“Өзөктүк согушка жол бербөө”. Байдендин кеңешчиси Ушаков жана Патрушев менен сүйлөштү

Чиновниктердин ортосундагы жашыруун сүйлөшүүлөр акыркы айларда жүргүзүлүп келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чиновниктердин ортосундагы жашыруун сүйлөшүүлөр акыркы айларда жүргүзүлүп келет

Америкалык The Wall Street Journal басылмасы өздүк булактарга таянып, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Владимир Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, сүйлөшүүлөр соңку айларда жүргүзүлүп келген - алар "Украинадагы согушту мындан да чоң конфликтке айлантуу коркунучун азайтуу жана Москваны өзөктүк же башка массалык кыргын салуучу куралды колдонууга жол бербөө" тууралуу сүйлөшкөн.

"Чиновниктер негизги максат - эскалация коркунучун азайтуу жана байланыш каналдарын ачык кармоо болгонун айтышты, бирок ошол эле учурда Украинадагы согушту токтотуунун шарттары талкууланган эмес”, - деп жазды Wall Street Journal.

Америкалык жана орус бийлиги Салливандын Ушаков жана Патрушев менен жашыруун сүйлөшүүлөрү тууралуу расмий комментарий берүүдөн баш тартышты.

Гезиттин булактары ошондой эле Washington Post жарыялаган маалыматтарды ырастап, Вашингтон украин президенти Владимир Зеленскийден “тынчтыкка умтулууга даяр экенин ачык билдирүүнү” суранганын билдиршти.

"Расмий өкүлдөр АКШ Украинаны [Орусия менен] сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырбаганын кошумчалады. Бул мунай жана азык-түлүктүн дүйнөлүк баасына таасирин тийгизген согушту чечүүгө аракет кылып жатканын союздаштарга көрсөтүү үчүн керек", — деп белгилешет басылманын авторлору.

Путиндин “Орусияны коргоо үчүн колубузда болгон бардык каражаттарды колдонууга даярбыз” деп айткан сөздөрүнөн кийин Батыш медиалар америкалык жана орус администрация өкүлдөрү расмий эмес сүйлөшүү жүргүзгөнүн жазышты. ЖМКлар Вашингтон Москвага Украинага каршы өзөктүк куралды колдонуу катастрофалык кесепеттерге алып келерин түшүндүргөнүн белгилешкен.

Бирок мындай сүйлөшүүлөрдү кимдер жүргүзгөнү мурда так айтылган эмес.

Коркутуулар Киевди сүйлөшүүгө мажбурлай албайт

Жейк Салливан өткөн апта Киевге барып, Владимир Зеленский менен жолугушкан

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жейк Салливан өткөн апта Киевге барып, Владимир Зеленский менен жолугушкан
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиянын өзөктүк курал колдонуу ыктымалдыгы тууралуу кептер пайда болгондо Евробиримдиктин тышкы саясат башчысы Жозеп Боррель Батыш орус армиясын өзөктүк куралсыз “жок кылат” (ал англисче “annihilated” деген сөздү колдонду) деп билдирген.

"Украинага каршы ар кандай өзөктүк чабуулга жооп кайтарылат - өзөктүк эмес, бирок орус армиясын жок кыла турчу күчтүү аскердик жооп", - деген Боррель.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да эгер Орусия өзөктүк курал колдонсо, ал олуттуу кесепеттерге алып келген “өтө маанилүү сызыктан” өтүп кетерин эскерткен. Ошондой эле, Столтенберг НАТО өлкөлөрү өзөктүк куралды колдоно турган жагдайлар азыр “абдан алыс” деп кошумчалады.

Ал эми Америкалык Согушту изилдөө институту (ISW) күнүмдүк отчетунда Кремлдин жогорку даражалуу аткаминерлери Украинада өзөктүк курал колдонулушу боюнча риторикасын басаңдата баштаганын билдирген.

Экперттер орусиялык жогорку даражалуу аскер командирлери менен Кремлдин расмий өкүлдөрү Украина же НАТО өлкөлөрүнө каршы өзөктүк куралды колдонуу Орусия үчүн анчалык деле пайдалуу эместигин, тескерисинче чоң чыгымдарга алып келерин түшүнүп жатат деп эсептейт.

“Кремль АКШ жана анын союздаштары менен чыңалуу мамилесин басаңдатуу үчүн өзүнүн өзөктүк саясатын тактады окшойт. Атап айтканда, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Путиндин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен байланышып, өзөктүк куралды колдонуу коркунучун азайтуу аракетин көргөн. Орусиянын Улуу Британиядагы элчиси Андрей Келин да 26-октябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу кесиптештерине бир нече жолу телефон чалып, Орусия Украинага каршы согушта өзөктүк куралды колдонууга кызыкдар эмес деп ишендиргенин белгиледи”, - деп берилет ISW’нин отчетунда.

Кремлге басым кылууга Кытайдын да ролу болушу мүмкүн. Кытайдын лидери Си Цзиньпин 4-ноябрда "эл аралык коомчулук [...] өзөктүк куралды колдонууга же колдонуу коркунучуна биргелешип каршы турууга, Евразияда өзөктүк кризити алдын алуу үчүн өзөктүк курал колдонбоону жана өзөктүк согуштарга жол бербөөнү жакташы керек" деп билдирди. Ушул эле пикирди Кытайдын коргоо министри Вэй Фэнхэ 26-октябрда телефон аркылуу Шойгуга билдирген болушу мүмкүн.

“Кремль келечекте АКШ менен анын союздаштарын Украинаны сүйлөшүүлөргө басым жасоого үндөш үчүн өзөктүк риторикага барышы мүмкүн, бирок Кремль Киевди өзөктүк коркунуч аркылуу сүйлөшүүгө түздөн-түз мажбурлай албайт”, - деп эсептешет ISW эксперттери.