Айдоочулук укуктан ажыратуу, эселеп көбөйгөн айып пул айдоочулук маданиятты оңдой алабы?

Сүрөттүн булагы, ЖКККББ басма сөз кызматы
Бир аптадан кийин Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга мурдагыга салыштырмалуу күчөтүлгөн чаралар колдонула баштайт. Жол кырсыктарын азайтуу максатында мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө президент Садыр Жапаров кол койду.
Андагы жаңы талаптарда айып пулдардын өлчөмү жогорулап, үч жолу олуттуу эреже бузган айдоочулар кайра cынак тапшырууга жөнөтүлөрү көрсөтүлгөн. Ал эми мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук укуктан ажырайт.
Ички иштер министрлиги мындай чаралар көрүлө баштаса жол кырсыктары азаят деп ишенет. Министрликтин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Исаев жаңы талаптардын зарылчылдыгын төмөнкүчө түшүндүрдү.
“Жол кырсыктардын келип чыгуу себебине талдоо жүргүзүүдө буга 90-95 пайыз адоочулар күнөөлү экени белгилүү болду. Кандайдыр бир эрежелерге көңүл бурбоо же жол эрежелерин одоно бузуунун кесепетинен материалдык чыгым же адам өмүрүнө зыян алып келеген кырсыктар көп катталууда. Мындан улам мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты. Жол кырсыктарынын негизги себепкерлери катуу ылдамдыкта жана каршы тилке менен унаа башкаргандар”, - деди Исаев.
Айыптын мурунку өлчөмү эми кандай өзгөрөт?
8-марттан тарта күчүнө кире турган мыйзамдагы айрым өзгөртүүлөр төмөнкүлөр.
Белгиленген ылдамдыктан саатына 60 чакырым ашыра айдагандарга 7 500 сом айып пул салынчу. Эми анын көлөмү 15 000 сомго жогорулайт.
Каршы тилкеге чыккандар мурда 5500 сом айып пул салынса эми 15 000 сом болот.
Эми айдоочулар 3000 сомго чейин айып пул төлөбөй жүрсө унаасы айып короого токтотулат. Мурда 10 миң сомго чейин төлөбөй жүрө берчү.
Мурда мас абалында рулга отурган айдоочулар 17 500 сом айыпка жыгылчу. Эми алардын айдоочулук күбөлүгү бир жылга чейин алынат. Бул жорук дагы кайталанса, автоунаасы убактылуу айып короого токтотулуп, үч жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажырайт.

Сүрөттүн булагы, Кайгуул кызмат
Кыргызстанда ири жол кырсыктары катталган учурда коомчулукта айдоочуларга карата сын-пикир күчөп, аларга катуу чара көрүү талаптары байма-бай айтылып турат. Айдоочулар болсо талапка жооп бербеген жолдорго жана жол белгилеринин иретсиздигине шылташат.
Айдоочулардын бир тобу мындай чараларга каршы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си бишкектик айрым бир айдоочуларды кепке тартып, мыйзамга киргизилген жаңы талаптар боюнча ой-пикирин сурады. Жаңы талаптарга каршы болгон айдоочулардын басымдуу бөлүгү жаңы каралган чаралар жемкорлукту күчөтөт деген пикирде.
“Өкмөт элдин жашоо турмушун ойлобой эле ушундай катаал чараларды кабыл ала бергени туура эмес да. Өзүң атайын кылбасаң дагы капыстан үч жолу жол эрежесин бузуп алышың мүмкүн. Жолдун баары тар, шаарда автоунаа көп”.
“Айдоочулук күбөлүгү жок жана мас абалында унаа башкаргандарга катуу чара көрүүгө кошулам. Бирок айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу жана бир жылда үч жолу эреже бузгандарды кайра сынакка жиберүү ашыкча эле. Жаңы мыйзамдан кийин деле олуттуу өзгөрүү болуп кетпейт го”.
“Жол эрежесин көбүнчө айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар бузат. Алар жол эрежесин бузуп эле тим болбой, башкалардын өмүрүнө коркунуч туудурушат. Ошолорду кайра сынак тапшырууга жиберип баарын үйрөнгүчө рулга отурууга уруксат берилбеши керек. Ошондо айдоочуларда жолдо жүрүү маданияты да көтөрүлмөк”.

Сүрөттүн булагы, ЖКККББ басма сөз кызматы
“Үч жолу эреже бузгандарды кайра сынакка жибербей, инспекторлор жеринде суроо берип, оозеки сынак алса дейм. Жол эрежесин билсе айып пул төлөгөнү эле жетиштүү. Айрымдар жол эрежесин билип турса да ар кандай кырдаалда эреже бузууга дуушар болушат. Эгер айдоочу такыр эле жол эрежесин билбесе, анда кайра сынак тапшырууга жиберилгени оң го”,
“Шаарда автоунаа көп, шаар сыртка карай өспөй эле ичинен өсүп жатат. Анан албетте, жол эрежесин бузуу да көбөйөт. Өкмөт бринчи шарт түзүп, жолдорду оңдомоюн ушул эле көрүнүш кайталана берет. Андай болсо тешилген жолдордо жүрүп, унаабыз бузулганы үчүн биз да өкмөттөн акча талап кылалы”.
Кыргызстанда автоунаа көбөйгөн сайын жол кырсыктарынын саны да өсүүдө. Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн мамлекет улам жаңы чараларды киргизгени менен сезилерлик натыйжа байкалбай келет.
Жол коопсуздук тармагындагы мыйзам бузууларды интернетке жарыялап жүргөн активисттер бар. Алардын бири Эртай Исаков эгер көзөмөлдү күчтөтүү максаты болсо мурдагы мыйзамдар деле толук кандуу иштегенге кудурети жетмек деген пикирде.
“Жаңы өзгөртүүдөгү бир гана пунк туура, ал мас абалында унаа айдагандарды айдоочулук укугунан ажыратуу. Айып пулдардын өлчөмүн дагы да жогорулатуу ашыкча эле. Ансыз да башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде айып пулдар жогору. Коррупцияга жол берилбей, мурдагы эле мыйзамдар так иштесе жакшы натыйжа чыкмак. ИИМ өзү да коррупция менен күрөшөй жаткансыйт”, - дейт активист.
Президент өзгөртүүлөрдү колдойт

Сүрөттүн булагы, president.kg
Жаңы чаралар тууралуу маалымат жарыялагандан кийин коомчулукта талкуу күчөп, ага президент Садыр Жапаров да пикирин билдирди.
Мамлекет башчысы “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде жол эрежелери боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдой турганын айтып, авариядан каза болгон жана майып болуп калгандардын саны көбөйүп жатканын мисал келтирген.
Президенттин айтымында, 2020-жылы жол кырсыганан 754 адам каза болсо, 2021-жылы 869 адам көз жумган. Ал эми өткөн жылы 690 адам жарыкчылык менен кош айтышкан.
"Мен жол эрежесин бузушум керек. Айыппулду азыраак кылгыла" деген дагы талаппы? Тескерисинче, “эки-үч эмес, беш эсе көтөргүлө” деп чыгыш керек эле, көпчүлүк эл. Себеби жогоруда мен айтып өткөн майып болуп калган адамдардын көпчүлүгүн мындан ары мамлекет багабыз. Тагыраагы элдин эсебинен багабыз. Жөлөкпулдар берилип жатат. Бакканын го мейли, багабыз. Көп адамдарыбыз каза болуп кетип жатпайбы, ошол жагы өкүнүчтүү”, - деген президент.
Президент ошондой эле 2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүктөр сатылып келгенин, учурда ал жоюлганын кошумчалады.
“Коррупция жоюлбаса жаңы мыйзамдардан майнап чыкпайт”

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин төрайымы Чынара Касмамбетова коррупциялык тобокелчиликтер жоюлмайын, жаңы мыйзамдар натыйжа берери күмөн жаратат деген ойдо.
“Мас абалында унаа башкаргандар азайбай жаткан шартта мындай чараларды киргизүү туура чечим. Мыйзам боюнча эч ким мас абалында рулга отурбашы керек. Бирок дагы эле коррупциялык тобокелчиликтер өзгөрбөй кала бериши мүмкүн. Муну көзөмөлдөө да кыйын. Айдоочу ичип алып кармалганда инспектор менен өз ара сүйлөшкөнгө аракет кылуусу бизде кеңири жайылган. Эми ал дагы да күч алышы мүмкүн. Анткени айдоочулук укуктан ажырап калуу катаал чара. Жаңы эрежелерден майнап чыгышы үчүн жол коопсуздук кызматкерлери 90-100 пайыз таза иштеши керек, бирок биз ага жете элекпиз”, - деди Чынара Касмамбетова.
Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорунун киргизип жатканда эң башкы максат айып пул аркылуу каражат чогултуу эмес, кырсыктардын алдын алуу экенин бир нече жолу айткан. Бирок долбоордун биринчи этабы ишке киргенден бери жол кырсыктары чындап азайдыбы деп суроо салгандар бар.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы өлкө аймагында 7040 жол кырсыгы катталып, 11049 жаран ар кандай жаракаттарды алса, жол кырсыгынан 690 жаран көз жумган.
Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн.












