Кыргызстандагы биринчи боор операциясы

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Татаал хирургиялык операция Түркиядан келген хирургдардын жетекчилиги астында Бишкектеги "Кыргыз-түрк достугу" ооруканасында ишке ашты.

Түркиянын Малатия шаарындагы Инөнү университетинин Тургут Озал медициналык борбору боорду транслантациялоону эң жогорку деңгээлде жасаган дүйнөдөгү эки атактуу борбордун бири.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинин Тургут Озал медициналык борбору боорду трансплантациялоону эң жогорку деңгээлде жасаган дүйнөдөгү эки атактуу борбордун бири.

Биринчи операцияда 31 жана 27 жаштагы кыздар 51 жана 61 жаштагы апасына донор болду.

Бул маанилүү иштин башталышы үчүн Кыргыз президенттинин фондунан 1 млн доллар бөлүнгөнү кабарланды.

“Операцияга акчабыз болмок эмес, президенттин жардамы менен операция болуп биз аябай сүйүнүп жатабыз”,-деди боорун алмаштырган апалардын биринин бир тууганы Шербет.

Хирургиялык татаал боор операциясын Түркиядан келген сегиз дарыгер менен кыргыз дарыгерлери биргелешип аткарды.

"Биз 36 адис даярдадык. Алар күн-түн дебей иште болууда. Операцияга төрт хирург, эки анестезиолог, радиологдор, медсестралар катышты. Операциядан кийинки кароону, реанимацияны да камсыз кылдык",-деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

“Кыргызстанда орган трансплантациялоо ишин баштоо үчүн Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын тапшырмасы боюнча Кыргызстанга жардам берип жатабыз. Биздин университетте жана ооруканабызда 65 кыргыз дарыгерин окуудан өткөрдүк”,-деди Ахмед Кызылай, Инөнү университетинин ректору.

Түркиядагы Инөнү университети боор алмаштыруу боюнча операцияны жогорку деңгээлде аткарган дүйнөдөгү эки борбордун бири болуп саналат. Ушул борбордо кыргыз дарыгерлери окуп жатканына эки жылдан ашты.

Алардын бири Эрлан Максут уулу Бишкектеги биринчи боор операциясына катышты.

“Түркиялык дарыгерлер жетекчилиги алдында операция жакшы жасалды. Хирургиялык техникалык жактан жакшы өтүп, бейтап ренимацияга которулду. Алар басып кеткенге чейин дагы эмгек талап кылынат. Профессордун жетекчилиги алдында буюрса жакшы болот деп эсептейм”,-деди Эрлан.

Кыргызстанда 17 миңге жакын адамдын боору ооруйт. Алардын операциясына президенттин фондунан жардам берилүүдө.

Жогорку Кеңештеги жолугушуу

Сүрөттүн булагы, Kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инөнү университетинин делегациясын жазында Жогорку Кеңештин төрагасы кабыл алган

Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинде боор жана башка органдарды алмаштыруу борбору менен кыргыз тараптан сүйлөшүүлөр жүрүп, кыргыз дарыгерлери бул борбордо окуп жатканына эки жылдан ашты.

Бул ишти көзөмөлгө алуу максатында Жогорку Кеңеште жумушчу топ түзүлгөн.

Боор операциясын Бишкек менен катар Ош шаарында ОшМУнун клиникасында жасоо дагы пландалууда.

Малатия университети
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инөнү университетине барып окугандардын алды азыр боор алмаштырган операцияны өздөрү жасаганга жарап калды.

Кыргызстанда боор оорусуна чалдыккандар эгер акчасы болсо Түркияга же Индияга барып, боорун алмаштырып келет. Акчасы жоктор Кыргызстанда химиялык жол менен дарылангандан башка аргасы жок эле. Химиялык ыкмадан биротоло сакайып кетпейт жана өмүрүн ашып кетсе бир-эки жыл гана узарта алат.

Түркияда боор алмаштыруу операциясы 35 миң доллардан кем болбойт. Ал эми Индияда он-он беш миң долларга операция жасатып келип аткандар бар.

Атактуу дарыгер Сезай Йылмаз менен кыргыз делегациясы жолугуп жаткан учур. 2023-жыл, апрель.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атактуу дарыгер Сезай Йылмаз менен кыргыз делегациясы жолугуп жаткан учур. 2023-жыл, апрель.

Атактуу борбордун айкөл мамилеси

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Инөн университетиндеги Тургут Озал атындагы борбор боор алмаштыруу боюнча операцияны жогорку деңгээлде аткарган дүйнөдөгү эки борбордун бири.

Бул университет менен биринчи сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана азыркы учурда дагы координациялык иштерди өз ыктыяры менен улантып аткан адам - "Кыргыз эл биримдиги" коомдук бирикмесинин жетекчиси Аманбай Өмүрзаков.

Анын чакыруусу менен 2022-жылы Инөнү университетинин ректору Ахмет Кызылай баштаган делегация Кыргызстанга келип, ОшМУ жана Медакадемия менен кыргыз дарыгерлерин окутуу боюнча меморандум түзүп кеткен.

Ошол келишимдин алкагында кыргыз дарыгерлери акысыз окушту. Ошондон бери үч агым менен ондон дарыгер барып окуп келди. Он адис Оштон, он адис Бишкектен барып үч айдан окуду. Ал гана эмес, Нарындагы ооруканадан дагы эки дарыгерди чакырып алпарышты.

Инөнү университетине барып окугандардын алды азыр боор алмаштырган операцияны өздөрү жасаганга жарап калды.

"Биз жиберип окуткан адистердин үчөө азыркы убакта операцияга биринчи ассистент болуп кирип, такшалып калышты",-дейт Аманбай Өмүрзаков.

Эң биринчи келишим болгондо, түрк тарап кыргыз адистерин окутканга, жатаканага, окууга кайсы бир өлчөмдө акча төлөгүлө деген экен. Бирок жер титирөө болгон кыйын кырдаалда кыргыз тараптын көрсөткөн жардамына түрк боордоштордун жүрөгү жибип, кыргыздарга баарын акысыз кылууну чечишкен.

"Кыргыз эл биримдиги" бирикмеси бир жарым миллиондук үч мыкты боз үйдү алпарып тигип салдым. Аны көргөн түрк туугандар аябай ыраазы болду. Силердин ушундай жардамынар кыйналып турган элибизге дух берди деди. Кетип аткан мугалимдер кайтып келди. Сага ыраазыбыз деп, бүгүнтөн баштап тамагыңар, жатаканаңар, окууңар баары акысыз дешти. Керек болсо жакшы студенттерге, дарыгерлерге стипендия төлөй турганын айтышты. Эптеп жол кире таап жетсеңер эле болду",-дейт Аманбай Өмүрзаков.

Кыргызстандын коомчулугун Инөнү университети менен тааныштырып, мамилесин түзгөн Россия ИА академиги, профессор Закир Азизов. Ал бул университетте 28 жылдан бери иштейт. 2022-жылы февралда анын чакыруусу менен кыргыз президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев менен Аманбай Өмүрзаков Малатия шаарына барып, биринчи сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Инөнү университетинде боор алмаштыруу борборуна кыргыз дарыгерлерин чакырып окутуу демилгесин учурунда мурдагы саламаттык сактоо министри Г. Баатырова колдоого алып, тийиштүү аракеттерди көргөн.

"Кыргыз эл биримдиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу төрагасы Аманбай Өмүрзаков, Кыргыз президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, Малатия шаарынын мэри Салахиддин бэй жана профессор, РИАнын академиги Закир Азиз.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кыргыз эл биримдиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу төрагасы Аманбай Өмүрзаков, Кыргыз президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, Малатия шаарынын мэри Салахиддин бэй жана профессор, РИАнын академиги Закир Азиз.

Март айында Инөнү университетинин адистери келип, Кыргызстандагы даярдыктын деңгээлин өз көздөрү менен көрүп кетишкен.

Бул иштин артынан түшкөн адамдар Бишкектеги мамлекеттик ооруканалар заманбап талапка жооп бербейт деп чечишкен. Анткени, баш калаадагы мыкты делген Улуттук хирургия борборун келип көргөндө түрк адистери өткөн кылымдагы мокок хирургиялык аспаптарды көрүп аябай таң калышкан экен.

Анын үстүнө боордун трансплантация борборунда аба тазалагыч атайын аспаптары болуш керек экен. Мунун баасы эле бир нече миң долларды чапчыйт. Аны койбой туруп, операциялык блокторду эле жаңыртып коюу менен иш бүтпөйт дешет.

Инөнү университетиндеги боорду алмаштыруу операциясын ОшМУнун медициналык клиника жана эл аралык медицина факультетинин он адиси барып үйрөндү.

Сүрөттүн булагы, oshsu.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Инөнү университетиндеги боорду алмаштыруу операциясын ОшМУнун медициналык клиника жана эл аралык медицина факультетинин он адиси барып үйрөндү.
Кыргыз эл биримдиги коомдук бирикмесинин башчысы Аманбай Өмүрзаков менен Инөнү университетинин Тургут Озал медициналык борборунун атактуу дарыгери Сезай Йылмас
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Кыргыз эл биримдиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу төрагасы Аманбай Өмүрзаков менен Инөнү университетинин ректору Ахмет Кызылай