Украинадагы согуш: Кыргыз элчиси 100 күндүк ишине сереп салды

Абдыбек Казиев, Би-Би-Си, Бишкек

Бир нече кыргызстандык азыр да Украинада

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир нече кыргызстандык азыр да Украинада

Украинада күнүнө ондогон адам окко учуп, имараттар кыйрап, шаарлардын үрөйү учуп турган кез. 100 күндөн ашкан согушта эки тарап тең оңой эмес жоготууга учураганы айтылууда. Дүйнөнүн дүрбүсүндө турган Украинада ондогон кыргызстандык жашап, иштеп, билим алып келген. Ушул күндөрү дагы бир топ кыргызстандык ошол өлкөдө күн кечирүүдө.

Би-Би-Си Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркуловду кепке тартып, ат жалында маек курду.

Би-Би-Си: Учурда Киевде кырдаал кандай?

И. Кадыркулов: Украинада аскердик кагылышуу башталганына 100 күндөн ашты, ошон үчүн бир караганда шаар тургундары көнүп калгандай cезилет, күнүмдүк тиричилиги менен алек. Бирок, кырдаал татаал бойдон калууда, борбордо адам аз, көп соода түйүндөрү иштебейт, күйүүчү май тартыш, кечинде коменданттык саат жарыяланууда, күндө бир-эки маал аба “тревогасын” угуу бизге көнүмүш адат болуп калды. 5-июнда Киевдин бир районуна ракеталык сокку болгонуна маалыматыңыз бар болсо керек.

Би-Би-Си: Башка элчиликтердин ишмердүүлүгү кандай өтүп жатат, эмне өзгөрүүлөр бар?

И. Кадыркулов: Буга карабастан, азыркы тапта Киевке чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн көпчүлүгү кайтып келди, алардын арасында биз дагы барбыз.

Донбастагы кыйроолордон бир көрүнүш
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Донбастагы кыйроолордон бир көрүнүш

Би-Би-Си: Эвакуация жүргүзүлгөнүнө карабай 60ка жакын теги кыргызстандыктар же кыргыз жарандары ал жакта калган эле. Алардан кабар алып жатасыздарбы?

И. Кадыркулов: Азыркы учурда Украинада жалпы 60ка жакын жаран бар. Саны улам өзгөрүп турат. Себеби, мурда элчилик менен байланышпаган, консулдук каттоодо турбаган жарандар байланышка чыгып жардам сурап калышат. Алардын бардыгы менен биз байланыштабыз, ал-акыбалдарын сурап турабыз. Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандарга жардам берип, эвакуация дагы деле уланууда. Өткөн аптада Венгрия аркылуу үч балалуу аялды Кыргызстанга чыгардык. Азырынча кете турган каалоочулар жок.

Идрис Кадыркулов: Жашоо өз нугуна түшөт деген үмүтүбүз чоң...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Идрис Кадыркулов: Жашоо өз нугуна түшөт деген үмүтүбүз чоң...
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Украинада калган кыргызстандыктар эмне менен алек, арасында кагылышка катышкандар барбы?

И. Кадыркулов: Жарандардын көбү тейлөө тармагында эмгектенишет. Мындан сырткары мугалим жана дарыгер болуп иштегендери дагы бар. Украинадагы мүлкүн таштап кете албаган жарандар дагы бар экенин айта кетейин. Анткени, алар ар кайсы жылдары Кыргызстандан биротоло көчүп келгендер. 42 студент Кыргызстанга кайткан. Биз эвакуциялаган жарандардын арасында, “кайрадан Украинага кайтат элек” дегендер дагы кездешет. Бирок, биз аларга азырынча келбей турууну сунуштап жатабыз. Себеби, кырдаал туруктуу эмес. Кагылышка катышкан жарандарыбыз жок. Кыргызстандын айрым бир массалык маалымат каражаттарында чагылдырылган “А” аттуу жаран өзүнө белгилүү бир себептерден улам, маек берип, өзүн таанымал кылды. Бирок ал жигит аймактык коргонуунун санитардык кызматында жүргөн.

Би-Би-Си: Ал жакта жай турмуш болбогон соң элчилик аткара турган иш дагы бир топ өзгөрсө керек?

И. Кадыркулов: Элчилик өз ишибизди мүмкүн болушунча толук түрдө аткарып жатабыз. Биз, Украинадан тышкары, Молдова, Болгария жана Румыния өлкөлөрүнө жооптуубуз. Аба мейкиндиги жабык болгондуктан, ал жактан жарандарыбызга Киевге келиш татаал. Ошол себептен, Румынияга (биринчи жолу) жана Болгария өлкөлөрүнө жумушчу сапар менен барып кайттык. Анын алкагында ал жакта жашаган жарандарга консулдук кызматтын бардык түрлөрү көрсөтүлүп, юридикалык жардам дагы берилди. Ошондой эле, ал жактагы жарандарыбыз менен биз тыгыз байланыштабыз. Кагылышууга карабастан турмуш бир орунда турбайт экен. Биз кошумча аккредитация болгон өлкөлөр менен соода-экономикалык багытта дагы иш-чараларыбызды улантууга бел байлаганбыз. Ал жагы дагы жигердүү жүрүп жатат десем болот. Буюрса бул багытта алгачкы жыйынтыктар бар.

И. Кадыркулов: Элчиликтин иши Украина менен эле чектелбейт
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, И. Кадыркулов: Элчиликтин иши Украина менен эле чектелбейт

Би-Би-Си: Атышуу, жарылуу, өлүм-житим коштогон жерде иш алып барып жатасыздар. 6-июнь күнү байланышкан учурда дагы "абадан сокку болушу ыктымал" деген эскертүү (тревога) болуп жаткан экен. Ушундай шартта өзүңүздүн, кызматкерлериңиздин ал-абалын учкай айтып берсеңиз.

Би-Би-Си: Албетте бул жакта абал кооптуу. Ар бир күнүбүздү тобокелчилик тооруп турат. Тамактануу убактыбыз дагы, уктаар маалыбыз дагы, ойгонгон маалыбыз дагы жай турмуштагыдай айдан ачык эмес. Бирок, бизге ишеним көрсөтүлгөндөн кийин, кызматыбызды так аткарууга милдеттүүбүз. Акыбал турукташып, жашоо өз нугуна түшөт деген үмүтүбүз чоң.

Элчинин март айындагы маегин бул шилтемеден угуп, көрсөңүз болот: Украинадагы кыргыз элчиси: 68 жараныбыз азырынча Украинада