Үмүт Култаева: жогорку трибунада кыргыз тилинин нормасы сакталбай жатат

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Үмүт Култаева

Сүрөттүн булагы, Google

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үмүт Култаева

Филология илиминин доктору, лингвист Үмүт Култаева 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Би-Би-Сиге маек куруп, тилинен жаңылган саясатчыларга сереп салып берди.

Ү.Култаева: Жогорку Кеңеште азуусун айга бөлөгөн Рыскелди Момбеков деген депутат жана мурдагы спикер Дастан Жумабеков бар го. Ушулар “боюнча” деген сөздү эмнегедир “моюнча” дешет.

Бул таластыкча ушундай айтылабы же кандай, билбейм. Биз “моюнча” дегенде малдын мойнуна байланган нерсени түшүнчү элек.

Бирок биз “биринчи маселе моюнча, экинчи маселе моюнча” дегенди угуп жүрөбүз. Ошону укканда кулагымды жаап алгым келип кетет. Анан ошондой эле “барчук”, “келчүк” деген диалекттер колдонулат.

Жогорку трибунада адабий тилдин нормасы сакталышы керек. Ал жакка жетип сүйлөгөн адам бүт кыргыз элине, кийинки муунга да үлгү болушу керек да. Мен саясатчылардын бузуп сүйлөгөн сөздөрүн жазып да койчу элем. Мисалдары толтура, мындай сөздөрдү тизмектеп да келем. Азыр көчүп жаттым эле, таппай жатам.

Дагы бузуп сүйлөп, эң тарап кеткени - “мен ойлойм”. Айрыкча ушул сөз чиновниктерге эмнегедир мода. Айылдагы аксакалдар деле “атаңдын оозун урайын, ойлонбой туруп “ойлойм” дешет, деп аябай кыжырданышат. Себеби, кыргыз тилинде ойлогон нерсени сүйлөмдүн аягында жыйынтык кылып чыгарат.

Дагы бир кызык жери, жазганда да бузуп жазышат. Мына “аба” деген сөз бар. Бир мааниси кадимки дем алып аткан аба, экинчиси атасы менен бир тууганды “аба” дешет. Мына ушуну эми “в” менен жазып жатышат. Кыргыз тилинде “в” менен жазылбайт. Ооба, “б” тыбышы интервокалдуу позицияда “в” деп айтылат, бирок антип жазылбайт.

Кыргыз тилинин өзүнүн мыйзам ченеми бар. Айталы, жандама сан атооч жетиге чейин эле саналат. Бирок мен көп эле угуп жүрөм, "сегизөө”, “оноо”, “тогузоо” дешет. Бул эреже башка дүйнө тилдеринде деле бар. Саясатчылар эмнеге бул жандама сан атоочту бузуп сүйлөйт, билбейм.

Үмүт Култаева

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үмүт Култаева коомдук жана саясий ишмерлер менен
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Саясатчылардан кыргыз тили боюнча ошондо кимдерди үлгү дей аласыз?

Ү. Култаева: “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров абдан кыйын сүйлөйт. Анын саясатын мен жактырамбы же жактырбаймбы, ал башка маселе. Бирок абдан мыкты сүйлөйт.

Парламенттин мурдагы төрагасы Мыктыбек Абдылдаев сүйлөгөндө абдан кумарланып угам. Албетте, саясатчы-жазуучулар мыкты сүйлөйт. Андайлар бизде жетиштүү. Бирок жаман жери чечен сүйлөгөн адамдарыбыздын катары суюлуп бара жатат.

Төлөгөн Касымбеков бар эле, укмуштуудай сүйлөгөн. Бексултан Жакиев кетти. Ушул аксакалдар бул дүйнөдөн кеткенден кийин кыргыз коому өтө нарктуу кишилерге муктаж болуп турат. Сөздүн баркын билип, кунун баалаган кишилерибиз азайып барат.

Би-Би-Си: Сизге келип кыргызча үйрөнөм деген саясатчылар барбы? Алар кимдер?

Ү. Култаева: Убагында мектепте орусча окуп, орусча ойлонгон көп кишилер келип окуду. Келип атайын курстардан өтүп турат. Алар көбүнчө жеке курстарды алышат.

Депутат, чиновниктерден көп келишет. Бирок алар коомчулукка аты-жөнүн атагысы келбейт, андыктан мен атынан айткым келбейт. Атактуу, мыкты кишилер келип, азыр да сабак алып жаткандары бар. Мага келгенде кыргыз тилин окугандыгы тууралуу бир-эки сертификат менен келишет.

Бирок практикалык жактан дээрлик пайда албаганын байкайм. Мага келгенде кыргыз тилинде сүйлөбөй жүргөндөр, сүйлөп калышат. Менин өзүмдүн автордук методикам бар.

Мага окуганы келгендер бат эле жыйынтыкка жетишип, “бизге аябай пайдалуу болуп жатат” дегенинен кыргыз тилин окутуу боюнча борбор да ачтым.

Үмүт Култаева

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Киши көкүрөгүн ачпаса, тилди үйрөнө албайт", - дейт Үмүт Култаева.

Би-Би-Си: Кыргыз тилин үйрөтүүдө эмнеге басым жасайсыз?

Ү. Култаева: Биринчиден, мен этнопедагогикага абдан маани берем. Элдик маданият, элдик этикет, сүйлөө маданиятына басым жасайм. Экинчиден, тилдин өзүн эле кургак үйрөтө бербестен, тилди адабият менен кошуп үйрөтөм. Бардык машыгуу тексттерди адабияттан алып берем.

Улутчул дешет билбеген,

Улутун кимдер сүйбөгөн,

Кыргыз деп келгем дүйнөгө,

Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн

Байдылда Сарногоевдин ушул ырын айтып берсем, жагат.

Саясатчыларга кыргыз тилин гана үйрөтпөстөн, патриоттук духун ойготконго да аракет кылам.

Чоку болот тоолордун бийик жери,

Чокудай бол кыргыздин жигиттери,

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,

Чоң атабыз үйрөткөн, сени-мени.

Мисалы, бир чиновникти өкмөттөн окуттум, “буга чейин кыргыз болгонуңа сыймыктандың беле?” деп сурасам, ойлонуп туруп “жок” деп жатпайбы.

Киши көкүрөгүн ачпаса, тилди үйрөнө албайт. Көкүрөгүнө руханий гүл-азык бергенде гана анын бүтүндөй психологиясында өзгөрүү болот дагы, тилдеги барьер жоюлат.

Бир депутат бар, беш жыл бою Жогорку Кеңеште отуруп кыргызча сүйлөбөптүр, эми дагы депутат болсом кыргызча сүйлөйм деп жатат. Кыргыз тилинде сүйлөгөндөн корком дешет. Бирок барьер жоюлгандан кийин сүйлөйм деп калышат.

Бизде ага маани бербей эле, зат атооч, сын атооч деп, “саламатсыңбы”, “жашың канчада" деген арзан диаологдор менен чектелип эле, сертификат беришет экен.

Тилди үйрөнүп кетиш үчүн болгону анын көкүрөгүнө ачкыч салуу керек. Мен өзүм иштеп чыккан тил боюнча андай 25 ачкыч бар. Ошону бергенден кийин окуган окуучунун көкүрөгү ачылат.

Би-Би-Си: Саясатчыларды кандай муктаждык тил үйрөнүүгө түртөт?

Ү. Култаева: Публикага чыкканда эки сөздү кошо албай, уят болуп, сүйлөй албай калгандан кийин тил үйрөнүү муктаждыгы чыгат. Сөзсүз, учурунда ошондой кыйынчылыкты баштан өткөргөндөр кайрылышат.

“Жогорку жактан” дешип, мен өмүрү тааныбаган адамдар издешти. Бири-биринен угуп, “мыкты үйрөтөт” деген сунуштоолор болот экен. Алар эми, чынында, чоң чиновниктер. Аларга деле жанагыдай ырларды жаттатам, намысын ойготом.

Педагогикада кайтарым баайланыш деген бар эмеспи. Өзүм сезип турам: кайсы сөзүм жетти, кайсынысы жеткен жок. Менин сөзүм жеткенде ушундай бир толкундоо пайда болот, көзүнөн жалын көрүнөт. Жетпесе, торпоктун көзүндөй болуп тура берет.

Би-Би-Си: Сизге кыргыз тилин үйрөнөм деп башка улуттан кайрылган саясатчы, чиновниктер барбы?

Мурун башка улуттан да келчү. Кийинки кезде кыргыздар моноулутка айланып баратат окшойбуз. Кыргызча сүйлөбөгөн кыргыз саясатчы, чиновниктер келет.

Бабановдун 2017-жылдагы шайлоо кампаниясы

Сүрөттүн булагы, Google

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоо кампаниясы учурунда

Би-Би-Си:Бабановдун 2017-жылы Он-Адырда айткандарына лингвистикалык экспертиза жүргүздүңүз эле. Андан бери саясатчылардын айткан-дегендерин талдоо боюнча сизге кайрылуулар болдубу?

Ү. Култаева: Бабановдун айткандарына лингвистикалык корутунду бергенден кийин жакшы-жаман да жагын көрдүм. Бир жагынан коомчулук аябай жакшы кабыл алып, көп киши телефон чалып ыраазычылык билдирди.

Бирок анын азабын да тартып калдым. Ошол кезде кара тизмеге кирип, жумуштан чыгарылып... Ошондуктан кийинки кезде андай нерседен баш тартып калдым. Андан башка иштерим көп экен, убакытты да көп алат экен.

Азыр деле көп кайрылышат, бирок мен баш тартып калдым. Мисалы, атын айтпай эле коёюн, жакында абакка кесилип бараткан бирөө кайрылды. Айткан сөзү боюнча айыптар тагылыптыр.

Түрмөдө отурган атактуу кишилерден бир-экөөсү кайрылды. Бирок азыр менин андайга ден соолугум деле жакшы эмес.

Би-Би-Си: Маданият өкүлдөрүнүн атынан президент Садыр Жапаровдун дарегине кайрылуу жолдонуп, анда сиздин да ысымыңыз аталып, азыр талаш-талкуу жүрүп жатпайбы...

Ү. Култаева: Ал кайрылууга мени кошуп коюшуптур, фамилиямдын тушунда менин колум жок. Айтышка акындарды тандоо сынагы болуп, ошол жакка шашып бараттым эле.

Анан көп кадырлуу кишилер кол коюп, “митингге каршы элди тынчтыкка чакыралы” деп жатабыз деп чалышкан. Буга чейин деле ушул өңдүү суранычтар менен көп чалышчу, баш тартып койчумун.

Эми дайыма эле назарын сындырбайынчы деп, “митингге мен деле каршымын, мейлиң кошсон кошуп кой” дегем. Текстин көргөн эмесмин. Анан кечэээ эле жакшы санаалаштар чалып башташты...

Бирок эми Сонунбүбү Кадырова өзү бул тууралуу түшүндүрмө берди го. “Булар кол койгон эмес, текстти да көргөн эмес” деди.

Президентке кат жазарын билген эмесмин, көпчүлүктүн атынан гезитке эле митингге каршыбыз деп жарыялайт го дегем. Анан президентке жазган катына элди кошуп эмне кылат. Бул өзү абсурд.