Доллар түштү, дагы канчага төмөндөшү мүмкүн?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
17-мартка карата Кыргызстанда доллардын сомго карата наркы салыштырмалуу арзандады. Коммерциялык банктарда бүгүн доллар 98-101 сомго, евро 108-111 сомго сатылууда.
Апта башында Бишкекте бир доллардын наркы 107 сомго чыгып, тарыхый максимумуна жеткен эле. Доллар дагы канчага түшөт жана бул үчүн Улуттук банк эмне иш кылып жатат?

Бул апта башында валюта базарында доллар тартыштыгы тууралуу талаш-талкуулар күчөдү. Бирок Улуттук Банк андай болушу мүмкүн эмес дейт.
“Биздин анализ, мониторинг боюнча Кыргызстанда азыр чет өлкөлүк валюта жетиштүү. Валюталык рынокко валюта керек болгон күнү Улуттук банк валюталык интервенциялар аркылуу аны камсыз кылууга даяр. Улуттук банктын алтын-валюта резервдери кыйла жетиштүү, ал азыр 2 миллиард 850 миллион АКШ долларды түзөт”, - Улуттук Банкттын өкүлү Аида Карабаева Би-Би-Сиге.
Улуттук банк быйыл жыл башынан бери доллардын наркынын өсүп жатканына байланыштуу беш жолу интервенция жасады. Анын жалпы суммасы 284 миллион долларга жетти.
Интервенция деген эмне?
Валюталык интервенция бул – кайсы бир валютанын курсун туруктуу кармап туруу үчүн борбордук банктар бара турган финансылык чара.
“Кыргызстан 1993-жылы улуттук валютаны киргизип, өзгөрүлмөлүү-алмашуу курс режимин тандап алганбыз. Бул эмне дегенди билдирет? Бул – улуттук валютанын ошол эле долларга карата курсу валюта рыногунун катышуучуларынын суроо-талабынын негизинде аныкталат. Мисалы, кандай гана товар болбосун канчалык суроо-талап жогору болсо, баасы көтөрүлөт. Ошондой эле валютанын да курсу ошол суроо-талапка ылайык аныкталат”, -дейт банк адиси Аида Карабаева.

Башкача айтканда валюта базарында кайсы бир валютага суроо-талап өсүп баасы жогорулап жатканда борбордук банкттар рынокко кирип кийлигише алат.
Муну буудай базарынын мисалында караса болот. Буудай түшүмдүү болуп анын базарда баасы түшүп жатса, мамлекет дыйкандарды колдоо ирээт аны сатып алып, запаска коет. Түшүм жакшы чыкпай, базарда буудайга тартыштык орун алып, баалар асмандаган кезде мамлекет кайра ошол запастагы буудайларды базарга алып чыгып, ага болгон бааны кармаса болот.
“Доллардын курсу жасалма суроо-талаптан өсүп жатат”
Долларын наркы Кыргызстанда көтөрүлүп жатканын Улуттук банк долларга карата жасалма суроо-талап өсүп жатканына байланыштырат:
“Чет элдик валютанын курсу ажиотаждык суроо-талаптан улам жогору болуп жатат. Ушундай учурда чет элдик валюталардын сатып алуунун кереги жок. Анткени, валюталык рынокто абал турукташкандан кийин курс кайра төмөндөп, биздин жарандар кайра жоготууга учурашы мүмкүн”, - деди Улуттук Банктын өкүлу Аида Карабаева.
24-февралда Украинага кол салганы үчүн Россияга катаал санкциялардын салынышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн каржы базарына да таасирин берип жатат.
Эксперттер эгер дүйнөдөгү кырдаал мындан дагы катаал жагына өзгөрбөсө эле, сомдун долларга карата куну 100 сомдун тегерегинде кармалып калышы мүмкүн экенин айтып жатышат.
Бирок ал баары бир кризиске чейинки - 85 сомго кайтып баруусу мүмкүн эмес, дейт экономисттер.

“Эгер азыр дүйнөлүк эскалация болуп кетсе дагы өсөт. Андай болбогон күндө эле долладын наркы жай өсүп отурат. Анткени санкциялар баарын бир өзүнүн изин калтырат. Алар узакка да созулушу мүмкүн. Бирок кризис азыр басылса, доллар артка кетиши мүмкүн. 90-95 сом болушу мүмкүн. Бирок спекуляция ойноп, коммерициялык банкттар долларды кайра кичирейткенге барышпайт”, -дейт экономист Искендер Шаршеев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал арада Улуттук банк долларынын курсуна кызылкулактык кылып, мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн Бишкектеги тогуз акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын убактылуу токтотту.
Алар: “Ариет финанс”, “Ордо Финанс Плюс”, “Нурислам Лтд” жана “Азамат финанс” 16-марттан 30-мартка чейин ишин токтотот. Ал эми “АЯТ НУР”, “Рашидик”, “Исхак жана Исаак”, “Интегро Ко” жана “Баймак Финанс” акча алмаштыруучу жайлары 16-марттан 25-мартка чейин убактылуу иштен четтетилди.
Апта башында доллардын курсуна байланыштуу Улуттук банк жаңы эреже да киргизди.
Кыргызстандын Улуттук банкы сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталарын билдирди. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы - үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма кросс-курс деп аталат. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары “Блумберг” жана “Рейтерс” маалымат агенттигинен алат.
Улуттук банктын 2013-жылы кабыл алынган токтомунун 22-пунктунда сом менен рублдин курсу Москва банктар аралык валюталык биржасындагы баалардын негизинде аныкталары көрсөтүлгөн. Жаңы токтомдо бул пункт убактылуу күчүн жоготту.
Ал арада Улуттук банк Кыргызстандан аймагынан долларды чыгарууга убактылуу чектөө койду. Бул жаңылык Россиядан келген жарандар Кыргызстандын коммерциялык банктарынан жана акча алмаштыруучу жайларынан долларды дүңүнөн сатып алып жатат деген маалыматтарга туш келди.











