Кытай менен Тайвандын ортосунда жаңжал курчуду
Дэвид Браун, BBC News

Кытай менен Тайвандын ортосунда мамиле чыңалып, былтыр эле Кытайдын согуштук учактары Тайвандын аба коргонуу аймагына рекорддук санда кирип барганы белгилүү болду.
Мунун өзөгүндө бириктирүү маселеси жатат.
Кытайдын президенти Си Цзинпиндин айтымында, Тайванды Кытай менен “бириктирүү” “ишке ашырылышы зарыл”. Ал муну ишке ашыруу үчүн күч колдонуу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.
Кытай Тайванды өз алдынча башкарууга ээ болуп, бөлүнүп кеткен провинция катары көрөт жана кийинчерээк ал Кытайдын негизги бөлүгү менен кошулат деп эсептейт.
Бирок Тайван өзүн өз алдынча конституцияга ээ, демократиялык жол менен шайланган лидерлери бар көз карандысыз өлкө деп билет.
Тайван кайда жайгашкан?
Тайван Кытайдын түштүк чыгыш жээгинен болжолдуу 160 км алыстыкта жайгашкан арал.
Ал “алгачкы арал чынжыры” деп аталган жерде жайгашкан. Аталган чынжырчада АКШга көзү түз жерлер орун алган жана алар АКШнын тышкы саясатында эбегейсиз мааниге ээ.

Эгерде Кытай Тайванды тартып ала турган болсо, Батыштагы айрым эксперттердин оюнча, ал Тынч океанынын батыш жагында өзүнүн бийлигин эркинирээк долбоорлоп, АКШнын Гуамдагы жана Гавайидеги аскердик базаларына коркунуч туудурушу мүмкүн.
Бирок Кытай ниети тынчтык экенин айтып көшөрөт.
Эмне үчүн Тайван Кытайдан бөлүнгөн?
Болжолду Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бул эки жер бөлүнүп кеткен. Анда Кытайдын негизги бөлүгүндө бийликтеги улутчул күчтөр менен Кытайдын Коммунисттик партиясынын ортосунда кармашуу жүргөн эле.
Коммунисттер 1949-жылы жеңип, алардын лидери Мао Цзедун Бээжинде көзөмөлдү колго алган.
Ал ортодо Гоминдан деген аталыш менен белгилүү улутчул партия алыс эмес Тайванга качып кеткен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошондон бери Гоминдан Тайвандагы эң белгилүү саясий партия болуп келатат. Аралдын тарыхынын басымдуу бөлүгүндө аталган партиянын бийлиги өкүм сүргөн.
Учурда 13 мамлекет гана (жана Ватикан да) Тайванды эгемен өлкө катары тааныйт.
Кытай башка өлкөлөргө Тайванды тааныбоо же таанууну билдирген эч кандай аракетке барбоосу үчүн белгилүү бир деңгээлде дипломатиялык басым көрсөтүп келет.
Тайвандын коргоо министри Кытай менен мамилелер соңку 40 жылда да мынчалык начарлап кеткен эмес деп билдирген эле.
Тайван өзүн коргой алабы?
Кытай экономикалык байланыштарды бекемдөө сыяктуу аскердик эмес чаралар аркылуу бириктирүүнү ишке ашырууга аракет кылышы ыктымал.
Бирок аскердик тиреш чыгып кете турган болсо, Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайвандын күчтөрүн жөн эле басып коёт.
Кытай дүйнө жүзүндө АКШдан кийин эле коргонууга эң эле көп каражат жумшаган өлкө. Аскердик кубатынын жөндөмү баарын камтыйт: деңиз аскердик күчтөрү, ракета технологиясы, учак жана кибер чабуулдар.

Ачык жаңжал чыгып кете турган болсо, Батыштагы айрым эксперттердин божомолу боюнча, Тайван сырттан жардам күткөнчө Кытайдын чабуулун басаңдатууну, Кытайдын амфибиялык (жер жана суу аркылуу келген) күчтөрүн жээкке келбешин алдын алып, партизандык чабуулга өтүүнү көздөшү мүмкүн.
Андай жардам АКШдан келиши мүмкүн. АКШ Тайванга курал-жарак сатса да, Вашингтон расмий түрдө “стратегиялык белгисиздик” саясатын карманат.
Башкача айтканда, кол салуу болуп кете турган болсо, анда АКШ Тайванды коргоп-коргобосу же кантип коргой турганы боюнча атайылап эле белгисиз позицияда.
Дипломатиялык жактан алганда АКШ учурда “Бир Кытай” саясатын карманат жана Тайванга караганда Кытай менен расмий мамиледе. Аталган саясат Кытайдын бир эле өкмөтү бар, ал Бээжинде дегенди туюнтат.
Кырдаал курчуп баратабы?
2021-жылы Кытай аскердик учактарын Тайвандын Аба коргонуу аймагына жөнөтүп, басымды күчөткөн эле.
Тайван учактардын кирип келгенин 2020-жылы коомчулукка ачык жарыялаган.
Кирип келген учактардын саны 2021-жылдын октябрында рекорддук көрсөткүчкө чыгып, бир эле күндө 56 учактын киргени аныкталган.

Тайвандын дүйнө үчүн кандай мааниси бар?
Тайвандын экономикасы аябай маанилүү.
Дүйнө жүзүндө күн сайын колдонгон электроникалык шаймандардын көпчүлүгү — телефон, ноутбук, саат жана оюн консолдору — Тайванда жасалган компьютердик чиптер менен иштейт.
Маалыматтар боюнча, Тайвандын бир эле компаниясы дүйнөлүк базардын жарымынан көбүн ээлейт. Ал Тайван жарым өткөргүч өндүрүү компаниясы (Taiwan Semiconductor Manufacturing Company) же TSMC.

TSMC “куйма өндүрүш” компаниясы деп да айтылат. Ал керектөөчүлөргө жана аскердик кардарларга ылайыктуу чиптерди жасайт. Бул аябай чоң өнөр жай. Анын баасы 2021-жылы $100 миллиардды түзгөн.
Кытайдын Тайванды тартып алуусу менен Бээжин дүйнөдөгү эң маанилүү өнөр жайды көзөмөлдөп калышы мүмкүн.
Тайвандыктар тынчсызданып жатышабы?

Кытай менен Тайвандын мамилеси соңку убактарда чыңалып кеткени менен изилдөөлөргө караганда, көптөгөн тайвандыктар салыштырмалуу түрдө санаасыз.
Октябрда Тайвандын Коомдук пикир фонду адамдардан “бара-бара Кытай менен согуш чыгып кетиши мүмкүнбү?” деп сураган.
Дээрлик үчтөн бири (64,3%) андай болушу мүмкүн эмес деп жооп беришкен.

Дагы бир изилдөөдө Тайвандагы көптөгөн адамдар өздөрүн “тайвандык” деп бөтөнчө атары аныкталган.
Чэнчи улуттук университети 1990-жылдардын башынан бери жүргүзүп келаткан сурамжылоо өздөрүн кытайлык, же кытайлык жана тайвандык деп идентификациялаган адамдардын саны азайып, көптөгөн адамдар өздөрүн тайвандык деп эсептерин көрсөткөн. (EA)








