"Токмок жеген учурлар көп болду": Балдар үйүндөгү кыйынчылыктар жана келечек

Бала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жакында Бишкектеги балдарды коргоо борборлорунун биринен үч бала өз алдынча чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат тарады. Бул окуя Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн абалына, аларда чоңоюп жаткан балдардын тагдырына байланыштуу маселени кайрадан козгоду. Мындай жайларда тарбияланып жаткан балдардын укуктары, коопсуздугу канчалык корголууда жана келечекке болгон даярдыгы кандай?

"Баланын кыялын эч ким укпайт"

Отуз эки жаштагы Игорь Бишкектеги балдар үйүндө чоңойгон. Азыр болсо өзү сыяктуу жетим калгандарга жардам берүү үчүн атайын фонд ачып, алар менен түз иш алып барат. Игорь аталган жайда өткөн балалыгын төмөндөгүдөй эскерет:

"Конкреттүү өзүм тууралуу айта турган болсом, мен тарбияланган мектеп-интернатта токмок жеген учурлар көп болчу. Маселен, шоктонгондо, балалык кылып тартип бузганда тарбиячылар шыпыргы же швабра менен урган учурлар болгон. Бурчка тургузуп коюшчу. Бул дайыма эле болуп келген көрүнүш".

Игорь кандай гана шарт түзүлбөсүн, балдар үйү эч качан эне мээримин алмаштыра албай турганын айтып, мындай мекемелерди "туюк чөйрө" деп сүрөттөйт.

"Бала ал жерде төрт дубалдын ичинде, туюк чөйрөдө жашайт. Ал коомго аралашпайт, дүйнөнү өз көзү менен көрө албайт. Ал күн сайын бир эле адамды, ошол тарбиячы аялды күнү-түнү, 24 саат бою көрүп жашайт"- деди ал.

Игорь балдар үйүнө ымыркай кезинде түшкөн. Ал тоголок жетим. Чоңоюп, аң-сезими калыптана баштаганда интернатты бүткөндөн кийин кайда барам? Кантип жашайм, кандайча билим алам? деген суроолор ага тынчтык бербей келген.

"Мамлекеттен да, туугандардан да эч кандай колдоо болбогондо, адам өз жашоосун кандай курарын, кандай жашарын өзү да билбей калат. Жашоодо муктаж болгон эң негизги турак-жай, билим жана жумуш тууралуу маселелер түйшөлттү. Мындай шартта киши жашоодо туура багыт алып, өзүн таап кетүү өтө эле кыйын",- деди ал.

Айтымында, балдар үйүндө тарбияланып чыккандардын көбү турмуш жолуна даяр болбойт. Анткени мамлекет да, мекеме жетекчилери да алар менен системалуу, узак мөөнөттүү негизде иш жүргүзбөйт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бала 8-9-класстан тартып ойлоно баштайт. Интернатты аяктаган соң кайсы окуу жайга тапшырам? Кайсы кесипке окуйм? деп. Бирок ал жерде анын каалоосу менен эч ким эсептешпейт. Кадимки үй-бүлөдө ата-эне баласы менен кеңешип, анын кызыгуусун эске алып бир-эки жыл эрте кайсы окуу жайга тапшырат деп кам көрө баштайт да. Бул жакта андай эмес. Жөн гана кайсы лицейде бош орун болсо, ошол жакка жиберишет. Ал эми баланын бухгалтер, дарыгер же кондитер болом деген кыялын эч ким укпайт",- деди ал.

Айтымында, мындай мамиле алардын деңгээлин өстүрбөйт, тескерисинче, өзүн таба албай калган жаштар коомдон четтеп, турмуштун оор шартына туш болот.

"Жөн гана кайсы жерде бош орун болсо, ошол жакка түртүшөт. Себеби интернат жетекчилиги эптеп "баш ооруудан" кутулууну каалайт. Башка нерсени эске албаганда тоголок жетимдердин турак-жай менен камсыздалышы дагы чоң көйгөй. Маселен, мен көп жолу ипотекага үй алууга аракет кылдым. Бирок мамлекеттик кызматта иштебегендиктен, кредит алууга мүмкүнчүлүгүм жок болгондуктан ала албай жатам. Бардык балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүндө ушундай көйгөй бар. Үйү жок, жумушу жок, демек окууга да шарт жок",- деди Игорь.

Беш пайызы гана тоголок жетим

Бала

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 137 интернат тибиндеги мекеме катталган, аларда жалпысынан 9970 бала тарбияланууда. Анын ичинен 69 мекеме мамлекеттик, 39у менчик, калганы муниципалдык же диний уюмдарга карайт. Мамлекеттик 69 мекеменин ичинен төрт интернат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу болсо, төрт интернат Саламаттыкты сактоо министрлигине, калганы Билим берүү министрлигине тиешелүү.

Министрликтин өкүлү Бакыт Тодогелдиевдин айтымында, интернаттарда жашаган 9970 баланын болгону беш пайызы гана тоголок жетим, калган 95 пайызы жарым жетим же ата-энеси бар.

"Бул балдардын көбү оор турмуштук кырдаалга кабылган. Кээ бири үй-бүлөсүндө зомбулукка туш болгон, айрымдарынын ата-энеси миграцияда жүрөт. Кээ бирлерин убактылуу гана жайгаштырышат",- деди Тодогелдиев Би-Би-Сиге.

Ошондой эле, интернаттардагы балдардын 55 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар экенин белгиледи.

Кыргызстандагы интернат мекемелеринде тарбияланып жаткан ар бир баланын тагдыры, ден соолугу жана күнүмдүк жашоосу түздөн-түз ошол мекеменин жетекчисинин жоопкерчилигинде турат. Мыйзам боюнча, интернат директору автоматтык түрдө балдардын расмий камкорчусу болуп эсептелет.

Адистин айтымында, ар бир интернат мекемеси жашоо шарты, кызмат көрсөтүүлөрү жана тарбия берүү системасы боюнча атайын талаптарга ылайык болууга тийиш. Бул талаптар өкмөттүн токтому менен бекитилген.

"Мына ошол талаптарга ылайык, министрлик аккредитация жүргүзөт. Учурда өлкө боюнча катталган 137 интернат мекемесинин ичинен 34ү аккредитациядан өттү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кээ бир интернаттар жабылып калган учурлар дагы болуп турат",- деди ал.

Министрликтин маалыматына ылайык, тоголок жетим балдарды колдоо үчүн мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер каралган.

Тодогелдиевдин айтымында, жетим баланын атына "Келечекке салым" программасынын алкагында 500 миң сом депозит ачылат. Бул каражатты 25 жашка чейин окууга, саламаттыкты чыңдоого же жашоо шартын жакшыртууга пайдаланууга болот. Ошондой эле, жер тилкеси же турак-жай алууда жетим балдар кезексиз, артыкчылыктуу негизде колдоо алышат.

"ЖОЖго атайын квота каралган. Мындан тышкары, ата-энесинин ордуна пенсия алууга укуктуу. Ал эми турмуштук оор кырдаалга кабылган башка балдар 18ге толгондон кийин мындай артыкчылыктар каралбайт. Эгерде кийинчерээк ал адам аз камсыз болгон үй-бүлө катары катталса, социалдык жөлөк пулдарды алуусу мүмкүн",- деди министрликтин өкүлү.

Айтымында, мамлекет интернат мекемелериндеги балдарга кам көрүү максатында минималдык талаптарды иштеп чыккан. Бул талаптарга ылайык, балдардын билим алуусу, саламаттыгы, тамак-ашы, кийим-кечеси жана тарбиясы белгилүү стандарттарга жооп бериши керек. (VO)