13 жыл мурдагы кандуу окуяларды козгогон коомдук комиссия
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстанда 13 жыл мурда бийлик алмашууга алып келген кандуу окуяларды кайра карап чыгуу аракеттери башталды. Бишкекте 2010 -жылдын апрель-июнь айларында болгон окуяларды кайра иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия түзүлдү.

Бул комиссиянын мүчөлөрү 24-майда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүнүн максат-милдеттерин жарыя кылмакчы.
Көз каранды эмес коомдук комиссиянын жетекчиси, ЖКнын мурдагы депутаты Кубанычбек Исабеков.
“Биз биринчи 7-апрелден баштайбыз. Эмне алып келди, эмнеге ушундай болду, ичтен, сырттан кандай таасир болду, себеби эмнеде болду, эмне менен бүттү, ачылбаган бир топ фактыларды ачабыз”,- деди К. Исабеков Би-Би-Сиге.
“Эки ортодо фейктер чыгып, ажырым кетип баратат. Ошону биз болушунча көз карандысыз фактылар, далилдерди чыгарып, токтотуп калышыбыз керек. Биздин революцияга алып келели деген максатыбыз жок. Тескерисинче биримдүүлүккө, ынтымакка чакырып, ушуга чекит койбосок болбой атпайбы. Менин бирөөнү жамандап, бирөөнү актайын деген оюм жок".
Бул билдирүү өлкөдө экс-президенттер темасы курч талкуунун чордонунда турганда болуп жатат. Элдик курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин Минскиде качып жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алып, жарыялаганы коомдук маанайды удургуткан иш болуп калды. Ошол эле учурда Москвада жүргөн экс-президент Аскар Акаев Бишкекке келип, анын бир катар жогорку окуу жайларда, УИАда лекция окуй турганы кабарланганда, ага каршы билдирүүлөр болуп , Жогорку Кеңеште да катуу сөз болду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2010-жылы 6-7-апрелде миңдеген кишилер ошол учурдагы президент Бакиевдин режимине каршы көтөрүлүп, Ак үйдүн алдында токсонго жакын киши окко учуп, жүздөгөн кишилер жарат алган. Бакиев адегенде кичи мекени Жалал-Абадка, андан ары Беларуска барып баш калкалап калган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол эле жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абадда болгон улут аралык кагылышууда төрт жүздөн ашуун киши көз жумган. Миңден ашууну ар канджай жаракат алышкан. Бул кайгылуу окуяларды бир нече комиссия иликтеп, анын ичинде улуттук, парламенттик жана эл аралык комиссиялардын тыянагы көптөгөн талкууларды жараткан эле.
2010-жылы Ош жана Жалал-Абадда болгон коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча Абдыганы Эркебаев башында турган улуттук комиссия иштеген.
"Эми Ош окуялары боюнча канчалаган комиссия түзүлбөдү. Мына мен жетектеген улуттук комиссияга өлкө боюнча эн кадыр-барктуу адамдар: окумуштуу, эксперттер кирди эле. Алардын ичинде ар кайсы улут өкүлдөрү да болгон. Өзбек туугандардан Бактияр Фаттахов, Базар-Коргондон мыкты өзбек врач кирген, ЖКнын мурунку депутаты Бөрүбай Жураев жана башкалар. Ош окуясын кийин парламенттик комиссия да иликтеди. Анан Киммо Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да изилдеди. Ал комиссиянын жыйынтыгын мен айрым депутаттардай болуп такыр эле терс кабыл алган жокмун. Ал корутундунун туура да жерлери бар. Ош окуяларында адамгерчиликке жатпаган айрым окуялар болгон дегенин мен деле туура көрөм. Биз өтө улутчул болбостон жалпы адамзаттык маданияттык укукту сыйлаш билишибиз керек. Алар деле изилдеп көрүп, эч кандай геноцид, аскердик кылмыштар болгон жок дешти. Адамгерчиликке байланыштуу иштер болгонун биз деле танбайбыз да. Биздин өзүбүздүн деле комиссия ошондой мисалдарды келтиргенбиз. Эми кайрадан эле эл аралык иликтөө болсун дегенди мен туура көрбөйм",-деген Абдыганы Эркебаев ошол учурда Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мындан 13 жыл мурда болгон кандуу окуяларды кайра карап чыгуу аракети биринчи жолу болуп жаткан жок. 2010-жылы июнь айында өлкө түштүгүндө болгон улут аралык кагылышуулар боюнча кылмыш иштерин Башкы прокуратура өткөн жылы кайра козгоп, ошол убактагы мамлекеттик бийликте турган адамдардын жоопкерчилигин карап баштаган. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага бул иш боюнча суракка кирип чыккан.
Камчыбек Ташиев сурактан чыккандан кийин көп жыл мурда болгон кандуу окуяга күнөөкөр катары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн атаган:
"Алар түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү жикчилдерди (сепаратисттерди) колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, мындан улам улуттар аралык кагылышуу келип чыккан".
Камчыбек Ташиев Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени 2012-жылы парламенттеги оппозициялык фракциянын башчысы болуп турганда көтөргөн эле.
Атамбаевдин убагында Башкы прокуратураны башкарган Аида Салянова июнь окуялары боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, алардын эч кимиси жоопко тартылган эместигин билдирген.
Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмил Каптагаев көз каранды эмес коомдук комиссиянын билдирүүсүн Бакиевдер жасап аткан технология деп атады.
"Кайрадан караш керек турбайбы дегенге алып келип, Жогорку Соттун чечимин бузуп туруп биринчи инстанцияда кайра каралсын дейт. Ошондо эч кимиси соттолбой калган болуп калат. Кайра башынан сот он жыл карайбы, 20 жыл карайбы, аны менен эч кимдин иши жок болуп калат. Соттолгондугу жоюлуп, эркиндик алып кетет. Бул азыркы жасалып жаткан бул иштин технологиясынын өзөгү ушул".
Эмил Каптагаев ошол эле учурда Убактылуу өкмөт мүчөлөрү корко тургандай эч кандай негиз жок дейт:
"Өткөндү чукуган кандай кыймыл болбосун коомду козгойт. Акыр аягы баягы эле чындык айтылат. Сенсация болуп кете тургандай жашырган эчтеке жок".
2010-жылы 7-апрелдеги бийлик алмашкан учурдагы кан төгүлгөн окуя боюнча баардыгы 28 адам соттолгон. Курманбек Бакиев, ошол учурда Мамлекеттик Күзөт кызматын жетектеп турган бир тууганы Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов Аскер сотунун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Жогорку Сот кийин Курманбек Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын жокко чыгарып, анын ордуна 30 жыл өкүм кылган.

Башкы прокуратура өткөн жылы июнь окуясына тиешеси бар кызмат адамдарынан 15 киши суракка чакырылганын кабарлаган. Анын ичинде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков бар. Алардан сырткары тизмеде Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, Жалал-Абад областынын мурдагы администрация башчысы Бектур Асанов, баардыгы он беш киши аталган.
Оштогу кандуу тополоңду уюштурду деп айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган өзбек диаспорасынын жетекчилеринин бири Кадыржан Батыров Швециядан баш паанек таап, ошол жакта 2018-жылы каза болду.
Кадыржан Батыров акыркы жолу Би-Би-Сиге Швециядан байланышып, өзүнө коюлган күнөөлөрдү баарын четке каккан.
Иномжан Абдрасулов жана башкалардын көбүнүн дайыны жок.
Кандуу коогалаңды уюштургандар кармалбай жана жоопко тартылбай жаткандыгын жабыр тарткан тараптар козгоп жатат деген билдирүүлөр болуп келатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Тема боюнча тектеш материалдардын архивин бул жерден окусаңыз болот:
2010-жылы болгон кандуу окуялар боюнча козголгон кылмыш иштери кайра карала турганы Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин эле айтылган болчу.
Ошондой эле 2018-жылы бийликте Сооронбай Жээнбеков турганда дагы бул маселе козголгон.
Ошол кандуу окуялардан кийин сыртка чыгып кеткен кыргызстандык айрым өзбек тектүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер президентке кайрылуу жолдошкон. Анда Ош окуясын калыс тергөө үчүн аны эл аралык уюмдардын катышуусунда жүргүзүү сунушталган.







