“Мигранттардын жакындары Орусияга келбесин”. Кезектеги кейиштүү демилге

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Либерал-демократиялык партиясы мигранттардын үй-бүлөсү менен келүүсүнө тыюу салууну сунуштады

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиядагы Либерал-демократиялык партия мигранттарга үй-бүлөсү менен келгенге тыюу салууга чакырууда

Орусиянын Мамдумасында мигранттарды беймазага салган дагы бир кейиштүү демилге көтөрүлдү. Бул ирет Либерал-демократиялык партия мигранттарга үй-бүлөсү менен келүүгө тыюу салууну сунуштады. Партия мүчөлөрү “чет элдиктер өз тилинде сүйлөп, жергиликтүү тургундарга сый мамиле кылбай жатат” деген жүйөнү келтирүүдө.

Бул демилге көтөрүлөр замат Мамлекеттик Думанын эмгек, социалдык саясат жана ветерандар боюнча комитетинин мүчөсү Светлана Бессараб сынга алып, мындай чектөөнүн зыяны гана тиет деп айтты.

Соңку мезгилде Орусияда мигранттарга карата кысым күчөп, туш тараптан түрдүү чектөөлөр болуп жатат. Айрымдар мунун түпкү себеби мигранттарды согушка тартуу аракети деп да жоромол кылууда.

“Мигранттардын жакындары аларды өз үйүндө күтсүн”

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Либерал-демократиялык партиясынын лидери Леонид Слуцкий Орусия президенти Владимир Путин менен

Сүрөттүн булагы, DUMA.GOV.RU

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Либерал-демократиялык партиянын лидери Леонид Слуцкий Путинге киргенге жолу ачык саясатчы

“Эмгек мигранттарынын үй-бүлөсү аларды өз мекенинде күтүшү керек. Жумушка орношкон чет элдиктердин жакындары Орусияга келип алышып, топ-тобу менен анклав кылып алышты. Өз тилдеринде сүйлөшөт, жергиликтүү тургундарга жек көрүү менен мамиле кылышат. Мигранттар жашаган батирлер турак-жай коммуналдык чарба үчүн акы төлөбөй, чоң карызга батып, анын азабын батир ээлери тарткан учурлар көп”, - деп билдирди партиянын лидери Леонид Слуцкий.

Долбоордун авторлору Орусияда эмгек келишим же патенттин негизинде гана калган, өлкөдө жашоо үчүн башка мыйзамдуу негизи жок, квалификациясы төмөн адистер жөнүндө кеп болуп жатканын белгилешүүдө.

Ал эми квалификациясы жогору чет элдик жумушчуларга бул демилгенин тиешеси жок дешет.

Орусияда жашап, иштеп жүргөн борборазиялыктардын жүрүм-туруму жергиликтүү тургундарга өөн учурашы көптөн бери эле айтылып келе жатат.

Коомдук жайда бака-шака түшкөнгө дагы, шыбырашканга дагы болбойт, мал-жандык союуга тыюу салуу керек деген демилгелер да чыккан. Крокус борборундагы террактан кийин ушул сыяктуу радикал чакырыктар байма-бай болуп калды.

Эми жөнөкөй мигранттар үй-бүлөсүн алып келбесин деген демилгеге Мамлекеттик Дума кандай мамиле кылат деген суроо кабыргасынан турат.

"Барган сайын мигранттардын абалы оорлошуп бара жатат, ачык эле айтыш керек. Орус бийлиги кандай мыйзам чыгарат, кандай демилге көтөрөт, ал өздөрүнүн ыктыяры да. Биз болсо кандай болбосун колдон келишинче мамлекеттин мыйзамдарын сыйлайбыз. Мигранттардын үй-бүлөсүнө киришип, тыюу салуулар туура эмес, бирок өтпөйт да бул мыйзам”,- дейт Улан Кошматов, Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси.

Мигранттардын жүрүм-туруму

Мигранттар аралашты деген мыйзамсыз иштер катталып, жоопкерчилиги каралган учурлар жок эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мигранттар аралашты деген мыйзамсыз иштер катталып, жоопкерчилиги каралган учурлар жок эмес
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусия аймагында убактылуу жашап, иштеп жүргөндөрдүн арасында чындап эле мыйзам, эреже бузгандар дагы жок эмес экенин айткандар бар.

“Үй-бүлөсү менен келип, ошол эле учурда коомдо өздөрүн кандай алып жүрүү, эрежелерин сактоо деген бар. Биздин көпчүлүк Орто Азиядан келген мигранттар ушул нерсени сактабайт. Москва шаарында жергиликтүү орус калкынын балдарынан бир класста бирден, экиден гана окучу. Калгандары биздин мигранттардын балдары болуп калган учур көп катталып калды. Андан сырткары, биздин мигранттардын кылмыш кылуусу, бири-бирин тоноо, жергиликтүү тургундар менен конфликт кылышы, албетте, жергиликтүү тургундардын сезимине катуу тийет”, - деди Чынарбек Базарбаев, Орусиядагы кыргызстандык юрист.

Борборазиялык мигранттар массалык жүргөн жерлерди кокустан текшерүү, мыйзам бузду деп шек саналгандарды дароо департация кылуу, согушка азгыруу сыяктуу көрүнүштөр Орусияда ушул жылдын апрель айынан тарта күч алды. Ага бирден бир себеп “Крокус Ситидеги" кандуу окуя болуп калды.

Орусия бийлиги аны теракт деп атап, шектүү катары Тажикстандын жарандарын кармаганы маалым. Ошондон бери Тажикстандын жарандарына текшерүү күчөдү жана мигранттардын мүмкүн болушунча мыйзамдуу, этият жүрүшүн эскерткендер арбыды.

“Бул демилгеге мигранттардын жакында эле Мамдуманын депутатына кол салуусу дагы таасир берди. Бул инерциялык негизде пайда болгон сунуш болуп калды. Бир жыл болду ушул, мектепке келгенде дагы биздин көпчүлүк мекендештерибиз балдарын жасалма каттоого коюп, ушул жасалма документтердин негизинде дагы киргизе беришчү. Азыр бир жылдан бери ушуну дагы катуу текшерди. Борбор Азиядан келген мигранттар ушул нерсени кысым катары дагы кабыл алышты”, - Чынарбек Базарбаев.

Элчилик эмне дейт?

Элчилик миграция мыйзамына каралып жаткан өзгөрүүлөрдүн кыргызстандыктарга тиешеси болбойт деп билдирүүдө.

“Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарында киргизилип жаткан чектөөлөр Россиянын аймагында мыйзамдуу иштеп жүргөн ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына тийиштүү эмес. Ошол эле учурда миграциялык режимдин күчөтүлүшү Россиянын аймагында мыйзамдуу жүргөнгө негиздүү укугу жок жана Россиянын мыйзамдардын бузган бардык чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү экендигин белгилейбиз”. - деп жазылат Москвадагы кыргыз элчилигинин Би-Би-Сиге берген жообунда.

Август айында эле эки өлкөнүн элчилери алмашты. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалса, Кыргызстанга Орусиянын элчиси болуп президенттик админстрацияда иштеген Сергей Вакунов барды.

Орусияга кыргыз миграциясынын агымы тартылабы?

Орусияда убактылуу жашап, иштеп жүргөн Кыргызстандын жети жүз миңден ашуун жараны бар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын Орусияда убактылуу жашап, иштеп жүргөн жети жүз миңден ашуун жараны бар

Бул сыяктуу көрүнүштөр кыргыз мигранттарынын багытын Орусиядан башка өлкөлөргө буруп жатканы байкалат. Ошол эле учурда мынча көп сандагы мигрант бир өлкөгө топтоло бербей, алдыңкы мамлекеттерди көздөй умтулганы утуш дегендер бар.

Өнүккөн өлкөлөргө миграцияны тажрыйба топтоо, технологияны үйрөнүү катары карагандар четтен чыгат. Бийлик тышкы эмгек миграциясын мүмкүн болушунча кыскартып, андан кем эмес айлык менен шартты Кыргызстандын өзүндө түзүүнү убада кылууда.

Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча Кыргызстандын Орусияда убактылуу жашап, иштеп жүргөн жети жүз миңден ашуун жараны бар.

Акыркы көрүнүштөрдөн улам алардын саны 350 миңге чейин төмөндөп кеткенин айткандар болууда. Бирок, муну расмий органдардан тактоо азырынча мүмкүн эмес.