Украина: Убактылуу ок атышууну токтотуу – Орусия үчүн да куру кыял

Украинадагы согуш

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Елизавета Фохт, Святослав Хоменко
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы

Орусиянын Украинага толук өлчөмдө басып кирүүсү башталгандан тогуз жарым ай өткөндөн кийин, бул согушту дипломатиялык жол менен токтотсо болот деген үмүт дээрлик жокко эсе. Анткен менен дүйнөдөгү саясатчылар тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнүн өбөлгөлөрү жана мүмкүндүгү жаатында тажабастан талкуулап келишет.

Би-Би-Си Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишимине, же, жок эле дегенде, ок атышууну убактылуу токтотууга жетишүүлөрү үчүн алардын мүмкүнчүлүгү бар же жок экендиги жаатында талдоосун сунуштайт.

Сүйлөшүү жүргүзүү темасы кайрадан күн тартибинде пайда болду

Тээ август айында эле Би-Би-Си Орусия менен Украинанын быйыл жазында башталган тынчтык сүйлөшүүлөрү чындыгында туңгуюкка кептелип калганын, биринчи кезекте өз ара ишенбөөчүлүк жана эки тараптын тең согуштук аракеттерди токтотууга даяр эместиги буга себеп болгонун билдирген. Эки өлкөнүн тең президенттери – Владимир Зеленский менен Владимир Путин – кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн эч кандай өбөлгө жок экенин ошондо ачык айтышкан.

Августтан бери «кан майдандагы» абал бир кыйла өзгөрдү. Украина Харьков облусунда ийгиликтүү каршы чабуул жасап, убактылуу каратылып алынган Херсонду бошотту. 21-сентябрда Орусиянын президенти аскерге чакыруу жүрүмү "жарым-жартылай" башталганын жарыялады. Бул аскерге чакыруу өнөктүгүнүн жыйынтыктары, аскердик көз караштан алганда, дагы эле бүдөмүк баага кабылып келет.

Буга катар эле Орусия Украинанын төрт аймагын “өз курамына киргизип” алганын шардана кылды. Ал эми 10-октябрдан бери орусиялык аскерлер Украинанын отун-кубат инфратүзүмүнө үзгүлтүксүз түрдө жапырт ракеталык соккуларды жүзөгө ашырып, миллиондогон жарандарды электр жарыгысыз калтырууда. Расмий Кремлдегилер эми расмий Киев кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө макул болууга мажбурлануу аркылуу бул соккуларды токтото алмак, деген ойду кыйытып келет.

Киевдегилер болсо Орусияны террордук согуш ыкмаларына өттү деп ачык айыпташууда. "Эгерде кимдир-бирөө сүйлөшүүлөрдү кааласа, андай жорукка барбашы керек. Деги чын эле сүйлөшүүлөр террорду жеңүүгө жардам бере алабы? Бул суроого ар ким өзүнө өзү чынчыл жооп узатышы керек. Террорчуларды куралсыздандырышат эмеспи", — деди президент Зеленский.

Ноябрдын башында, Херсондон орусиялык аскерлердин чегинүүсү жүрүп жаткан кырдаалда, Москвадагылар өздөрүнүн сүйлөшүүлөргө даяр экендиги жөнүндө бир нече ирет билдирүүлөр жасашкан. Киевде аларга мындайча жооп беришти: Украинанын шаарларын бошотуунун өзү тынчтык жүрүмүн баштап бере албайт, мындай сүйлөшүүлөр орусиялык аскерлер Украинанын убактылуу каратылган бардык жерлеринен толук чыгарылып кеткенден кийин гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Август айында Би-Би-Си кабарлагандай, ызгаардуу кыштын ирегесинде Батыш өлкөлөрү Украинаны колдоодон “чаалыгып”, Киевди Кремлдегилер менен тынчтыкка келүүгө мажбурлоого далаалат жасай башташат, деп Москва үмүт кылган. Ал кезеңде Киевдин үзөңгүлөштөрү мындай кадамды жарамсыз деп четке кагып билдиришкен эле.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Батыштын сүйлөшүүлөр боюнча азыркы туруму кайчы көз караштары менен айырмаланып турат. Бир жагынан, расмий Вашингтон жана башка өнөктөштөр Украинага “канча убакыт керек болсо, ошончо убакыт силерди колдойбуз” деп убада беришүүдө. Батыш, ошондой эле, тынчтык жүрүмүн кантип жана качан баштоону жана деги эле аны баштоо керектигин же керек эместигин расмий Киев өзү гана чечет деп ырастоодо.

Экинчи жагынан, америкалык аткаминерлердин айрым билдирүүлөрү алар Киевди дагы эле сүйлөшүүлөргө түртүп жатканын айгинелеп тургандай.

"Нью-Йорк Таймс" гезити ноябрдын ортосунда жазганга караганда, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин башчысы Марк Милли мырза Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого колдоо кылган пикирин билдирген. Politico жана Washington Post гезиттери болсо америкалык бийликтер украин жетекчилигин сүйлөшүүлөр боюнча өз турумун жумшартууга көндүрүп жатышкандыгы жөнүндөгү имиш кепти шардана кылышты.

Милли мырзага украиналык кесиптеши Валерий Залужный дароо эле жооп берип: "Украина аскерлери согушту токтотуу үчүн эч кандай сүйлөшүүлөрдү, келишимдерди же мунасалык чечимдерди кабыл албайт", – деди. Зеленский болсо Орусия менен сүйлөшүү маселесинде өзүнө кысым көрсөтүүгө жол берилбестигин ачык айтты.

Украинадагы абалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрү жаатында акыркы апталарда Кремлдегилер да Батыш лидерлери менен талкуу кылды. Маселен, 2-декабрда Путин Германиянын канцлери Олаф Шольц менен бул маселе боюнча телефон аркылуу пикир алмашты. Орусиянын президенти Батыштын Украинага курал-жарактан жардам көрсөтүүсү “Киевдин кандайдыр-бир сүйлөшүүгө баруу идеясын толугу менен четке кагышына алып келүүдө”, – деп кейиди. Шольц буга жооп кылып, Путинди согуштук жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөдү, ал эми бул жол болсо “орусиялык аскерлердин чыгарылып кетиши” тууралуу шартты да өзүнө камтып турат.

Декабрдын башында АКШ президенти Жо Байден Путин менен украин маселеси боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин айткан, бирок орусиялык лидер бул үчүн баскынчыл согушту токтотууга чындап кызыкдар экенин көрсөтүүсү зарыл. Вашингтон азырынча мындай кызыкдар болуунун ишаарасын Кремлден көрө элек, деп ал кошумчалаган.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: Орусия Украинадан чыгууга, башкача айтканда, басып алынган “жаңы аймактардан” баш тартууга азырынча даяр эмес, бирок Путин “байланыш түзүүгө, сүйлөшүүлөргө ачык бойдон калууда”, – деп ага жооп узатты.

Бул жаатта кыйла жумшак турумду дагы бир жолу Франциянын президенти Эммануэль Макрон билдирди. Өткөн жылдын июнь айында ал “согуш токтогондо кырдаалдан чыгуунун жолун дипломатия аркылуу табуу үчүн Орусияны басынтууга болбойт” деп айткан. Азыр болсо Макрон Кремль “сүйлөшүүлөр үстөлүнө кайтууга даяр” күнү батыш өлкөлөрү Орусияга анын коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр болушу керек деп санаарын айтты.

Москва “кепилдик” тууралуу сүйлөшүүгө кайтууга даяр экенин билдирип жатты. Тышкы иштер министри Сергей Лавров декабрдын башында Орусия Батышка былтыр кышында, башкача айтканда, Украинага басып киргенге чейин сунуш кылган келишимдин долбоорун эске салды. Ал, мисалы, НАТОнун инфратүзүмүн 1997-жылдагы чек араларга кайтаруу жана бул биримдиктин чыгышка кеңейишине мораторий киргизүү жаатындагы жоромолун айткан болчу.

Батыш мындай талаптарды акылга сыйбаган нерсе деп эсептеп, аны четке какты. Ал эми Макрондун билдирүүсү Киевде гана эмес, Батыш ынтымагынын өлкөлөрүндө дагы – мисалы, Польшада, Латвияда жана Эстонияда, – курч сынга кабылды.

Демек, күзгү согуш өнөктүгүнүн натыйжасында тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү кыйла жакындады деп айтууга болобу? Арийне, саясатчылардын ачык билдирүүлөрү, – ошондой эле Би-Би-Синин Москва менен Киевдеги маектештеринин түшүндүрмөлөрү, – бул жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө дагы эле үмүт абдан аз экенин айгинелеп турат.

"Сүйлөшүүлөр" сөзүнүн жок жерден сыйкырдуу белгиге айланышы

Деги эмне үчүн сүйлөшүүлөр жааты акыркы апталарда жигердүү талкуулана баштады?

Украина президентинин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси, быйыл жазында украин-орус сүйлөшүүлөрүнө катышкан жана, азырынча, расмий түрдө сүйлөшүү тобунун мүчөсү бойдон калган Михаил Подоляк мырза Би-Би-Синин кабарчысы менен маектешип жатып, чын-чынында орусиялыктар жөн гана кезектеги «үгүт өнөктүгүн» жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөр темасына кайрылып жатышат, деп баса айтты.

"Алар төмөнкүлөрдү айтышат: же согуштун башында айтылган жана Украина үчүн кабыл алынгыс ультиматумдук талаптарыбызды кабыл алыңыз, же болбосо согуш аракеттеринде үч айлык тыныгуу алышыбыз үчүн сүйлөшүү үстөлүнө отуралы, дешет. Ал эми Украина өз турумун билдире тургандай деңгээлдеги “сүйлөшүүлөр" деген түшүнүктүн өзүн Орусия кабыл албайт", – деп эсептейт Подоляк мырза.

Владимир Путин Украинанын төрт аймагын Орусияга бир тараптуу “бириктирүүгө” арналган аземде. 2022-жылдын 30-сентябры

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Владимир Путин Украинанын төрт аймагын Орусияга бир тараптуу “бириктирүүгө” арналган аземде. 2022-жылдын 30-сентябры

Подоляк да, Би-Би-Синин Москвадагы булагы да азыр эч кандай тынчтык сүйлөшүүлөрү жүрүп жаткан жок, ал гана түгүл тынчтык жүрүмүн жандандыруу далаалатынын жыты да жок, деп ишендиришүүдө.

Орусиянын тарабындагы жыл башындагы сүйлөшүүлөр тобуна катышкандарга өтө жакын бир адис өз ысымын ачыктабоо шарты менен Би-Би-Сиге маек курду. Анын айтымында, акыркы айларда “сүйлөшүүлөр” деген сөздүн өзүн нагыз маанисинен да артык кылып көбүртүп-жабыртып, “ыйыкташтыруу” далаалаты байкалууда.

Эгерде тараптардын тынчтыкка жетишүүгө чыныгы ниеттери болбосо, андай учурда сүйлөшүүлөрдүн деле майнабы жок болот, деп ал ишенет.

Бул орусиялык адистин айтымында, Кремль убактылуу каратылып алынган аймактарда “референдумдарды” өткөрүү чечимин ищ жүзүндө орусиялык аскерлердин Харьков облусундагы жеңилүүсүнөн кийин жана дал ушул жеңилүү ызасынын кырдаалында кабыл алган: “Бул – барып турган каяша айтуучулук саясат: мына, силер Харьковду бизден тартып алдыңарбы, эмесе биз дал ушул аймактарды таанып коёбуз, дегендей иш. Албетте, бул кадам – таптакыр алдын-ала эсепке алынбаган далай кесепеттерге туш кылган, куру сезимге алдырып жиберген чечим болуп калды».

“Каратылып алынды” делген аймактардын бири да толугу менен Орусиянын көзөмөлүндө эместиги анык. Анын үстүнө 11-ноябрда, Херсон Орусиянын курамына күчтөп «киргизилгенден» бир жарым ай өтүп-өтпөй эле, орусиялык аскерлер бул шаардан – Украинанын 24-февралдан бери Путин тарабынан каратылып алынган жалгыз облустук борбордон, – чегинүүгө аргасыз болушпадыбы.

Президент Зеленский кайрадан бошотулган Херсонго үч күндөн кийин дароо келди. Дүйнөлүк маалымат каражаттары Украинанын президентинин жергиликтүү тургундар менен салтанаттуу жолугушуусу тартылган кадрларды көрсөтүп жаткан чакта, Кремлдегилер шаардын өзүн да, бүткүл Херсон аймагын да Орусиянын аймагы деп эсептей берише тургандыктары жана "бул жерде эч кандай өзгөрүү болушу мүмкүн эместиги" тууралуу ойлорун айтып жатышты.

Бул көшөргөн турум, балким, Украина менен Орусиянын ортосундагы ыктымал болгон тынчтык сүйлөшүүлөрү жаатында талкуу кылууга негизги бөгөт болуп жаткандай сыяктанат.

Украина үчүн тынчтык жүрүмүн баштоонун сөзсүз зарыл болчу шарты – бул эл аралык таанылган чек аралардагы бардык аймактарды, башкача айтканда, жакында эле “Орусияга бириктирилген” Запорожье жана Херсон облустарын гана эмес, Донецк жана Луганск аймактарын да, – ошондой эле 2014-жылы Путин тарабынан каратылып алынган Крым жарым аралын да, – 1991-жылдагы чек аралардын алкагында Киевдин көзөмөлүнө кайра толук кайтаруу болуп эсептелет.

Бирок Орусия Украинанын аймактарын өзүнө “киргизе коём” деген кадамга барып, иш жүзүндө өзүн укуктук капканга түшүрүп салды. Орусиянын Конституциясы Орусиянын аймагынан ажыратуу аракеттерине таптакыр тыюу салат. Москва өзү Украинадагы каратылып алынган аймактарды, – анын ичинде Украина буга чейин кайра бошотуп алууга үлгүргөн аймактарды да, – “жеңиш марасына жеткенге чейин” кайра кайтарып алуу үчүн күрөштүн милдеттенмесин өз мойнуна тагып алды.

Би-Би-Сиге маек курган орусиялык сүйлөшүү тобуна жакын адистин ишениминде, азыр Орусия бийлиги үчүн Киев менен “сүйлөшүүгө” макул болуп, бул аймактардан баш тартууга баруу жаатында ар кандай мүмкүнчүлүктөрдүн укуктук мейкиндиги жокко эсе.

Ошондуктан азыр эч кандай чыныгы тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес: “Украиналыктар эч качан өз аймактары биротоло колдон чыгарылгандыгын мойнуна ала алышпайт. Орусияда эч ким, балким, Путинден кийинки доордо деле, мурдагы жагдайды кайра калыбына келтирүү мүмкүн деп даана айта албайт. Жок эле дегенде, азыркы абал ушундай болуп турат".

Президент Зеленский согуш майданынын Донбасстагы тилкесине 6-декабрда келди. 2022-ж.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Зеленский согуш майданынын Донбасстагы тилкесине 6-декабрда келди. 2022-ж.

Бул маселе боюнча Киевдин туруму, чын-чынында, эч кандай мунаса үчүн орун калтырбайт. "Эч кандай алмашуу, эч кандай "аймактарды алмаштыруунун акысына тынчтыкка жетүү" сунушу кабыл алынбайт", – деп Подоляк Би-Би-Сиге баса айтты.

Баскынчылык согуштун башында Киев Москва менен өлкөнүн аймактык бүтүндүгү боюнча айрым мунасаларды табуу жаатында сүйлөшүүгө дагы эле даяр болчу. Тараптар жазында Стамбулда өткөргөн сүйлөшүүлөр маалында, маселен, Крымдын ээлиги тууралуу талкуу бир нече жылдар бою “тоңдурулуп” салынышы мүмкүн, ал эми өлкө лидерлери Донбасстын тагдырын жекече талкуулашат, деген сыяктуу өңүттөр да ортодо турган.

Азыркы тапта украин бийликтери мындай жеңилдиктерге эч даяр эмес, – анын үстүнө, Подоляктын айтымында, – эми мындай жеңилдиктер таптакыр “маңызсыз” болмок. Биринчиден, кан майданда болуп жаткан окуялардын динамикасы Украина өз максатына аскердик жол менен жете алаарын аныктап турат. Экинчиден, «тынчтыктын акысына аймак берүү» тууралуу соодалашууга негизденген ар кандай жеңилдиктер Украинанын жарандык коомунда курч тирешүүнү пайда кылышы ажеп эмес, дейт Подоляк мырза.

Украинада жайында өткөрүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, украиналыктардын басымдуу көпчүлүгү 1991-жылдагы чек ара алкагынын ичинде болгон бардык аймактардын, – демек, Донбасс менен Крымдын душмандар тарабынан убактылуу каратылып алган аймактарынын, – кайрадан Кивдин көзөмөлүнө кайтарылышы – бул азыр жүрүп жаткан согуштун адилет жана күтүлүп жаткан натыйжасы болууга тийиш деп санашат.

Украин бийликтери азыр Донбассты аскердик жол менен кайтарып алуу ниетин түз эле айтып жатышат. Подоляктын пикиринде, расмий Киев Донецктин же Лугансктын Украинанын көзөмөлүнө толук өтүшү – согушта жүзөгө ашырылчу “биротоло бурулушка” алып келет.

Киевдин Крым жарым аралы боюнча талабы да өтө катаал бойдон калууда. Жакында Financial Times гезитине курган маегинде президент Зеленский Крымдын Украинанын көзөмөлүнө аскердик же дипломатиялык жол менен кайтарылышын камтыбай турган согуштук жаңжалдын ар кандай жыйынтыгын ал түгүл теориялык жактан да талкуу кылуудан баш тартаарын таасын эскертти.

Киев менен Москва кандай талаптарды коюп жатышат

Белгилүү бир учурга чейин Украина менен Орусия сүйлөшүүлөргө байланыштуу турумдарын өтө жалпы сөз менен гана сыпаттап келишкен. Ал эми Киев үчүн бул жагдай Украинанын төрт аймагы Орусияга бир тараптуу “бириктирилгендиги” Кремль тарабынан шардана кылынгандан кийин өзгөрдү.

Путин тийешелүү келишимдерге кол коёр замат Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешин чакырды да, бул Кеңештин чечиминин биринчи пункту: "Орусия Федерациясынын президенти В.Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн эч мүмкүн эместигин тастыктоо", – леп жазылды.

Бирок 7-ноябрда Зеленский Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоонун беш шартын: “Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, БУУнун Уставын урматтоо, согуштан келтирилген бардык зыяндардын ордун толтуруу, ар бир согуш кылмышкерин жазалоо жана бул жорук мындан ары эч кайталанбай тургандыгына кепилдик жаратуу» шарттарын сунуш кылганда, көптөгөн серепчилер бул шарттардын арасында орусиялык президентти алмаштыруу талабы жок экенин байкашты.

Президент Зеленский согушту токтотуунун шарттары боюнча өз турумун ноябрдын ортосунда Индонезияда өткөн G20 саммитинде сүйлөгөн сөзүндө алда канча толугураак туюнтту. Украин президенти сүрөттөгөн "тынчтык формуласы" 10 пункттан турат. Бул талаптарда дагы «тынчтык сүйлөшүүлөрүнө Путиндин жеке өзү катышпасын» деген шарт камтылган эмес.

Зеленскийдин "Тынчтык формуласы":

  • Радиациялык нурданууну болтурбоо жаатындагы жана өзөктүк коопсуздукту камсыз кылуу – Запорожье АЭСин аскерден тыш аймак кылуу жана өзөктүк куралды колдонуу коркунучун четке кагуу
  • Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу – Украинанын эгиндерин дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнө экспорттоону улантуу
  • Отун-кубат коопсуздугун камсыз кылуу – Украинанын отун-кубат инфратүзүмүн орусиялык соккулардан коргоо жана Орусиянын отун-кубат байлыктарына карата баанын шыптык чегин бекитүү
  • Бардык туткундарды жана депортацияга кабылгандарды, – анын ичинде Орусиядагы жана Крымдагы украиналык саясий туткундарды, – бошотуу
  • БУУнун Уставын ишке ашыруу, Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана дүйнөлүк тартипти калыбына келтирүү – Орусия БУУнун аянтчасында туруп Украинанын аймактык бүтүндүгүн тастыктоого милдеттүү
  • Орусиялык аскерлерди чыгарып кетүү жана согуштук аракеттерди токтотуу
  • Адилеттүүлүк – Орусиянын баскынчылыгы үчүн эл аралык трибуналды жана Орусия келтирген зыяндын ордун толтуруунун эл аралык механизмин түзүү
  • Согуштун экологиялык кесепеттери менен күрөшүү – анын ичинде тазалоо ишканаларын жаңыдан куруу, калыбына келтирүү жана аймактарды жардыргыч заттардан тазалоо
  • Кырдаалды ого бетер курчутууга жол бербөө – Киевде жетишилген коопсуздук келишиминин алкагында Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү
  • Согуштун соңуна чыккандыгын расмий тастыктоо

16-ноябрда Зеленский Путиндин Украина менен түз сүйлөшүүгө даярдыгы тууралуу Батыштагы өнөктөштөрүнөн кабарлар алганын айтып, өзүү болсо сүйлөшүүлөрдү “коомдук чөйрөдө ачык” өткөрүүнү сунуштаганын айтты. Песков Кремль коомчулук алдында ачык сүйлөшүүлөрдүн "эмне балакет экенин" эч элестете албай турганын жооп катары айтты.

Подоляк Би-Би-Си үчүн курган маегинде украин бийликтери өз өлкөсүнүн “тынчтык формуласына” жооп катары Орусиядан конкреттүү сунуштарды коомчулук алдында ачык алууну күтүп жатканын түшүндүрдү. Ал эми "Украинаны Ленин жараткан" дегенге келсек, албетте, мындай сунуштарды айтуунун эч кажети жок. Тарыхый жүрүм тууралуу жаш баланын оюна чакталып айтылгандай жоромолдорду эмес, деги эле талапка ылайык жөндүү пикирлерди уккубуз келет", – деди Подоляк мырза.

Орусиялык тараптын "сүйлөшүүлөр качан жана кантип башталышы мүмкүн жана алардан Москва эмнелерге жетишүүнү каалайт?" деген өңүттөрдөгү турумун сүрөттөп берүү, чынында эле, түйшүк жаратат.

Октябрдын аягында орусиялык тараптын талаптары тууралуу сүйлөп жатып, Путин "сүйлөшүүдө тутулчу турумду алдын ала үстөлгө коюп, ачыктап салуу – дайыма эле максатка ылайыктуу боло бербейт" деп билдирип, сөзүн андан ары уланткан: "Бирок макулдашууларга жетишүү үчүн сүйлөшүү үстөлүнө отуруп, келише баштоо зарыл".

Айтмакчы, орусиялык аскерлер Херсондон чегинүүнү аяктаган күнү (11.11.2022) Орусиянын ТИМинин расмий басма сөз өкүлү Мария Захарова Москва сүйлөшүүлөргө "учурда калыптанып жаткан турмуш чындыгын эске алуу менен барат" деп тактоо киргизди.

Киевде алар бул билдирүүнүн талашсыз маңызын аңдай алышты, деп Подоляк мырза Би-Би-Сиге өз оюн ачыктады: балким, Москва сүйлөшүүлөргө даяр болушу деле мүмкүн, бирок Захарова айтып жаткан “турмуш чындыгы”, албетте, бул – Украинанын төрт аймагынын ойлоп чыгарылган референдумдардын парманы менен Орусияга “бириктирилиши”. Бирок ар кандай сүйлөшүүлөрдүн алкагында бул аймактардын Орусияга таандык экендигин таануу зарыл болчу болсо, анда Украина ал сыяктуу сүйлөшүүлөргө эч барбайт, деди ал.

Орусиялык аскерлердин Украинанын отун-кубат инфратүзүмүнө жасаган соккулары миңдеген украиндерди ызгаардуу кыштын босогосунда жылуулуксуз жана жарыксыз калтырды. Киев шаары, 2022-жылдын 10-ноябры

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиялык аскерлердин Украинанын отун-кубат инфратүзүмүнө жасаган соккулары миңдеген украиндерди ызгаардуу кыштын босогосунда жылуулуксуз жана жарыксыз калтырды. Киев шаары, 2022-жылдын 10-ноябры

24-ноябрда, б.а. миллиондогон украиндерди жарыксыз жана жылуулуксуз калтырган окуянын – Орусиянын Украинанын отун-кубат инфратүзүмүнө эң ири ракеталык чабуулунун эртеси күнү, – Песков мырза «орусиялык тараптын талаптарын» аткаруу аркылуу украин жетекчилиги “жергиликтүү калктын азап-тозогун” токтото алаар эле, деп билдирди. Бир нече күндөн кийин ал ар кандай сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Киевде “саясий эрк жана Орусиянын жалпыга дурус белгилүү болгон талаптарын талкуулоого даярдык болууга тийиш” деп тактоо киргизип айтып чыкты.

Бул “белгилүү” талаптар эмне экенин чечмелеп айтуу кыйынга турат. Мисалы, Орусия Украинага басып кирген алгачкы эки айдын ичинде эле “атайын аскердик иш-чара” деп аталган нерсенин Кремлдегилер тарабынан айтылган максаттары тынымсыз өзгөрүп турганын Би-Би-Си учурунда жазып чыккан.

Адегенде Путин өзүнүн баскынчыл согуш аракеттерин Украинаны "согушчандардан тазалоо" жана "нацисттерден тазалоо", ошондой эле "жайкын тургундарга каршы кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартуу" зарылчылыгы менен түшүндүргөн.

Песков "Украинаны боштондукка чыгаруу жана аны фашисттерден тазалоо" керектигин айтып чыккан. Коргоо министри Сергей Шойгу менен Тышкы иштер министри Лавров болсо Украинадан туулуп жаткан "аскердик коркунучтан" коргонууну эңсеп жатышкандыктарын билдиришкен.

Сентябрь айында Украинанын айрым аймактарын Орусияга “бириктирип алуу” жаатында сүйлөгөн сөзүндө Путин таптакыр башка темага көчүп, руханий баалуулуктарды Батыштын таасиринен коргоо зарылдыгы жөнүндө саймедирлеп сүйлөп чыккан.

Украинанын аймагын каратып алуу – Орусиянын расмий максаты эмес, деген ойду Кремлде бир нече ай бою кайталап айтышкан. Бирок сентябрда Путин украиналык төрт аймакты кошуп алуу боюнча келишимдерге кол коюп салды.

Ал эми 7-декабрда адам укуктары боюнча президенттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуусу маалында ал жогорудагы аймактардын “кошулуусунун” окуясын “Орусия үчүн өтө маанилүү жыйынтык” деп баалады.

“Эми жашырганда эмне: Азов деңизи эми Орусия Федерациясынын ички деңизине айланып калды го. Бул – өтө олуттуу нерсе".

Анын сыңарындай, Кремль Украинанын айрым аймактарын басып алуу үчүн согуш башталгандан бери орусиялык бийликте Зеленскийди президенттиктен кетирүү планы жок экенин айтып келет. Ырас, ноябрдын аягында Сергей Лавров: “Украина эли неонацисттик башкаруучулардан боштондукка чыгарылат», – деп айтып чыкканы да болгон иш. Президент Зеленский өзүнүн керт-башын жок кылуу – Украинада тымызын иш алып барды делген орусиялык аскердик жана диверсиялык топтордун артыкчылыктуу милдеттеринин бири болду, деп бир канча жолу айткан.

Украинанын тымып турган тынчтык сүйлөшүү тобунун мүчөсү Подоляк мырза, украин бийлигинин пикирине караганда, орусиялык тараптын талаптары жаздан бери эч кандай өзгөргөн жок, деп Би-Би-Си менен болгон маегинде билдирди. Бул мүдөөлөрдүн арасында Орусиянын Украинанын айрым аймактарын тартып алышын Киевдин расмий таанышы, украин аскерлеринин баскынчыларга каршы куралдуу каршылыгын токтотуу, Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын олуттуу деңгээлде кыскартуу, ошондой эле, Украинаны Евробиримдик менен НАТОго ширелүү ойлорунан баш тарттыруу сыяктуулар бар го, деп Киевдегилер жоромол кылышат.

Тынчтыкка жетишилбесе, бери дегенде ок атышууларды токтотууну камсыздоо мүмкүнбү?

"Азыр Орусия да, Украина да тынчтыкка деги эле даяр эмес жана жакынкы келечекте да ага даяр боло алышпайт. Балким, бул көп ондогон жылдарды камтычу көйгөйдүр", – дейт Орусия тарабынын сүйлөшүү тобуна жакын адис. Анын оюнча, тараптар азыркы тапта тек гана ок атышууларды убактылуу токтото туруу аргасын издеп жатышат.

Орусиялык жоокерлер Украинадагы майдан тилкесинде. 2022-жылдын 28-ноябры

Сүрөттүн булагы, Орусиянын Коргоо министрлиги/ТАСС

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиялык жоокерлер Украинадагы майдан тилкесинде. 2022-жылдын 28-ноябры

Орусиялык аскерлерге аз-маз тыныгуу үчүн ок атышууларды убактылуу болсо да токтотууга жетишүү зарыл, бирок бул тыныгуу – жаңы чабуулга киришүү жүгүнөн куткарбайт, деген сыяктуу ойлорду кремлчил серепчилер орусиялык расмий сыналгы каналдардан айтып чыгышты.

Маселен, жазуучу Захар Прилепин ноябрдын аягында сыналгыда сүйлөп жатып, Орусия “азыр ок атышууларды токтотуу тууралуу келишимди түзүүгө” аргасыз барса дагы, баары бир ага бул “согушту акыр-аягына чейин жеткирүүгө туура келет” деп баса белгиледи.

Украин армиясынын жетекчилери болсо мындан аркы аскердик аракеттердин жүрүшү байсалдуу улантылат, деген оң маанайдагы божомолдорун соңку апталарда ачыкташты. Украинанын Коргоо министринин орун басары Владимир Гаврилов ноябрдын ортосунда чыгып сүйлөп, Кремль убактылуу каратып алган Крымга Украинанын Куралдуу күчтөрү ушул жылдын декабрынын аягында кире алат, ал эми согуштун өзү келээрки жаздын аягына чейин бүтөт, деген жоромолун айткан. Украинанын Аскердик чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов болсо Орусиянын согушта жеңилүүсү маселеси – “айдан ачык чечилген иш” деп баалады.

Мындай шарттарда украин бийликтери ок атышууну убактылуу токтотууга макул болот ко деп үмүт кылуу, албетте, кыйын.

Согушту Изилдөө Институтунун (ISW) эксперттери ок атышууну токтото туруу чынында эле Орусиянын таламы үчүн абдан пайдалуу болоорун жана ага абдан зарыл болуп жаткан тыныгуу шартын жаратаарын белгилешти. Арийне, ISW билдиргендей, чындыгында Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрү же ок атышууну токтотууга жетишүү жаатында эч кандай олуттуу кадамдарды жасоого далаалат да кылбады. Бул, ISW адистеринин баамында, президент Путин мурдагысындай эле Орусия согуштун нугун өзүнө пайдалуу кылып бура алат ко деп үмүт кылып жатканын тастыктайт.

Бирок, айрым белгилерге караганда, карапайым орустар өздөрү Орусия бийлигинен тынчтык жүрүмүн баштайт ко деп күтүп жатышкандай. Көз карандысыз Левада борборунун (бул уюм орус бийликтери тарабынан “чет элдик агент” катары таанылган) сурамжылоосуна ылайык, быйылкы жайдан берки аскерге жарым-жартылай чакыруунун жана кан майдандагы майнапсыз иш-аракеттердин айынан Орусияда тынчтык жүрүмүн жактаган тургундардын саны кескин көбөйдү.

"Медуза" (ал дагы орус бийлиги тарабынан “чет элдик агент” катары таанылган) басылмасы маалымдагандай, Кремлдин тапшырыгына ылайык Федералдык кайтаруу кызматы (ФСО) өткөргөн соңку жабык социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы орусиялыктардын 55%га жакыны азыркы тапта Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү колдой турганын көрсөттү. Ал эми сурамжылангандардын 25%ы гана согушту улантууну жакташат. (2022-жылы июлда сурамжылангандардын 32%ы тынчтык келишимин жактаса, 57%ы – согушту жактаган).

Украин аскерлери Бахмутта. 2022-жылдын 7-декабры

Сүрөттүн булагы, NARCISO CONTRERAS/ANADOLU AGENCY VIA GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украин аскерлери Бахмутта. 2022-жылдын 7-декабры

Бирок, Украинанын тургундарынын маанайы такыр башкача.

Киев эл аралык социология институту 21-23-октябрда (б.а. орус аскерлери Украинанын отун-кубат инфратүзүмүн кеңири өлчөмдө ракета менен аткылап, бомбалай баштагандан кийин) өткөргөн сурамжылоого караганда, украиналыктардын 86%ы орусиялык баскынчылыкка куралдуу каршылык көрсөтүүнү чечкиндүү түрдө улантуу зарыл деп эсептейт.

Албетте, Путиндин режими тарабынан болжолдуу өзөктүк сокку жасалышынын коркунучу жаатында да сөз чыга калып жүрөт.

Бирок Батыш лидерлери Путинди эгерде Орусия өзөктүк курал колдонсо, анда өзү эле орду толгус алааматка кириптер болушу ыктымал экендигине ишендирген имиш. Бул эскертүү тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Жада калса, Украинадагы согуш башталгандан кийин да Москва менен экономикалык жана саясий кызматташтыкты тийешелүү деңгээлде улантып келе жаткан Кытай менен Индия да өзөктүк курал колдонуу ниетине каршы маанайыларын билдиришкен.

Би-Би-Сиге өз ысымын ачыктабоо шарты менен өз дилин ачып маек курган алиги орусиялык адистин оюна караганда, Орусиянын Украинадагы өз согуш аракеттерин мындан аркы байсалдуу чабуулдары аркылуу уланта алышы деле күмөн туудурат.

Мындай күмөнсүнүүгө Подоляк мырза да толук кошулат.

"Менин оюмча, Киевге караганда, Кольск жарым аралына жана Камчаткага чабуул коюп, кирип баруу мүмкүнчүлүгү Орусияда алда канча көбүрөөк", – дейт Подоляк мырза. (TT)