Михаил Саакашвилинин "тагдырлык катасы" – Грузияга кайтуусу болду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Нина Ахметели
- Role, Би-Би-Си
Көз карандысыз эксперттер Грузиянын камактагы мурдагы президенти Михаил Саакашвили “интоксикация” болушу мүмкүн деп, анын абалы ушундан улам начарлап жатканын айтышууда.
Серепчилер Михаил Саакашвилинин Грузияга кайтып келишин учурдагы эң ири жаңылыштыгы болду деп санашууда. 54 жаштагы мурдагы президенттин бул кадамынын айынан өлкөдөгү эң ири оппозициялык партияга сокку урулду. Саакашвилинин бул жоругу эми аны өлүм коркунучунун жарына кептеп турат.
2021-жылдын 1-октябрында грузин сыналгы каналдары Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин Тбилисиде кармалышын чагылдырган окуяны байма-бай көрсөтүшкөн. Сегиз жылдан кийин бозгундан атажуртуна кайтып келип, дароо камакка алынган Саакашвилинин колунда кишен тагылса да, ал өзү жадырап күлүп турган ошол элес калайыкка жайылтылган.
Бүгүн, ошол окуядан бир жылдан ашык убакыт өтсө да, Саакашвили дагы эле камакта кала берүүдө. Эми ал абакта эмес, бир нече ай мурун алынып келинген Тбилисидеги клиникада кармалууда. “Фейсбуктагы” баракчасында ал Украинадагы окуяларга жана согушка карата өз пикирин жарыялап келет.
Ал Тбилиси шаардык сотунда улантылып жаткан соттук териштирүүлөрдө мурдагыдай узак убакытка чыгып сүйлөбөй калды. Жада калса ал отурумдарга да катыша албай келет. Маселенин бардыгы – анын саламаттыгынын абалында. Анын жакындарынын айтымында, күндөн-күнгө анын акыбалы начарлап барат. Алар жагдайды өзгөртүүнүн бир гана айласы – бул Саакашвилини чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүү, деп санашууда.
Айрым дарыгер адистер да ушул аргага колдоо көрсөтүп пикир билдиришти. Чет элдик адистерди тартуу менен соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүчү “Эмпатия” борбору аттуу бейөкмөт уюмдун корутундусуна караганда, Саакашвилиге аны камакта кармап турууга эч шайкеш келбегендей олуттуу диагноздор коюлган.
20-ноябрда өкмөт аппаратынын алдына дарыгерлер, мурдагы президенттин жакындары, оппозиция өкүлдөрү жана анын тарапкерлери чогулушуп, бийликтерден Саакашвилини чет өлкөгө дарыланууга которууну талап кылышты.
"Бою эки метрди чапчыган Саакашвили эми 80 эле кило салмакта болуп калды, калайык! Ал эптеп кыймылдачу болсо, анда бир гана көмөкчү жабдуу менен кыймылдап жатат, анын үстүнө ал бар болгону үч кашыктай гана тамак жешке жарайт. Демек, аны жан чыдагыс акыбалга алып келишти. Эми анда эч убакыт жок. Михаил Саакашвилинин өмүрү үчүн секундомер чыкылдап жатат", – деп дарыгер Леван Перадзе нааразылык чарасы маалында баса айтты. Бул дарыгер – нааразылык иш-чарасынын демилгечилеринин бири.
Иш-чарага катышкан дарыгерлер нааразылык белгиси катары кеңсеге медициналык халаттарды таштап кетишти.
Перадзе бийликтерге кайрылып: "Мына, халаттарды ала бергиле. Эгерде баары жоктун баарын бизсиз эле билип турабыз дечү болсоңуздар, анда эми өзүңүздөр эле ага диагноз коюп, айыктырып алыңыздар", – деп кайрылды.
Бийликтер болсо Саакашвилиге медициналык жардам өтө керектүү деңгээлде жана өз убагында көрсөтүлүп жатканын, ал тиешелүү клиникада жайгаштырылганын билдиришүүдө. Адилет министри Рати Брегадзе “Имеди” сыналгы компаниясы аркылуу обого чыккан өз маегинде Саакашвилинин абалы тууралуу суроого дарыгерлер гана жооп бериши керек, бирок азыр Саакашвили жандандыруу бөлүмүндө эмес, терапиялык бөлүмдө жатат, кишилер ага күн сайын келип, демейдегидей учурашып жатышат, деп айтты.

Саакашвили Грузияга былтыр (2021-жылы) күзүндө кайтып келген. Бул тууралуу ал “Фейсбукта” видеокайрылуусун жарыя кылган. Бийликтеги “Грузия жолу” партиясынын мүчөлөрү оболу анын кайтып келгенин келекелеп чыгышты жана анын видеокайрылууларын “жалган” (“фейк”) деп аташты. Бирок кийинчерээк Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили мырза чын эле мурдагы президент Тбилисиде кармалганын шардана кылды. Эми Саакашвилиге карата буга чейин тагылган айыптарга жаңысы – чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген доо дагы кошулду.
Ууландыруу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Саакашвили Грузияда бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда. Алардын экөөсү боюнча ал Грузияга кайтып келгенге чейин эле сыртынан алты жылга эркинен ажыратылган.
Саакашвили болсо өзүнө коюлган айыптардын бардыгын саясий доолор деп эсептейт. Ал өзүн-өзү “Путиндин туткуну” деп атап, камалгандан кийин ачкачылык жарыялаган жана бул нааразылык чарасын 50 күндөн кийин гана токтотууга макул болгон. Үстүбүздөгү жылдын февралында Саакашвили татыктуу медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылып, кайрадан ачкачылык жарыялаган. Бул чараны ал 20-күнү гана токтоткон.
Сотко чейинки убактылуу абакта отурган чагында ал бир нече абактык жана башка мекемени алмаштырды. Ал алгач Рустави шаарындагы абакка жайгаштырылып, ал жерден Тбилисинин четиндеги абактык ооруканага, андан кийин Гори шаарындагы аскердик ооруканага алынып келинген.
Өткөн жылдын декабрынын аягында ал кайрадан Рустави шаарынын абагына кайтарылган, ал эми 2022-жылдын май айында ал "Вивамеди" көп тармактуу клиникасына алынып келинген.
Саакашвилинин жакындары менен жактап жаткан адвокаттарынын айтымында, ал медициналык мекемеде жатканына карабастан, анын дарттарынын тизмеси улам кеңейүүдө.
Ал ого бетер арыктап, күндөн-күнгө алсырап бара жатат, ордунан араң гана жылып басууда. Эми ал сол колун көтөрө албай калды. Мындан тышкары, анын денесинин табы ырааттуу түрдө жогорулап кетип жатат.
Анын энеси, 1946-жылы туулган тарыхчы жана түрколог, тарых илимдеринин доктору Гиули Аласаниянын айтымында, акыркы убакта уулунун ооруларынын тизмесине кургак учуктун тымызын түрү да кошулган экен. Бирок дарыгерлер аны дарылоону баштабай жатышат, анткени бул кесел башка ооруларды ого бетер тереңдетиши ыктымал.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
Саакашвилинин жактоочулары эми сотко кайрылуу үчүн “Эмпатия” борборунун акыркы корутундусун күтүп жатышат. Бул кагазга грузиялык жана чет элдик адистер кол коюшаары күтүлүүдө.
Жактоочулар Саакашвилиге коюлчу диагноздорго жана алардын оордугуна жараша өз кардарын камактан бошотууну, ал түгүл кылмыш жазасынын мөөнөтүн кечеңдетип, аны боштондукка эрте чыгарууну талап кылууга ниеттенишүүдө.
"Эмпатия" борборунун өкүлдөрү Саакашвилинин саламаттыгынын жагдайы жаатында корутундуну даярдоо иштери аяктагандыгын, ал тез арада ар тараптуу диагностикага жана дарыланууга муктаж экендигин 18-ноябрда эле белгилешкен.
Корутунду долбоорун даярдоого катышкан адис, невропатолог Отар Тоидзе:
"Бул корутунду 188 беттен турат; ага чет элдик адистер жазган кошумча 60 бет, ошондой эле 2900 бетти түзгөн далилдик маалыматтар тиркелген. Мунун баары чет тилге которулуп, чет элдик кесиптештерге жөнөтүлгөн жатат, себеби алар менен корутунду жаатында толук мунаса табылышы керек. Андан соң корутунду укукчу адистер жана укук коргоочулар менен да макулдашылат, анткени сөз анын ден соолугуна гана байланыштуу болуп чектелбестен, ага кол салуу жана адамгерчиликсиз мамиле кылуу учурлары жөнүндө да болуп жатат”, – деп түшүндүрүп айтты.
Саакашвилини чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүү – тек гана өтүнүч эмес, ал – медициналык этика менен илимдин талабы, анткени ал Грузияда керектүү дарыланууга мүмкүнчүлүк ала албайт, дейт ал.
Дарыгер Тоидзе мырза Саакашвилинин ден соолугунун начарлашын төрт тепкичтүү сере аркылуу өйдөлөө жүрүмү менен салыштырды. Мындагы төртүнчү тепкич – өлүм.
“Михаил Саакашвили буга чейин эле бутун өйдө көтөрүп, төртүнчү тепкичке карай адым жасоого беленденип турат”, – дейт Тоидзе.

Сүрөттүн булагы, GEORGIAN MINISTRY OF JUSTICE/ANADOLU AGENCY
Адилет министри Рати Брегадзе болсо мамлекеттик бийлик Саакашвилинин ден соолугун коргоо үчүн бардык шарттарды түздү, деп ишендирип келет.
Саламаттык жаатындагы корутундунун чоо-жайы азырынча ачык айтыла элек, бирок Саакашвилинин денесинде оор металлдар табылганы тууралуу жакындарынын билдирүүлөрү ал ууландырылган болушу ыктымал деген шектенүүлөрдү жаратты.
Саакашвилинин энеси Гиули Аласаниянын айтымында, токсикологиялык иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, таллий, барий жана күмүш суусу сыяктуу заттар уулунун денесинде катталган экен. Эми кармоодогу саясатчынын тууган-туушкандары жакынкы күндөрү бул заттар боюнча америкалык адистерден түшүндүрмө күтүп жатышат.
Саакашвилинин жактоочуларынын бири, адвокат Валерий Гелбахиани Саакашвили мырза ууландырылган го, деп шек саноого негиз бар деп билдирди.
Атайын жаза аткаруу кызматы жооп узатып, Саакашвилинин ууландырылганы тууралуу расмий тастыктама ала электигин белгиледи. Адилет министри Рати Брегадзе такталбаган маалыматты таратпоого чакырды. Анын айтымында, эч кандай күмөн калбасын үчүн министрлик токсикологиялык сынак жүргүзүү үчүн Леван Самхараули атындагы Улуттук соттук сынак бюросуна кайрылмакчы.
Кийинчерээк Михаил Саакашвили өз адвокаттарына өзүнүн ууландырылышы жаатында шектенгени жөнүндөгү ойду эч качан айтпагандыгын, деги эле бул өңүттөгү ар кыл жоромол кептерди орунсуз деп санаарын “Фейсбукка” жазып чыкты.
"Менин абалым чындап эле начарлап баратат жана акыркы эки айда өзгөчө начарлап кетти. “Вивамеди” ооруканасынын дарыгерлери колунан келген бар аргасын жасап жатышат. Биз адистерге ишеним артышыбыз керектиги – маанилүү нерсе. Бул маселени ашыкча саясатташтыруунун кажети жок", — деп анын жарыя кылынган билдирүүсүндө айтылат.
Грузияга карай жол

Сүрөттүн булагы, AFP
Саакашвили экинчи президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин Грузиядан бозгунга чыгып кеткенине карабастан, акыркы жылдарда Грузиянын саясий сахнасындагы негизги оюнчулардын бири бойдон кала берди. Өлкөдө анын колдоочулары көп болчу, ал түзгөн "Бириккен улуттук кыймыл" (БУК) партиясы бийлик алмашкандан кийин өлкөдөгү эң ири оппозициялык күчкө айланган эле.
Ал бозгунда кезинде Грузиядагы саясий окуяларга карата видео кайрылууларды интернеттеги коомдук тармактар аркылуу улам-улам жарыялап, жарандарды шайлоо сыяктуу саясий өнөктүктөргө жигердүү катышууга үндөп келди. Бул кайрылуулардын көбүн ал Украинада жүрүп интернетке чыгарып жатты.
Украинанын жарандыгын алган мурдагы президент өз атажуртуна кайтып келээрин бир эмес, бир нече жолу жарыялаган. Анын бул кадамы мекенинде кайчы пикирлерди жараткан эле. Калктын бир бөлүгү үчүн бул пландар Грузиядагы чукул саясий өзгөрүүлөргө үмүт жаратса, башка бир бөлүгүндөгүлөр, тескерисинче, анын кайрадан бийликке келишинен чочулап турушкан. Бирок анын кайтып келиши ага үмүт байлагандар үчүн майнап бербеди.
Анын жергиликтүү шайлоонун алдында атажуртуна кайтып келиши, андан соң камакка алынышы Грузияда нааразылык жыйындардын жаңы толкунун жаратты. Арийне, убакыттын өтүшү менен нааразылык жыйындарына катышкандардын катары суюла берди да, кийинчерээк эч ким деле аны жактап көчөгө чыкпай калды.
2008-жылы Грузиянын билим берүү министри кызматын да аркалагандыгы маалым болгон саясатчы жана саясат таануучу Гиа Нодиа Би-Би-Сиге курган маегинде:
"Саакашвили өзүнүн кайтып келиши оппозициячыл маанайдагы калың катмарды чукул арада шыктандырып, олуттуу чыгууларга алып келет деп санаган. Бул кыймыл, өз кезегинде, саясий өзгөрүүлөргө алып келмек. Арийне, оппозициядагы кайсы-бир саясатчылардыкына салыштырмалуу анын тарапкерлери көбүрөөк экендиги айгинеленгендигине карабастан, бул жагдай – Саакашвилинин тарапташтары (нааразылык жыйындарында) апталап жана айлап катыша берүүгө даяр дегенди жана бул тарапташтардын саны жетишээрлик дегенди эч туюнтпайт эмеспи", – деп белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Үстүбүздөгү (2022-)жылдын июлунда Саакашвилинин адвокаттары аны Грузиянын саясаты мындан ары кызыктырбай калды, деп айтышкан.
Саакашвилинин адвокаттарынын бири Валери Гелбахиани: "Ал грузин сыналгы каналдарын көрбөйт жана толугу менен украин сыналгы каналдарына өтүп кетти. Ал Грузиядагы саясий кырдаалга эми эч кызыкпай турганын жана бул жаатта эч ким менен деле байланышпай жаткандыгын айтууда", – деген болчу.
Мурдагы президенттин уулу Эдуард Саакашвили абактагы атасы менен жолугуп чыккан соң, төмөнкү ойлору менен бөлүшкөн болчу: "Атам бул жакка (Грузияга) кайтып келгени жаңылыштык болгондугун аңдады. Бул жааттагы анын оюн мен бир эмес, бир нече жолу уктум. Менимче, бул катачылыкты ал өзү түшүндү го дейм, ал "келбей эле койсом болмок", деп санап жатат. Бүгүнкү күндө анын эң артыкчылыктуу мүдөөсү – эптеп өз жанын аман-эсен алып калуу жана ден соолукту сактоо".
Саакашвилинин саясаттан кетиши
Саакашвилинин саясаттан кеткендиги тууралуу жарыялашынан соң айрым адистер Грузиянын саясий кыртышы кыйла өзгөрөт ко деп болжолдошкон. Буга чейин өлкөдө азырынча эки гана негизги саясий оюнчу – бийликтеги партия жана БУК көзгө көрүнүп келген. Мындай кош уюлдук мазмун, серепчилердин баамында, бийликтин гана тегирменине суу бурду да, бийликтер Саакашвилинин бейнесин мокочого жана кас душманга айлантып сыпаттап келишти.
Бирок калайык арасындагы таасир жаатын алсак, серепчи Гиа Нодиянын айтымында, Саакашвилинин саясаттан кетиши эч деле жүзөгө ашкан жок. БУКту жактагандардын көпчүлүгү үчүн бул партия – Саакашвилинин өз партиясы бойдон кала берүүдө. Муну бүгүнкү күндө партиянын ичинде башталган лидерлик үчүн күрөштүн өзү ырастап турат.
Бул жерде ички партиялык атаандаштык темаларынын бири – деги ким Саакашвилиге көбүрөөк берилген жана аны бошотуу үчүн кубаттуураак аракет кылууга даяр, деген суроолорго барып такалууда.

Сүрөттүн булагы, AFP
Грузиянын саясатына Саакашвилинин кыйыр таасири БУК партиясы аркылуу сакталууда, дейт талдоочу Гиа Хухашвили. Ошол эле учурда, анын айтымында, азыр "биз башка нерсе жөнүндө эмес, Саакашвилинин ден соолугу жана өмүрү жөнүндө ойлонуп, тиленишибиз керек".
Ал мурдагы президенттин Грузияга кайтып келишин бүтүндөй өлкөдөгү ички саясий агымдарга кесепетин тийгизип, Саакашвилинин өз тагдыры үчүн кайгылуу жагдайга айланган катаал катачылык катары баалады. Хухашвили мырзанын оюнча, муну мурдагы президенттин өзү эчак түшүнгөн, бирок азыркы бийликтер анын грузин саясатынан кеткендиги тууралуу билдирүүлөрүн анын абактан бошотулушуна жетиштүү жүйөө катары карабайт.
"Бийликтер башкача аракет жасоого деги эле жөндөмсүз. Бийликтегилер терс маанайдагы чен-өлчөмдү сактап калышы керек: алар өздөрүн "жакшымын" деп эч айтышпайт, бирок өздөрүнө атаандаш болгон жак өздөрүнөн алда канча жаман деп сыпаттап айтышат. Саакашвили бул (терс) ролго ылайыктуу болчу, бирок жыл өткөн сайын мындай өңүт алсырай берди да", – деп Хухашвили мырза түшүндүрдү.
"Саакашвилини бийликтер боштондукка чыгарат ко деген мүмкүнчүлүктү жокко чыгарууга болбойт, бирок бул бийликтер, албетте, аны ушундай жагдайда эле бошотуп коё берүүнү каалашпайт; эгер аны боштондукка чыгарышчу болсо, анда жакшы баага гана байлашкысы келет. Бул баанын маани-маңызы эмнеде? Ал жөнүндө азырынча тек божомол кылууга гана болот», – деп ал кошумчалады.

Саакашвилинин тарапташтарынын президент Саломе Зурабишвили айым ага ырайым берет ко деген үмүтү акталган жок. Ал эми президент Зурабишвили Саакашвилиге ырайым кылууга бара албай тургандыгын буга чейин эле айткан болчу. Маселен, Би-Би-Сиге курган маегинде президент айым Саакашвилиге мыйзамга таянуу менен да ырайым кыла албастыгын, себеби ага каршы доолор боюнча сот жүрүмдөрү алигиче соңуна чыга электигин айтып түшүндүргөн. Бирок, анын айтымында, ал буга чейин эле эмне үчүн мындай кадамга бара ала турган болсо дагы, ага эч бара албастыгын Грузиядагы коомчулукка кеңири түшүндүрүп берген.
"Грузияда автократиялык режимде жашоо деген кандай азап экенин сезбеген үй-бүлө дээрлик жок. Мен мындан да олуттуу (саясий) уюлдашуунун куралына айланып калышым керек деп ойлобойм. Бирок, ошол эле учурда, мен – мамлекет башчысымын жана мурдагы президенттин абакта жаткан чагында өлүп калышын же орду толгус кесепеттердин азабына кабылышын каалабайм», – деп Зурабишвили айым айткан.
Президент айымдын айтымында, ал дарыгерлердин тыянагына кылдат көз салып келет. Албетте, Саакашвилиге чет өлкөдө кошумча дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү керек, бирок мындай чечимди сот чыгарышы керек, деп Зурабишвили айым эсептейт.
Саакашвилини боштондукка чыгаруу тууралуу үндөөлөр эл аралык чөйрөлөрдөгү трибуналарда да, Батыштагы саясатчылар арасында да байма-бай айтылып келет. Айрым саясий серепчилердин баамында, эгерде Грузиянын Евробиримдикке талапкер макамына жетүү мүдөөсү бийликтер үчүн ички саясий кызыкчылыктардан маанилүүрөөк болсо, анда Батыштын туруму бийликтерди жеңилдиктерге барууга түртүшү мүмкүн.
Саясат таануучу Гиа Нодиа мырза: "Азырынча биз теңирден тетирисинче болгон жагдайды гана көрүп жатабыз. Бийликтер үчүн башкысы – ички саясий артыкчылыктар жана бийлик тизгинин сактап калуу. Ал эми Европа менен карым-катнаш жана өлкөнүн Евробиримдикке талапкерлик макамы – алар үчүн төмөнкүрөөк даражадагы көйгөй", – деп белгиледи. (TT)












