Кан жолдогу кырсыктар канткенде токтойт?

Сталбек Абдижалил, Би-би-Си, Бишкек

Иллюстративдик сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иллюстративдик сүрөт

"Ооруканага жетип эле таппай калдым, көрсө кырсык болгондо эле мүрт кетишкен экен да..." деп кейиди кезектеги маектешим. Кайрат айтып, көңүлүн жубатуудан башка жолу жок экенин түшүнүп, чоо-жайын сурадым.

Кыргызстанда соңку төрт күн ичинде болгон үрөй учурган жол кырсыктарынан 13 адамдын өмүрү кыйылды. Аянычтуусу, жол кырсыктарында каза болгондор топ-тобу менен бир үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын туугандар болуп чыкты. Арасында жаш балдар да бар. Андан сырткары түрдүү жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөндөрү дарыланууда.

Ар башка аймакта удаа-удаа болгон кандуу окуялар жол коопсуздугуна байланышкан теманы кайрадан козгоду. Айрым коомдук медиа колдонучулары “үй бүлөң менен бир унаага отуруу коркунучтуу болуп калдыбы” деп түпөйүл болуп жатат.

Бир үйдөн төртөө....

13-августка караган түнү Кочкор-Балыкчы жолунда 8 адамдын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы кыргызстандыктарды селт эттирди. Сүзүшкөн эки унаанын биринде Ысык-Көлдүн, экинчисинде Нарын облусунун тургундары болгон. Жүргүнчүлөрдүн баары тойго катышып, үйүнө кайтып келе жатышкан бир үй-бүлө мүчөлөрү, куда сөөктөр экени аныкталды.

Нарын районунун Жер-Көчкү айылында жашаган 64 жаштагы киши уулу жана эки небереси менен каза тапкан. Алар Балыкчы шаарындагы жээнинин үлпөт тоюна барып, кайра кайтышкан. Маркумдун эки ата өткөн тууганы, Жер-Көчкү айылынын тургуну Төлөбек Кулжанов да агасы катышкан тойдо болуптур.

"Тойдон түнкү саат бирлерде тарадык. Мен дароо эле жолго чыккам, агамдар артта калышкан. Кырсык болгону тууралуу кабарды Кочкорго жеткенде уктум да, артка кайттым. Түз эле Балыкчы шаардык ооруканасына бардым. Байкебизди, уулу жана эки небереси менен ооруканадан таппай калдык. Алар кырсык болгон жерде мүрт кетишиптир. Эжем, иним, эки келинибиз жандандыруу бөлүмүндө экен”, – деди Кулжанов.

Кулжановдун айтымында, алар барган тойдо арак ичилген эмес. “Адал той болду, арак ичилген эмес. Артта отуруп келе жаткан иним BMW каршы тилкеге чыгып келип сүздү деп айтты. Эки айдоочу тең каза болуп калды, чынында кандай болгонун билбейбиз”.

Соңку күндөрү кан жолдо каза болгондор ү-бүлө мүчөлөрү, туугандар болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку күндөрү кан жолдо каза болгондор ү-бүлө мүчөлөрү, туугандар болгон

Экинчи унаадагылар да туугандар

Жол коопсуздук башкармалыгынын маалыматына караганда, экинчи унаада алты адам болгон. Алар Кочкорго тойго барып, кайра кайтканда кырсыкка кабылган. Каза болгондордун экөө Балыкчы шаарынын тургуну, жубайлар. Эки адам Тоң районунун Көк-Мойнок айылынын тургуну, бир тууган бажалар.

Бул айылда жашаган Чолпон Исакова маркумдардын биринин кошунасы болот. Ал кырсык тууралуу буларды айтты:

“Азыр биздин айлдык келин ооруканада кызы менен жатат. Ал бир убакта ата-энесин, күйөөсүн жана жездесин жоготту. Аябай жаман болду... Кырсыктын себептерин билбейбиз, рулду башкарып бараткан балыкчылык кишини жакындан билгендер "унааны акырын айдачу" деп айтып жатышат”.

Соңкү күндөрү жолдо кыйылган өмүрлөр

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул чоң кырсыктын талокуусу басыла элегинде ага удааа дагы бир каргашалуу кырсык болду. 15-августта Боом капчыгайында эки унаа кагышып, үч киши окуя болгон жерден мүрт кеткен. Жабыркаган 11 адамдын арасында үй-бүлө мүчөлөрү бар экенин Жол коопсуздук башкармалыгы кабарлады. Учурда алар да ооруканада.

12-август күнү Кара-Суу районунда оор жүк ташыган автоунаанын үстүңкү бөлүгү көпүрөнүн астынан өткөн суу түтүгүн бузуп кеткен. Түтүк каршы тилкеде келе жаткан жеңил машинеге кулап, ичинде бараткан ата-бала каза болду. Каргашадан бир эркек киши жана эки бала жабыркаган.

Кыргызстан адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын саны боюнча көп жылдан бери дүйнөлүк тизмеде алдыңкы саптан түшпөй келет. Бийлик төрт жылдан бери жол кырсыктарын алдын алууну көздөп, улам мыйзамдарды катаалдаштырып, видеокөзөмөлдөрдү орнотуп, айдоочуларды “тарбиялоонун” айласын издеп келет.

Март айында жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдар жогорулап, катаал чаралар киргизилген. Бирок андан бери адам өмүрүн алган жол кырсыктары токтоп калган жок.

Айдоочулук маданият абадай керек...

Жол коопсуздук башкармалыктан басма сөз катчысы Байказы Айткул уулу айдоочулар дагы эле эрежелерди сактабай жатат деген пикирде.

“Катталып жаткан жол кырсыктарынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсүнүн негизинде болууда. Айдоочулар көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыра айдап, каршы тилкеге чыгып, ашып өтүүдө, озуп өтүүдө, бурулууда коопсуздук эрежелерин сактабай жатышат. Ичип алып рулга отуруудан, айдоочулар бири-бирине жол бербегендиктен унаа кырсыктары көп катталууда. Андан сырткары алыскы аймактарга каттаган айдоочулар бир күндүн ичинде эки жолу каттамга үлгүрүп калалы деп, эс албастан жолго чыгып, рулда баратып, уктап кеткен да учурлар катталууда”,– деди Айтикул уулу.

Байказы Айткул уулу

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жол коопсуздук башкармалыгынын өкүлү

Кыргызстанда жол кырсыктардын көп болгонунун дагы бир негизги себеби катары коррупция белгиленет. Өтөндө президент өлкөдө 30 жылдан бери айдоочунун күбөлүгү ачык эле сатылып келгенин айтып, мындан ары “окубай туруп эч ким айдоочулук күбөлүк ала албайт" деп ишендирген.

Жол коопсуздук тармагында иш алып барган уюмдар одоно эркеже бузгандар анча-мынча пара менен гана кутулуп кеткен көрүнүштөр көнүмүш болуп калганын айтып келишкен. Ошондуктан бул тармакта коррупция жоюлбаса жаңы мыйзамдардан майнап чыкпайт дешкен.

Жаңы чаралар жаман адаттарды жоё алдыбы?

Жол коопсуздук башкармалыгы март айынан бери мас абалында унаа башкарган эки миңге жакын адам айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганын айтууда.

“Жыл башынан бери жол кырсыгынан 269 адам көз жумуп, 4416 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда төмөндөө болгонун көрсөтүүдө. Тилекке каршы акыркы күндөрү оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктары болуп кетти”, - деди Айтикул уулу.

Ал кошумчалагандай, март айынан бери мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайган. Ал эми ылдамдыкты ашырып айдагандардын саны 47 пайызга төмөндөгөн.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкө аймагында 7040 жол кырсыгы катталып, 11049 жаран ар кандай жаракаттарды алса, жол кырсыгынан 690 жаран көз жумган.