Тбилиси: Элдин нааразылыгына себеп болгон орус депутаты

Тбилисидеги демонстрация учурунда полиция желим ок жана газ колдонду. Өкмөттүн отставкасын талап кылып жаткан митингчилер парламент имаратына кирүүгө аракет кылган.

Митингчилер грузин парламентине кирүүгө аракет кылды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Митингчилер грузин парламентине кирүүгө аракет кылды

Нааразылык жүрүштөрүнө Орусиянын Мамдумасынын депутаты Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары учурунда спикердин ордуна отуруп, сөз сүйлөгөнү себеп болду.

Грузияда Православия боюнча парламенттер аралык 26-ассамблеясынын жыйыны өтүп, Гаврилов төрагалык кылган.

Гаврилов сессиянын ачылышында грузин парламентинин спикеринин ордунда олтурганы оппозициянын нааразылык жүрүштөрүнүн себеби болду. Ушундайга жол берди деп, бийликти жана спикерди айыптап жатышат.

Оппозиция парламент спикери Ираклий Кобахидзенин, ИИМ жетекчиси Георгий Гахарияны, УКМ жетекчиси Вахтанг Гомелауринин кызматтан кетишин талап кылууда.

Ассамблеянын жыйыны эрте бүтүп, орус делегациясы Тбилисиден чыгып кеткени айтылды.

Протесты в Тбилиси

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Грузин парламентинин жанына беш миңдей киши чогулду
Грузин парламентинин жанына беш миңдей киши чогулду

Сүрөттүн булагы, Reuters

Бир катар оппозициялык депутаттар башынан эле сессияда орус делегаттарынын катышуусуна каршы болуп жаткан. Оппозиция өкүлдөрү орус депутаты Гавриловдун Абхазия жана Түштүк Осетиядагы согуштук аракеттерге аралашкан жана бул региондорду көз карандысыз өлкө катары тааныган деп айыптады. Ошондуктан аны Грузияга киргизбөөнү талап кылышкан.

Гаврилов эч кандай согуштук аракеттерге аралашпаганын айтып, маек берген.

Грузия менен Орусия ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2008-жылдагы август жаңжалынан кийин үзүлгөн. Орусия Абхазия жана Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкө катары тааныган.

Тбилиси болсо бул өлкөлөрдү Грузиягнын аймагы деп эсептеп, Орусияны оккупациялап алды деп айыптап келүүдө.

Грузин парламентинде болгон окуя бир эле оппозицияны эмес, башкаруучу партиядагы депуаттарды дагы нааразы кылды.

желим ок тийген киши

Сүрөттүн булагы, Eana Korbezashvili/civil.ge

Саламаттыкты сактоо министрлигин маалыматына караганда, митинг учурунда демонстранттардын он төртү жана отуз сегиз полиция кызматкери жаракат алган. (AbA)