"Аягы жаман эмес". "Чет элдик өкүл" тизмесине каттоонун жүрүшү

Бейөкмөт уюмдар_мыйзам

Юстиция министрлигиндеги "Чет элдик өкүл" рээстрине үч уюм катталды. Аталган мекемеден алынган маалыматка караганда, башында алты уюмдан арыз түшкөн. Алардын бирөөсү арызын кайра чакыртып алды, дагы экөөнүн документтери туура эмес болгондуктан катталган жок. Өлкөдө жарандык коомдун катуу нааразылыгын жараткан мыйзамдын аткарылышы атайын жобонун негизинде жүрүп жатат.

"Азырынча кооптуу нерсе жок"

Кыргызстанда бир топ убакытка созулган талаш-талкуулардан кийин бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлгө алган “Чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынган. Бул Россиядагы “Чет элдик агент” мыйзамынын эле көчүрмөсү деп сындаган сөздөр көп болду. Анда чет өлкөдөн каржылык колдоо алган уюм “чет элдик өкүл” деген статустагы уюмдардын тизмесине илинет. Кимден канча акча алганын, аны каякка жумшаганын бир тыйынына чейин мамлекеттик органдарга отчет берүүгө тийиш болот.

Мыйзам кабыл алынып жатканда катуу каршылык, нааразылык чоң болгон менен аны аткарууга келгенде иш тартиби кыйла эле ийкемдүү болуп, катаң чектөөлөр же тыюулар жок болуп жаткандай.

Аталган министрлик кабыл алган жобого ылайык, «чет элдик өкүл» рээстрине катталуу ыктыярдуу негизде жүрөт, экинчиден сырттан каржылык колдоо алган уюмдар ошол уюмдан ырастаган тийиштүү маалымкат алган учурда гана бул тизмеге илинет. Бул деген, демек, өлкөдө жүрөк заада болуп жаткан көптөгөн уюмдар тизмеге алынбайт жана мурдагыдай эле тартипте ишин уланта берет деген сөз.

«Азыркы убакта кооптуу коркунучтуу нерсе жок. Биз коркуп жатканбыз. Аягы жаман эмес»,-деди «Адилет» укук коргоо уюмунун башчысы Чолпон Жакупова.

Бул жобо жазында жаңы иштелип баштаганда, Юстиция министрлигинде бейөкмөт уюмдар менен жолугушуу болуп, жарандык активисттер жапырт донор уюмдар чочулап, көптөгөн социалдык иштер токтоп жатканын эскертишкен.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ошондо «иш-аракеттерге эч кандай куугунтук жана чектөөлөр болбойт. Сиздердин өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иш-аракеттериңиздерге кызыктарбыз”,- деген.

Андан мурда президент Садыр Жапаров өзү дагы мыйзамга кол койгондон кийин эч кандай кысым же куугунтук болбойт деп билдирген. Бирок өкмөттүк эмес уюмдар баары каттоодон өтөт деген сөзү көп активисттерге беймаза ойго салган.

“Мындан ары ачык айкын иштей башташат. Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт. Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. “Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат”,- деген эле Жапаров.

“Бизде 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар эч жерге катталчу эмес. Эч кимге отчёт беришчү эмес. Жөн гана банктардан эсеп ачып эле чет өлкөлүк донорлорунан акча алып, каалаган нерселерине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келишкен”,- деген президент.

"Бөрк ал десе, баш алмай"

Бейөкмөт уюмдардын эркиндиги
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун эркиндигин баалоочу CIVICUS Monitor платформасы дагы жакында эле адам укуктарына байланыштуу Кыргызстанды сындаган отчет жарыялады.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошол эле убакта мамлекеттеги расмий жетекчилердин бейөкмөт уюмдардын ээн-жайкын иштеп келгени жөнүндө айткан-дегендери аларга большевиктердин учурундагы тап душманга жасалгандай жерүү саясатын күчөттү. Бийликчил медиа платформаларда аларды сырттан акча алып, "пулуң болсо кулуңмун" деп тымызын элге каршы иштеп жаткан уюмдардай жаманатты кылуу өнөктүгү күч алды. Мурда-кийин мамлекеттик органдар бейөкмөт уюмдар койгон маселеге кулак салып, эсептешип келген болсо, азыр "сенин ким экениңди билебиз" дегендей тейде тескери мамиле кадыресе көрүнүш болуп калды дейт жарандык активисттер.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова мыйзам күчүнө кире электе эле тоскоолдуктар башталганын айткан эле:

"Көптөгөн мамлекеттик органдар жарандык коом менен кызматташуудан баш тартууда, текшерүү иштери тууралуу дагы кооптонуулар болуп жатат".

Мамлекеттик органдардын жемелеп жериген, өгөйлөгөн мамилесининин айынан гранттык колдоолор кыскарып, кызматкерлери иштен кетип, социалдык максат-милдеттери орундалбай калып жатканын айткан бейөкмөт уюмдар болууда.

Алардын ичинде айрыкча укук коргоо жаатында иштеп жүргөн уюмдардын, жарандык активисттердин маанайы жок.

Балдардын укуктарын активдүү коргоп жүргөн бир уюмдун башчысы биз менен сүйлөшкөн учурда таарыныч ызасын аябай төктү, бирок атын ачыктабай коюну өтүндү. “Мага проблеманын кереги жок”,-деди.

Мурда-кийин жарандык активисттер коомду түйшөлткөн курч маселелерди жалтанбай ачык айтышчу. Азыр өзүнүн ысмын атагандан да коркуп жаткандар бар.

“Азыр мамлекеттик органдардын мамилеси такыр өзгөрдү. Барсаң эле, жаман көзү менен карап, НПО экенсиңер, баргылачы нары” деген сөздү угасың”.

Бул укук коргоо уюмунда 12-15 кызматкер иштейт. Андан сырткары тигил же бул иштерге элүүдөн ыктыярчы тартылчу. Эми ыктыярчылар да келбей калды. Алар гана эмес, штатта иштеген кызматкерлердин маанайы жок. Мурдагыдай мамлекеттик органдарга барып, эл арасына барып, укуктары бузулгандардын таламын талашып, маселе коюудан заарканып турушат.

Экинчи жагынан мурда грант берип колдоп келген донорлор да кете баштады. Конфликттердин алдын алуу боюнча долбоорду колдоп келген эл аралык уюм дагы каржылык колдоону токтотту.

“Конкурска катышып утуп алганбыз, чоң эле сумма болчу. Азыр эми токтотуп атышат. Биз “чет элдик агент” деген атка конот экенбиз. Силердин элге, мамлекетке кереги жок болсо, анда биз эмнеге жаманатты болобуз” деген нааразы сөздү уктук”,-дейт укук коргоочу.

Президент Юстиция министрлигинин маалыматына таянып, Кыргызстанда 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаты жана алардын катышуусу менен иш алып бара турганын кошумчалаган.

Төлөйкан Исмаилова

"Репрессиялык укурук"

Бейөкмөт уюмдарга карата мамлекеттик саясатты репрессия деп атап, катуу каршылык көрсөтүп келаткан жарандык лидерлердин бири Төлөйкан Исмаилова. "Бир дүйнө" укук коргоо борборунун жетекчиси башка уюмдар менен бирге 3-сентябрда Кыргызстандын бийлигин адам укуктары жаатында милдеттенмелерин аткарууга жана жарандык коомдун эркин, коопсуз иштешине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырып билдирүү жасады.

"Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон, Россиянын үлгүсүндө жазылган "Чет элдик өкүл" мыйзамы чет элден каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарды стигматизация кылып, алардын үстүнөн көзөмөлдү олуттуу түрдө күчөттү, бийликтер алардын ишмердигин токтотуп, соттор бул мыйзамдагы талаптарга туура келбеген уюмдарды жоюп салууда",-деп айтылат FIDH, "Бир дүйнө" жана "Теңчилик коалициясы" уюмдарынын биргелешкен билдирүүсүндө.

Жайында БУУнун баш катчысы Кыргызстанга келгенде бир катар жарандык активисттер менен жолукканы белгилүү, анын ичинде Төлөйкан Исмаилова да бар эле. Ошол жолугушууда дагы "Чет элдик өкүл" мыйзамы жарандык уюмдардын эркиндигине олуттуу тоскоолдук жараткан репрессиялык укурук болуп жатканы айтылган. (КС)