“Жылкы соёбуз, дарысын төлөйбүз” дей берсе жолдо өлүм токтобойт

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда күнү куру эмес кандуу жол кырсыктары катталып, бир канча киши каза болуп, бир тобу жаракат алды. Аянычтуусу арасында ымыркайлар да бар. Себеп катары машиненин көптүгүнөн баштап, асфальттын түздүгүн, көпкөнчүлүктү, паракорлукту дагы башка себептерди санайбыз.
Жол кырсыгына кабылгандардын көбү "билбей да калдым, көз ачып жумганча эки эле секундда болуп кетти, сары күйгөндө жетишем дедим эле" деген сыяктуу өкүнүчүн айтышат.

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Ковидден күнүнө мынча киши көз жумуптур деген менен жол кырсыгынан каза тапкандарды, майып болгондорду санабайбыз” деп коңгуроо каккандар да бар. Жооптуу мекеме соңку мезгилде жол кырсыктары кырк пайызга жакын көйбөйгөнүн билдирди.
Би-Би-Си “Жол коопсуздугу” коомдук уюмунун жетекчиси Чынара Касмамбетованы кепке тартты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Жол кырсыктарын кантип алдын алууга болот?
Ч. Касмамбетова:Биринчиден, пропаганда, профилактика иштери өтө күчтүү болуш керек эле. Ошол иштер дагы начар жүрүп жаткандыр... Түшүндүрүү, үгүттөө дегенде сөзсүз эле бир баннерди илип, же бир жылда бир видеону араң чыгаруу эмес. Муну байма-бай, системалуу жүргүзүү зарыл. Мектеп, бала-бакча, автомектептер, бүт транспорттук уюмдар камтылышы керек.
Экинчиден, жоопкерчиликке тартуу маселеси деле өтө күчтүү эмес. Айрыкча акыркы учурда мыйзамдарды гуманизацияга ылайыктайбыз деп ого бетер “жумшартылып” кетти. Көп жол кырсыктары ГАИ кызматкерлери жок эле бүтүп жатканына күбөбүз. Мурунку эле күндү алайын Ысык-Көлдө жүргөндө эки жол кырсыкты көрдүк. Экөөндө тең ГАИ кызматкерлери ошол жерде туруп, изилдеп, кызмат өтөп жатканы көрүнгөн жок. Бул жол кырсыгы болгон күнү дагы айдоочулар өз ара бүтүрөт дегенди билдирет. Акча аркылуу чечишип алышат. Натыйжада акча менен бүтүрүп, кутулган адам эч качан өзүнүн жоопкерчилигин сезбейт. Керек болсо өлүм учурларын дагы сатып алып жатышат. “Кырсык болду, мен өлүмүн көтөрүп берейин” деп акча төлөшөт. Анан ошол эле “өлтүргөн” айдоочу эртеси эле эч нерсе болбогондой кайра рулга отуруп, дагы эле жолдо жүргөн болот. Тилекке каршы “айдоочу өлтүрүүчүлөр” биздин арабызда өтө көп.

Айдоочу шашпа, алтымыштан ашпа!
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Күнөлүү деген айдоочуларды кантип жоопко тартуу керек?
Ч.Касмамбетова: Кенедей эле кырсык болду, чийип эле кетти деген учурда дагы сөзсүз түрдө бул статистикага камтылышы маанилүү. Изилдөөгө дароо алыныш керек. Ошондо бара-бара кырсыктар эмнеден улам болуп жатат, себептери, кайсы факторлор таасир этет деген суроолорго статистика жооп болуп берет. Мастарбы, ченемден ашкан ылдамдыкпы же жаңы айдоочулар жакшы үйрөнбөй туруп унаа айдап жатабы деген сыяктуу суроолорго жооп табылгыдай толук статистика чыкмак. Бирок бизде андай эмес да. Баары ушундан башталат. Натыйжада, алдын алуу, чара көрүү дагы туура эмес багытка бурулуп кетиши толук мүмкүн. Мисалы, 2018-жылдын статистикасын алсаңар болот. Анда эң эле көп эреже бузуу деп коопсуздук курун тагынбай коюу көрсөтүлгөн. Бирок ошол статистика туура эмес статистика. Себеби дагы түшүнүктүү. Айдоочу жол эрежесин бузганда алар ГАИ кызматкерлери менен сүйлөшүүгө барышат, соодалашат. Эреже бузуунун башка түрлөрүнө айып пул көп салынат. Кызматкер “мен сага ремень деп эле жазып берейин” деп минималдуу айыпты көрсөтүп, андан сырткары өзү алчусун алып бүтурүп коёт. Айдоочу дагы, кызматкер дагы коопсуздук унуткарылып, статистика бурмаланып жатканын ойлоп дагы койбойт. Ошентип статистикага туура эмес маалымат берилген соң алдын алуу иши да ошого жараша туура эмес жүргүзүлөт. Сыркоологон адамга так диагноз коюу - айыктыруунун өтө маанилүү бөлүгү болгондой эле көйгөйлөрдү так аныктоо зарыл.

Сүрөттүн булагы, ria
"Коопсуз шаар" долбоору талкуудан түшпөй келе жатат...
Би-Би-Си: Жол кырсыктары болгон учурда эмне себептен айдоочулар эч кимге ишенбей өз алдынча сүйлөшүп жатышат? Ушунун өзү эмнеден кабар берет?
Ч.Касмамбетова: Негизи бул кеңири тараган “адат”.Учурунда буга мыйзам деле жол берчү. Жабыркады деген тарап “жок, менин эч кандай доом жок” деп массалык түрдө чечилет, айрыкча жол кырсыктарында. Анткени булар айлап, жылдап созулган сот ишинен, изилдөө процессинен качышат. Изилдөө дагы өтө узак. Өтө көп убакытты талап кылат жана бара-бара жыйынтыгы дагы начар чыгып калышы мүмкүн. Ошон үчүн көп айдоочулар башкалардын тажрыйбасынан улам “ой ушул сотко кайрылсаң деле, милицияга кайрылсаң деле ушул ишиң чубалжып жүрө берет, жакшы жыйынтык деле чыкпайт” дешет. Адилетсиз чечимдер чыгып калышы дагы мүмкүн. Ошонун баарын көрүп, билип турушат да.

Баары бир баягы өлүмгө алып келген же майыптыкка чейин жеткирген күнөкөр айдоочулар дагы сүйлөшө калып, жайгарып салышат. Муну мен жаңы ачкан жокмун. Баарыбыз эле билебиз. Милиция кызматкерлеринен баштап, сот кызматкерлери кандай бир процесс болбосун сүйлөшүү жолу менен көп учурда ошол күнөлүү тарапты куткарып калышат. Күнөлүү тарап акча менен кутулат. Жанагы мен кайталап кеткендей эле ушул акча аркылуу кутулган айдоочулар дагы эч кандай жоопкерчиликти сезбей эртеси эле унаага отуруп жатпайбы. Бул мыйзам дагы иштебей жатканын билдирет. Анткени эгер мыйзам дагы өтө так, катуурак иштегенде ар бир жол кырсыгына кабылган айдоочу барып, катталып, такталып турса анда көп айдоочу эрежени сактаганга умтулмак. Алар ошондой процесстен өтпөй, жоопкерчиликти моюну менен тартпай жатат.












