Маск өзөктүк согуш болушу мүмкүн деп, Украинага өзүнүн "тынчтык планын" сунуштады

Сүрөттүн булагы, Reuters
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, Tesla менен SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон өзүнүн "Твиттер" баракчасында Украинадагы согуштун аягы өзөктүк согуш менен аякташы күмөн, бирок мүмкүн экенин жазды.
Макс согушту кантип токтотсо болот деп өзүнүн "тынчтык планын" да сунуштай кетти. Ал төрт пункттан турат:
• Аннексияланган аймактарда БУУнун көзөмөлү менен кайрадан шайлоо өткөрүү (Россия кетет, эгер эл өзү ошондой чечим кабыл алса);
• Крым Россиянын бир бөлүгү болуп расмий таанылат (Маск "Хрущевдин катасына" чейин "1783-жылга чейин ошондой болгон" деп эсептейт) ;
• Крымга суу ташуу камсыздалат;
• Украина нейтралдуу мамлекет болуп калат
Маск "акыры барып жыйынтык ушундай эле болот деп эсептейт, маселе болгону ага чейин канча адам каза болот, ошондо гана болуп жатат".
Муну жазган бизнесмен өзүнүн "сунуштарынын" алдына добуш берүү койгон.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 1
Дагы бир твитинде Маск Украинадагы согуштун аягы өзөктүк согуш менен аякташы күмөн, бирок мүмкүн экенин кошумчалады.
Көп өтпөй украин президентинин офисинин башчысы Михаил Подоляк "Твиттерде" согушту кандай аяктаса болот деп өз планын жарыялады. Ал жерде дагы добуш берүүнүн формасы жарыяланган.
Подоляктын планы боюнча "эң жакшы сунуш" үч пункттан турат: Украина өз аймактарын, анын ичинде Крымды дагы боштондукка чыгарат; Россия "демилитаризациядан өтөт жана өзөктүк куралсыздандырылып, мындан ары башкаларга коркунуч жаратпайт"; аскерий кылмышкерлер эл аралык трибуналга тартылат.
Украина бийлиги украин аймагын формалдуу аннексиялангандан кийин орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.
Киев жана анын батыш союздаштары дагы Украинанын аймактык бүтүндүгүнө байланышкан маселеде эч кандай компромисске барбай турушканын баса белгилеп келишкен.
Согуш маалында Маск украин бийлигине колдоо көрсөтүп жатты. Алалы, Starlink спутник байланыш системасын колдонууга берди. Батыш басылмалары Starlink аскердик аракеттер маалында башка коммуникация каражаттары иштебей калганда, бул система маанилүү роль ойноду деп жазышты.
Масктын сунуштарына миңдеген колдонуучулардан кыжырданган комментарийлер түшүп жатты. БУУдагы Украинанын өкүлү, дипломат, буга чейин Германияда украин элчиси болуп иштеген Андрей Мельник дагы Маскка жооп кылып, англис тилинде жаман сөздөр менен аны узата сөктү.
Маск бир твити менен миңдеген украиналыктарды өзүнө каршы кылып алды деген комментарийге Маск өзү да жооп кылды: " Силер мени популярдуу болгусу келип атат деп ойлоп атасыздар. Бирок менин аны менен ишим да жок. Бирок менин үчүн миллиондогон адамдар аягы барып, ушул эле жыйынтыкка келип каза болуп калышына жөн эле карап тура албайм".
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 2
Украин президенти дагы ызы-чуулу постко жооп кылып, твит жазды. Владимир Зеленский кодонуучуларга кайрылып: "Кайсы Маскты силер көбүрөөк колдойсуңар? Россияны колдогонбу же Украинаныбы?" деген добуш берүү ачты. Колдонуучулардын көбү Украинаны колдогон Маскка көбүрөөк добуш берерин билдиришти.
Масктын твиттерине Литванын президенти Гитанас Науседа да жооп кылды.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы, 3
"Донбасс менен Крымдын тургундары Россиянын курамына киргилери келеби же Украинабы, аны өздөрү чечиши керек" деген твитке Науседа мындай деп жазды: "Кымбаттуу Илон Маск, эгер кимдир бирөө сиздин "Тесла" дөңгөлөгүн уурдагысы келсе, "ооба" деп добуш берилсе дагы ал дөңгөлөктүн же "Тесланын" мыйзамдуу ээси болуп калбайт да".








