Эльбурстагы трагедия: тоңуп өлгөн альпинисттер

Сүрөттүн булагы, MCHS
Кабардин-Балкарияда Эльбурс чокусуна чыгуу учурунда беш альпинист каза тапты, он төртүн куткарып калышты. 5400 метр бийиктикте калган адамдарды издөөгө жана куткарууга жети сааттан ашык убакыт кетти.
“Эльбурс тоосундагы альпинисттер тобун издөө-куткаруу операциясынын жүрүшүндө 14 адамды куткардык, аларды ратрактар менен Азау түздүгүнө эвакуациялап, дарыгерлерге өткөрдүк. Тилекке каршы, беш адам каза болду”,-деп билдирди Интерфакска Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кабардин-Балкария боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Михаил Надежиндин айтымында, көп альпинисттер тоо-таштын арасында ар кандай жаракат алышты.
“Дээрлик баары тоңуп, үшүп калышыптыр. Кээ бирлеринин колу-буттарында жаракат бар. “Кырсык медицинасы” аларды азыр 4000 метр бийиктикте кабыл алып жатат”,-деди ал ТАССка.
Анын айтымында, куткаруу операциясы аяктады, ал жети саатттан ашык убакытка созулду.
Туристтер тобу Эльбурс тоосунда аба ырайы бузула баштаганда эле жардам чакырган. ТАССтагы булактардын биринин айтымында, бул топто Россиянын 11 регионунан келген альпинисттер бар экен. Ал эми Интерфакс альпинисттердин баары “30 жаштан өйдө, көпчүлүгү тажрыйбасы жоктор” деп жазды.
Куткарылган адамдарды “ратрак” деп аталган атайын транспортко салып, алып түшүшкөн. Алар турган жер 5400 метр бийиктикте болгон. Бул жерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метр, температура – 20 градус.
Айлана жакшы көрүнбөйт, ошол себептүү куткаруу операциясы кыйын болду, дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кабардин-Балкария боюнча башкармалыгы. Издөө иштери дагы кыйын болду, анткени альпинисттер бир жерде болбой, чачырап кетишкен.
Куткаруу операциясына 70 чамал куткаруучу жана он алты техника тартылды. Тергөө комитети каза болгон альпинисттер боюнча текшерүү иши башталганын билдирди.
Альпинист кыздын трагедиясы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Издөө-куткаруу операциясынын өкүлүнүн ТАССка айткан сөзүнө караганда, альпинисттерди аларды коштоп жүргөн гиддердин бирөө таштап кеткен экен.
“Аларды тоого алып келген гид таштап салып, төмөн түшүп кетип калган. Аны биз жолдон көрдүк. Бизден ылдыйраак дагы эки отту көрдүк, аларды да сактап калабыз, буюрса”,-деди куткаруу отряддын өкүлү.
Бирок бул ишти уюштурган Elbrus.guide клубунун башчысы Денис Алимовдун ТАСС менен Интерфакска айтканы боюнча, топту төрт кесипкөй альпинист коштоп жүргөн жана алар адамдарды сактап калыш үчүн колдон келгендин баарын жасашты.
Алимовдун айтымында, бул топто башында 20 адам болгон, 16 - альпинист, калгандары гиддер. Алар жолго чыгышканда, “катуу шамал башталды, бирок аба ырайы туруктуу болчу, эч кандай кечигүү болгон эмес”.
Тоого чыгып жатканда топтогу бир кыз өзүн начар сезип баштаган. Ошондо коштоочулардын бирөө ал кызды Эльбурстун этегине алып түшө баштайт, ал эми калгандары жолун улаган.
Алимов окуянын кийин кандай болгонун кызды коштоп кеткен гидден укканы боюнча айтууда. “Анын айтымында, болжол менен жарым сааттан кийин аба ырайы кескин бузулуп, шамал төмөндөн өйдө согуп, бороон башталды. Балким, кан басымы түшүп кеткенби, айтор төмөндөп түшкөндө деле кыздын абалы оорлошуп кетти. Ошентип ал эс-учун жоготуп, бир саат ичинде гиддин колунан каза болду”.
Алимовдун айтымында, кыз 11.00-12.00 аралыгында каза болду. Ошондо гид анын денеси жаткан жерди рюкзак менен белгилеп коюп, топтун калгандарын күтүп калган. Топтогулар өз убагында түшпөгөндүктөн, 15.00 дө ал лагерь менен байланышып, өз алдынча түшө баштаган. Андан кийин ал куткаруучуларды чакырган.
Топ үчкө бөлүнгөн
Ошол убакта, Алимовдун айтымында, чокуга жөнөгөн топтогу бир адам бутун сындырып алган. Аба ырайы да кескин бузула баштаган.
“Ошол себептүү топ убакытты жоготуп алды, аба ырайы кескин бузулуп кеткен,-деген Алимов ТАССка.
Ошондо альпинисттер тобу үчкө бөлүнүүнү чечкен. Ылдам баскандары калгандарын күтүп отурмак эмес.
“Алар ким кандай басканына карап, топту үч взводко бөлүүнү чечишкен, Түшүп баратканда топтон дагы эки адам каза болду. Бирок топ-топко бөлүнүү туура болду, анпесе өлүм дагы көп болушу мүмкүн эле".
Уюштуруучунун айтымында, гиддер аябай тоңуп, катуу үшүп, травма алышкан. “Алардын бири жакшы көрбөй калды, кардан катуу сезгенип калды”,-дейт Алимов.
Эльбурс - Россиядагы эң бийик чоку, анын бийиктиги 5642 метр. (КС)











