"Кызым экинчи өмүр тартуулады". Боорун алмаштырган бейтаптын абалы

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Боор алмаштыруу опреациясы кыргыз медицинасындагы жаңы баскыч болуп калды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Боор алмаштыруу опреациясы кыргыз медицинасындагы жаңы баскыч болуп калды

Соңку жылдары Кыргызстанда боор оорусунун өтүшүп кеткен формасы менен жабыркангандардын саны өсүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкөдө кара сарык же боор циррозу менен ооругандар 17 миңге чамалайт. Илдетке кабылгандардын көбү органын алмаштырууга муктаж болгондуктан чет өлкөдө дарыланууга аргасыз.

Бирок, мындай операция көп каражатты талап кылгандыктан акча же донор таппай каза болуп калып жаткандар дагы жок эмес. Бейтаптардын түйшүгүн жеңилдетип, аларды ашыкча чыгымдан арылтуу үчүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги жакында эле өлкөдө алгачкы боор алмаштыруу операциясын жасады. Дарыгерлер операция өтө оор, бирок ийгиликтүү болгонун айтып жатышат. Би-Би-Си дал ошол бейтаптардан кабар алды.

“Дароо кан кусуп баштадым...”

Жакында эле боорун алмаштырган Кайыр Болбурбаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жакында эле боорун алмаштырган Кайыр Болбурбаева

Жакында эле боорун алмаштырган элүү жаштагы Кайыр Болбурбаева менен ооруканадан жолуктук. Бейтап кошумча текшерүүдөн өтүүгө келген экен. Оор сыноону башынан өткөрүп жатса дагы маанайы көтөрүңкү, улам шүгүр келтирип, дарыгерлерге ыраазычылыгын айтып жатты.

Айтымында ал бул илдетке 2021-жылы кабылган. Организминде эч кандай өзгөрүү же жанын кыйнаган оору болбоптур. Дароо эле кан кусуп баштаган. Доктурлар аял аутоиммундук гепатит илдетине кабылганын аныкташкан.

Анын келип чыгуу себептери стресс же катуу депрессия болушу мүмкүн деп жоромолдошкон.

Жалгыз бой эне экенин, турмуштун оор соккусуна туруштук берип эки баласын чоңойтконун айтып отурду. Андай деле жыйнаган мал-мүлкү жок экенин, шаарда батирде жашай турганын кошумчалады.

Доктурлар алгач Кайыр Болбурбаевага Индияга барып боорун алмаштырып келүүнү сунуштаган. Чет жактан дарылана турган болсо кеминде 30 миң доллар керек экен. Бейтап андай каражат табуу ал үчүн мүмкүн болбогонун айтат. Анын отузга толуп толо элек уулу менен жыйырма алты жаштагы кызы тырмалап тапкан каражат, тууган-туушканынан жана кайрымдуулуктан түшкөн бир аз акча жол киреге дагы жетпейт эле дейт.

“Ачык айтканда Кыргызстанда боорумду алмаштыруу чечимин кабыл алууга аргасыз болдум. Кудай башка салганын көрөм деп ойлодум. Бирок трансплантация ийгиликтүү болот деп биздин дарыгерлерге ишенип, үмүтүм чоң болду. Тилегим орундалып баары ойдогудай болду”,- деди ал жылмайып.

Кайыр Болбурбаевага жана 61 жаштагы дагы бир бейтапка операция июнь айында Түркиядан келген хирургдардын жетекчилиги астында Бишкектеги "Кыргыз-түрк достугу" ооруканасында жасалды. Кеткен чыгымдар толук президенттин фондунан каржыланды.

“Кызым экинчи өмүр тартуулады... ”

Кайыр Болбурбаева кызы экөө
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кайыр Болбурбаева кызы экөө
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Каражат сыяктуу эле көп бейтаптар үчүн донор табуу маселеси өтө курч турат. Энесинин оорусун уккандан кийин 26 жаштагы кызы боорунун кайсы бир бөлүгүн берүүгө дароо макул болгон.

Бирок бул жерде донор болчу кишинин макулдугу эле жетишсиз.

Көпчүлүк учурда анын саламаттыгы жана башка ушул сыяктуу нерселер чечүүчү ролду ойнойт. Бактыга жараша Кайыр Болбурбаеванын кызынын баардык анализдери жакшы чыккан. Бирок эне баласынын мындай чечимин бир топко чейин кабыл албай жатып араң макул болуптур.

“Эне болгондон кийин коркуу сезими болбой койбойт экен да. Балам жарым жан болуп калабы деп ойлойт экенсиң. Бирок айла жок, бизде андан башка мүмкүнчүлүк жок эле”,- деди ал.

Донор болгон Элеонора Болбурбаева апасын ооруканада коштоп жүрдү. Маектешүү учурунда анын ооруксунган абалын деле байкаган жокпуз. Доктурлар кыздын боорунун кесилген бөлүгү бир канча айда калыбына келе турганын, анын ден соолугунда кооптоно турган эч нерсе жок экенин айтышкан.

“Апам мага өмүр берди, мен апама экинчи өмүр берсем эмнеге болбосун. Апам ооруп жүргөндө анын жанынын кыйналганын көрүп жүрөгүм чыдабай кетчү. Азыр жылмайганын көрүп кубанычымда чек жок”,- деди ал.

Дарыгерлер энеге жана кызга катуу деле талап коюшкан эмес. Болгону өтө оор көтөрбөй, майлуу тамак жебей мерчемделген күнү текшерүүдөн өтүп турууну гана сунуштаган.

Агама донор болдум деген Дуулат

 Дуулат Узакбаев

Сүрөттүн булагы, Дуулат Узакбаев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дуулат Узакбаев

37 жаштагы Дуулат Узакбаев мындан жети жыл мурун бир тууган агасына боорунун бир бөлүгүн берген.

Доктурлар агасы өтө толуктуктан улам боорун май басып, боордун циррозу илдетине кабылганын айтышкан.

40 жаштагы агасынын өмүрүн сактап калуу үчүн жакындары тапкан-ташыганын чогултуп Түркияга алып барып органын алмаштырышкан.

Операция жана башка чыгымдарды кошкондо 70 миң доллар каражат сарпташкан. Айтымында, учурда агасынын дагы, Дуулаттын дагы саламаттыгында эч маселе жок.

“Алгач алты ай сайын текшерилип жаткам. Азыр бир жылда бир текшерилип коем. Боор кайра өсөт экен, 100 пайыз өзүңдүкүндөй болбосо дагы тиешелүү бир формага чейин өсүп токтойт экен. Соңку жолу УЗИге түшкөндө боор толук кандуу өсүптүр, эми токтойт деди. Агам дагы жакшы, мурун төрт баласы болсо боорун алмаштырып келгенден кийин дагы эки кыздуу болду”,- деди Дуулат.

“Боор алмаштыруу үчүн насыя алдым”

Анаргүл Тентимишова Индиядагы ооруканада
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Анаргүл Тентимишова Индиядагы ооруканада

Анаргүл Тентимишова беш жыл мурун алсырап, денеси кычышып, өңү карарып кеткен. Доктурга барып анализ тапшырган соң аутоиммундук гепатит илдети аныкталган.

Ал дагы Индия мамлекетине барып боорун алмаштырууга аргасыз болгон. 23 жаштагы уулу боорун берип, операция 14 саатка созулган.

Дарылануусу үчүн 35 миң доллар каражат кеткен. Үй-бүлө үчүн кыска мөөнөттө андай акча чогултуу оңойго турган эмес. Кайрымдуулук концертин өткөрүп, туугандар жардамдашкандан кийин дагы керектүү сумма чогулбай калган. Акырында насыя алууга аргасыз болушкан.

“2021-жылы операция болгом, ошондо алган насыяны азыр деле төлөп жатабыз. Эң башкысы жакшы болуп кеттим, башка эч нерсенин кереги жок”,- деди ал.

Анаргүл Тентимишова баардык кыйынчылыктар артта калганына каниет кылып жашап жаткан учур. Операциядан кийин боор организмге отурукташканча башы ооруп, алсырап кыйналганын айтат.

“Учурда баламдын дагы, өзүмдүн дагы саламаттыгым жакшы. Бул жакта каттоодобуз. Тишелүү дары-дармектер мамлекет тарабынан бекер берилип турат”,- деди ал.

Каражат таппай каза болуп жаткандар бар

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, соңку жылдары Кыргызстанда орган алмаштыруу маселеси өтө курт болуп турат.

Бейтаптардын арасында чет өлкөгө барып операция жасатууга каражат таппай каза болуп калып жаткандар дагы катталууда.

Мындан улам министрлик боор, бөйрөк, жүлүн алмаштыруу жана кохлеардык имплантация операцияларын Кыргызстанда жасоо иштерин колго ала баштады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, боор алмаштыруу өтө чоң жоопкерчилик талап кылган татаал операциялардын бири.

Кыргызстан менен Түркия мамлекетинин ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык бул багытта учурда кыргызстандык 74 дарыгер окуудан өтүп келди.

“Бизде боор алмаштыруу боюнча адистер даяр. 10-11-июнда Бишкекте алгачкы боор алмаштыруу операциясы жүрдү. Мен өзүм дагы катыштым, 50 жана 61 жаштагы аялдарга 26 жана 31 жаштагы кыздары донор болду. Учурда алар ооруканадан чыгып, абалдары жакшы. Бир ай доктурлардын көзөмөлүндө болушту. Учурда жума сайын текшерүүдөн өтүп жатышат. Донорлор мындан ары көзөмөлгө келбейт деле койсо болот. Операция президенттин фондунан каржыланып, акысыз болду”,- деди ал.

Учурда Бишкекте дагы 15 бейтаптын боорун алмаштыруу боюнча даярдыктар жүрүп жатат. Ушундай эле операция жакында Ош шаарында дагы жасалат.

Министрдин айтымында, Кыргызстан мыйзамдарына ылайык учурда орган алмаштырууга муктаж адамга анын туугандары гана донор боло алат. Ушул себептен донор табуу маселеси дагы кыйынчылык жаратууда. Анын үстүнө тууган болсо дагы өз саламаттыгынан кооптонуп донор болгондон баш тарткандар дагы жок эмес.

Бул багытта министрлик күз айларынан тарта өз каалоосу менен донор болууга уруксат берген мыйзам долбоорун парламентке сунуштоону пландап жатат.

Ошондой эле Бейшеналиев доктурлардын айтканын угуп, баардык сунуштарды туура сактаса бейтап дагы, донор дагы тез сакайып саламаттыгына коркунуч келбей турганын айтты.

Ал бул багытта жасалган алгачкы операцияларга керт башы менен жооп бере турганын баса белгиледи.

Адистер боордун церросу оорунун келип чыгуусунун себептери көп дейт. Алар алкоголдук, генетикалык, вирустук жана башка көптөгөн себептерден улам жаралышы мүмкүн. Ошодой болсо дагы жарандарды саламаттыгына кайдыгер калабай физикалык жактан кыймылда болуп, ичип-жеген тамак-ашын көзөмөлдөп, эң башкысы жеке клиникаларга барганда санитардык-гигиеналык эрежелерге көңүл туруп, 23 жаштан 65 жашка чейинкилерге гепатитке каршы акысыз эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда 2022-жылы гепатит Вга кабылгандардын саны 2480, С формасын жуктуруп алгандардын саны 1105 кишини түзгөн. 2023-жылы В формасын жуктуруп алгандардын саны 6 822 С формасын жуктуруп алгандардын саны 2443 кишиге жеткен.