“Украина эч качан багынбайт”. Зеленскийдин Байден менен жолугушуусу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Украинанын президенти Владимир Зеленский шаршемби күнү Вашингтонго келип, Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден менен жолугуп, андан соң Конгрессте сөз сүйлөдү. "Украина чыдайт жана эч качан багынбайт", - деп билдирди Зеленский конгрессмендерге. Ал бул сөзү менен Уинстон Черчиллге (Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри) шилтеме жасап өттү.
Зеленский сапардын алкагында алгач президент Байден жана анын жубайы менен Ак үйдө жолугушту. Бул кадрлар америкалык телевидение аркылуу түз эфирде берилди.
"Путин жүргүзүп жаткан ырайымсыз согушта сиздин тарапта биргелешип коргонуу мен үчүн сыймык", - деди Байден.
"300 күн өттү, Путин украиналыктардын улут катары жашоо укугун одоно бузуп, бейкүнөө украин элин коркутуу үчүн гана кол салганына ишенүү кыйын", - деп кошумчалады Байден.
“Путин кышты курал катары колдонууга аракет кылып жатат”, - деди Байден. Ал орус аскерлеринин Украинанын калктуу конуштарын жана энергетикалык инфраструктурасын аткылоосуна токтолуп, Зеленскийди америкалыктар европалык өнөктөштөрү менен бирге Украинаны колдоону уланта берет деп ишендирди.
Байден америкалык Конгресстин эки партиясы тең украиндерди колдой тургандыгын, ошондой эле Европадагы, Жапониядагы жана башка өлкөлөрдөгү союздаштары менен бирге Украинага өтө керектүү гуманитардык жана аскердик жардамды көрсөтөөрүн белгиледи. Анын ичинде Patriot аба чабуулдарынан коргой турган (ПВО) системалары да бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эки президенттин жолугушуусу эки саатка созулду.
Жолугушуудан кийинки маалымат жыйында Владимир Зеленский президент Байден Украинага күчтүү ПВО системаларын камтыган дагы бир аскердик жардам пакети тууралуу кабарды тастыктаганын айтты.
"Мен мекениме жакшы кабар менен кайтып жатам, дээрлик $2 млрд аскердик жардам пакети менен, анын негизги элементи - биздин абадан коргонуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү бекемдей турган Patriot системалары", - деди Украинанын президенти.
Ал эми Жо Байден Орусия кышында Украинанын инфраструктурасына "эл сууктан жана ачкачылыктан жапа чегип, бөлүнүп-жарылуусу үчүн" сокку урганын дагы бир жолу баса белгиледи.
Байден европалык өнөктөштөрдөн күмөн санабайт
Байден Украинанын союздаштар коалициясынын бекемдүүлүгү шек жаратпайт деп эсептейт.
"Биз Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европанын бир өлкөсүнө ири басып кирүүнү көргөн жокпуз. [...] Биз эгемендүүлүк идеясы коркунучта экенин түшүнөбүз. Путин НАТОну алсыратам деп ойлогон, бирок тескерисинче бекемдеди. Ал НАТОну бириктирип, Финляндия менен Швеция кошулду”, - деди Байден.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
CNN телеканалынын кабарчысы Байденден “АКШ Украинага Patriot комплекстерин жеткирсе Орусия жооп катары согушту эскалация кылышы мүмкүнбү” деп сурады. Президент муну четке кагып, Patriot коргонуучу куралы болгонун эске салды.
Украинанын "Интер" телеканалынын кабарчысы президенттерден согуштун "адилет" же "чынчыл" аякташын кандай көрүп жатканын сурады.
Суроого алгач жооп берген Владимир Зеленский Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги шарты: аймактарды кайтарып алуу жана зыяндын ордун толтуруу экенин айтты.
"Президент катары мен үчүн адилеттүүлүк - бул биздин аймактар боюнча компромисстердин жоктугу жана бардык жоготуулардын ордун толтуруу. Орусия бизге, Европага жана бүт цивилдүү дүйнөгө каршы жасаган бардык иштери үчүн жооп бериши керек. Биз АКШга акыры тынчтыкка алып келчү кадамдарды сунуштадык”, - деди ал.
Байден АКШ Украинанын тынчтык шарттарын колдой турганын кошумчалады. "Биз Зеленский менен бирдей көз караштабыз", - деди америкалык президент.
Подкаст:
Путинге каршылык жана нацизмге каршы күрөштүн эстелиги
АКШ Конгрессинин алдында сүйлөгөн сөзүндө Зеленский америкалыктарга согушта көрсөткөн жардамы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, Украина менен бүткүл эркин дүйнөнүн жеңиши үчүн украиндер да, алардын союздаштары да туруктуулук көрсөтүшү керек экенин айтты.
Ошондой эле Зеленский азыркы согуш жана Путиндин Орусиясын Экинчи дүйнөлүк согуш жана Гитлердин Германиясы менен салыштырды.
"Алар бизге каршы бардык [күчтөрүн] таштады, буга чейин бир жолу ушундай тирания болгон... Алар колунда болгондун баарын эркин дүйнөгө каршы иштетти. 1944-жылы Рождество күнүндө гитлердик аскерлерди артка сүрүп салган эр жүрөк америкалык жоокерлер сыяктуу, эр жүрөк украиналыктар бул Рождестводо Путиндин аскерлерин ушундай кылып жатышат. Украина өз ордун кармап турат жана эч качан багынбайт ", - деди Украинанын президенти АКШ Конгрессинде.
Бул сөздөрдөн кийин конгрессмендер дагы бир жолу ордунан туруп, Зеленскийди дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Зеленский англис тилинде сүйлөдү: анын "эч качан багынбайт" (“will never surrender”) деген сөздөрү Уинстон Черчиллдин атактуу сөзүнө ачык шилтеме.
Сөзүнүн аягында Зеленский дагы бир жолу америкалыктарга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, конгрессмендерге орустар бир нече айдан бери бомбалаган Бахмуттан алып келген желекти тапшырды.
Зеленскийдин согуш башталгандан берки биринчи чет элдик сапары
Зеленскийдин учагы Вашингтондун жанындагы “Эндрюс” авиабазасына жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жакын конгон.
Украин президенти АКШга Польшанын Жешув шаарынан АКШнын Аскердик Аба күчтөрүнө таандык Boeing C-40B учагы менен келди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Зеленский Польшага поезд менен келген. Сапарда аны АКШнын Украинадагы элчиси Брижит Бринк коштоп жүрдү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сапардын алкагында АКШ Украинага жаңы жардам пакетин расмий жарыялады.
Шаршемби күнү АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысы Энтони Блинкен пакет тууралуу кеңири айтып берди. Анын чоо-жайы буга чейин медиаларда жарыяланган, бирок бул маалыматтар биринчи жолу расмий түрдө ачыкка чыкты:
- $1,85 млрддык пакетке Украинанын Куралдуу күчтөрүнө Patriot абадан коргонуу системасы кирет;
- Шаршемби күнү Мамлекеттик департамент бул пакеттин $1 млрдын абадан коргонуу каражаттарына (Patriot болушу мүмкүн), ошондой эле жогорку тактыктагы ок-дарылар үчүн расмий түрдө бекитет;
- Пакеттин экинчи бөлүгү $850 млнду түзөт - ал Коргоо министрлигинин Украинага жардам көрсөтүү программасынын алкагында бөлүнөт;
- Жо Байдендин башкаруусунун астында АКШнын Украинага аскердик жардамынын жалпы суммасы болуп көрбөгөндөй $21,9 млрдга жетти;
- АКШ дүйнө жүзү боюнча 50дөн ашуун өнөктөшү менен Украинага орус аскерлери өлкөдөн чыгарылмайынча ага туруктуу колдоо көрсөтүүнү улантат.
Зеленскийдин АКШга сапары Орусиянын президенти Владимир Путин Коргоо министрлигинин коллегиясында сүйлөгөн күнү башталды.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер Зеленскийдин сапары “АКШнын Украинаны канча керек болсо колдоп турууга чечкиндүү экенин айгинелейт” деди.
Бул Украина президентинин 301 күндүк согуштан кийинки чет өлкөгө жасаган биринчи сапары. 24-февралдан бери ал Украинанын аймагынан чыкпай, чет элдик саясатчыларды Киевде кабыл алган же алар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөн.
Зеленскийдин АКШга сапарынын мааниси

Сүрөттүн булагы, Reuters
CNN аналитиги Стивен Коллинсон президент Владимир Зеленскийдин Вашингтонго күтүүсүз сапары айрыкча АКШ үчүн чоң символикалык мааниге ээ экенине ишенет.
Анын пикиринде, бул Владимир Путинге Американын ар кандай эл аралык күн тартибинде, айрыкча, бирдиктүү мамлекеттин иш жүзүндө “тирүү калуу” маселесиндеги ролу жөнүндө дагы бир эскертүү.
Андан тышкары, Украинадагы согуш бир кезде Советтер Союзун тыйып турган, эми Москванын өзөктүк курал колдонуу аракетине тоскоол кылып жаткан Батыш альянсынын кайра жанданышына түрткү болду.
Коллинсон Владимир Зеленскийдин АКШга сапарын Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчиллдин 1941-жылы Вашингтонго жасаган сапарына тарыхый параллель катары көрөт - анда Экинчи дүйнөлүк согушта жеңүү үчүн альянсты бекемдөө талкууланган.
“Ал [Зеленский] биздин колдообуз менен Украинанын келечектеги жеңишинин ортосундагы түз байланышты көрсөтүүгө аракет кылууда”, - деди CNN аналитиги. (EB)












