Күчөгөн жол кырсыгы: “Келиним баласын эмизчү, сүтү аккан боюнча кетти”

Сүрөттүн булагы, official
Сары-Камыш айылынын тургуну Айнаке Калиева боздосо жанында киши тура албайт. Бир ай мурун жол кырсыгында анын келини, эки небереси каза тапты.
“Ыйлап атабыз, сыздап атабыз. Келиним баласын эмизчү, сүтү аккан боюнча кетти. Баласынын да оозунда энесинин сүтү аккан тейден кетти. Ошолордун убал-сообу урсун. Бир үй-бүлөдөн үч киши кетип атат. Жаныбыз күйүп атат”.
Эне-баланын өмүрүн алган бөөдө кырсык 12-июнда Ысык-Көл облусунда орун алган.
Жол жээгинде токтоп турган машинаны, мас делген айдоочу артынан келип сүзүп, жаш келин эки чурпөсү менен каза тапкан. Балдардын уулусу 4 жашта, кичүүсү болгону 1 жашта болгон.
Соңку кезде Чүйдө жана Ысык-Көлдө жол кырсыктары көп катталууда. Бирок башка аймактарда деле абал жакшы эмес.
Адам өлүмү менен коштолгон авариялар тыйылбай, кандуу жолдо күн сайын ондогон жарандар ажал табууда.
ИИМдин маалыматы боюнча быйыл жол кырсыктары былтыркыга салыштырмалуу 40%га өстү:
“Кыргызстанда жыл башынан бери 3 миңден ашык жол кырсыгы катталып, 300дөн ашык адам каза таап, 5 миңден ашык адам ар кандай жаракат алды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 39,6% жогору. Эң кейиштүүсү, жол кырсыктарында 30дан ашык бала каза тапты”,- дейт жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын (ЖКККБ) басма сөз катчысы Тилек Оторов.
Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө орун алып жаткан жол кырсыктарынын 84% айдоочулардын айынан орун алып жатат. Өзгөчө мас абалында рулга отурган айдоочулар адам өмүрлөрүнө забын болууда.

Сүрөттүн булагы, official
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өлкө аймагында орун алып жаткан тынымсыз авариялардан улам ички иштер министри Улан Ниязбеков 23-июлда ЖКККБ жетекчилигине эскертүү берди. Эгер кыска мөөнөттө кырдаал жакшырбаса министр тийиштүү чиновниктерди иштен аларын да эскертти.
Ал арада күчөп жаткан жол кырсыктарына тынчсызданып ИИМ ардагерлери да коомчулукка кайрылуу жасады.
“Айдоочуларды даярдаган 235 мектеп болсо, анын 135 талапка жооп бербейт. Алардын автодрому жок болсо, алар кантип иш-жүзүндө машина айдаганды үйрөнмөк эле. Формалдуу эле документтер берилип жатат. Көзөмөл деген жок. Экзамен бере алышпай, ар кандай жолдор менен айдоочулук күбөлүк алып атышат. Аягы келип жолдогу тартип жана маданиятка такалып атат”, -деди ИИМ ардагери Калыс Темиров.
Темиров өлкөдө адамдар жол кырсыгынан согушта каза тапкандай эле кырылып жатат деп сыпаттады.
Ардагер мындай кырдаал үчүн жалгыз эле Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгын күүнөлөбөй комплекстүү чаралар керек дейт.
Өлкөдөгү эң кеңири жайылган жол эрежелерин бузууларга катуу ылдамдыкта унаа башкаруу, мас болуп рулга отуруу жана каршылаш тилкеге чыга калуу кирет. (EK)

Сүрөттүн булагы, official












