"Мурункудай жашоо жок": Орусиянын мигранттар боюнча жаңы мыйзамдары

1-январдан тартып тиешелүү уруксат документтери жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык тура албайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жыл жаңырары менен Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштырган мыйзамдар биринен сала экинчиси күчүнө кире баштайт. 1-январдан тартып тиешелүү уруксат документтери жок чет элдиктер бир жылдын ичинде Орусия аймагында 90 күндөн ашык тура албай калат. Миграциялык каттоону жаңыртуу үчүн мурдагыдай өлкөдөн чыгып-кирүү практикасы да эми жараксыз болот. Андан тышкары 5-февралдан тартып өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр атайын реестрге киргизилип, алардын жүрүм-туруму бир катар чектөөлөр менен катуу көзөмөлгө алынат. Орус президенти Владимир Путин өзүнүн жылдык отчетунда мигранттар жашап жаткан өлкөсүн сыйлаш үчүн аларга талаптарды күчөтүү керек деп айтты.

"Мурункудай жашоо жок"

Жусуп Турдубаев Орусиянын Новосибирск аймагында жыйырма жылдан ашык убакыттан бери жашайт. Үч жыл мурун бул өлкөнүн жарандыгын алган. Бирок жакында эле ал Орусиядан көчүп кетүү чечимин кабыл алды.

"Жашоо мурдагыдай эмес, мамилелер дагы өзгөрдү. Кабыл алынган мыйзамдар мен сыяктуу жарандык алгандарга тиешеси жок болсо дагы, жалпы абал начарлап кетти", – деди ал.

Диаспоралардын биринин тең төрагасы Орусиядан кетип жаткан кыргыздардын саны күн санап көбөйүп жатканын кошумчалады:

"Мурун каттоого туруу маселеси боюнча гана кыйынчылыктар болчу. Азыр болсо эмгек келишими жок деген шылтоо менен депортация болгон мигранттардын саны кескин көбөйдү. Расмий эмгек келишимин көп ишканалар бербейт, салыкты болсо көтөрүп салышты".

Турдубаевдин айтуусунда, жаңы миграциялык мыйзамдар мигранттардын гана эмес, алардын балдарынын дагы жашоосуна таасирин тийгизип жатат.

"Мигранттардын көбү бул жакка үй-бүлөсү менен келишет. Бирок алардын балдарынын мектепке кириши азыр чоң көйгөйгө айланды", – деген Жусуп Турдубаев оор кырдаал ар бир мигранттын жашоосуна таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Би-Би-Си байланышып сүйлөшкөн мигранттардын көбү ачык диалогго баруудан кооптонуп турушту. Алардын өтүнүчү менен аты-жөнүн өзгөртүп бердик.

"Белгисиз себептен улам балдарымды мектепке алышкан жок"

Жакында эле Мамлекеттик Дума орус тилин билбеген мигрант балдар мектепке кабыл алынбайт деген мыйзамды кабыл алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айтурган (аты өзгөртүлдү) жолдошу менен бир жыл мурун жакшы жашоо издеп Москвага кеткен. Ал өзү турак-жайларды тазалап иштейт, жолдошу болсо таксист болуп эмгектенет.

Түгөйлөр чет өлкөгө көчүп баруу менен кошо бир топ кыйынчылыкка туш болгонун айтат. Алардын эң орчундуусу балдарды мектепке жайгаштыруу болду дейт ал.

"Эки балам бар, былтыр кичүү балам Кыргызстанда 1-классты окуп жаткан жеринен алып келе бердим эле. Жайкы каникулда экинчи баламды дагы жаныма алгам. Бирок экөөнү тең мамлекеттик мектепке киргизе албай койдум", – дейт Айтурган.

Ал бардык документтерди даярдап барганын, бирок мектептерде орун жоктугун айтып, кийин так себебин түшүндүрбөстөн баш тартышкан.

"Балдарым орус тилин жакшы билишет. Ошондой болсо да кабыл алышкан жок. Угушубузча, бир класста үч гана мигрант бала болушу керек деген талап коюлуптур", – деп кейиди ал.

Улуу баласын Кыргызстанга кайра жөнөтүүгө аргасыз болгон Айтурган кичүү баласын жеке мектепке киргизген.

"Кезек күтүп отуруп экинчи уулум былтыр биринчи классты аяктай албай калды. Быйыл кайрадан биринчи класста окуп жатат", – деди Айтурган.

Анын айтымында, Москвада балдарын мектепке бере албай кыйналып жаткан ата-энелер абдан көп. Мигранттардын WhatsApp тайпаларында билим ала албай, үйдө отурган балдар тууралуу көп талкуулар болуп турат.

Ошондой эле ал полициянын тынымсыз текшерүүсү көнүмүш адатка айланганын кошумчалады. Андан тышкары батир ээлери мигранттарды каттоого тургузуудан коркуп, баш тарткан учурлар арбын дейт:

"Кээде эшиктин алдында полиция турганын көрсөк, айланып басып кетебиз. Үйгө киргенден коркобуз".

Жакында эле Мамлекеттик Дума орус тилин билбеген мигрант балдар мектепке кабыл алынбайт деген мыйзамды киргизди. Бул мыйзам келе жаткан жылдын жаз айларында күчүнө кирет деп айтылган.

"Документтериң жайында болсо, кооптонууга негиз жок"

Канат эч кандай миграция мыйзамдарын бузбаганына карабастан, Кыргызстанга келген бойдон Орусияга кире албай калган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Канат (аты өзгөртүлдү) дагы он жылдан ашуун убакыттан бери Москвада эмгектенген мигранттардын бири. Ал Кыргызстандын жараны, бирок аялы жана балдары Орусиянын жарандыгын алган. Канат Орусиянын жаңы миграциялык саясаты тууралуу буларга токтолду:

"Эгер документтериң жайында болсо, кооптонууга негиз жок, жашоо жакшы эле. Документиң туура эмес болсо, кайсыл жер болбосун мигранттар үчүн кыйын. Мыйзамдуу жүрсөң, сага эч ким тийбейт".

Бирок Канат эч кандай миграция мыйзамдарын бузбаганына карабастан, Кыргызстанга келген бойдон Орусияга кире албай калган.

"Менин каттоого турганым жөнүндө документим бар, мыйзамга баш ийген мигрантмын, бирок мени Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Москвага киргизбей жатат. Буга чейин жакшынакай эле каттап жүргөм, азыр эми үй-бүлөмө жете албай жатам", – деп кейиди ал.

Канат дүкөндө сатуучу болуп иштеп, үй-бүлөсүн багат. Тууган-уругуна учурашып кетүү үчүн жакында эле Кыргызстанга келген.

"Мен ал жактан эки жарым жылдан бери чыга элек болчумун. Эми болсо "Орусияга коркунуч жаратат" деп киргизбей жатышат. Эки жолу кеткенге аракет кылдым, бирок аба майданынан кайра жөнөтүштү", – деди ал.

"Эмне кагазга кол койгонумду дагы билбейм"

Айрым адистер Орусиянын мигранттарга болгон талапты күчөтүп жатканын өлкөгө арзан жумушчу күчтөрүн тартуу аракети катары баалап жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эркинбек (аты өзгөртүлдү) беш бир туугандын төртүнчүсү. Ал үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында 2018-жылы Орусияга иштегени кеткен.

Алгач иши түзүк жүрө баштаган. Такси кызматында айдоочу болуп иштеп, тапканын ата-энесине жөнөтүп турган.

Кийин Эркинбек Кемерово облусунун аймагында текшерүүгө кабылып, полиция анын документтери жасалма экендигин айткан.

"Документтеримди эл катары эле алгам. Бирок алар жасалма деп мени убактылуу жайга киргизип коюшту. Отурган жерим муздак, үч күн суудан башка эч нерсе ичкен жокмун", – деп эскерет Эркинбек.

Орус тилин жакшы билбегендиктен ошол учурдагы абалды түшүнбөй калганын айтат:

"Ал ортодо сот жараяны болуп, менден бир документке кол койдуруп алышты. Эмне документке кол койгонумду дагы билбейм. Ошентип депортация болуп кеттим".

Юристтер ыгы жок текшерүүлөрдөн улам укуктары чектелип, жардам сурап кайрылган кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын айтышууда. Расмий Кремль муну өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого багытталган чаралардын бири катары түшүндүрүп келет.

Айрым адистер Орусиянын мигранттарга болгон талапты күчөтүп жатканын өлкөгө арзан жумушчу күчүн тартуу аракети катары баалап жатышат.

Ошол эле учурда Орусия-Украина согушунан улам мыйзам бузуп, иши сотко өткөн мигранттарды мобилизацияга тартуунун бир жолу дегендер дагы жок эмес.

Кыргызстан миграция агымы күчтүү өлкөлөрдүн катарына кирет. Учурда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандыктардын басымдуусу Орусия, Казакстан, Түркия мамлекеттеринде эмгектенет.