Украинадагы согуш: дүйнөдө азык-түлүккө баалар өсүп, кымбатчылык апааты басабы?

Том Кавана, Би-Би-Си Ньювс

Йемен өңдүү бир катар өлкөлөр Россия жана Украинадан ташылып келчү буудайдан абдан көз каранды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Йемен өңдүү бир катар өлкөлөр Россия жана Украинадан ташылып келчү буудайдан абдан көз каранды

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Бизли Украинадагы конфликт дүйнөдөгү тамак-ашка болгон баалардын кескин өсүшүнө алып келерин эскертти. Бул кедей өлкөлөрдө болуп көрбөгөндөй каатчылыкка алып келери күтүлүп жатат.

Украина жана Россия азык-түлүктүн ири экспортерлору эле, бул эки өлкө ортосундагы согуш айдоо иштерине кедергисин берип, баалар өсүшү күтүлүп жатат.

Дэвид Бизли бул көрүнүш дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдөгү адамдардын ачкачылыктан каза болуу коркунучуна алып келерин эскертти.

"Жер жүзүндө болуп жаткан тозоктун түбүнө жеттик деп ойлосоңуз, андан да жаманына баратат", - деди ал.

Россия менен Украина Европанын буудай кампаларына окшош эле, бул эки өлкө дүйнөлүк буудайдын төрттөн бирин камсыздачу. Ошондой эле дүйнөдөгү күнкарама майына жана данына болгон муктаждыктын жарымын жапчу. Украина дүйнө өлкөлөрүнө жүгөрүнү да сатчу.

Серепчилер бул согуш буудайдын түшүмүнө таасирин берип, ага болгон баа эми эки эсеге өсөт деп болжоп жатышат.

Бизли Би-Би-Синин Дүйнөлүк кызматынын Business Daily программасына интервью берип жатып, дүйнөдө ачарчылыктан каза болушу мүмкүн адамдардын саны Украинадагы кризиске чейин эле 80 миллиондон 276 миллионго өскөнүн айтты. Анын себептери - буга чейинки дүйнөдөгү конфликттер, климаттын өзгөрүүсү жана коронавирус.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Бизли Кара деңиз жээгинин аймагынан буудай импорттоп келген мамлекеттер Украинадагы согуштан көбүрөөк жабыркайт деп жатат.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Бизли

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Бизли

"Ливанга буудайдын дээрлик 50% Украинадан келет. Ошондой эле тизмени Йемен, Сирия, Тунис менен уланта берсем болот. Бул өлкөлөрдүн баарына Украина буудай кампасындай эле", - деди ал.

"Кетмен эмес, курал көтөргөн дыйкандар"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дүйнөдөгү 60тан ашык өлкөлөрдө иш алып барган Yara International Би-Би-Сиге буудай дефицити түшүмгө таасирин берип, глобалдуу азык-түлүк кризисине алып келет деп билдирди.

Украиналык юрист Иванна Дориченко эл аралык соода арбитражынын эксперти. Ал Украинадагы дыйкандар айдоо таласын таштап, россиялык баскынчылыкка каршы колуна курал алганын айтты.

Дориченко Би-Би-Сиге: "Жер менен иштей турган эркектер, азыр ошол жерин коргоп жатышат. Эгер алар муну кылбай койсо, анда кийин ал кайсы жерге эгин айдайт. Ушу тапта өлкөдө согушка карата кол кабыш кылбаган бир да адам жок",- деди.

Юрист ошондой эле азыр болуп жаткан согуш айыл-чарба продукциясын экспорт жолдорун да талкалаганын айтууда. Украиналык аскерлер Россиянын кол салуусунан кийин коммерциялык бардык жүктөргө чектөө койгонун билдирди.

"Жүк ташыган кемелер суудан чыга албай же аларга жүк сала албай калышты. Анткени ал жерлер согуш жүрүп жаткан аймактар болуп жатат. Тилекке каршы, азыр Украинадан сырт жакка жөнөтчү эчтеке болбой жатат".

Дориченко бул көрүнүш бизнес үчүн чоң жоготуу эле эмес, гуманитардык да жоготуу экенин баса белгиледи. Себеби, Украина эми Түштүк-Чыгыш Азия, Жакынчы Чыгыш жна Африка өлкөлөрүнө жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өңдүү уюмдарга товар жөнөтө албай калды.

Тамак-ашка болгон баалардын инфляциясы айрым өлкөлөрдө Украинадагы согушка чейин эле жетчү жерине жеткен. Мындан улам түштүк-африкалык экономист Вандиле Сихлобо Африка жана ага жакын өлкөлөр үчүн буудай импорттоо жагы кандай болот деп кабатыр.

Сихлобо – Түштүк Африканын Айыл-чарба соода-палатасынын башкы экономисти. Ал Би-Би-Сиге кымбатчылыкты кыска мөөнөттөгү маселе деп, андан жаманы – эми өнүмгө тартыштык жаралбаса болду деп жатат.

 "Согуштун канчага созулуусуна карап, Африканы көздөй келген жүктөрдүн кыскарып жатканын байкаса болот. Бул тамаш-аш тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Өзгөчө Түндүк Африка жана Чыгыш Африка өлкөлөрүндө кризис жаралышы мүмкүн".

Ал азык-түлүккө болгон глобалдык баалардын индексин карап, жыл башында эле баалар асман чапчыганын көрсө болот дейт. Азыркы кризис кырдаалды ого бетер курчутуп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү керектөөчүлөрдү убайымга салууда.

Дүйшөмбү күнү жер семирткичтерди өндүргөн дүйнөдөгу ири Yara International компаниясы Украинадагы согуш бул тармакка кедергисин берсе, ал барып кайра эле тамак-аш баасына таасир этерин билдирди.

Газга болгон баа өсүп, буга чейин семирткичтерге баа ансыз деле көтөрүлүп келген. Россия калий, фосфат өңдүү жер семирткичтердин негизги ингридиенттерин өндүрөт. Алар айыл-чарба продукцияларынын түшүмүнүн башкы шарттары. EKa