Ооган согушунда генералды куткарып калган кыргыз жоокеринин эрдиги
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Мындан туура 35 жыл мурун ушул күнү (1989-жылдын 15-февралында) СССРдин куралдуу күчтөрү Ооганстандын аймагынан чыгып кеткен. Дээрлик он жылга созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө кара так калтырды. Бул согушка Кыргызстандан да миңдеген жоокерлер тартылган. Алардын бири Кадырбек Уметов бөтөн эл, бөтөн жердеги согушта жүргөн күндөрүн эскерип, СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн 40-армиясынын командири, генерал Борис Громовду кантип өлүмдөн сактап калганы боюнча Би-Би-Сиге маек курду.
Кадырбек Уметов: Мен 1981-жылдын күзүндө Фрунзе шаарынын Биринчи май райондук аскер комиссариатынан армияга чакыртылдым. Адегенде Прибалтика аскер округуна жөнөтүлүп, Латвияда десанттык-чабуул бригадасында алты айлык окуутуу-машыгуудан өттүм. Бизге ал жерден аскердик тактикаларды, уставдарды, айтор бүт баарын үйрөтүштү. Окуу аяктаган соң 1982-жылы мага кенже сержант аскер чинин беришип, Түркистан аскер округуна жиберишти. Калган бир жарым жылдык аскердик мөөнөтүмдү өтөө үчүн 1982-жылы Ооганстанга аттандым. 1983-жылдын ноябрь айынын соңуна чейин Ооганстандын аймагында кызмат өтөдүм. Адегенде Баграм провинциясында, андан кийин айыгышкан кармаш жүргөн Кандагар провинциясында парашют-дестанттык бригадада кызмат кылдым.
Би-Би-Си: Латвияда дестанттык бригадада окутуудан өтүп жатканда Ооганстанга барасыңар деп согушка даярдашты беле?
Кадырбек Уметов: Согушка барарыбыз тууралуу эч качан кабардар болгон эмеспиз. Бизди дестанттык войскада парашюттан кантип секирүүнү, оор кырдаалдарда өзүңдү кандай алып жүрүү керектигин, аскердик милдеттерди так аткаруу тууралуу окутуу, такшалуулардан гана өткөрүшкөн.
Би-Би-Си: Түркистан аскер округунан Ооганга жөнөтөр алдында жоокерлердин макулдугун сурашканбы же сиз кызмат өтөгөн батальон же бригаданы жалпы эле айдаштыбы?

Кадырбек Уметов: Жок, жалпы эле дестанттык бригаданы жөнөттү. Бирөөбүздөн да макулдугубузду сурашкан эмес. Бир гана эсимде калганы: жөнөп кетер алдында командирлер, генералдар чакырып, СССРдин кайсы өлкөсүнөн аскерге чакырылганыбызды, канча бир тууган экенибизди такташты. Бирок ошондо дагы согуш тууралуу айтылган эмес. Ооганстан социалдык жолго түшүп жатат, биз ошого жардам беришибиз керек дешкен. Социалдык мекемелерди курууга, мектеп, оорукана, бала бакчалардын курулушуна кол кабыш кыларыбызды айтышкан.
Би-Би-Си: Сиздер Ооганга аттанып жаткан биргаданын курмында 15 Союздук өлкөнүн өкүлдөрү бүт эле бар беле же көбүнчө азиялык жоокерлер беле?
Кадырбек Уметов: Биз Латвияда окууну аяктап жатканда баардык 15 өлкөнүн жоокерлери бар болчу. Бирок Ооганстанга жөнөтүлгөндө Азиядан барган жоокерлер басымдуулук кылып турду. Көбүнчө Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан келген жоокерлер көп болчу.
Би-Би-Си: Ооган жергенсине барган биринчи күнү кармаш жүрүп жаткан аймакка түштүңүздөрбү, алгачкы күндөрдү сүрөттөп берсеңиз?
Кадырбек Уметов: Барганда эле бизди согуш талаасына жөнөтүшкөн жок. Камандирлер аймакта кармаш жүрүп жатканын айтышып, даярдоодон өткөрүштү. Биз дестанттык окуудан өтүп ар кандай кырдаалга даяр сержант болуп барганыбызга карабай Ооганстанда кайрадан эки айлык мыкты даярдыктан өттүк.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Ооган согушу тууралуу көп тасмалар тартылды, андагы кадрларда айыгышкан кармаштар көп берилет. Чынында согуш өзү кандай болгон?
Кадырбек Уметов: Согуш деген согуш. Анда күтүлбөгөн ар кандай кырдаалдар болуп турат. Жоокерлер эле эмес командир, генералдар дагы мүңкүрөгөн учурлар болот. Тасмалар режиссердун фонтазиясына карап тартылат, а согуш деген такыр башка. Эсимде, бир чоң кармашта көптөгөн куралдаштарыбыздан айрылып калдык. Бардык кырдаалга канчалык даяр турсаң да күтүүсүздөн абал өзгөрүп кетет. Кечээ эле каткырып, кучакташып жүргөн курдаштарыңдын, сени менен жүргөн командириңдин денеси бир заматта эле жаныңда сулк жатып калганы эң оор, аябагандай өкүнүчтүү сезим.
Дагы бир эч качан унутбай, жүрөгүмдө калган бир нерсе бар. Ал – кармаш басылгандан кийин согуш майданын тазалоо. Мына ошол учурлар азыр да күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анткени согуш талаасында айрымдар душмандын тийген огунан денесинин ар кайсы мүчөсүнөн ажырап оор абалда жатса, башкалардын денеси эчак муздап, жер кучактап калган болот. Мына ошол жарадарларга жардам берип, өлгөндөрдүн сөөгүн үйүнө жиберүү биз үчүн баарынан оор болчу.
Би-Би-Си: Сиз ошол кандуу кармаштардын биринде командириңиз Громов деген генералдын өмүрүн сактап калган экенсиз?
Кадырбек Уметов: Можахеддер биз турган аймакка түнү менен кол салууга даярданып жатканы тууралуу маалымат түшүп, аларды жок кылуу тууралуу күтүүсүздөн буйрук берилди. Биз алардын жайгашкан жерин аныктап, күндүз талкалап, жок кылуу үчүн баратканбыз. Бир убакта алдыбызда командарабиз генерал Громов бараткан десанттык машинеге (БТР-Д) снаряд тийип, дароо эле өрт тутанды. Биз, десант жоокерлер БТРдин ичинедиглердин кимси болсо да кутаруп калууга ашыктык.
Десанттык машиненин астында кошумча эшик бар. Кудай жалгап ал ачылып калып, мен командирди тартып түшүрүп, курунан кармап 3-4 метр балким беш метр жерге чейин болгон күчүм менен жер сойлото сүйрөп барганга жетишип калдым. Бир нече көз ирмемде дароо БТР жарылды, ичи ок дүрмөткө толо болгон үчүн жарылуу аябай катуу болду. Мен ошентип командирибиздин өмүрүн сактап калдым. Ошол салгылашта биздин бригададан 18 адамды жоготуп алдык.
Би-Би-Си: Сиз ошондо жарадар болгон адам бригаданын командири генерал Громов экенин билдиңиз беле?

Сүрөттүн булагы, wikipedia
Кадырбек Уметов: Негизи аскердик уставда кандай гана учур болбосун командирдин өмүрүн сактап калуу деген бар. Бирок мен жардамга барган учурда билген эмесмин. Сыртка алып чыгып, сүйрөп баратканда гана командир экенин билдим.
Би-Би-Си: Сиз болгондо да Ооганстандын аймагына биринчи кирген, эң маанилүү делген 40-армиянын генералын куткарып калган экенсиз. Сиздин эрдигиңиз бааландыбы?
Кадырбек Уметов: Мындай учурда чоң мамлекеттик сыйлык ыйгырылат экен. Бирок мага СССРдин Жогорку Советинин атынан жоокерлерге берилчү "Аскердик эрдик үчүн медалы" ыйгарылып, Кызыл жылдыз орденине татыгам.
Би-Би-Си: Согуш бүткөндөн кийин генерал Громов менен мамилеңиз кандай өнүктү, ыракматын айткан учур болдубу?
Кадырбек Уметов: Ал киши мени жеке чакырып, ыраазычылыгын билдирген учур болгон жок. Балким жумушуна же оорусуна байланыштуу болдубу билбейм. Бирок телефон аркылуу кабарлашып, ден-соолугубузду сарышып турабыз. Акыркы 7-8 жылдан бери оорусунун азабын тартып, эки жакка деле чыга албай жүрөт. 30-жылдык мааракеде Кыргызстанга келем деп шарты болгон жок. Бирок мен Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 5, 10, 20 жылдык мааракелеринде Москвага барганда ал киши менен көрүшүп жүрдүм. Менин кол астымда кызмат өтөгөн деп колумду кысып, ооз эки болсо да ыраазычылыгын билдирген учурлары болгон.
Би-Би-Си: Советтик аскерлердин Ооганстанга согушка тартылышы боюнча ар кандай пикирлер айтылып келет? Сиздер ошол кезде бөтөн эл, бөтөн жерде эмне үчүн согушуп жүрөбүз деп өзүңүздөргө же командирлерге суроо берчү белеңиздер?
Кадырбек Уметов: Ооба мындай учурлар болгон. Бирок аскердик тартипте “командирлердин буйругу талкууланбайт” деп коет эмеспи. Ошондуктан көбүнчө жоокерлер буйрукту гана аткарышат. Советтик армияда командирдин саясий-тарбия иштери боюнча орун басары (замполит) болор эле. Алар даярдыгы жакшы, пропаганданы мыкты жүргүзүшчү. Биз кызмат өтөгөнгө кыйла болуп калганда алардан түз эле эмнеге согушуп жүргөнүбүздү, артта калган өлкө делген Ооганстандагы можахеддер мыкты курал-жарак көтөрүп, биз менен теңме-тең согушуп жатканын сурачубуз. Ошондо замполиттер буларды АКШ колдоп, курал-жарак менен камсыздап жатканын түшүндүрүп беришет эле. Айтор СССР менен АКШнын геосаясаттагы тиреши болгон экен.
Советтик чалгынчылардын, замполиттердин бизге берген маалыматына караганда, ошол учурда АКШ Ооган жергесине өзүнүн аскерик базасын орнотууга умтулуптур. Эгер алардын аскер базасы бул чөлкөмгө жайгашса албетте СССРге коркунуч жаралмак.

Сүрөттүн булагы, Kadyrbek Umetov
Би-Би-Си: Азыркы учурда эмне менен алектенесиз?
Кадырбек Уметов: Советтик армияда кызмат өтөп келгенден кийин ошол кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин бүтүрүп, төрт жылдай прокуратурада, андан кийин Жогорку Соттун жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө юрист-консультант болуп иштедим. Азыркы учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институтунда доцентимин. Юридика илимдери боюнча кандитаттык ишимди жактагам. Жубайым экөбүз эки уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп, эки неберелүү болгон убагыбыз.












