Габала саммити: Түрк мамлекеттер уюмунун дымагы жана салмагы

Азербайжандын Габала шаарына чогулган лидерлер, 7-октябрь 2025-жыл.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азербайжандын Габала шаарына чогулган лидерлер, 7-октябрь 2025-жыл.

7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) лидерлеринин саммити өттү. Анда негизинен региондогу коопсуздукка жана экономикалык кызматташтыкка көңүл бурулду. Түркия алга сүрөп келген уюмдун дымагы жана чыныгы салмагы кандай?

"Абройлуу актор"

Саммитти ачып жатып Азербайжандын президенти Ильхам Алиев аймактагы тынчтык жана коопсуздук бул саммиттеги эң негизги тема экенин белгиледи.

"Дүйнөдө бүгүн аскердик кубаттуулук, кайсыл өлкө болбосун, анын эгемендигинин жана аймактык бүтүндүгүнүн башкы фактору", - деди Алиев.

ТМУнун Габаладагы саммити Азербайжан менен Орусиянын мамилеси кескин солгундап жаткан маалга туш келди.

Түркия менен Азербайжан соңку бир жыл ичинде 25 жолу бирдиктүү аскерий машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу баса белгилеген Алиев 2026-жылы Азербайжан ТМУга мүчө өлкөлөр менен чогуу аскерий машыгууларды өткөрүүгө ниети бар экенин билдирди.

Азербайжан президенти Түрк мамлекеттер уюму барган сайын эл аралык аренада абройлуу актор же оюнчуга айланып бара жатканын кошумчалады. Анын айтымында, буга ТМУга мүчө өлкөлөрдүн геостратегиялык жайгашуусу, андагы калктын өсүшү, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөр, табигый ресурстар жана аскерий-техникалык потенциал өбөлгө болууда.

Кыргызстандык саясат талдоочу Искендер Ормон уулу дүйнөдөгү соңку геоясаясий өзгөрүүлөрдөн улам Түрк мамлекеттер уюмунун саясий салмагы ага мүчө өлкөлөр үчүн өсүп жатканын ырастайт:

Искендер Ормон уулу, талдоочу

Сүрөттүн булагы, Nazarnews

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Искендер Ормон уулу, талдоочу

"Бул уюмдун салмагы азыр ЖККУ (ОДКБ) же Шанхай кызматташтык уюмуна жетпесе дагы барган сайын дүйнөдөгү геосаясий өзгөрүүлөрдөн улам, же болбосо, өлкө кызыкчылыктарынын багыттарынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында алдыга жылып баратат. Украинадагы согуштун натыйжасында кирген санкциялар, ошол эле күйүүчү май таңкыстыгы өңдүү маселелер аймактагы өлкөлөрдү башка альтернативдик мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө түртүп жатат. Мындай шартта ТМУ дагы өзүн альтернативдик уюм катары азырынча көрсөтө албаса да, сездире баштады", - деди Ормон уулу.

Габалада өткөн саммитте экономикалык кызматташтык, ТМУнун потенциалы дагы күн тартибиндеги негизги маселелерден болду.

Ортоңку коридор же Улуу Жибек Жолун кайра жаратуу дымагы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

ТМУнун экономикалык дымагына токтолгон Алиев Азербайжан Чыгыш-Батыш, Түндүк-Түштүк транспорттук коридорлорунун кесилишинде жайгашып, ошол эле учурда Түркия менен Борбор Азияны географиялык, экономикалык, транспортук жактан байланыштырган көпүрө болуп жатканын айтты.

Анын айтымында, 2022-жылдан бери Ортоңку коридор аркылуу жүк ташуу 90% өсүп, транзиттин убактысы да кыйла кыскарды.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев саммитте экономикага көбүрөөк басым жасады. Ал дагы Ортоңку коридор аталган Транскаспий эл аралык транспортттук маршрутун өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Мирзиёев ошондой эле бул коридорду Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорлоруна шайкеш келтирүүнү сунуштады. Аймактык логистиканы жакшыртуу үчүн бажы төлөмдөрүн санариптештирүү керек экенин айтты. Мирзиёев ошондой эле ТМУ мүчөлөрүн жасалма интеллект жана креативдүү экономика боюнча жол картасын кабыл алууга үндөгөн.

Ортоңку коридордун натыйжалуулугун арттыруу керек экенин ТМУда орчундуу ролду ойногон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да өз сөзүндө белгиледи. Ал энергетика жана коммуникация тармактарындагы долбоорлорго жана инвестицияларга артыкчылык берилиши керек экенин кошумчалады.

Кыргызстандык серепчи, экономист Искендер Шаршеев ТМУнун Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн экономикалык потенциалын так ушул транспорттук-логистикадан көрөт. Алды менен талдоочу дүйнөдөгү жүк ташуудагы кырдаалга сереп салып берди:

"Кыргызстан үчүн азыр аябай жакшы тарыхый шанс берилип атат десек болот. Баб-эль-Мандеб булуңу көптөгөн себептерге байланыштуу жабылып жатат. Хуситтердин "Ансар Алла" кыймылы дагы аны жапканга аракет кылууда. Ал жерде Жакынкы Чыгышта логистикалык жолдор бүдөмүк болуп, ар кандай себептер менен бүтөлүп калып жатат. Ирандагы Мешхед логистикалык жолу да жабык. Кызыл деңиздеги Суэц каналы да жабык. Андан Кытайдан Европаны көздөй ортодогу мамлекеттердин 48% - 60% га чейин дүйнөлүк логистика өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттерге кургакчылыктагы ушундай географиялык себептер менен чоң тарыхый шанс алып жатат".

Искендер Шаршеев жогорудагы жагдайлардан улам ушу тапта Евразиядагы эң кыска кургакчылыктагы жол да ушул түрк тилдүү мамлекеттерин аралап өтөрүн белгилейт. Ал ортодо бул дагы бир чоң коридорго – Туран коридорун түзүүгө шарт түзүп жатканын кошумчалайт:

Искендер Шаршеев, эксперт

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Искендер Шаршеев, эксперт

"Ошо менен бирге Зангезур коридору аркылуу Кытайдан жүк ташуулар Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан аркылуу азыртадан баштап эле 80% түзөт. Түндүк жолу да өсүп атат, Артикада да муздар ээрип, ал жакта да маршруттар көбөйүп жатат. Жүк ташуулардын бир бөлүгүн ТранСиб (ред. Трансибирдик темир жол магистралы) дагы өзүнө алды. Бирок Орусия Украина менен болгон согушта мурда Беларус аркылуу өтчү маршруту жабылды. Ушуларды эске алганда, кемелер эң кыска жана арзан машрут Африкалык мүйүздөн (ред. Африканский Рог) өткөнгө агасыз болот, ал жакта дагы көп тобокелчиликтер бар. Жеткирүү убактысы да узарат. Эксплуатация да кымбаттап кетет. Кургакчылыкта жүк ташуунун Ортоңку коридор аркылуу жүргүзүү мааниси күчөп жатат. ТМУнун мааниси ушунда. Эгерде ошол Ортоңку коридорду өнүктүрсө, инвесторлор тартылса, инфраструктура курулса, ТМУ мүчөлөрү кайра мурунку Жибек Жолун кайра жаратат деген ойлор бар", - деди Шаршеев.

Экперт ТМУнун Жибек Жолу кайра калыбына келтирүү дымагы аймакта чоң экономикалык өсүштөрдү шарттамак деп кошумчалады. Ал үчүн ири инвестициялар тартылып, ТМУга мүчө өлкөлөр ошондой инфраструктураны каржылоого барса, анда Кыргызстанга да ири долбоорлор тартылмакчы.

Экономика демекчи, Габаладагы саммитте кыргыз президенти Садыр Жапаров да Кыргызстан экономикалык интеграция чөйрөсүндө экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча жол картасынын долбоорун даярдаганын белгиледи.

Орток пикир барбы?

Соңку жылдары Түрк мамлекеттер уюмунун лидерлери утур-утур жолугуп, дымактуу билдирүүлөрдү жасаганы менен уюмдун ичиндеги реалдуу интеграциядан жана Түркиянын Орусия жана Кытай сыяктуу өлкөлөр менен атаандашуу мүмкүнчүлүгүнөн күмөн санагандар жок эмес.

Британиялык баяндамачы Жо Люк Барнс "The Diplomat" басылмасындагы соңку талдоосунда Түрк мамлекеттер уюмуна кирген мамлекеттер башка державалар үстөмдүк кылган альянстарга да мүчө экенин белгилеп, бул жагдай кызматташтыкка таасирин тийгизип жатканын айтты.

"Түрк мамлекеттер уюмундагы тереңирээк интеграция айрым анык чектөөлөргө туш болуп жатат. Ар бир мүчө мамлекет башка эл аралык макулдашууларга байланган: Түркия НАТОго таандык, Казакстан менен Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине жана Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө. Мындай катмарлашкан мүчөлүк бажы жана соода тармагын татаалдаштырып жатат. Казакстан менен Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин тарифтерин сакташы керек. Бул жагдай Түркия же Азербайжан менен чек ара процедураларын тариздөө ишин кыйындатып коюп жатат", - дейт автор.

Ал ошондой ТМУнун алкагында түзүлгөн Түрк инвестициялык фонду өзүнүн капиталын алдыңкы беш жылда 600 миллион доллардан 3 миллиард долларга чыгарууну көздөп турганын, бирок бул каражат Евробиримдик Борбор Азияга бөлүүнү убада кылган 12 миллиард евро же Кытайдын эселеп көп инвестициясы менен атаандаша албай турганын кошумчалады.

Автор ТМУдагы таасирдүү күч саналган Түркиянын өзүндөгү соңку жылдардагы экономикалык кыйынчылыктарды да эске салууда.

Мындан тышкары геосаясий маселелерде уюм канчалык бирдиктүү регионалдык блок боло алат деген суроонун жообу да ачык бойдон турат. Маселен Түркия Түндүк Кипрдин уюмдагы макамын көтөрүүгө, аны эл аралык мамилелердин тең ата мүчөсү катары көрсөтүүгө аракет кылганы менен бул маселеде ТМУга мүчө мамлекеттердин пикири бир кылка эмес.

ТМУнун алкагында латын ариптерине негизделген бирдиктүү алфавит түзүү демилгеси көтөрүлгөнү менен иш жүзүндө андан майнап чыга элек.

ТМУ+

Соңку бир жылда ТМУга Кыргызстан төрагалык кылып келди. Габаладагы саммит менен төрагалык Азербайжанга өттү.

"Бир жыл ичинде биримдигибизди чыңдоого, кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жалпы максаттарды алга жылдырууга олуттуу салым кошууга умтулдук. Жалпысынан, биздин төрагалык жылында 124төн ашык жогорку деңгээлдеги иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү", - деди Жапаров.

Саммиттин соңунда лидерлер Габала декларациясынан тышкары "ТМУ+ (OTS Plus)" форматын баштоо жөнүндө документке кол коюшту. Бул чечим БРИКС+ форматы сыяктуу үчүнчү өлкөлөрдүн Түрк мамлекеттер уюму менен жакындан кызматташуусуна жол ачары белгиленди.

Габала декларациясында мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү убадасынан тышкары Газадагы ок атышууну токтотуу жана Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо тууралуу чакырыктар камтылган.

ТМУ таржымалы

Түрк мамлекеттер уюмуна беш өлкө мүчө. Алар: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан. Мындан тышкары эки өлкө - Венгрия менен Түркмөнстан - уюмда байкоочу өлкө макамына ээ.

ТМУнун башаты 2009-жылдын 3-октябрына барып такалат. Казак, кыргыз, азербайжан жана түрк президенттери анда Нахичеван декларациясына кол коюшкан. Өзбекстан башында ТМУга салкын карап, Ислам Каримовго бул декларацияга кол койгондон баш тартканы айтылып келет.

Кийин Нахичеван декларациясынын негизинде Түрк мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши түзүлүп, ал 2021-жылы Эрдогандын сунушу менен Түрк тилдүү мамлекеттердин уюму деп кайра аталган.

Айрым талдоочулар ТМУну Түркиянын Борбор Азияда таасирин күчөтүүнүн платформасы катары да сыпатташат. Бирок жергиликтүү серепчи Алмаз Окин азыркы тапта ТМУ Түркиянын үстөмдүгү жок, боордоштукка негизделген бирикме дейт:

"Кандай гана уюм болбосун, анын лидерлик, жетектөөчүсү, баштоочусу болот. Бирок азыр бул уюм алкагында тең ата, суверендүү мамилеге өтүп жатышат".

Эксперттер ТМУ бара-бара жалаң экономикалык кызматташууга басым жасаган уюмга айланарын айтышат. 2021-жылы Стамбулдагы саммитте "Түрк дүйнөсү – 2040" концепциясын кабыл алынып, анда түрк мамлекеттери ортосунда эркин экономикалык аймак түзүү демилгеси да көтөрүлгөн.