш" фонду жана IRI эл аралык республикалык институту иликтеп келет.

Арсланбек Өмурзаков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арсланбек Өмүрзаков, байкоочу

Бишкекте коомдук пикирди иликтөөгө адистешкен коммерциялык саналуу гана уюмдар бар. Алардын кызматы беш миңден жыйырма миң долларга чейин бааланат. Бирок быйыл алар партиялардан электорат маанайын билип берүү боюнча буйрутмалар көп түшпөгөнүн айтышты.

Бул партиялардын финансылык абалы менен түшүндүрүлдү. Былтыр ишке ашпай калган парламенттик шайлоодо жана быйылкы жергиликтүү кеңешке катышкан партияларда акча жок калгандыгы айтылып жатат.

Бирок бул - Кыргызстанда коомдук пикирге кулак салуу маданияты анча калыптанбаганын дагы белгиси, дейт саясат талдоочу Алмаз Кулматов:

“Объективдүү саясий рейтинг чыгарылып саясатчылар, бийлик, эл дагы коомдук пикирди эске алса, жанагыдай толкундоолорго, шайлоодон кийинки нааразылыктардын орун албашына таасир этмек. Өнүккөн мамлекеттерде өзүн сыйлаган саясатчылар, саясий институттар жылдап да болсо, өзүнүн рейтингине кам көрүп турат. Бизде тилекке каршы ушундай мамиле калыптана элек”.

Алмаз Кулматов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмаз Кулматов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстанда быйылкы шайлоодо айрым партиялар биринчи жолу праймериз тажрыйбалап көрүштү. Анын машстабы чектелүү болсо дагы, серепчилер муну кубаттап жатышат.

Праймериз - бул шайлоо алдында партия ичиндеги талапкерлер рейтингин түзүү. Бирок ал жалпы партияга карата электорат маанайы тууралуу сурамжылоодон да тыкыр маалымат алуунун булагы:

 “Праймериз аркылуу биз шайлоо алдындагы жалпы элдин эмес, ар кандай топтордун да маанайын байкаса болот. Мисалы, жаштардын, пенсионерлердин же бюджеттен каржылангандарга кайсы талапкер же партияга ооп жатат? Партиялар үчүн да бул ыңгайлуу, социалдык сурамжылоолорго чоң акча коротпой калмак. Социалдык сурамжылоо жөн гана электорат кайсы саясатчы же партияга добуш бергени жатат көрсөтөт. Ал эми праймериз эмне үчүн, кайсы идеясы элге жагып жатат көрсөтөт”, -деди талдоочу Эдил Осмонбетов.

Праймериз жана саясий рейтингди аныктоо үчүн сурамжылоо - булар шайлоого чейинки коомдук пикирди иликтөөнүн ыкмалары. Добуш берүүдөн кийинки коомдук пикирди аныктоонун дагы бир жолу - экзит-полл.

Ага ылайык, шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккыча, элдин кимге добуш бергенин сурамжылап, аныктоого болот. Бирок Кыргызстанда мындай сурамжылоолор дагы кенен тажрыйбаланбайт.