Дүйнөдө биринчи жолу: кыргыз дарыгеринин уникалдуу операциясынын өзгөчөлүгү эмнеде?

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си Бишкек

Эскертүү: операция учуру, органдардын сүрөттөрү бар.

Жүрөк, кан тамыр ооруулары Кыргызстандагы башкы көйгөйлөрдүн бири...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүрөк, кан тамыр ооруулары Кыргызстандагы башкы көйгөйлөрдүн бири...

Жүрөктүбү же мээниби?

Адамдын каны тынымсыз айланып турарын билебиз. Бирок түрдүү себептер менен ал коюлуп, керек болсо ар кандай чоңдукта уюп да калат. Уюган кан бөлтөгү көлөмүнө жараша көйгөй жаратат. Бир топ учурда кишини биротоло майып кылып же өлүмгө жеткирет. Дал ошондой каны уюган бейтап кыйын абалда дарыгерлердин колуна түшөт.

Бул операция дарыгерлерге эң чоң сыноолордун бирин койду. Алар эң эле маанилүү делген эки органдын кайсынысына басым жасарын аз убакытта так аныкташы керек эле. Ооруган жүрөктүн дартын жеңилдетүү же мээге кан тамызбоо. Бирин тандаса экинчиси калган оор жагдай.

Экөөнө тең бирдей кам көрөйүн десе дүйнөлүк медицинада андай тажрыйба жок. Себеби уюган кандын чоңдугу мурда колдонулган ыкмалардын бирине да дал келбейт. Бейтап оор абалда. Дал ушундай кыйчалыш абал чоң тобокелге, уникалдуу операцияга өбөлгө түздү. Бирок анын ийгиликтүү ишке ашышын жөн эле кокустук дегенге болбойт. Себеби так эсеп, терең билим жана тажрыйбасыз болбой турган операция эле. Ошондон улам аны ийне-жибине чейин иликтегенден кийин дүйнөлүк аброю бар илимий журналдар таанып, жарыялады.

Би-Би-Си уникалдуу операция тууралуу кенен баяндама даярдады. Операцияны "Бикард" клиникасынын башкы дарыгери, кардиолог-аритмолог Дамир Осмонов жасады. Айтмакчы, бул материал даярдалып жатканда дал эле ушундай диагноз менен кыргызстандык дагы бир жүрөк оорулууга дагы так ошондой операция жасалып, ийгиликтүү болгонун кабарлашты.

Кыргызстанда саламаттыгына кош көңүл карагандар арбын...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда саламаттыгына кош көңүл карагандар арбын...

Жүрөгү ооруган адамдардын бир тобунун өмүрүн чоң тобокел тооруп калат. Ошондон улам “сонун эле туруп жыгылыптыр, жакшынакай туруп эле эсин жоготту” деген сыяктуу сөздөрдү угуп келебиз. Жүрөгү ооруугандарды эле эмес, медицинанын өнүгүшүн тилегендерди да кубанта турган чоң жанылык болду. Уникалдуу операция биринчи жолу Кыргызстанда ишке ашты.

“Медицинасы бир топ эле артта калган, миңдеген бейтабы башка өлкөлөрдө дарыланууга аргасыз” делген Кыргызстанда табылган бул ыкма эми эң кубаттуу, өнүккөн өлкөлөрдө дагы колдонуп, жүздөгөн, миңдеген, балким миллиондогон адамдарды инсульттан сактап калышы толук мүмкүн. Дагы бир тобу ушундай операция үчүн чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга операция жасатууга же үйрөнүүгө келиши ыктымал.

Бул ыкманын мыктылыгы - жөнөкөйлүгүндө...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул ыкманын мыктылыгы - жөнөкөйлүгүндө...

Эми ошол операция тууралуу кенен баяндайбыз. Адатта “эки саат бою операция болуптур, оор операция экен, болгондо дагы жүрөккө” деп калабыз. Бул операция учурунда эки саат бою бейтап өзүн операция кылып жаткан дарыгерлер менен кадимкидей сүйлөшүп, ойгоо жаткан. Операция учурундагы улам бир өзгөрүүнү байкаган сайын айтып берип турган экен.

Бир жагынан жүрөк оорусу кыйнап, аны дарылайлы десе инсультка кабылып калуу ыктымалдыгы өтө эле жогору болгон бейтап ушул учурда кадимкидей чарбасын карап, мал-жанына көз салып үйүндө. Би-Би-Си ал кишиге дагы барып, бетме-бет жолугуп келди. Өзү операцияга чейинки жана кийинки абалын салышытырып, бир чети ыраазы болсо, бир чети таң калып олтурат.

Дамир Осмонов: Дарылаганыбыз оң натыйжа берсе экен абдан кабатыр болобуз. Ошондон улам кыска убакытта кадимкидей эле арыктап кеткен учурларыбыз бар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дамир Осмонов: Дарылаганыбыз оң натыйжа берсе экен деп абдан кабатыр болобуз. Ошондон улам кыска убакытта кадимкидей эле арыктап кеткен учурларыбыз бар

Дамир Осмонов: Бейтапты кабыл алып караганымда 2010-жылы аорта клапаны өзгөргөн экен. Ошол жер бүтөлүп, тыгылып калбасын деп атайын дары ичип жүрүптүр. 12 жыл өзүн колдон келишинче жакшы караптыр. Бирок былтыр ошол ичип жүргөн дарынын өлчөмү туура келбей, каны коюлуп, уюган кан аорта капкагына туруп калыптыр. Текшерсек чындап эле клапан жакшы иштебей, капкакчалар жакшы ачылбай, кан айлануу кыйындап калган экен. ЭХО кардиограмма менен карасак жүрөктүн клапандары чагылышып, даана көрүнбөй койду.

Ошондон улам жабдууну жуткуруп туруп текшерели дедик. Кан уюп калганын даана көрдүк. Ал клапандын үстүнө туруп калган. Биз кайрадан операция болуп, уюган кандар алынсын деген максатта хирургдарга жиберсек алар бул бейтаптыкындай көрсөткүчтөр менен тобокел өтө чоң экенин айтып, операциядан баш тартышты. Себеби бейтаптын операциядан турбай калуу ыктымалы абдан жогору эле.

Бейтапты текшерүү учурундагы тасма. Дарыгер кайсы жерде мандем бар экенин көрсөтүп берди
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бейтапты текшерүү учурундагы тасма. Дарыгер кайсы жерде мандем бар экенин көрсөтүп берди

Клапан иштебесе, уюган кан бөгөп турса божомол да абдан начар болчу. Дүйнөлүк практикада эгерде ушундай кан уюп калса, анын көлөмү бир сантиметрге чейин болсо анда канды суюлта бергиле деген сунуштама бар. Бирок бул бейтапта уюган кандын өлчөмү кыйла чоң: узундугу 2 см, туурасы 1 см 7 мм эле.

Мындай учурда Американын дагы, Европанын дагы сунуштамасында уюган кан 1 сантиметрден ашса анда операция деп көрсөтүлгөн. Себеби уюган канды суюлта турган терапияны баштаган учурда тромб толук эрий элегинде эле калган бөлүгү кан менен чуркап кетет. Ушундай коркунуч бар. Уюган кандын андай бөлүгү эң эле көп учурда мээге барат. Мындай уюган кан мээге жетчү болсо анда жүрөктү дарылайбыз деп жатып, мээсин иштен чыгарып салышыбыз толук мүмкүн. Бейтап аябай чоң инсульт алат.

Замирбек Сулайманов: Мындай жаңы ыкма чыга электе канча киши өтүп кетти, канчасынын мээсине кан куюлду? Мен өзүм сыяктуу башка бейтаптарга жаңы ыкма табылганын болушунча айтып, аларга жардам бергим келет...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Замирбек Сулайманов: Мындай жаңы ыкма чыга электе канча киши өтүп кетти, канчасынын мээсине кан куюлду? Мен өзүм сыяктуу башка бейтаптарга жаңы ыкма табылганын болушунча айтып, аларга жардам бергим келет...
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Эмне кылабыз деп аябай акыл калчадык. Жагдайды бейтапка жакшылап түшүндүрдүм. Ошентип мээге канды ташый турган эки кан тамырды тең чыпка менен тосмолойлу, уюган канды ээритип жаткан учурда эгер анын бир бөлүгү мээни көздөй кете турган болсо дагы инсульттун алдын алышыбыз мүмкүн дедим. Бейтабыбыз кесиби боюнча инженер болгондуктан муну жакшы түшүнүп, тууган-уругу менен макулдугун беришти.

Чыпкадан суюк кан өтө берет, бөлтөктөрү болсо тосуп калат. Биз кан суюлтчу дарылоону баштап, эки саатка уланттык. Улам текшерип турдук. Биз дарылоонун бул ыкмасын баштаганга чейин эки капкакча боло турган клапанда бир эле капкакча иштегенин, 90-мүнөттө эки капкакча тең иштей баштаганын көрдүк.

Ошол учурда бейтап өзү да дароо абалы жакшырып, кадимкидей жанданганын байкаптыр. Сааттын жебесиндей тык-тык этип тыкылдап иштей баштаганы угулду дейт. Чыпканы чыгардык. Бир чыпкада мээни көздөй бараткан уюган кан тосулуп калганын өз көзүбүз менен көрдүк.

Жүрөктү текшерсек кадимкидей жакшы иштей баштады. Бул ыкма менен биз кан суюлтулуп жаткан учурда мээге эки тарабынан бара турчу кан тамырга чыпка коюу ыкмасын колдондук.

Жүрөк ооруусунун башкы себептеринин бири - ашыкча салмак...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүрөк ооруусунун башкы себептеринин бири - ашыкча салмак...

Би-Би-Си: Өтө жөнөкөй угулган бул ыкма мурда эмне үчүн колдонулбай келген?

Дамир Осмонов: Анткени мындай ыкма менен канды суюлтуп жаткан учурда кандагы тромбоциттер бири-биринен ажырап, кокус бир нерсе болсо бейтап кансырап, кан жоготуп коёт деп келген. Себеби мындай учурда кан абдан суюлат.

Би-Би-Си: Уникалдуу деп эсептелген операция учурунда бейтап анестезия (көпчүлүк наркоз деп билет) алды беле?

Дамир Осмонов: Абдан жакшы суроо. Ыкманын эң мыктылыгы – анын жөнөкөйлүгү болду. Биринчиден, бейтапка эч кандай анестезия берилген жок. Толугу менен ойго жатты. Операция эки саатта аяктады. Биз уюган канды ээритип жатып, инсульттан коргойбуз деп аракет кылдык. Ал эми инсульттун эң негизги белгилеринин бири - сүйлөй албай тил ооздон калышы, колу-бутунун кыймылдан калышы же тең салмагын жоготушу сыяктуу көрүнүштөр эсептелет. Биз бейтап уктап жаткан учурда колу бутунун кыймылын текшере алмак эмеспиз. Ошондуктан операция аяктаганча аны менен кадимкидей сүйлөшүп, пикир алышып жаттык.

Жүрөк ооруларын алдын алуунун дагы бир жакшы ыкмасы маал-маалы менен текшерилип туруу...

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жүрөк ооруларын алдын алуунун дагы бир жакшы ыкмасы маал-маалы менен текшерилип туруу...

Би-Би-Си: Мээнин оң жана сол шарына кетип калбаш үчүн чыпкаларды койдук деп жатпайсызбы, ошол чыпкалар кайсыл жерлерге коюлат?

Дамир Осмонов: Колу аркылуу барып, моюнундагы күрөө тамырга койдук. Оң күрөө тамырга оң колу аркылуу алып барып койдук. Сол күрө тамырына оң буту аркылуу алып барып койдук. Кокус кансырап калса көрүнүп тургудай кылып, ачык жерлерге койдук.

Би-Би-Си: Чыпка уюган кандын бир бөлүгүн кармап калган экен. Чыпка тосуп калган кан бөлтөгү менен операцияга чейинки бөлтөктүн көлөмүндө айырма болдубу?

Дамир Осмонов: Айырма бар. Клапандын үстүндө уюп калган тромбдун көлөмү 2 см эле. Ал эми сол күрө тамырдагы чыпкадан чыккан тромбдун көлөмү 4 мм болчу. Калганы кан суюлтканыбызда ээрип кетти. Чыпканы койбогондо 4мм деген бөлүгү түз эле мээге бармак.

Тынымсыз байкоого алып, улам жаңы көрунүштөрун каттап турушкан
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тынымсыз байкоого алып, улам жаңы көрунүштөрун каттап турушкан

4-5 мм тромб аябай эле чоң, ал мээнин бир кан тамырын кысып калса бейтапты сөзсүз түрдө инсультка алып бара турган коркунуч жаратмак. Абалы оор бейтап келген учурда биздин эмоциябыз чыңалып эле калат. Бейтапка жардам бере алабызбы, биз колдонгон ыкманын зыяны тийип калбайбы деп көп ойлонобуз. Мына ушул суроолор бейтап толугу менен өзүнө келмейинче бизди кысып, кыйнап турат.

Кээде ушундай стресстен улам аз эле убакытта бир канча кг салмак жоготкон учурларым да болот.

Бул бейтап келери менен хирургдарга жөнөткөм. Алар бейтапты кабыл албай коюшарын билип эле тургам. Бирок дарыгер, кардиолог катары кардиохирургдарга жөнөтүү менин милдетим болчу. Кардиохирургга барып операция оор болот, пайдасынан зыяны көп болот деп операцияга алуудан баш тартканда менин теориям алдыга чыкты.

Операция чындап эле биринчи жолу болгонун тастыктап, жарыялаган илимий журналдын бир барагы

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Операция чындап эле биринчи жолу болгонун тастыктап, жарыялаган илимий журналдын бир барагы

Жаңы ыкма менен дарылоо учурунда бейтап кокус кансырап калса эң чоң көйгөйдүн бири ошол болмок. Бирок кан суюлта турган буга окшошгон ыкмаларды мен 2006-2007-жылдан бери эле колдонуп келем. Ошондуктан экөөнү бирктирип коюу мен үчүн оор болгон жок. Бирок китептерден изилдеп, мындай ыкма буга чейин колдонулбаганын көрүп бир чети сүйүнсөм, бир чети кабатырландым. Эгер терс кесепети чыгып калса, анда эмне себептен ушул жолго бардың деген суроо болмок. Анда бейтапты оор абалдан чыгаруунун башка жолу жок болгондугун айткандан башка жүйө жок болчу. Сүйүнгөн жагым болсо, бул ыкма оң натыйжа берип, бейтап жакшы болуп калса анда дүйнөдө бул ыкма биринчи жолу колдонулмак. Башкаларга жардамы тиймек.

Дарылоо абдан маанилүү, кантип дарылаганын илимий тилде жазуу андан да маанилүү...

Жасалган ар бир ыкманын өзгөчөлүгүн, пайда, зыянын, оң же терс таасирин кагазга түшүрүп, документтештирип, макала жазып, кадыр барктуу илимий журналга чыгаруу ар бир дарыгердин каалоосу. Бирок муну бары эле кыла албайт, айрымдар жакшы дарылашы мүмкүн, бирок жаза албайт.

Дамир Осмонов: Илимий коомчулукта жазуу баарынан жогору турат. Анткени ал тастыкталган ыкма экенин, ким, качан, кайсы жол менен жасаганын тастыктайт. Сөз менен айтсаң ишенбейт, ал жазылып турса башка нерсе. Ошондуктан мен илимий макалаларды окуп чыгып, изилдеп көрүп, мындай ыкма жасала электигин көргөндөн кийин биринчи эле бейтаптын жакшы болушун күттүм. Ал эки-үч күндөн кийин абалы жакшырып бизден чыгып кетти. Мен дагы бир ай өтүшүн күттүм. Бир айдан кийин текшерилгени келди, клапандары аябай жакшы экен, эч кандай инсульттун белгилери болгон жок. Ошондон кийин гана мен бейтаптын бардык маалыматтарын чогултуп, бул ыкманы жарыялаганга ылайыктуу журналды издей баштадым.

Дүйнөдө “алгачкы жолу жасалды” деп көп журналга жазса болот. Кичинекей журналдар оңой эле кабыл алат. Бирок журналдын деңгээли канчалык төмөн болсо, ыкманын күчү дагы төмөн болот. Мен ыкманын күчүнө ишенгеним үчүн эң жогорудан баштадым.

Европанын кардиология ассоциациясынын расмий журналын тандап алдым да, ага кандай макала жазыларын изилдеп чыктым. Анткени ар бир журналдын өзүнүн кабыл алуу шарттары бар. Баарын изилдеп чыгып бир ай макала жаздым да жөнөттүм. Үч айдан кийин жооп келди, эки калыс “аябай жакшы экен” дешти, бирөө “маңызы жакшы экен, бирок грамматикалык жактан оңдой турган жерлери бар экен” деп мага жиберишти. Экинчи жолу баарын оңдоп чыгып, кайра жибергенде үч калыстан тең өттү. Андан соң журналдын өзүнүн калыстары болот экен. Алар макаланы бүт жактан текшеришет, бири сүрөтүн, бири маанисин ж.б. Айтор 7-8 калыстын айткан сунушутарын аткарып жатып, 19-апрель күнү менин макалам басылып чыкты.

Макаланын жарык көрүшү, мен жасаган ыкманын дүйнөдө биринчи жолу жасалып жатышынын чыныгы далили. Мындай нерсе врачтын кесипкөйлүгүнө гана эмес, илимий макала жазуусуна дагы шык берет. Мен 2010-жылдан 2012-жылга чейин көп жолу илимий макала жазып, алар Европа менен АКШдагы белгилүү журналдарга басылып чыккан. Өзүмдүн диссертациялык изилдөөм Англиялык “Пейс” журналына басылып чыгып, 2017-жылы Американын, 2018-жылы Европанын илимий эмгектеринде шилтеме жасалып, колдонулган. Булар мен үчүн жетишкендик.

Би-Би-Си: Жүрөк, кан тамыр ооруларынын статистикасы ар кайсы мамлекетте ар башка эмеспи. Өзгөчө операция жасалган бейтаптыкындай диагноз менен кайрылгандар канчалык көп кездешет?

Дамир Осмонов: Дүйнөдө клапаны алмашкан бейтаптардын саны аз эмес. Анткени экономикасы төмөн өлкөлөрдө көбүнчө инфекцияга, ревматизмге байланыштуу клапан жабыркап, операцияга барат.

Экономикалык деңгээли жакшы өлкөлөрдө адамдардын жашоо мөөнөтү узак болгон үчүн клапан иштей берип, 70-80 жыл иштегенде жакшы болбой алардыкын дагы алмаштыруу зарылдыгы келип чыгат. Ошондуктан клапаны алмашкан бейтаптардын саны арбын.

Көптөгөн операцияларды жасап жүргөн тааныш дарыгерлер “чын эле дүйнөдө жасалбаптырбы, оңой эле нерсени эмнеге колдонбоптур?” деп сурап жатышат. Бул ачылыштын артыкчылыгы, өтө татаал эмес, жөнөкөйлүгүндө.

Би-Би-Си: Чоң конференция болуп, анда сиз так ушул алгачкы ыкма тууралуу баяндама жасаган экенсиз. Кандай реакция болду, эмне дешти?

Дамир Осмонов: Презентация убагында үч модератор бар эле. Презентация бүтөрү менен дароо эле бирөө суурулуп чыгып, “эмне үчүн мындай жолго бардың?” деп Европа, Америка рекомендациясын айта баштады. Европа менен Американын рекомендациясынын кайсынысы туура келсе ошону колдонорумду, мага көбүрөк Европаныкы туура келгендиктен ошону колдонгонумду айттым. Америкада 25 саат, Европада 2 саат. Бейтапка кайсынысы туура келсе ошону колдонгонго акым бар. Ошондуктан мен европалык ыкма менен кеттим. Бирок аларда чыпка коюу ыкмасы жок болчу. Эки сантиметрден чоңу үзүлүп кетет дегендиктен, үзүлүп кетсе кармап калайын деп ушундай кылдым дедим.

Бул жоопту укканда ал эч нерсе деп сүйлөгөн жок. Экинчи модератор бул ыкма Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жатканын жактырбагандай карады. Эгер башка өнүккөн өлкөлөрдө жасалса “бали!” демектир. Мага бул сөздү айтышкан жок, залдан таң калуу менен суроо берилип жатты. Мындай талаш болгон сайын мен кубанып жаттым. Анткени, дүйнөдө ачылыштар, жаңы ыкмалар табылган учурда карама-каршылыктар чыгып, аларга аргументтерди айтканга да мүмкүнчүлүктөр жаралат. Муну көрүп мен туура жолдо экенимди билдим.

Би-Би-Си бул материалдын видеосун толугу менен Facebook жана YouTube баракчаларына жарыялайт.