"Координация жок". Газада Израилдин соккусунан жети волонтер курман болду
Газада ачка отурган элге азык-түлүк жеткирип бараткан World Central Kitchen (WCK) уюмунун жети волонтеру ЦАХАЛдын бомбалоосунан курман болгондон кийин Израил өкмөтү эл аралык коомчулуктан тил угуп, кысымга калды.

Сүрөттүн булагы, NURPHOTO
Алар Австралия, Польша, АКШ жана Британиядан болчу.
Алардын миссиясы жөнөкөй гана: адамдарга тамак-аш, жардам жеткирүү болчу, бирок Газада бул эң оор жана кооптуу жумуш.
Дүйшөмбү күнү кечинде Израил World Central Kitchen кайрымдуулук фондунун, логотиби даана белгиленген колоннасына абадан сокку урду.
Жети адам, анын ичинде үч британ жараны набыт болду.
Кайгыга баткан кесиптештери алардын сөөктөрүн таанышты.
“Булар деңизден жардам алып келгендер, баары өлдү, баары өлдү” – дейт ал.
“Сокку таамай урулду. Алар айрымдарына жардам берип, алдыдагы башка унаага салууга аракет кылышты. Бирок ал унааны да аткылашты. Бул жакта абал ушундай, Газага жардам алып келгендин баары аткылоого жана өлүмгө дуушар болушу мүмкүн”, -деди Хасан Шурбажи.
Жумушчулар Газага деңиз аркылуу жеткирилген жардамдын экинчи партиясын түшүрүп жатышкан.
Алардын колоннасы Дейр аль-Балахтагы кампадан кайтып келе жатканда соккуга кабылган, унаалардын аралыгы бир километрдей болгон.
Ошол колоннанын калдыктары окуяны ачыктап берет. Үч унаага өз-өзүнчө сокку урулган. Биринде, аларды коргоого багытталган логотипти тешип өткөн. Бир нече убакытка созулган, максаттуу чабуул болгон.
Мындагы согушка алты ай болду. Жай тургундардын өлүмү боюнча суроолор курчуп баратат. Ал - оор салгылашуулар болбогон, Израилдин көзөмөлүндөгү аймактан өтүп бараткан, даана белгиленген жардам кербени болчу.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Израиль WCK кызматкерлерин өлтүрүп алганын мойнуна алды.
«Биз бул кайталанбаш үчүн баарын жасайбыз",-деп билдирди премьер-министр Биньямин Нетаньяху.
Гуманитардык уюмдардын айтымында, Газадагы Израил армиясы менен коопсуз каттамды координациялоо түйшүктүү жана көп убакытты талап кылат, бирок ал ушундай окуялардын алдын алмак.
Бириккен Улуттар Уюму мындай нерсе тууралуу бир нече айдан бери эскертип келгенин билдирди.
“Мында, ар кандай топтор, командалар өтө кооптуу кырдаалдарда, эч кандай өз ара байланышсыз ары-бери каттап жатышат. Мисалы, дүйшөмбү күнү кечинде “Уорлд Централ Китчен” телефон аркылуу байланыш түзүүгө аракет кылган, бирок ал ишке ашкан эмес”,-деди JAMIE MCGOLDRICK.
Демек, Газада жүргөндө, уюмдагы командалардын ортосунда байланыш жок, себеби эмнеде?
“Анткени Израилдиктер бизде байланыш жабдуулары болбошу керек дешет, аларды ХАМАС алып, колдонушу мүмкүн экен. Менимче, бул болбогон шылтоо.”
Набыт болгондордун биринчиси бүгүн жерге берилди. Саиф Абу-Таха деген жергиликтүү тургун.
Эчак эле күйүттүн синонимине айланган Газа – адам өмүрүн сактап калуу үчүн келип, өз өмүрү менен кош айтышкандарды жоктоп жатат. (КС)












