Жаңы парламент биринчи жыйынга 17-декабрда чогулары айтылды

Кыргызстандагы шайлоо
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы шайлоо

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун расмий жыйынтыгын бекитти. БШКнын 12-декабрдагы жыйынында 87 талапкер шайланды деп табылып, жыйынтыктоочу токтом кабыл алынды.

БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун маалыматына ылайык, жаңы шайланган депутаттардын Жогорку Кеңештеги жыйыны 17-декабрга пландаштырылып жатат.

«Ушуну менен чоң иш-чараны бүтүрдүк. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болсо керек, митингдер болгон жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын же Аймактык шайлоо комиссиясынын жанында нааразы жарандардын келген фактылары аныкталган жок, болгон да жок. Ошондуктан бул да бир көрсөткүч, жетишкендик деп баалайт элем. Бул үчүн баарыңыздарды куттуктайм. Акыркы чечимди – токтомду биз кабыл алдык. Жогорку Кеңештин 87 депутатын каттадык. Расмий иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында 17-декабрга пландаштырылып жатат », деди Тынчтык Шайназаров.

Жогорку Кеңештин VIII чыгарылышы биринчи жыйынга чогулган күндөн тартып, мурдагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтойт.

Кыргызстандын парламенти 90 депутаттан турат. Өлкөдөгү 30 шайлоо округдун ар биринен үчтөн депутат шайланат. 13-округундагы шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыккандыктан, ал округдан депутаттар шайланбай калды. Ал жерде жакынкы айларда кайра шайлоо өтөт. Бул округдан парламентке аттанган Бакыт Сыдыков баштаган бардык талапкерлерге жаңы шайлоого катышууга тыюу салынды.

Шайлоодогу нааразылык

БШК төрагасы шайлоо жогорку жетишкендикте өттү дегени менен андагы чечимдерге нааразы талапкерлер да болду.

Талапкер Ыргал Кадыралива №9 округунан шайлоого катышып, аял талапкерлердин ичинен алдыга чыгып, бирок жети шайлоо тилкесиндеги (№5039, №5548, №5040, №5054, №5577,№5041,№ 5050 )добуштар жокко чыгарылгандан кийин алдыңкы талапкерлердин тизмесине илинбей калган. Буга байланыштуу талапкер нааразы болуп сотко кайрылган.

№8 округунан шайлоого катышып, аял талапкерлердин ичинен алдыга чыгып, бирок эки шайлоо тилкесиндеги (№5249 жана №5514) добуштар жокко чыгарылгандан кийин мандат тийбей калган талапкер Жылдызкан Жолдошева да БШКнын үстүнөн сотторго кайрылган.

Ага чейин №26 округдан шайлоого аттанган талапкер, парламенттин VII чакырылышынын депутаты Элдар Абакиров БШКга кайрылып, анын округунан 460 миң сом тараткан талапкерге чара көрүүсүн талап кылган. БШКда бул округга тийиштүү арыз-даттануулар боюнча да жыйын өтүп, бирок Абакировдун өтүнүчү канааттандырылган жок.

№13 округдагы шайлоо жыйынтыгынын жокко чыгарылганына байланыштуу да талапкерлер арыз берген. Алардын да өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-декабрга карата берген маалыматына ылайык, мөөнөтүнөн мурда өткөн Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо 1 584 446 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 36,90 пайызын түзөт. БШК билдиргендей, 2021-жылдагы көрсөткүчтөр менен салыштырганда добуш бергендердин саны 351 873 адамга көбөйгөн. Бул 28,6 пайыздык өсүш болуп эсептелет. Быйыл чет жакта 16 178 жаран добуш берген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 60,7 пайызга көп.