“Жол кырсыктарынын түпкү себеби – туташ коррупция”

Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда 8 айда 4637 жол кырсыгы катталды

Сүрөттүн булагы, ЖКККБ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда 8 айда 4637 жол кырсыгы катталды

Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыктары 30 пайызга өстү. Андагы өлүм-житимдер саны 25 пайызга көбөйдү. Жол кырсыктарынын көбөйгөнүнүн себептери Жогорку Кеңеште, өкмөттө өзүнчө каралып, күнөөлүүлөр териштирилип текшерилүүдө. Эксперттер жол кырсыктарынын түпкү себебин автомектептерден тартып сотко чейин чырмаган коррупция менен байланыштырышат.

Жакында эле "Унаа" мамлекеттик мекемесининин Ош шаарындагы бөлүмүндө комиссиянын мүчөсү болуп, айдоочуларга экзамен тапшырууда тымызын жардам берип, акчага туйтунуп жүргөн адамга сот акчалай айып салганын билдирди.

Көрсө, ал сынак тапшырган жарандарга “Бинокль” деген ыкма менен камера жетпеген жерден жардам бергени үчүн 3500дөн 4500 сомго чейин акча алып, аны тийиштүү жетекчилер менен бөлүшүп турган экен.

Бул жаңылык өлкөдө жол кырсыктары дагы, андагы өлүм-житим дагы кескин көбөйүп, айдоочуларды даярдаган мектептерге доомат күчөп турган учурга туш келди. Бул айдоочуларды даярдаган мектептерде иш начар экенин, ал эми сынак тапшыруу системасын жемкорлук чырмаганын көрсөтүүдө.

УКМК Ош облусундагы "Унаа" мамлекеттик мекемесининен коррупцияны аныктады

Сүрөттүн булагы, УКМК

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК Ош облусундагы "Унаа" мамлекеттик мекемесининен коррупцияны аныктады

Өлкөдө сегиз айдын ичинде, 4637 жол кырсыгы катталып, беш жүздөй киши каза болду. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 25 пайызга жогору.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси 2021-жылы 82 миңден ашык жаранга айдоочулук күбөлүк берген. Бул көрсөткүч дагы былтыркыга салыштырмалуу көп.

Жол коопсуздугу башкармалыгы жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн негизги себебин ээнбаш жана шалаакы айдоочулардан, аларды окуткан автомектептерден көрүп келатат.

Жол кырсыктары быйыл былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жол кырсыктары 2020-жылгасалыштырмалуу 30 пайызга көбөйдү
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Өлкөнүн тигил башынан бул башына жүргүнчү ташыган айдоочулар бир сутка ичинде барып кайра келе калууну каалашат. Алар жөнөкөй эле эс алуу шарттарын эске алышпайт. Ошонун айынан жолдо уктап кетип, же шашып, жогорку ылдамдыкта баратып кырсыкка кабылып жатышат. Ал эми автомектептерде окуу жайын бүтүп, 3 айлык окуу курсун аяктап, айдоочулук күбөлүгүн алып келаткан жаңы айдоочулардан жол эрежелерин сураганыбызда, алар жетиштүү деңгээлде өздөштүрбөгөнүн көрдүк. Бул дагы жол кырсыктарынын көбөйүшүнө себеп болуп жатат. Биз бул боюнча тартылган видеолорду жакында коомчулукка алып чыгабыз", - деди ЖКККББнын басма сөз кызматынын башчысы Тилек Исаев.

Жалпы өлкө боюнча 273 автомектеп бар. Өткөн аптада алардын он алтысына эскертүү берилгени маалым болгон. Кечээ жакында министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов талапка жооп бербеген автомектептерди лицензиясынан ажыратуу керектигин билдирген эле. Бирок байкоочу активисттер автомектептердеги, күбөлүк берүүчү жайлардагы коррупция чоң көйгөйдүн бир эле чети дешет.

“Унаа” мамлекеттик мекемеси 2021-жылы 82 миңден ашык жаранга айдоочулук күбөлүк берген
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Унаа” мамлекеттик мекемеси 2021-жылы 82 миңден ашык жаранга айдоочулук күбөлүк берген

"Жол кырсыктары менен сот системасынын байланышы бар", - дейт “Жарандык союз” бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаев.

"Эгерде адам жолдо баратып, ичип алып же эрежелерди бузуп баратканда, эртең мени соттойт же жазалайт деп ойлонбойт. Анткени ал билет, сотто акчаң бар болсо, чыгып кетесиң. Адам өлтүрүп деле чыгып кетип жатышат, 100 млн уурдап деле чыгып кетип жатышат. Эч кандай жазалоо процесстери жок, хаос. Бүт жерде коррупция. Мисалы, мени он мугалим окуткан күндө деле эртең менин сотто тааныштарым, атам иштесе, мен каалагандай айдай берем”.

Коррупция демекчи, мурда айдоочуларды тооруп-тоногон МАИ инспекторлору эле. Азыр эми бардык жолдорго камералар коюлууда. Жол эрежесин бузуп, камерага түшкөндөр деле толтура акча төлөп жатат.

Бирок Бишкектен тышкаркы региондордогу кан жолдордо көзөмөл жетиштүү эмес дешет. Анткени айдоочу шаар ичинде камералар кайда экенин жакшы билишет дагы, шаардан чыкканда каалагандай айдашат.

Ар бир айыл, шаарлардын кире бериши, чыга беришинде камера орнотулуп, аркы айылдан берки айылга канча ылдамдык менен канча убакытта келгенин аныктай турган система болсо, айдоочулар жайыраак айдашмак деген пикирлер да бар.

“Айдоочулар камераларга көнүп, алар каякта турганын жакшы билип алышып, башка жерден жол эрежесин бузуп кайра эле кырсыктар пайда болот. Бул жерде МАИ кызматкерлеринин таасири дагы абдан чоң. Ошол эле коррупцияга кирет, коррупциянын ар бир бөлүгүн ача берсек, толтура: айдоочулук күбөлүк жактагы коррупция, МАИ кызматкерлери жактагы коррупция, тергөө жагындагы коррупция, бүт жерде коррупция, ушулар кичинеден чогулуп отуруп, аябай чоң маселени жаратып жатат”, - дейт активист Болот Ибрагимов.

Жол кырсыктарынын саны боюнча Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн сап башында келатат

Сүрөттүн булагы, ЖКККББ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жол кырсыктарынын саны боюнча Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн сап башында келатат

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматына караганда, жол кырсыктарынын натыйжасында каза болгондордун саны жылына 1,3 миллиондон ашат.

Алардын 90% ашыгы төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө катталат. Эң жогорку көрсөткүч Африка аймагындагы өлкөлөрдө кездешет. Жогорку кирешелүү өлкөлөрдө да, жол кырсыктарынын коркунучу төмөнкү социалдык-экономикалык топтордо көбүрөөк катталат.

Жол кырсыгынан каза болгондорду азайтууда эң чоң ийгиликтерге мыйзамдын жакшыртылышы, аткарылышы жана жол-транспорт коопсуздугун жакшыртуусуна басым жасаган өлкөлөр жетише алышты деп белгиленет ДСУнун маалыматында.

Жол кырсыктарынын саны боюнча Кыргызстан дүйнө өлкөлөрүнүн сап башында келатат. Жол эрежелерин сактоо боюнча түрдүү иштер аткарылып, чаралар көрүлүп келгени менен, бул көйгөй көп жылдардан бери чечилбей келет.