Кызматтык дайындоолор: Марат Иманкуловдун ордуна Арслан Койчиев, Эркин Чечейбаевдин ордуна Каныбек Досмамбетов келди

Каныбек Досмамбетов жана Эркин Чечейбаев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каныбек Досмамбетов жана Эркин Чечейбаев

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын сайтына жарыяланды. Андагы маалыматка караганда, Досмамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Ал буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгын жетектеген.

Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун Фейсбук баракчасына жазганына караганда, жаңы жетекчи буга чейинки министрлерден айырмаланып, тармактын ичинен эмес, башка тармактан дайындалды.

«Ал кыска аралыкта облус боюнча бардык тармактарды терең анализдеп, олуттуу реформаларды жүргүзө алды. Натыйжада мурда коррупциялык жол менен жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылды, ишкерчиликтеги ири коррупциялык схемалар жоюлду, бизнес ээлери расмий каттоодон өтүп иштей баштады. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кен иштетүү көзөмөлгө алынып, тартип орнотулду. Инвесторлорду тартуу аркылуу социалдык имараттарды курууда салымы чоң. Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Ушул себептен улам буга чейин өзүн реформатор жана мыкты менеджер катары көрсөтө алган Каныбек Досмамбетов министр болуп тандалды» деп жазды Орунбеков.

Кызматынан бошотулган Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министри болуп быйыл 3-февралда дайындалган.

Өкмөт медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыруу жана системаны реформалоо максатында бир топ жылдан бери аракеттерди көрүп келет. Бирок, ага карабастан, өлкөдө медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасы эскиргени, кадрлардын жетишсиздиги жана айлык акынын төмөндүгү сыяктуу көптөгөн олуттуу көйгөйлөр айтылып келет.

Башка да кадрдык өзгөрүүлөр болду

1-декабрда президент Садыр Жапаров башка да бир катар кадрдык өзгөрүүлөр боюнча жарлыктарды чыгарды.

Жазуучу Арслан Койчиев мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Арслан Койчиев мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, мамлекеттик катчы болуп бекитилди. Ал буга чейин президенттин кеңешчиси болуп келген.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мамлекеттик катчы кызматын аткарып келген Марат Иманкулов болсо, президенттин кеңешчиси болду.

Ал эми Элчибек Жантаев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Агенттиктин мурдагы директору Кудайберген Базарбаев жакында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болгон.

Азамат Апсатаров болсо, президенттин жардамчысы кызмат ордунан бошотулуп, Президенттик Администрациянын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болуп бекитилди.

Канат Жумагазиев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Анын ордуна Азамат Осмонов дайындалды. Азамат Осмонов буга чейин президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп келген.

Ал эми УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулган Рустам Мамасадыков Коопсуздук кеңешинин катчысы болду. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын Бактыбек Бекболотов аткарып келген.

Бийликтеги бул өзгөрүүлөр Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон кийинки күнгө туш келди.

30-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. 30 округда кайсы үч талапкер алдыга озуп чыкканын Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын интерактивдүү картасынан көрө аласыз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-декабрга карата берген маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда өткөн Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо 4 294 243 шайлоочунун ичинен 1 584 446 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түзөт.

БШК билдиргендей, 2021-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырганда добуш бергендердин саны 351 873 адамга көбөйгөн. Бул 28,6 пайыздык өсүш болуп эсептелет. 2021- жылы 1 232 573 шайлоочу добуш берген.