“Мишага эркиндик!” Тбилисиде Саакашвилинин бошотулушун талап кылган ири акция өттү

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY/GETTY
Миңдеген адамдар бейшемби күнү Тблисинин борборуна чогулуп, камактагы экс-президент Михаил Саакашвалинин бошотулушун талап кылышты. Грузияга кайтып барып кармалган Саакашвили өзүн саясий туткун эсептейт жана ал Рустави шаарындагы абакта ачкачылык кармап жатат.
Митинг Саакашвили түптөгөн “Бирдиктүү улуттук кыймыл” оппозициялык партиясы тарабынан уюштурулду. Ага катышуу үчүн Грузиянын ар аймагынан автомобилдик колонналар борборго бет алышты.
Айрым райондордо оппозициянын бул жүрүшүнө тоскоолдуктар болуп, агрессивдүү контрдемонстранттар тосуп чыгышты. Алардын айрымдары машиналарга шыпыргы ыргытып жатышты. Бул мурунку бийликтин абактагы адамдарга карата ырайымсыз мамилесинин символу болду.
Бирок мындай бут тосууларга карабай кечээ кечинде Тбилисинин Эркиндик аянты жана Руставели проспектиси элге жык болуп турду.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY/GETTY
"Мтавари архи" телеканалынын башкы директору жана Саакашвилинин адвокаттарынын бири Ника Гварамия абактагы Саакашвилинин кезектеги кайрылуусун окуп берди.
Экс-президент 30-октябрда өтө турган жергиликтүү шайлоолордун экинчи туруна катышууга жана коомдогу биримдикке чакырды.
“Мен мекенибиздин талкаланышына сырттан карай албайм. Бул үчүн мен өлүмдү артык көрмөкмүн. Мына ошондуктан мен бул жердемин. Мен бул жердемин жана режимдин талкаланышына салым кошуу үчүн калууну чечтим. Грузин эли жакырчылыкка, коррупцияга, адилетсиздикке жана кыйроого каршы. Биздин мекенибизди Путиндин Россиясына сүйрөп келе жаткан Иванишвилинин режимине грузин эли менен бирге каршы туруу үчүн бул жактамын [Бидзина Иванишвили – “Грузин кыялы” партиясынын мурдагы төрагасы жана негиздөөчүсү]. Биз биргелешип буга жол бербешибиз керек, Грузияны “Батышка алып баруучу жолго”сүрөйлү”, - деди Саакашвили кайрылуусунда.
“Кимдир бирөө бул өлкөнүн үчүнчү президенти Михаил Саакашвилинин түрмөгө камалып жатканына макул болуп, ал чыкпаса күрөштү улантышпайт деп үмүттөнбөсүн”, - деп убада берди ал. Митингде сүйлөп жатып, БУКтун төрагасы жана Тбилисинин мэрлигине талапкер Ника Мелия дагы сөзүнүн көбүн 30-октябрдагы шайлоонун экинчи туруна арнады жана муну тарыхый күн деп атады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, башкаруучу “Грузин кыялы” партиясы пропорционалдуу добуштардын дээрлик 47%ын алып, 2-октябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо башка партиялардын бардыгын жеңип алды. 2012-жылга чейин бийликте турган БУК дээрлик 31% добуш менен өлкөдөгү эң ири оппозициялык күч бойдон калууда.
Ага карабастан, башкаруучу партиянын мэрликке талапкерлери 20 муниципалитетте, анын ичинде беш өзүн-өзү башкаруучу шаарда мэрлик шайлоонун биринчи турунда жеңишке жетүү үчүн зарыл болгон добуштардын жарымынан көбүн ала алган жок. Экинчи турлар бул жерде эң көп добуш алган эки талапкердин ортосунда өтөт.
Көпчүлүк учурларда Бириккен Улуттук Кыймылдын (БУК) өкүлдөрү шайлоо жарышынын экинчи айлампасында башкаруучу партиянын атаандаштары болуп калышты.
Жаңы от алуу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
БУК Грузиянын бардык жарандарын саясий симпатиясына карабай 14-октябрда акцияга кошулууга чакырды. Бирок, оппозициялык партиялардын көбү, анын ичинде Саакашвилини саясий туткун деп атагандар, митингге кошулган жок, эгер каалашса, алардын саясатчылары митингге жекече катыша алышат.
Буга карабастан, митингге чогулгандардын көбү оппозициянын митинги мынчалык масштабдуу болорун күтпөгөндүгүн жашырышкан жок жана аны эң салмактуу жана популярдуу митингдердин бири болду. Муну акыркы сегиз жылдан бери бул жерде жашабаганына карабастан, Грузиянын саясий аренасындагы оппозиция лидерлери Саакашвилинин мекенине кайтып келиши менен байланыштырышты.
Орто жаштагы аял мага кайрылып, “Карагылачы, канча адам, толтура. Миша кайтып келгенден кийин адамдар үмүткө ээ болушту!” - деп демонстранттардын колонналары турган борбордук проспектиникөрсөттү.
“От алуу, абдан күчтүү от алуу сезилет. Башка оппозициялык митингдер болгон, бирок чындыгында, аларда анча көп киши болгон эмес. Бул мен үчүн да күтүүсүз, мен абдан кубанычтамын. Менин оюмча, эл акыры ойгонду”, - дейт митингдин дагы бир катышуучусу, Тбилисинин тургуну Ирина Гиоргадзе.

Анын айтымында, ал акцияга адилетсиздик сезиминен улам келген жана акциянын негизги талабы - Саакашвилинин түрмөдөн бошотулушу менен макул: “Адегенде кимдир бирөө Грузия үчүн бул кишиден көптү кылсын, анан аны соттосун” дейт митингдин катышуучусу.
Бийликтеги партияда, ошол эле учурда, 14-октябрдагы акция оппозициянын жана Саакашвилинин өзүнүн күткөнү акталбаганын дагы бир жолу көрсөттү дешет. “Имеди” телеканалынын эфиринде “Грузин кыялы”партиясынын төрагасы Ираклий Кобахидзе оппозициянын митингине комментарий берип жатып, азыр баары “Улуттук кыймылдын күнү бүткөнүнүн башталышын” көрүп жатканын айтты.
“Бул биздин өлкө үчүн, грузин демократиясы үчүн абдан жакшы процесс. Бул биздин коом көп жылдардан бери күткөн нерсе. Дээрлик жыйырма жылдан бери Улуттук Кыймыл бул өлкөнүн артынан түштү”, - деди ал.

Сүрөттүн булагы, AFP
Саакашвили 2013-жылы үчүнчү президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин Грузиядан кеткен. Грузияда ага бир нече чуулгандуу иштер боюнча айып тагылган. Алардын экөөндө ал сыртынан соттолуп, алты жылга эркинен ажыратылган. Саакашвили коюлган айыптарды жана соттун өкүмдөрүн саясий куугунтук деп эсептейт. Ал 1-октябрда камакка алынгандан көп өтпөй ачкачылык жарыялаган.
Акыркы жылдары Украинада жашаган Саакашвили Грузияга кайтып келүү ниети тууралуу айтып келе жатат. Грузияда 2-октябрда боло турган жергиликтүү шайлоого бир күн калганда Саакашвили мекенине кайтып келгенин жарыялады. Ал социалдык тармактарга алгач Грузияда жүргөнүн, андан кийин видео билдирүүлөрдү жарыялаган.
Башкаруучу партия адегенде экс-президенттин кеңири тараган видеолорун жасалма деп атап, иш жүзүндө Саакашвили Украинанын аймагынан чыкпаганын жүйө келтирди. Бирок 1-октябрдын кечинде премьер-министр Ираклий Гарибашвили брифингде экс-президенттин Тбилисиде кармалганы тууралуу жарыялады.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY/GETTY
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, укук коргоо кызматкерлери Саакашвилинин Украинадан Грузияга келиши тууралуу алдын ала билишкен, бирок бул маалымат экс-президентти кармоо боюнча атайын операция ийгиликтүү өткөрүлшү үчүн атайын жашырылган.
Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Саакашвилинин мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүсү, ошондой эле мигранттарды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз ташуу жана алардын өлкөдө мыйзамсыз жүрүүсүнө тийиштүү шарттарды түзүү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Кылмыштарды жашыруу беренеси боюнча тергөөнүн алкагында, Саакашвили кармалган батирдин ээси жана тергөөнүн маалыматы боюнча, Саакашвилини Батыш Грузиядагы айылдардын бирине мыйзамсыз кесип өткөндөн кийин алып кеткен ата-бала алдын ала кармоочу жайга жөнөтүлгөн.
Кармалгандардын адвокаттары бул айыптын саясий жүйөсү бар экенин жана Кылмыш кодексинде жок берене боюнча козголгонун айтышууда, анткени айыптоо кылмышкерди эмес, экс-президенттин өзүн жашырууну камтыйт.












