Орусия мигранттарды бооруна кысабы же боорго тебеби?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жакында эле Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин мигранттарга жана алдардын балдарынын билим алуусуна байланыштуу айткан пикири кызуу талкууга жем таштады. Ал балдарга орус тилин акырындык менен мажбурлап болсо дагы үйрөтүүнү, талап аткарылбаган шартта мектепке албай коюу керектигин айтты. Ошондой эле Орусиядан иштеп акча табууну каалагандар үй бүлөсүн өз өлкөсүнө таштап келиши керек деген пикирди кайталады.
Айрымдар Медведевдин айтканын колдоого алууда. Дагы бир тобу жогорку рангдагы адамдын мындай пикири дипломатияга туура келбейт деп сын айтууда.
“Акча тапкың келеби, кел биз кубанычтабыз. Төлөйбүз, атүгүл жашооңо шарт түзүп беребиз. Каалаган жериңе барып сыйын. Бул жерде үй бүлөнүн кандай тиешеси бар? Тогуз балаң менен бир нече аялыңды каякка алып барасың? Ушул нерселерди реалдуу токтотуу керек”,- деди Дмитрий Медведев.
Ал коңшу өлкөлөр менен болгон эки тараптуу макулдашуулар, кыйынчылык жаратышы мүмкүн экенин айтып, бирок Орусия азыркыдай шартта иштей албай калганын кошумчалады.
“Менден биз документке кол койгонбуз да. Бул акт жогорку юридикалык күчкө ээ да деп дайыма сурашат. Жогорку юридикалык күчкө ээ боло берсин. Аларга азыркыдай шартта иштей албай калганыбызды түшүндүрүү керек. Бир нече убакытка таарынат чыгаар. Бирок кайда кетмек эле? Анткени бул региондордо ашыкча эмгек күчтөрү сакталып кала берет”,- деди ал.
Орусиянын мурунку президенити мигранттардын балдарынын билим алуусуна байланыштуу дагы пикирин айтып өттү.
“Айрым биринчи класстардагы окуучулардын төрттөн үч бөлүгү орус тилин билбейт. Биз келечекте өзүбүзгө олуттуу көйгөй жаратып жатабыз”,- деди ал.
“Мигрант десе эле өзүбүзгө албашыбыз керек”

Сүрөттүн булагы, Таалайкүл Токтобекова
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Таалайкүл Токтобекова жети жылдан бери үй бүлөсү менен Москвада жашайт. Өзү билим берүү тармагында иш алып барат, балдары болсо ал жактагы мектептердин биринде билим алат.
Айтымында буга чейин Орусияда мигранттардын балдарын мектепке киргизүүдө эч кандай кыйынчылык болчу эмес. Атүгүл айрым учурда документтеги майда-барат нерсеге маани бербей келген.
“Быйыл эмнегедир балдарды мектепке киргизүүдө бир катар маселе жаралып жатат. Мен жакында эле 30 баланы бекер мектепке даярдадым. Арасынан мектепке кире албай калгандар болду. Бир жагынан билим берүү мекемелеринде орус тилин талап кылып жатканы туура эле. Мен даярдаган балдардын арасында эң жөнөкөй учурашканды билбегендер деле бар. Уулум быйыл 4-класс. Үч жылдан бери мектеп менен тыгыз иштешип, балдарга майрам уюштуруп берип турам. Андыктан ал жакты ичинен жакшы билем. Бирок мигрант десе эле өзүбүзгө албашыбыз керек. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн баргандар көп да. Арасында орус тилин билбегендиктен сабагынан начарлап кеткендери дагы бар”,- деди Москвадагы Кыргыз диаспора кеңешинин билим комитетинен жетекчиси.
Токтобекова эгер барган өлкөнүн мыйзамдарын так сактап, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, документтери жайында болсо бир дагы мигрантка тоскоолдук болбой турганын айтты.
“Мен укук коргоо органдары менен канча жолу бет келиштим. Кээде жардам сурап, баламды сүйрөп бара жаткан колясканы көтөрүшүп коюңуз деп дагы калам. Мамилеси түзүк эле. Бирок биз эң эле жөнөкөй бир маалым кат алыш үчүн бири-бирибизге акча берип жатпайбызбы. Аны кадыр-колко кылып ар кимге жалдырабай эле өзү убагында барып бүтүрүп алса болот да”,- деди Таалайкүл.
Ал уулу окуган мектепте мигранттар тарабынан балдарына жасалган туура эмес мамиле, бөлүп-жаруу сыяктуу даттануулар деле жокко эсе экенин айтат.
“Керек болсо биздин балдар арасында мектепте алдыңкы 10 окуучунун катарын толуктагандар көп”,- деди ал.
“Кыйналганы кыйналып эле жатат”

Сүрөттүн булагы, Getty Images
25 жыл Санкт-Петербургда жашаган Өктөм Мамаева соңку жылдары Орусия мигранттарга болгон мамилени кыйла татаалдатып жатканы ал жакта жашап, иштеп жүргөн чет мамлекет жарандары үчүн кыйынчылык жаратпай койбойт деди:
“Кыйналганы кыйналып эле жатат. Эми ар ким өз өлкөсү үчүн күйөт да. Мындай маселе жаралбашы үчүн Кыргызстан өз жарандары үчүн шарт түзүп бериши керек. Жумуш орундарын көбөйтүү зарыл”.
Август айында Тышкы иштер министрлигинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып министр Жээнбек Кулубаев Кыргызстан ЕАЭБ мүчөсү экенин эске салып, өлкөнүн ал жактагы жарандарынын укуктары бузулган жок деген эле.
Ал эми жаңы мыйзамдар Орусия аймагында мыйзамсыз жүргөндөргө гана багытталганын айткан.
“Эгер Кыргызстан жараны ал жакта мыйзам чегинде иштей турган болсо эч кандай көйгөй жаралбайт. Ар бир мамлекет коопсуздугун камсыздоо үчүн тиешелүү чара көрө алат”,- деген министр.
"Өз жерибизде иштеңиздер"
Ал ортодо президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакозов Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстан жарандарын мекенине кайтып келүүгө чакырды.
Учурда Кыргызстанда тигүү, курулуш тармагында жумушчу күчтөрү жетишпей жатканын билдирди.
"Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы Орусияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот",- деп жазды ал Facebook баракчасына.
"Крокус сити" борборундагы ондогон адамдын өмүрүн алган кандуу кол салуу мунун негизги себептеринин бири болуп калды дешет.
Орусия мигранттарга байланыштуу мыйзамдарын күндөн-күнгө күчөтүп жатканын Кремль коопсуздукту камсыздоого багытталган чаралардын бири катары түшүндүрүп келет.
Март айында автоматчан белгисиз кишилер Москвадагы "Крокус Сити Холлго" кирип келип, туш келди аткылай баштаган. 6200 кишини бата турган ири концерттик жайда ондогон кишилер каза болгон.
Орусиянын Ички иштер министрлиги кол салууга катышкандардын баары чет өлкөлүктөр экенин билдирген.
Анын эпкини айрым бир кыргызстандыктарга дагы тийип, ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандар бар.
Үйлөрү күч органдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүгө алынып, өздөрү орой мамилеге туш болуп жатышканын айтышууда. Аты-жөнүн жашырып маалымдоо каражаттарына айтып берген мисалдар аз эмес.
Юристтер болсо ыгы жок текшерүүлөрдөн улам укуктары чектелип, жардам сурап кайрылган кыргызстандыктардын саны өсүп жатат дейт.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда жүргөн Кыргызстан жарандарынын саны жарым миллиондон ашат.
Алардын көбү соода-сатык, курулуш, тейлөө, анын ичинде такси кызматында иштейт.
Жакында эле аталган өлкөнүн бир катар аймактарында мигранттарга патент аркылуу таксист болуп иштөөгө дагы тыюу салынды.







