Жаңжал дагы курчуп кетет деген коркунучтардын фонунда АКШ-Иран сүйлөшүүсү башталууда

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
- Author, Уго Бачега
- Role, Жакынкы Чыгыш боюнча кабарчы
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
АКШ менен Ирандын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү эки өлкө ортосунда аскердик кагылышуу чыгып кетет деген кооптонуулар күчөп турган шартта, жума күнү Оманда бетме-бет сүйлөшүүлөргө чогулганы жатат.
Бул сүйлөшүүлөр АКШ Ирандагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларын күч менен басышына жооп кылып, Жакынкы Чыгышта аскердик күчтөрүн топтогондон кийин өткөнү жатат. Адам укуктарын коргоо уюмдары өткөн айдагы репрессияларда миңдеген адамдар өлтүрүлгөнүн айтышууда.
Сүйлөшүүлөрдүн масштабы жана кайсы жерде өтөрү белгисиз болгондуктан ал үзгүлтүккө учурап калбайбы деген кооптонуулар бар. Бул жолугушуулар регионалдык ортомчулардын чыңалууну жайгаруудагы дипломатиялык аракеттеринин бир бөлүгү болуп жатат.
Эки өлкөнүн позициялары азырынча кескин айырмаланууда. Эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтсө, алар келечектеги кеңири сүйлөшүүлөр үчүн жол ачат деген үмүт бар.
АКШ Ирандан өзүнүн өзөктүк программасын кыскартууну жана байытылган уран запастарын жок кылууну талап кылууда. Ошондой эле Вашингтон сүйлөшүүлөр Ирандын баллистикалык ракеталары, аймактагы куралдуу топторду колдоосу жана өз жарандарына болгон мамилеси сыяктуу маселелерди да камтышы керектигин билдирген.
Бирок Иран талкуулар өзөктүк программа менен гана чектелеши керектигин айтууда. Эки тараптын позицияларындагы мындай айырмачылыктар жоюлдубу же жокпу, азырынча белгисиз.
Соңку жумаларда президент Дональд Трамп Иран келишимге келбесе, сокку жейт деп коркутуп келди. АКШ аймакка миңдеген аскерлерди жана Трамп "армада" деп атаган күчтөрдү, анын ичинде аскердик кемелерди жана истребителдерди жөнөттү.
Иран болсо кол салууга күч менен жооп берерин айтып, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик объектилерге жана Израилге сокку урарын эскертүүдө.
Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Арагчи жетектейт. Ал өткөн жумада өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн "манжалары машада" экенин айткан. Ал эми АКШ тараптан сүйлөшүүлөргө атайын өкүл Стив Уиткофф жана Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер катышат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул былтыр июнда Израил менен Ирандын ортосунда орун алган согуштан кийинки АКШ менен Ирандын өкүлдөрү катышкан биринчи жолугушуу болгону жатат. АКШ анда Ирандын үч негизги өзөктүк объектисин бомбалаган эле, андан бери мындай жолугушуулар өтө элек болчу.
Иран ал чабуулдардан кийин уран байытуу ишмердүүлүгүн токтотконун айтууда. Бирок Ирандын лидерлери кыйын абалга кептелип турушат. Алдыдагы сүйлөшүүлөр алардын режимине туруксуздаштыруучу таасир этиши мүмкүн болгон АКШнын аскердик аракеттеринин алдын алууга акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал. Серепчилердин айтымында, Иран бийлиги 1979-жылдагы Ислам революциясынан берки эң алсыз абалда турат.
Трамптын коркутуулары Ирандын коопсуздук күчтөрү ири масштабдагы демонстрацияларды күч менен басып жаткан маалга туш келди. Бул нааразылыктар тереңдеп бараткан экономикалык кризистен улам чыгып, айрым демонстранттар Ислам Республикасын жоюуну талап кылышууда.
Вашингтондо жайгашкан Human Rights Activists News Agency уюму кеминде 6 883 адамдын өлүмүн тастыктаганын билдирет. Чыныгы сандар мындан алда канча көп болушу мүмкүн экени да эскертилүүдө. Демонстрациялардын жүрүшүндө 50 миңден ашуун адам камакка алынды.
Азыркы кризис Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселени кайрадан күн тартибине алып чыкты. Бул тема Батыш менен Ирандын ортосундагы көп жылдык талаш-тартыштын өзөгү болуп келет. Иран ондогон жылдардан бери анын программасы тынчтык максатты көздөрүн айтканы менен, АКШ жана Израил аны өзөктүк курал жасоого багытталган аракет деп айыптап келишет.
Иран өз аймагында уран байытууга укугу бар экенин айтып, жогорку деңгээлде байытылган урандын 400 килограммдык запасын үчүнчү өлкөгө өткөрүү чакырыктарын четке каккан. Иран расмийлери айрым жеңилдиктерге, мисалы, уран байытуу боюнча аймактык консорциум түзүүгө даяр. Бул сунуш Израил өткөн жылы күтүүсүз согуш баштаганга чейинки АКШ менен болгон сүйлөшүүлөрдө берилген эле.
Ошол эле маалда Иран өзүнүн баллистикалык ракета программасын чектөө жана аймактагы өнөктөш куралдуу топторду колдобоо тууралуу АКШнын талаптарын "кабыл алынгыс" жана "эгемендүүлүккө шек келтирүү" деп эсептейт. Тегеран курамына Газадагы ХАМАС, Ирактагы кошуундар, Ливандагы "Хезболла" жана Йемендеги хуситтер кирген "Каршылык көрсөтүү фронту" деп аталган аймактык бирикмени колдоору белгилүү.
Шейшемби күнү Иран президенти Масуд Пезешкиан Арагчиге АКШ менен "эгер ылайыктуу шарттар түзүлсө", "адилеттүү жана тең укуктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү" тапшырганын билдирди. Кандай болгон күндө да, Иран сүйлөшүүлөрдө анын экономикасын алсыраткан санкцияларды алып салууну талап кылары күтүлүүдө. Режимдин оппоненттери болсо мындай жеңилдиктер диний башкаруучулардын бийлигин сактап калууга өбөлгө болот деп кооптонушат.
Жыйынтыгына жараша, бул жолугушуу Трампка согуштук коркутуулардан баш тартууга мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. Аймактагы өлкөлөр АКШнын соккусу кеңири масштабдагы согушка же Ирандагы узак мөөнөттүү башаламандыкка алып келиши мүмкүн деп чочулашат. Алар абадан сокку уруу Иран жетекчилигин кулатууга жетишсиз экенин эскертишүүдө.
Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи тынчсызданышы керекпи деген суроого Трамп шаршемби күнү NBC News каналына комментарий берип жатып: "Ооба, ал абдан тынчсызданышы керек", — деп жооп берди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио "маанилүү жыйынтыкка жетүү үчүн" сүйлөшүүлөр өзөктүк программа маселесинен да кеңири болушу керектигин айтты. "Бул адамдар менен келишимге жетүүгө болобу, аны билбейм, бирок билүүгө аракет кылабыз. Аракет кылуунун зыяны жок деп эсептейбиз", — деди ал.
Башында Стамбулда өтмөкчү болгон бул сүйлөшүүлөр Египет, Түркия жана Катар тарабынан демилгеленген. Бирок Иран акыркы мүнөттө жолугушууну Оманга которууну, ошондой эле сүйлөшүүлөр Иран менен АКШ өкүлдөрүнүн ортосунда гана өтүшүн суранды. Оманда былтыр да ушундай сүйлөшүүлөр өткөн.






























