Туугандарын боздотуп кетти. Сегиз өмүрдү алган каргашалуу каршы тилке...

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

“Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учурады

Сүрөттүн булагы, ЖКККББ

Токмок шаарын айланып өтчү жолдогу үрөй учурган кырсыкта сегиз киши мүрт кетти. Алардын бешөө бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Бул окуя жол коопсуздугу темасын кайрадан козгоп, маселени кабыргасынан койду.

Көз ачып жумганча беш жакынынан тобу менен айрылып калгандар сыздап олтурат. Кырсык тууралуу уккандар “каап, каршы тилкеге чыкпай койсо эмне, шашпай айдаса деле жетчү жерине жетет эле го, айдоочулар жүргүнчү үчүн керт башы менен жооптуу болуп калаарын ойлонушса” деген сыяктуу түрдүү өкүттөрүн айтып жатат.

Дал ушул кырсыктан башка айдоочулар сабак алып, ал кандуу окуяга эмне себеп болгонун, айдоочу кайсы жерден өтө чоң ката кетиргенин талдап жатат болду бекен деген суроо турат. Айрымдар “мындай оор кырсыктар кайталанбашы үчүн кесепети оор жол кырсыгын ийне-жибине чейин видео монтаж менен түшүндүрүп берсе өтө чоң сабак болмок” дешет.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 27-майда болгон.

“Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаа Нарындан Бишкекти көздөй келе жатып, трассанын 78-чакырымына келгенде каршы тилкеге чыга коюп автоманипулятор менен кагышкан. Каза болгон сегиз адамдын баары минивэндин ичинде келаткан”, - деп билдирди Жол коопсуздук башкармалыгы.

Мекеме кырсыкка учураган унаа оң рулду экенин айтып, мындай унаалар менен жолдо жүрүү коопту экендигин эскертип өттү.

"Бир учурда беш тууганыбыздан айрылдык"

Каза болгондор Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Дыйкан айылдарынын тургундары болгон

Сүрөттүн булагы, ЖКККББ

Каза болгондор Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды жана Дыйкан айылдарынын тургундары болгон. Баш Кайыды айылынын тургуну Шабдан Таалайбек уулу алардын айылында каза болгон алты адамдын бешөө бир үй бүлө мүчөлөрү экенин Би-Би-Сиге билдирди.

“Унааны башкарып бараткан адам жээнбиз болчу, мугалим болуп иштечү. Бишкекке бешик тойго баратышкан. Ал өзү, келинчеги жана эки жашар кызы каза болду. Ошондой эле айдоочунун бир тууган карындашы жана алты жашар кызы мерт кетиптир. Мындан башка биздин айылдан бир аял каза болду. Баары бүгүн (дүйшөмбүдө) жерге берилди”, - деди ал.

Ал эми каза болгон Дыйкан айылынын тургундары экөө тең эркектер болгон.

Тыюу салынганына карабай каршы тилкеге чыга калуунун кесепетинен бир нече киши бир учурда көз жумган жол кырсыктары буга чейин да болуп келген.

Катаал чаралар жол кырсыктарын азайта алдыбы?

Расмий органдар буга айдоочулардын эрежелерди сактабай жатышы себеп деген пикирде.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бийлик жол кырсыктарын алдын алууну көздөп, улам мыйзамдарды катаалдаштырып, видеокөзөмөлдөрдү орнотконуна карабай, өлкөдө жол кырсыктары азайып кеткен жок. Расмий органдар буга айдоочулардын эрежелерди сактабай жатышы себеп деген пикирде.

“Бүгүнкү күндөгү талдоонун негизинде жол кырсыктарынын келип чыгууларынын себептери – катуу ылдамдык менен айдагандар, каршы тилкеге чыгууда, ашып өтүүдө, маневр жасоодо коопсуздук эрежелерин толук кандуу сактабагандыктан болууда. Ошондой эле айдоочулар мас абалында унаа айдагандыктан жол кырсыктары көп катталууда”, - деди Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу.

Ички иштер министрлиги эреже бузгандарга катаал чаралар көрүлө баштаса жол кырсыктары азаят деп айтып келген. 8-марттан баштап өлкөдө жол эрежесин бузган айдоочуларга мурдагыга салыштырмалуу күчөтүлгөн чаралар колдонула баштады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жаңы эрежелер иштеп баштагандан бери өлкөдө масабалында унаа башкарагндар 50 пайызга азайганын айтууда. Бирок адам өмүрүн алган ири жол кырсыктары токтоп калган жок. Апрель айында "Манас" аэропортуна кетчү жолдо ири унаа кырсыгы катталып, 21 адам жабыркаган. Алардын көбү жаш балдар болчу.

“Комплекстүү чара көрүлмөйүн жол кырсыктары азайбат”

Айдоочунун жоопкерчилиги өтө татаал маселе боюнча калып жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Адистер жол кырсыгынын азайбай жатышына айдоочулар гана эмес, жетиштүү шарттын жоктугу да себеп экени айтып келишет. “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова аталган маселе ар тараптуу каралышы керек деген пикирде.

“Буга ар тараптан дайыма көзөмөл күчтүү болушу керек. Мисалы бул маселеде инфраструктура айдоочуга жардам берип, иштеп туруу керек, оңой түшүнүүгө, оңой журүүгө шарттар түзүлүшү керек. Айдоочунун жоопкерчилиги өтө татаал маселе боюнча калып жатат. Жоопкерчиликти көп учурда сезбей жатабыз, мыйзамдарга баш ийбегенге барабыз. Мыйзамдар эмне экенин деле окубаган учурлар болот. Өзүбүздүн укуктарыбызды жана жоопкерчиликтерибизди билбеген учурлар көп. Аны оңой бузуп, оңой кутулуу практикасы да кеңири жайылган. Ошондуктан мындан батыраак арылуу тааал болуп жатат”, - деди Касмамбетова

Жол кырсыгы: ар бир сандын артында жоктоо, кейиш бар

Кыргызстанда соңку жылдары жол кырсыгынан каза каза болгон жана майып болуп калган жарандардын саны көбөйүп баратат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, акыркы үч жылда эки миңден адам жол кырсыгынын курмандыгы болгон.

2020-жылы 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам майып болгон.

2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам майып болгон.

2022-жылы болсо 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган.

Ал эми 2023-жылдын беш айында жол кырсыгынан 196 жаран көз жумган.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1,35 миллион кишинин өмүрү кыйылат.