Бабанов шайлоо жарышынан четтетилбейби?

Шайлоодо негизги күрөш Жээнбеков менен Бабанов ортосунда болору күтүлүүдө

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоодо негизги күрөш Жээнбеков менен Бабанов ортосунда болору күтүлүүдө
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштогу шайлоочулар алдындагы талаштуу сөзү жана анын саясий шериги Канат Исаевдин кармалышынан улам шайлоо жарышынан чыгып калбайбы деген суроо жаралууда.

Эске салсак, талапкердин Ошто сүйлөгөн сөздөрү боюнча УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгында экспертиза жүрүүдө. Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы караган Бишкектин 1-Май райондук соту тергөө бүткөнчө камакта калуу чечимин чыгарды.

Атамбаев: Абалды курчутам дегендерге катуу чара көрүлөт

Президенттин аппараты бүгүн маалымат таратып, анда Коопсуздук Кеңеши чакан курамда жыйынга чогулуп, президент Алмазбек Атамбаевге үгүт өнөктүгү маалындагы өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча маалымат берилгени белгилүү болду.

«Жогорку Кеңеш депутатынын башаламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалышына байланыштуу улуттук коопсуздуктун негизги маселелери талкууланды» - делет бул тууралуу билдирүүдө.

Атамбаев шайлоого карата өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча маалымат алды

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атамбаев шайлоого карата өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча маалымат алды

Маалыматка ылайык Атамбаев шайлоодо ар кандай чагым иштерге жол бербөө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу талабын коюп, абалды курчутам дегендерге катуу чара көрүлүшүн тапшырды.

Бабанов: Исаев мен колдогону үчүн камалды

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен 30-сентябрда камакка алган.

1-октябрда «Республика» фракциясынын лидери, талапкер Өмүрбек Бабанов чукул маалымат жыйынына уюштуруп, анда Исаевдин камалышын өзүнө карата шайлоо алдында каралоолор күчөгөнү менен байланыштырган болчу.

«Канат Кедейкановичке байланыштуу окуяда басым ал мамлекеттик төңкөрүш жасоону даярдап жатканына коюлуп жатат. Бирок ММКда чыккан материалдардан мен төңкөрүш тууралуу бир да сөз уккан жокмун. Сот ганна анын күнөөсүн тактай алат. Эгер Канат Кедейканович мени колдобогондо анын мындай көйгөйлөрү болмок эмес», - деген Өмүрбек Бабанов.

Ал арада депутаттын кызы Бермет Исаева дагы социалдык баракчасында кайрылуу менен чыкты.

«Кыргызстанда жумушчу күчү акысыз эмес, штабдар, үгүтчүлөр, элди жыйноо, жолугушууларды өткөрүүнүн баары акча. Андыктан акча жогорудагы себептердин бири боюнча берилиши мүмкүн" деген пикир жазып, бийлик элди адаштырып жатканын жазып, кыргызстандыктарды чагымга алдырбоого чакырган.

Шайлоодон кийинки абал кооптубу?

Саясат талдоочулар шайлоону үч этапка бөлүшөт: шайлоого чейинки, добуш берүү күнү жана шайлоодон кийинки кырдаал. Үчүнчү шайлоодон кийинки кырдаал бир топ опурталдуу экени белгиленип келет.

Ушундан уламбы, айтор, президент Атамбаев 31-август Эгемендик майрамында күн алдын эле шайлоодон кийинки кырдаалды курчутам дегендердин жазасы катаал болорун эскерткени бар.

"Конституцияга ылайык менин ыйгарым укуктарым 1-декабрда токтойт. Ага чейин Кыргызстандын президентимин. Шайлоодон кийин абалды курчутуп, башаламандыктарды уюштуруу аракеттери катаалдык менен чектелет. Ал үчүн менин убактым жетиштүү. Бул жолу эч кимге кечирим болбойт",- деген болчу өлкө башчысы.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай президенттик шайлоо парламенттик шайлоодон коркунучтуу экени аныкталганын айтат.

Президенттик шайлоону өткөрүү парламенттиктен кооптуу болот

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттик шайлоону өткөрүү парламенттиктен кооптуу болот

«Бул коркунучтуу экенин эске алып бийлик шайлоону таза, легитимдүү өткөрүп бере албаса, Бабановду четтеткен күндө дагы бийлик стабилдүү тынч кала берет деген кепилдик жок. Себеби, бийлик өзү басымды көбөйтө берсе, шишик бир күнү жарылып кетет го дейт», - серепчи.

«Эгемен Кыргызстан тарыхында болгон эки ири саясий окуя - Жоогазын жана Апрель ыңкылаптары ошол кездеги бийликтин ага чейинки өткөргөн таза эмес шайлоолорунун жыйынтыгы болгон» дейт дээрлик бардык шайлоолорго тыкыр көз салып келген байкоочу Динара Ошурахунова.

«2007-2009-жылдардагы шайлоолордун жыйынтыктары бурмаланган. Анда эл эч жакка чыгып, нааразычылыгын унчукпай эле кармап жүрдү. Бирок бир күнү бул барып отуруп жарылды», - деди Динара Ошурахунова.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Ага 12 талапкер ат салышып, негизги күрөш бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков менен парламенттеги «Республика» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ортосунда болору айтылууда.