Грузин коомун чуу түшүргөн кумса тууралуу тасма

18+

тасмадан алынган кадр

Сүрөттүн булагы, And Then We Danced

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Леван Гелбахиани эң мыкты актёр катары бир катар кинофестивалдарда сыйлык алды

Тбилиси менен Батумиде "Анан биз бийледик" деген аталыштагы француз-швед-грузин тасмасына каршы акциялар өтүп, бир нече киши кармалды.

Грузин коомунда чуу жараткан тасманы өлкөнүн кинотеатрларында биринчи жолу көрсөтүшкөн. Тасманын режиссёру теги грузин болгон швециялык Леван Акин. Тасма улуттук грузин бийин аткарган эки бийчинин сүйүүсү тууралуу.

Көркөм тасма "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлүп, эл аралык фестивалдарда сыйлык алууда. Бирок Грузияда тасманын бет ачарынан кийин эле нааразылыктар дүрт этти.

"Мераб өспүрүм кезинен тарта эле улуттук грузин ансамблинде Мари аттуу кыз менен чогуу бийлечү. Бирок харизмалуу жана камырабаган Ираклийдин келиши анын дүйнөсүн баштан аяк өзгөртүп салды. Ал анын күчтүү атаандашына жана эңсөөсүнө айланды. Мындай консервативдүү жагдайда Мераб эркин болуу керектигин түшүнүп, тобокелчиликке бел байлайт",-деп айтылат тасманын аннотациясында.

Тасма грузин тилинде тартылып, окуялардын жүрүшү Грузияда болуп өтөт. Тасманы Швециянын атынан "Оскардын" эң мыкты чет элдик тасма категориясына көрсөтүштү.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы

Кимдер каршы чыкты?

Тасманы болжолу кырктай өлкөдө көрсөтүшөт. Бирок Грузияда өткөн бет ачары тасманын жаратуучулары үчүн чыныгы сыноо болду окшойт.

Леван Акин интервьюсунда тасманын жаралышына 2013-жылдын 17-майындагы Тбилисидеги окуялар түрткү болгонун белгилейт. Анда жаалданган топ гомофобия жана трансфобияга каршы күрөшүү күнүнө карата Тбилисиде акция өткөргөн ЛГБТ-активисттерине каршы чыккан.

Жети жылдан кийин алар эми тасманын бет ачарын үзгүлтүккө учуратууда. Кинону 8-10-ноябрда Батумиде жана Тбилисинин беш кинотеатрында көрсөтүшмөк. Билеттер буга чейин эле сатылып кеткен. Билет алгандар арасында тасманын көрсөтүлүшүнө каршылар да болгон.

Полиция
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тасманын бет ачарында полиция кинотеатрды кайтарып турду

Каршылык жүрүшүнүн башында тургандардын бири - өзүнүн гомофобиялык пикирлери менен белгилүү болгон "Грузин маршы" кыймылы жана бизнесмен Леван Васадзе.

"Биз кинотеатрларга кирип барып, алардын тасманы көрсөтүшүнө мүмкүнчүлүк бербейбиз",-деди Васадзе.

"Грузин маршынын" лидери Сандро Брегадзе дагы тасманын көрсөтүлүшүнө каршы чыгып, муну кумсаларды пропагандалоонун бир мисалы деп айтты.

Брегадзе грузин чиркөөсүнө кайрылып, диний ишенимдеги кишилерди көчөгө тынч маанайдагы каршылык жүрүшүнө чакырууга үндөдү.

Чиркөө дагы тасмага каршы пикирин билдирди.

Ультра-оңчул топтор бет ачар өткөн бардык кинотеатрларда тасманы үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Каршылыктын очогу Тбилисинин "Амирани" кинотеатрында болду.

Жарандык активист Ана Субелиани жаалданган топтун бутасына илинген. Аны канжалаган абалда "Тез жардам" унаасы алып кетти. Анын башына бир оор нерсе тийгени айтылды.

ИИМ бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Андан сырткары оппозициялык саясатчы Давид Бердзенишвилиге жана эки полицияга карата кол салуу боюнча дагы кылмыш иши козголгон.

Жалпысы болуп 27 киши кармалды. Алардын үчөө Батумиде кармалгандар. Баш калаанын башка кинотеатрларында тасманын бет ачары салыштырмалуу тынч өттү.

Кадр из фильма

Сүрөттүн булагы, Anka Gudjabidze

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тасманы "Оскарга" көрсөтүштү

"Эркектин эрктүүлүгү менен аялдын назиктигин жуурулуштурган бийди ар бир грузиндин намысына тийе турган тасмага айландырышыптыр. Бизди бүтүн дүйнөгө жана Кавказга уят кылышты", -деп билдирүү жасады бизнесмен Васадзе өзүнүн тарапташтары алдында.

Тасманын продюсерлеринин бири Кети Данелия мындай айыптоолорду негизсиз каралоо деп четке кагууда.

"Бул тасма менин Грузияга жана анын мурасына болгон сүйүү катым,- деп жазды "Инстаграм" баракчасына тасманын режиссёру Леван Акин . - Бул тасма аркылуу грузин маданиятын башкача өңүттө кароого аракет кылгам. Тилекке каршы, биз караңгы доордо жашап жатабыз. Күтүлгөн каршылыктар караңгы күчкө каршы туруу канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат".

Көрүүчүлөрдүн бири тасма бүткөн соң кол чабуулар болгонун айтып берди. Каршы чыккандар ишембидеги сеансты дагы үзгүлтүккө учуратабыз деп эскертүүдө. (AbA)