Кыргызстан: адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү

Суусамыр өрөөнүндөгү автокырсык

Сүрөттүн булагы, mes.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Суусамыр өрөөнүндөгү автокырсык

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жана жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырууда. Соңку кезде адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү.

"2021-жылы 7 айдын ичинде өлкө боюнча 3982 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,5 пайызга өскөнүн көрсөтүп жатат. Жети айда жол кырсыгы 394 адамдын өмүрүн алды, өткөн жылы 324 адам көз жумган эле. Бул жол кырсыктарынан болгон өлүмдөрдүн саны 21,6 пайызга өстү дегенди билдирет. Жабыркагандардын саны өткөн жылы 4309 болсо, быйыл жети айда 5954 адам жаракат алды, бул көрсөткүч 38,1 пайызга өскөн",- деди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев.

Жол кырсыгынын негизги себеби катары жогорку ылдамдык, машинанын техникалык талапка жооп бербегендиги, мас абалында унаа айдагандар, айдоочулардын эрежени так сактабагандыгын айтуу керек дейт ЖКККББ өкүлү.

Муну да окуңуз:

"Такси айдоочулары бир күндө узак жолго чыгып, уктабай кайра артка кеткен учурлар бар. Өзүнүн жүргүнчүлөрүнүн да, башка адамдардын да коопсуздугун эске албай жатышат. Бул жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматтын гана милдети эмес, бул бардыгыбыздын жоопкерчилигибиз. Жалпыбыз коопсуздукка кам көрсөк, жоопкерчиликти сезе билсек, жол кырсыктарынын алдын алууга аракет кылган болобуз", - дейт Исаев.

жол кырсыгы

Сүрөттүн булагы, guobdd.kg

Үч күн мурда Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылында Lexus жана Mitsubishi унаалары кагышып, беш киши мүрт кетти. Кече Бишкек-Ош жолунда, Суусамыр өрөөнүндө болгон автокырсык 9 кишинин өмүрүн алды. Бир апта мурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан беш адам каза болду.

Жол кырсыктары соңку он жылдан бери Кыргызстандагы негизги көйгөйгө айланды. Күн кур койбой унаа кырсыктарынан жапжаш өмүрлөр кыйылып жатканы тууралуу маалыматтар чыгат. Өлкөнүн түштүк облустары менен борборду байланыштырган негизги унаа жолдо кырсыктардын көбү катуу ылдамдыктан улам деп айтылып келет. Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга чараларды катаалдаштыруу аракети көрүлүп, бирок азырынча андан жыйынтык боло элек. (ErA)