“51 млрд тышкы карыз жана каатчылык”. Шри-Ланкадагы саясий кризис

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/SHUTTERSTOCK
Шри-Ланка эгемендикти алгандан бери эң оор финансылык кризиске кептелди - күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы асман чапчып, инфляция 50%га жетти.
Кризис башталгандан бери тоок жана эттин баасы 4 эсе кымбаттады, анын кесепетинен эл азыраак тоё тамактанбай калды. Тамак бышыруу чоң маселеге айланды. Жадагалса борбор калаада да отунга өтүүгө аргасыз болушкан. Анткени керосин баарына жетпейт, ал үчүн аягы көрунбөгөн кезекке туруу керек.
Күйүүчү май коомдук транспорт жада калса тез жардам унааларына да жетишсиз. Июнь айында бийлик эки аптага жарандарга күйүүчү май сатууга чектөө киргизген, бирок бул жаңы нааразычылыктарга жана баалардын мындан да кымбатташына алып келген. Май куюучу жайларды армия жана полиция кайтарат.
Ошол эле учурда мамлекеттин чет өлкөдөн күйүүчү май сатып алууга каражаты жок. Дары-дармектер жетишсиз, ал эми саламаттык сактоо системасы коллапстын алдында турат. Мектептер жабык, көптөгөн жарандар ресурстарды үнөмдөө үчүн үйлөрүнөн иштеп жатышат.

Сүрөттүн булагы, EPA-EFE/REX/SHUTTERSTOCK
11-июлда өлкөнүн айрым аймактарында газ жана электр энергиясын берүү жарым-жартылай калыбына келтирилип, күйүүчү май пайда болду.
Шри-Ланканын борбору Коломбого азык-түлүк да жеткириле баштады. Бирок жаалданган эл президент Готобая Ражапаксанын резиденциясына басып кирип, премьер-министр Ранил Викрамасингхенин вилласын өрттөп салган. Эки саясатчы тең дайынсыз, азыр Шри-Ланкада саясий башаламандык.
Кризиске эмне себеп болду?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Негизги себеп - акчанын жетишсиздиги: өлкөнүн валюталык резерви "какшып", зарыл болгон товарларды импорттой албай калды. Май айында Шри-Ланка тарыхта биринчи жолу тышкы карызын төлөй алган жок.
Бийлик өлкөнүн негизги киреше булагы делген туризмге сокку урган коронавирус пандемиясын күнөөлөйт. Туристтерди 2019-жылы чиркөө жана храмдарда болгон бир катар террордук чабуулдар да чочуткан.
Бирок көптөгөн эксперттер Шри-Ланканын бийлиги көйгөйлөрдү өзү жаратты деп эсептейт, анткени 2009-жылы, жарандык согуш аяктагандан кийин, өлкө тышкы рынокко чыгуунун ордуна ички рынокко басым жасап баштаган. Натыйжада, экспорттун көлөмү азайып, импорттун наркы туруктуу кымбаттай баштаган.
Жылдан жылга импорттун көлөмү экспортко караганда 3 миллиард долларга көбүрөөк болуп, 2019-жылдын аягында валюталык резерв болгону 7,6 миллиард долларды түзгөн. Жакында бийлик аларда болгону 50 миллион доллар калганын билдирди.
Мындан тышкары, өкмөт, сынчылардын айтымында, “жарабаган” инфраструктуралык долбоорлорду каржылап, тышкы карызды болбогондой көбөйтүп алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2021-жылдын башында каржылык көйгөйлөр ачыкка чыкканда бийлик акча үнөмдөө үчүн жер семирткичтерди импорттоодон баш тарткан, анын ордуна дыйкандар жергиликтүү органикалык заттарды колдонууга мажбурланган. Күтүлгөндөй эле бул каатчылыкка алып келди, ал эми бийлик валюталык резервдерди толугу менен иштетип, азык-түлүктү чет өлкөдөн сатып алууга аргасыз болду.
Шри-Ланка кимге жана канча карыз?
Азыркы өкмөттүн 51 млрд долларга чукул тышкы карызы бар - анын 6,5 млрд доллары Кытайдыкы. Азыр бул карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Мындан сырткары, өлкө быйыл карызды тейлөө үчүн 7 млрд доллар төлөшү керек жана кийинки жылдары да ушул сумманы төлөйт. Дүйнөлүк банк Шри-Ланкага 600 млн доллар насыя берүүгө убадалады. Индия дагы 1,9 млрд доллар берүүгө даяр жана ага 1,5 млрд долларлык импортту кошо алат.
Ошондой эле, “Алдыңкы жетиликтин” өлкөлөрү Шри-Ланкага карызынан кутулууга жардам берүүнү убадалады.
Өкмөттө кризистен чыгуу боюнча планы барбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Учурда өкмөт 3 млрд долларлык ыкчам жардам пакетин алуу үчүн Эл аралык валюталык фонд (ЭВФ) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Глобалдык экономиканы турукташтырууга милдеттенген ЭВФ насыя берүүнүн алдында Шри-Ланканын өкмөтү салыктарды жана эсептик ченди көтөрүшү керек деген позицияда.
Премьер-министр Ранил Викрамасингхе өкмөт ушунчалык олуттуу каржылык кыйынчылыкка кабылганын билдирип, мамлекеттик кызматкерлердин жана аткаминерлердин маяналарын төлөө үчүн акча басып чыгара башташы мүмкүн деген. Бирок бул кайрадан инфляция жана баалардын өсүшүнө алып келет.
Ал ошондой эле өкмөт нефтини арзан баада импорттоо үчүн Орусия жана Кувейт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.
Президент да, премьер-министр да улуттук биримдик өкмөтүн түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн кызматтарын тапшырууга убада берип, бирок качан отставкага кетерин так айта элек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Саясий партиялардын лидерлери кризистен кантип чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок өлкөнү так ким башкарат, тартипти орнотуу үчүн эмне кылуу керек экенин эч ким так айта албайт.
Митингчилер болсо Ражапакса отставкага кетмейинче президенттик сарайдан чыкпай турганын айтышууда. (EB)












