Кыргызстандын тарыхындагы эң курч атаандаштыкты жараткан шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Айбек Абдылдаев & Алмаз Чороев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Кыргызстандагы бул жолку президенттик шайлоо өлкө тарыхында биринчи жолу кимдин жеңип чыгары бүдөмүк болгон абалда өтүүдө. Айталы, буга чейинки шайлоолордо сөзсүз бийлик сүрөгөн талапкер өтүп келери анык эле болуп калчу.
Үгүт иштери жарымдап калган мезгилде өлкөдөгү саясый күчтөр, белгилүү саясатчылар кайсыл бир талапкерлердин айланасына бириккен жүрүштөрүн аяктады көрүнөт. Деген менен айрым серепчилер алдыда дагы талапкерлер арасында биригүүлөр болушу мүмкүн экенин да болжоп турушат.
"Демократиялык мамлекеттерде бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Башында талапкерлер көп чыгат, андан соң электен өтүшөт. Үгүт кылып, шайлоочулардын колдоосу кандай экенин байкап туруп, анан биригип же баш тартуу мыйзам ченемдүү нерсе. Шайлоонун каржылык чыгымдарды дагы көп болот. Бүгүнкү күндө эки талапкер көрүнүп калды. Демек күрөш ошолордун айланасында болот. Саясый күчтөр биригип бүттү деп ойлойм. Алдыда аз эле убакыт калды. Башка чоң деле биригүүлөр болушу кыйын",-дейт коомдук ишмер, шайлоого байкоо салып жаткан серепчилердин бири Алмаз Акматалиев.
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарышка 13 талапкерди каттаган. Бирок соңку биригүүлөрдөн кийин талапкерлердин катары эки кишиге азайды. Алардын бири талапкерлигин алып саларын расмий жарыялады, экинчиси үн ката элек.
Тараза ташы кимге оойт

Сүрөттүн булагы, official
Президентикке ат салышып жаткан талапкердердин ичинен үчөөсү ар кандай учурда өкмөттү башкарышкан. Булар Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбековду бийликтеги социал-демократтар партиясы сүрөнгө алууда. Өзүн өзү көрсөткөн Өмүрбек Бабанов парламенттеги «Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери.
Өмүрбек Бабанов бийлик талапкерине курч атаандаштык жаратып жатканы айдан ачык болуп турат. Ал айланасына бир катар саясый күчтөрдү топтой алды. Айталы, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен тандем түзүп, атаандаштарына чоң баш оору алып келди. Экөөсү тең шайлоого чоң каражат сарптоого мүмкүнчүлүгү бар саясатчылар. Өткөн парламенттик шайлоодо экөөнүн тең партиясы шайлоочулар арасынан колдоо таба алган. Бабанов шайлоону утуп чыга турган болсо, Төрөбаев премьер-министрлик кызматка келерин ачык жарыялады.

Сүрөттүн булагы, official
"Бул кырдаал Темир Сариевди оор абалга калтырды деп эсептейм. Анын ресурсу азайып жатат. Анын Бабанов менен биригейин деген аракети бар эле. Менин пикиримде Сариев азыр Сооронбай Жээнбеков тарапка ооп тургандай. Байкасаңар штабынан кишилер кетип жатат. Менимче, ал Жээнбеков тарапка оошу мүмкүн. Мадумаровду болсо алдыда көрөбүз, ал деле күтүү абалында тургандай",-дейт саясат таануучу Марс Сариев.
Бабанов-Төрөбаев тандеминен мурун социал-демократтардын талапкерин белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев колдоп чыккан. Ал өзүнүн талапкерлигин алып саларын расмий жарыялады. Камчыбек Ташиев 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин күтүүсүз жерден "Ата Журт" партиясы менен Жогорку Кеңешке болгон шайлоону утуп чыкканы бар. Кийин 2011-жылдагы президенттик шайлоого катышып 14 пайзыга чукул добуш алган. Соңку учурда ар кандай саясый күчтөр менен биригип, кайра эле ажырашып кеткен позициясы үчүн сынга кабылып жүрөт. Бирок мындай сындар Кыргызстандагы саясатчылардын дээрлик көбүнүн артынан ээрчиди.
Марс Сариевдин пикиринде, азыр социал-демократтар тынчсызданган абалда деп мүнөздөсө болот. "Мурунку ишенимдүү ойдон азыр тынчсызданган абалга түштү деп айтса болот. Азыр эми мүмкүнчүлүктөр элүүгө-элүү болуп турат".
Темир Сариев дагы тегерегине бир катар саясатчыларды чогулта алды. Бирок үгүт иштеринин жүрүшүндө анын ресурсу аз болуп, негизи атаандаштыкты жарата албай жатканын белгилегендер бар. Ошого карабастан ал өз күчүнө ишенип, үгүт иштерин жандуу улантууда.

Сүрөттүн булагы, official
Белгилүү саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров башында Бабановго биригери айтылып келген эле, бирок Бабанов-Төрөбаев тандеминен кийин анын өз алдынча эле барары белгилүү болуп калды окшойт. Адахан Мадумаров Кыргызстандагы эң белгилүү саясатчы. 2010-жылы анын партиясы парламенттик шайлоодо жалпы шайлоочулардын 8 пайыз добушун алып, бирок аз гана айырма менен беш пайыздык босогону багындыра албай калган. Ал эми 2011-жылкы президенттик шайлоодо экинчи орунда келип, жалпы добуштардын 15 пайызын алган эле.

Сүрөттүн булагы, official
Президент Атамбаев менен бир кезде үзөңгүлөш жүргөн белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров бийликке оппозиция катары өзүн көрсөтүп келүүдө. Бекназаров Кыргызстандагы эки ыңкылапта тең активдүү роль ойногон. Ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөттө иштеп кийин, парламенттик шайлоого өз алдынча чыгып, анын Бириккен элдик кыймылы бир пайызга жетпеген добуш алган. Кийинки парламенттик шайлоодо ал сүрөп чыккан партия абдан аз добуш алды. Парламенттик шайлоодо бирге чыккан генерал Исмаил Исаков бул жолу бийликтин талапкерин колдоп жатат.
Айрым талапкерлердин ысымы коомчулуктун кеңири катмарына анчейин деле белгилүү эмес. Эрнис Зарлыков буга чейин Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри кызматында иштеген.

Сүрөттүн булагы, official
Жалгыз аял талапкер Өкмөттүк эмес уюмдардын ассоциациясынын төраймы Токтайым Үмөталиева буга чейинки президенттик шайлоолорго да такай катышып келген, тажрыйбалуу саясатчылардын бири.
Талапкерлердин ичинен шайлоочулар үчүн жаңы ысым болгон саясатчы Таалатбек Масадыков Кыргызстандан сырткары көптөгөн жылдар эл аралык кызматтарды иштеп жүргөн. Ал үгүт иштеринин жүрүшүндө өзүн таанытууга аракет кылганы менен башка талапкерлердин фонунда көп деле айырмалана элек.
Мындан тышкары талапкер катары мурдагы депутаттар Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев чыкты.
Мурунку президенттик шайлоодо дагы ат салышкан Арстанбек Абдылдаевди кыргыз коомчулугу адаттан сырт айтылган пикирлери аркылуу жакшы тааныйт. «Эл үчүн» деген партияны негиздеген.
Үгүт иштериндеги көзгө урунган жагдайлар
"Эки нересени байкасак болот. Канча шайлоо өттү, бул жолу дин кызматкерлери активдүү жана ачык катышып жатканы биринчи фактор деп эсептейм. Экинчиси, тилекке каршы админстративдик ресурс кайра эле колдонулуп жатканы байкалып калууда. Биздин мыйзамдар боюнча шайлоону таза жана мыйзамдын чегинде, адилеттүү, ачык өткөрүү аткаруу бийлигини милдети. Ошондуктан өкмөт дагы бул маселелерде принципиалдуу позицияны ээлеши керек",-дейт коомдук ишмер, шайлоого байкоо салып жаткан серепчилердин бири Алмаз Акматалиев.
Буга чейин диний ишмер, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековко үгүт жүргүздү деген дооматтардан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселени карап чыгып, ал жердеги жыйынга диний ишмерди чакырганы үчүн деп президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевке эсертүү берген.
Үгүт иштери башталгандан бери админстративдик ресурска байланыштуу бир катар учурлар ачыкка чыкты. Соңкусу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткен аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусунда бийликтеги партиянын талапкерин колдой турганын ачык билдиргени үчүн премьер-министр тарабынан эскертүү алып, шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетекчилигинен четтетилди.
Ал эми дагы бир талапкер Өмүрбек Бабановдун коңшулаш Казакстандын президенти менен жолугушканын Ак ордонун сайты жазып чыккандан кийин Кыргызстандын өкмөтү буга катуу реакция жасап, Тышкы иштер министри аркылуу өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалаган нааразылык нотасын жолдоду. Казак тарап буга дароо эле жооп берип, президент Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттикке талапкер Ѳмүрбек Бабанов менен жолугушуусу эл аралык тажрыйбага туура келет деп айткан.
Бул окуя албетте, өлкөдөгү чоң саясый жараяндарга сырткы өлкөлөрдүн таасири бар деген талаш-талкууларды кайрадан күчөтүп, айрым учурда талапкер Бабановдун дарегине айтылган катуу сындар менен коштолууда.
«Азыр Өмүрбек Бабановду жарыштан алып салуу боюнча дагы маселе көтөрүлүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы анын үгүт иштери учурундагы мыйзам бузуулары боюнча суроо көтөрүүдө. Андай болсо күтүлбөгөн варианттар чыгышы мүмкүн. Анын артында дагы электораттар бар, каршылык маанай күчөп кетиши мүмкүн» ,-деди Марс Сариев.
Сарпталган каражаттар жана үгүттүн жүрүшү
18-сентябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына караганда президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов эң көп каражат коротуп, анын шайлоо фондуна келип түшкөн акчадан 124 млн 168 миң 880 сом каражат сарпталды. Бийликтеги социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков 45 млн 630миң 160 сом каражат жумшаса, үчүнчү орунда талапкер Темир Сариев 25 млн 699 миң 725 сом короткону көрсөтүлдү.
Ал эми Бакыт Төрөбаевдин шайлоо фонду үгүт иштерине 12 млн 606 миң 696 сом короткон. Калган талапкерлердики 1 млн сомдон ашуун каражаттын айланасында эле коротушканы белгилүү болду. Ушунун өзү эле кимдердин айланасында негизги кармаш болорун көрсөтүүдө .
Дагы бир жагдай бул жолку үгүт иштеринде интернеттеги социалдык желелердин ролу күчөдү. Социалдык тармактарда талапкерлерди колдогон топтор түзүлүп, үгүт иштери жандуу жүрүүдө. Ошол эле учурда кайсыл бир талапкерди каралоо, компроматтар согушу да интернеттеги социалдык тармактарда катуу байкалат. Айтор, кайым айтышкан, сурмажылоо жүргүзгөн, кыскасы шайлоого кайдыгер карабагандарды социалдык желелерден табасын.
Ал эми бир аз юмору жакшы шайлоочулар болсо талапкерлер боюнча күлкүлүү кыска тамашаларды жасап, бирин-бирине жөнөтүп, өлкөдө шайлоодон сырткары калган киши жоктой. Элеттиктер күндө күн алыс концерт менен коштолгон жолугушууларга карк болуп жатышат. Көчөлөр кызыл-тазыл ураан-чакырыктар менен кооздолгон.
Кыргызстандагы электораттардын талапкерлердин программасына көп деле маани бербеген учурун эске алганда, бул жолку үгүт иштеринде кыска убадалар менен чакырыктарга басым жасалып, айрым талапкерлердин шайлоочулар менен болгон жолугушуулары маалымат каржаттарынан байма-бай көрсөтүлүп турган учур.
Шайлоочулардын тизмеси жана катышуу кандай болушу мүмкүн?
Борбордук шайлоо комиссиясы ырастагандай, президенттик шайлоого катыша турган шайлоочулардын саны 2 млн 973 525 кишини түзөт. Бирок бул сандар добуш берүү күнүнө чейин бир аз өзгөрүшү мүмкүн. Бул жолку шайлоочулардын тизмеси мурункуга салыштырмалуу 58 937 кишиге көп.
Анткени буга чейин биометрикалык маалыматтын тапшырбай келген кишилердин эсебинен тизме өзгөргөн. Эскерте кетсек, биометрикалык маалыматтын тапшыргандар гана добуш берүүгө катыша алышат.
Ушундан улам жаралган көйгөйлөр бар. Маселен, миграциянын агымы күчтүү өлкөдө сыртта жүргөн шайлоочулардын саны 12480 деп көрсөтүлгөн. Өткөн шайлоолордо дагы мигранттар менен иш алып барган уюмдар биометрикалык маалымат тапшыра албай калган миңдеген мигранттар добуш берүүгө катышпай калганын айтып чыгышкан эле. Орусиянын өзүндө эле 500 миңден 700 миңге чейин кыргызстандык мигранттар эмгектенишери айтылып жүрөт.
Ушунун өзү добуш бере албай калгандар саны канчалык экенин көрсөтүп тургандай. Ошого карабастан президенттик шайлоого катышуу активдүү болот деп күтүлүп жатат. Анткени талапкерлер дагы өз тарапташтарын шайлоодо активдүү болууга үндөп, добуш берүү күнү ар бир добушун шайлоо үкөгүнө салдыруу аракетин көрөрү буга чейинки шайлоолордон улам белгилүү.
Кыргызстандагы шайлоонун өзгөчөлүгү
Кыргызстанда 2005-жылы жана 2010-жылы элдик толкундоолордун арты менен бийлик алмашып, президенттер өлкөдөн качып чыгууга аргасыз болгон. Апрель ыңкылабынан кийин өлкө парламенттик башкаруу формасын тандап алды. 2016-жылы Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүп, ал аркылуу премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилген эле.
Чөлкөмдөгү коңшу өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстан биринчилерден болуп шайлоону жаңы технологиялар менен - шайлоочулардын биометрикалык маалыматты аркылуу добуш берүү ыкмасын киргизди.
Авторитардык башкаруу системасына ыктаган коңшуларына салыштырмалуу саясый атаандаштык ачык-айкын жүрөт. Айталы, өткөн парламенттик шайлоонун тыянагында бийликчил партия башка партиялардан чоң деле айырмалана алган жок. Салыштырмалуу сөз эркиндиги бар жана жарандарды тандоо укугуна ачыктан ачык басым көрсөтүү жок.








