"Чоң жыйырмалыктын" саммити деген кимдер жана лидерлер эмнени сүйлөшөт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Чоң жыйырмалыкка" кирген өлкөлөрдүн лидерлери 15-ноябрда Индонезиядагы Бали шаарында жылдык саммитке чогулушат. Негизги максат - дүйнөлүк экономикага Ковид пандемиясынан кийин калыбына келүүгө жардам берүү. Бирок Украинадагы согуштун айынан чыңалган эл аралык саясат талкууларга тоскоолдук кылууда.
"Чоң жыйырмалык" эмнеге түзүлгөн?
"Чоң жыйырмалык" (G20) дүйнөнүн өнөр жайы дүркүрөп өнүккөн кубаттуу өлкөлөрүнөн турат.
1999-жылы Чыгыш Азиядагы финансылык кризистен кийин эл аралык экономикалык жана финансылык кызматташтыктын форуму болуу максатында түзүлгөн.
Бул топко 19 өлкө жана Евробиримдик кирет. Испанияны дайыма конок катары чакырышат.
Өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн Чоң жетилик тобунун кеңейтилген версиясы, ага Кытай, Бразилия жана Индия сыяктуу ыкчам өнүгүп жаткан өлкөлөр кирет.
Чоң жыйырмалыктагы өлкөлөргө дүйнөлүк экономикалык өндүрүштүн 85% жана дүйнөлүк сооданын 75% , ошондой эле дүйнөнүн калкынын үчтөн экиси туура келет.

Эң башында G20 негизинен министрлер жана борбордук банктын жетекчилеринин ортосунда өтүп келген. "Чоң жыйырмалыктын" лидерлери биринчи жолу 2008-жылы жолугушкан, ошондон бери лидерлердин жылда бир болуучу саммити салтка айланып калды.
Эмнени сүйлөшөт?
"Чоң жыйырмалыктын" лидерлеринин саммитинде экономикадан тартып климаттык өзгөрүүлөр, туруктуу энергетика булактары, эл аралык карызды кечүү жана трансулуттук корпорациялардан салык алууга чейинки ар кандай глобалдык маселелер каралат.
Ар бир жылы Чоң жыйырмалыктын бир жаңы мүчөсү төрагалык кылат жана жолугушуунун күн тартибин даярдайт.
Индонезия азыркы төрага катары 2022-жылы Балидеги саммитте саламаттык сактоо тармагындагы глобалдык чаралар жана экономиканын пандемиядан кийин калыбына келүү маселелерин күн тартибине чыгарууда. Ошондой эле өлкөлөрдүн туруктуу энергетикага өтүшүнө дагы көмөктөшүү орчундуу маселе болуп турат.
Бирок дүйнөлүк саясаттагы касташуу-кармашуулар саммитке тоскоолдук кылууда.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Россияны "Чоң жыйырмалыктан" чыгарып салууну жана Путинге жиберилген чакырууну кайтарып алууну талап кылды.
Президент Путин өз кезегинде жеке өзү барарын же ордуна расмий делегация жиберерин чече электигин билдирди.
Ошондой эле АКШнын президенти Жо Байден Сауд Аравиясынын мураскор канзадаасы Мухаммед бен Салман менен учурашпай турган кырдаал чыгууда.
Президент Байден Сауд Аравиясын чийки мунайга жогору бааны кармап, Россияга Украинадагы согушту каржылоого жардам берип жатат деп айыптоодо.
«Үй-бүлөлүк сүрөт»
Өкмөт башчылары чогулуп сүрөткө түшмөй да салтка кирип калды.
Бул кээде протокол үчүн гана эмес, лидерлер кол койгон бардык келишимдерди аткарууну камсыз кылуу үчүн керек, бирок дипломатиялык араздашуулардын сүрөттөрү жаңылыктарга чыгып кеткен учурлар бар.
2018-жылы Стамбулдагы Сауд Аравиясынын консулдугунда журналист Жамал Хашогги өлтүрүлгөндө, канзаада Мухаммед бен Салманды саммитте лидерлер жакын жолотушпай, үй-бүлөлүк сүрөткө түшүп жатканда эң четте турууга аргасыз кылышкан.

Сүрөттүн булагы, Reuters
G20 канчалык үзүрлүү иштеп келатат?
Лидерлердин 2008 жана 2009-жылы болгон саммиттеринде финансылык кризистин убагында дүйнөлүк финансы системасын сактап калуунун көп сандаган чаралары макулдашылган.
Бирок кийинки саммиттер анчалык конструктивдүү болгон жок, анткени өз ара атаандашкан дүйнөлүк держвалар ортосунда чыңалган мамиле тоскоол болгон деп айтышат.
Үстүбүздөгү жылы болгон финансы министрлери менен борбордук банк башчыларынын жолугушуусунда Россия менен Батыш өлкөлөрүнүн Украина маселесиндеги каршылык жүрүштөрүнөн улам көп нерсе макулдашылган жок.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лидерлер саммит өткөрүп жаткан убакта каршылык акциялар болгон учурлар көп.
2018-жылы Буэнос-Айрестеги саммитте миңдеген адамдар Чоң жыйырмалыктын экономикалык саясатына каршы жүрүшкө чыккан.
Антикапиталисттик маанайдагы адамдар 2017-жылы Гамбурдагы саммитте тополоң чыгарышкан, ал эми 2018-жылы Рио-де-Жанейродогу, 2010-жылы Торонтодогу саммитте миңдеген демонстранттар жүрүш жасашкан.
2009-жылы Лондондогу саммитке каршы жыйындарга катышкан гезит сатуучу Ян Томлинсон үйүнө бараткан жолдо киши колдуу өлтүрүлгөн.
"Чоң жыйырмалыктагы" толук кандуу мүчө өлкөлөр: Аргентина, Австралия, Бразилия, Канада, Кытай, Франция, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Япония, Мексика, Россия, Сауд Аравиясы, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Түркия, Улуу Британия, АКШ жана Европа Биримдиги. (КС)












