Грузиядагы демонстрациялар: “Кремлдин империялык чеңгелинен чыгуу аракети”

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Грузияда катуу каршылык акцияларынан кийин парламенттеги көпчүлүк жана бийликтеги “Грузия кыялы” партиясы чет элдик агенттер тууралуу мыйзамын чакыртып алууга аргасыз болду.

Буга чейин өлкөнүн Тбилиси баштаган ири шаарларында бул документке каршы демонстрациялар өтүп жаткан эле.

DARO SULAKAURI/GETTY

Сүрөттүн булагы, DARO SULAKAURI/GETTY

Эка Ткемеладзе – грузиялык жарандык активист. Ушу күндөрү ал Тбилисидеги чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбооруна каршы демонстрацияларга активдүү катышып жатат.

“Грузияда ири акциялар өтүп жатат, алар дагы уланат. Себеби, эл Европага багыт алып, ошого умтулса, бийликтегилер бизди кайра Россияга сүйрөп жатышат. Талаштуу мыйзамды парламентте 76 депутат колдоду. Башында бул мыйзамды дароо эле карашпайт деген, бирок эки күндө эле биринчи окуудан өткөрүп ийишти. Биз - эл алданып калдык”,- деп билдирди Эка Би-Би-Синин Кыргыз кызматына.

Активист грузин парламентиндеги орусиячыл “Грузия кыялы” партиясы ушул мыйзамды алдыга сүрөгөнүн айтат.

Бийликтеги бул партия талаштуу мыйзам демократиялык баалуулуктарга каршы келбейт деп келди. Бирок анын оппоненттери мыйзам өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүккө алынуусуна кедерсигин тийгизип, Грузияны Россиянын жандоочусуна айлантат деп кооптонуда.

“Грузия кыялы” партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе массалык акциялардын биринчи күнүнөн кийин, 8-мартта мындай дооматтарды “жөн гана спекуляция” деп сыпаттаган.

“Грузия кыялы” партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Грузия кыялы” партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе

"Биз алдыга, Европага барабыз! Биз көз карандысыздыгыбыз менен Европага барабыз! ", - деди Кобахидзе.

Кобахидзе 7-8-марттагы демонстрацияларды төңкөрүшкө аракет деп бааларын, мындай жол менен оппозиция “2008-жылдагыдай орус танкаларын Грузияга алып келиши мүмкүндүгүн” эскертти. Бирок анын каршылаштары мындай жүйөнү бет тырмарлык деп атап жатышат. Анткени Грузия парламентинин бийликчил партиясынын аркасында орусиячыл саясатчы, олигарх Бидзина Иванашвиили турат деп билишет.

Бидзина Иванашвиили, грузиялык олигарх, саясатчы

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бидзина Иванашвиили, грузиялык олигарх, саясатчы

“Грузияда бийлик олигарх Бидзина Иванашвилиде, ал өлкөнү каалагандай калчап келет. Азыр эми президент Саломе Зурабишвили ал мыйзамга вето коем деп жатат. Бирок мен ага ишене албай турам. Бирок ошондой эле болсо экен. Бул мыйзамды өткөрүп берген 76 депутаттын аркасында Бидзина Иванашвиили турат деп билем”,- дейт активист Эка Ткемеладзе.

Грузиянын Евробиримдикке мүчө болуу кыялы

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Грузия постсоветтик өлкөлөр Украина жана Молдовадан айырмаланып, Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын ала элек. Мындай жагдайда ММК жана бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн бул мыйзамдын кабыл алынышы Грузиянын евроинтеграция маселесин жайлатат деген тынчсыздануу бар.

“Грузия Евробиримдикке талапкер макамын алууга аз калган. Былтыр июнда ЕБ 12 сунуш да берген. Азыркы талаштуу мыйзам долбоору менен ал талаптардын экөөсү бузулганы жатат. Ошону менен ЕБдин бизге берген мөөнөтү дагы узакка созулуп кетиши мүмкүн. ЕБдин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель бул мыйзам тууралуу оюн билдирди, башка Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери дагы документти айыпташты. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс дагы мыйзам кабыл алынса, демократиядан чегинүү болорун айтты”,- деди Би-Би-Си Кыргыз Кызматына Грузиядагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр фондусунун саясат талдоочусу Каха Гоголашвили.

Грузиядагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр фондусунун саясат талдоочусу Каха Гоголашвили

Сүрөттүн булагы, dw

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грузиядагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр фондусунун саясат талдоочусу Каха Гоголашвили

Эксперт талаштуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу боюнча билдирүүлөр жасалып жатканы менен, аны расмий түрдө чакыртып алуу аракеттери боло элек дейт.

Мыйзам эмне жөнүндө?

Грузиялык жана эл аралык айрым бир серепчилер чет элдик агенттер тууралуу мыйзам эмнеге ушул маалда демилгеленди, аны эмнеге бийликтеги партия сүрөп жатат деген суроолорду коюууда.

Талаштуу мыйзамдын расмий аталышы “Чет элдик таасирдин ачык айкындуулугу жөнүндө” деп аталат. Аны парламенттеги “Эл күчү” фракциясы сунуштаган. Бул фракция “Грузиян кыялы” фракциясынан бөлүнүп чыккан депутаттардын тобунан турат жана ал Батыштын таасирине каршы риторикалары менен белгилүү.

Грузиядагы бийликтеги партия жана анын жандоочулары талаштуу мыйзамды өткөрүп алып, бийликти сындаган ММК жана саясатчыларга каршы колдонобу деген чочулоо бар. Себеби, Россияда так ушундай мыйзам "репрессиянын" куралына айланганы белгилүү.

“Грузиядагы окуялар колониалдык чеңгелден чыгуу аракети. Чет элдик агенттер тууралуу мыйзам бул шылтоолордун бири. Албетте, ал түзмө-түз триггер болду, бирок маселе андан терең. Грузияда Саакашвили көп жылдардан бери камакта. Баарына маалым чет элдик агенттер тууралуу мыйзам Россиядан келген. Грузиянын эли аны "жутуп" албай, өзүнүн эркиндик духун көрсөтүп, Украина сыяктуу тап берип жатат. Россиянын колониалдык, советтик, империялык матрицасынан, чеңгелинен чыгуу аракети болуп жатат. Бул жерде Кремлдин кулагы далдайып эле көрүнүп жатат”, -дейт кыргызстандык саясат талдоочу Бурул Усманалы.

Бурул Усманалы

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бурул Усманалы

Грузиянын мамлекеттик башкаруу системасы парламенттик, өкмөттү шайлоодо жеңип келген партия аныктайт. Кыргызстан да 2010-2021-жылы парламенттик башкаруу системасына ыктайбыз деп келди. Бирок соңку эки жылдан бери президенттик башкаруу менен жашап келе жатат.

Чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбооруна үндөш демилге былтыр Кыргызстанда да талкууга түшкөн эле.

Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын өкүлү Надира Нарматова V чакырылыштагы айрым депутаттардын бул тууралуу демилгесин аягына чыгаруу үчүн төрага Талант Мамытовдон уруксат сураган.

"Чет элдик агенттер": Кыргызстандын тажрыйбасы

2016-жылы Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарын “агент” деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду сунушташкан.

“Тилекке каршы, акыркы кезде бейөкмөт уюмдары ар кандай чуу салып, мамлекет ичинде тынчтык бербей келет. Урматтуу төрага, V чакырылышта экинчи окууда комитеттин деңгээлиндеги ал мыйзамды кайрадан көтөрүп чыкканга аппаратка же комитетке протоколдук тапшырма берсеңиз? Мамлекеттин тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн аларга “чет өлкөлүк агенттер” деген макамды бербейинче өлкөдө тынчтык болбойт экен. Сырттан каржыланган саналуу бейөкмөт уюмдары иштеп жаткан бийлик бутактарына да тынчтык бербей, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатат”,- деген Нарматова Жогорку Кеңеш трибунасынан.

Биринчи жолу “Чет элдик агенттер тууралуу” мыйзам парламентке тээ 2014-жылы эле келип түшкөн. Анда жарандык коом бул мыйзам Россияда 2012-жылы кабыл алынган четтен каржыланган уюмдарды “тыңчы” катары таануу мыйзамынын көчүрмөсү экенин айтып чыгышкан. Документке ылайык, бейөкмөт уюмдар Соцфонд, Салык кызматына төлөмдөрдөн тышкары, Юстиция министрлигине да жүргүзгөн ишмердиги тууралуу отчет берүүгө милденттерилмек.

Кыргызстанда чет элдик агенттер тууралуу мыйзамы кабыл алынбаганы менен былтыр “ММК” тууралуу жаңы мыйзам демилгеленип, журналист, блогерлерге көзөмөлдү күчөтүү сунушталып келет.