"Жалдагы" ооруканада жарым түндө кезек күткөндөр

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си, Бишкек

Бишкек балдар ооруканасында

Бишкектин “Жал” кичи районунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдарын алып келген ата-энелердин кезеги түнкү саат үчтөн башталат. Антпесе кезек жетпей, ал күнү балдары медициналык кароодон өтпөй калышы мүмкүн. Ата-энелерди бушайманга салган ооруканадагы кезек көйгөйүн кабарчылар барып көрүп келди.

20-июнь күнү таңкы саат беште барган кабарчылар кезекке тизилген жыйырмадай ата-энени көрдү. Алардын басымдуу бөлүгү алыскы региондон келишкен. Кезек күтүү үчүн ооруканада атайын шарт түзүлгөнү көрүнбөйт. Айрымдары балдарын колго алып, терезеде отурса, башкалары сырттагы отургучта же көк чөптүн үстүндө уктап жатышат.

Алардын ичинен колуна ымыркайын көтөрүп, кезек күтүп турган айымды кепке тарттык. Ал атын атабай сүйлөп берүүгө макул болду.

- Каяктан келдиңиз?

- Кочкордон

- Бүгүн канчада келдиңиз?

- 03:30

- Түнкү 03:30да келдиңизби? Ошондо канчанчы болуп жазылдыңыз?

- Алтынчы болуп жазылдык

- Түнкү 03:30дан бери ушу жерде күтүп атасызбы?

- Ооба

- Балаңыз кыйналган жокпу?

- Кыйналса дагы турабыз да ушу жерде.

Эгерде оорукана ачыларга жакын, тагырагы эртең мененки жетиде келсе, анда ал күнү дарыгерге узун кезектин айынан кире албай калганын дагы айткандар болду. Анын себеби, бир дарыгерге кирүү үчүн күнүнө 20 же 25 талон берилет. Тагырагы, ал күнү 20-25 бейтап гана көрүнө алат.

- Кечээ келип, талонго жетпей калып анан сураштырдым да.

- Кечээ канчада келдиңиз эле?

- Кечээ 07:30да келдим.

- Келсем талон калбай калыптыр да. Сураштырсам, төрттө келебиз дебедиби. Анан бүгүн кайын сиңдимдикине жатып алып, саат беште келдим. Мына он биринчи болуп кезекке турдум, беште келип.

Балдар ооруканасындагы тизме
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оорукананын сыртындагы кезектин илинген тизмеси.

Улуттук борбордо мындай кезек көйгөйү жакында эле пайда боло калган жок. Көп жылдан бери бул ооруканага балдарын алып келип жүргөн ата-энелердин айтымында, алар дайыма кезек үчүн түндө эле келип алышат. Алгач дарыгерге чейин талон алуу үчүн оорукананын сыртына кезектин саны менен аты-жөндөрүн жазып коюшат. Бул эч кандай расмий кагаз эмес, аны оорукана кабыл албайт жана бул тууралуу имараттын сыртына эскертүү жазылган.

“Каттоо жайы 07:30да иштейт. Талондор 07:30да таратылып баштайт. Көргөзүлгөн убакытка чейин. Өз алдынча тизме түзүүгө болбойт! (Түнкү маалда да)”.

Буга карабастан өз алдынча тизме түзүлө берет. Оорукана ачылар алдында ата-энелер ошол тизмеге ылайык талон алып, дарыгерге кире башташат.

Бишкектеги балдар ооруканасында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саат жетиде талон таратыла баштайт
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул көйгөйдүн себебин оорукана жетекчилери бейтаптардын жылдан жылга көбөйүп, дарыгерлердин жетишпей жатканы менен түшүндүрүүдө.

“Бул жерде көп маселелер бар. Ички миграция деген сөз бар да билесиздер. Бишкек улам чоңоюп жатат. Сыртты көздөй эле. Ошондуктан эң көп түйшүк шаардын дарыгерлерине түшүп жатат. Ошондой эле региондордо дарыгер жок. Кээ бир райондордо эки-үч айылга бир дарыгер болуп жатат. Кээ бир учурларда балдар дарыгери жок. Үй-бүлөлүк дарыгер же хирург педиатрдын милдетин аткарып жатат. Ошондуктан ал жерден толук медициналык жардамды бейтаптар ала албайт да. Бүт региондун бардыгы бул жакка келет”,-дейт борбордун убактылуу бөлүм башчысы Болот Бурабаев.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ооруканага берилген ички буйрукка ылайык, балдар неврологу айына 275 бейтапты кабыл алышы керек. Муну 26 иш күнгө алып эсептегенде, күнүнө он бейтапка туура келет. Бирок бул буйрукка карабастан дарыгерлер күнүнө андан дагы көп бейтапты кабыл алууда.

Бишкек балдар ооруканасында
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул республика боюнча бирден бир балдар ооруканасы

Бөлүм башчынын берген маалыматында, бейтаптардын саны 2020-жылы 71 миң, 2021-жылы 84 миң, 2022-жылы 106 миңди түзгөн.

Эгерде электрондук кезекке туруу системасы кирсе, анда минтип түнү менен оорукананын сыртында туруунун кажети жок болуп калат. Бул үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы “Электрондук онлайн системасына” атайын кат жөнөтүлгөн. Эгер система ишке ашса, анда үйдө отуруп эле, телефон аркылуу дарыгерге жазылуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бирок система качан орнотулары азырынча белгисиз.

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору - бул балдардын республикалык бирден-бир ооруканасы. Бишкекте эки филиалы бар. “Жал” кичи районундагы башкы бөлүмүндө эки аллерголог, эки гастроэнтеролог, эки кардиолог-ревматолог, үч невролог, үч ортопед, үч стоматолог иштейт. Дарыгерлерди көбөйтүү үчүн дагы башка аракеттер болуп жатканын бөлүм башчы билдирди.