Украинадагы согуш: Орусия кыргын салчу МиГ-31 менен чабуул жасабай калды. Эмне болушу мүмкүн?

Сүрөттүн булагы, Anadolu
Орусиянын аскердик аба күчтөрүнүн МиГ-31 истребителдери 28-январдан бери Украинанын аба мейкиндигинде "караанын" көргөзө элек. Январь айында алар дээрлик 20 күндөй украиндердин тынчтыгын бузган жок. 2024-жылы үзгүлтүксүз учуп, чабуул жасап турган Орусиянын кыйратуучу учактарына мындай узак тыныгуу мүнөздүү эмес эле.
2025-жылдын башынан бери МиГ-31дин асманга көтөрүлүшүнө байланыштуу Украинанын аймактарында аба чабуулдарына болгону үч жолу эскертүү жарыяланган – алар 3, 8- жана 28-январь күндөрү катталган. Бирок анда аскердик учактар эч кандай сокку узаткан эмес.
Өткөн жылы эң чоң тыныгуу күзүндө байкалган: аскердик учактар 5-20-сентябрь аралагында аба мейкиндигинде көрүнбөй калган.
Кыйратуучу учактарынын мындай узак тыныгууларына Орусиянын Коргоо министрлиги эч кандай түшүндүрмө бере элек. Алардын согуш талаасындагы чабуулдары тууралуу маалыматтар Украин армиясынын аба күчтөрүнүн расмий телеграм каналында дагы жеткиликсиз.
МиГ-31лердин чабуулдары токтоп калганын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын басма сөз катчысы Юрий Игнат дагы Би-Би-Си Орус Кызматына тастыктаган.
Кыргын салуучу учактар
МиГ-31 сокку уруучу учактардын абага көтөрүлүшү украиналыктардын жүрөк үшүн алгыдай коркунуч жаратып турат. Анткени алар "гипер" ылдамдыкта учкан Х-47М2 "Кинжал" ракетасы менен чабуул жасай алат. Мындай ракеталардын мизин кайтаруу өтө оор.
Ал ракеталар асманда учуп бараткан кезде ишке киргизилсе дагы, параболага окшош баллистикалык траектория багыты менен учуп барып, бутаны жок кылат. Жер катмарында учкан ракеталардын мизин кайтарган абадан коргонуу системалары мындай күчтүү ракетеларга каршылык көргөзө албайт.
"Кинжалдын" дагы бир өзгөчөлүгү анын ылдамдыгында. Ал 10 Мах чегиндеги ылдамдыкта (саатына 12 миң чакырым) уча алат. Бул "гипер" ылдамдык көрсөткүчүнөн эки эсе ашып түшөт.
"Кинжалдын" өтө күчтүү экенин анын ыраактыгы дагы айгинелеп турат. Орусиянын кайсы бир аймагынан жасалган чабуул Украинанын каалаган жерине кабылышы мүмкүн.
МиГ-31 оор истребители өзү да чоң коркунуч жаратат. Анткени алар 120 чакырымга чейинки аралыкта кыйрата турчу зениттик ракеталар менен жабдылган.
Мындай чабуулду алар Украинанын абадан коргонуу системаларынын диапазонуна кирбей туруп, жердеги курал-жарак системаларын эсепке албай туруп, жүргүзө алат. Украинада 120 чакырымдан ашык уча турган ракеталар жок болгондуктан, аларды аскердик учактан атайын ракеталар менен атып түшүрүү да кыйын.
Аба чабуулдары токтой элек
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
МиГ-31 кыйратуучу учактар учпай турган кезде, Орусия Украина тарапты башка согуш куралдары менен аткылап турат.
Мисалы, 16-февралга караган түндө Орусия Украинанын Николаев шаарына аскердик дрондор менен чабуул жасап, жылуулук электр борбору жабыркаган. Украин премьер-министри Денис Шмыгалдын билдирүүсүнө караганда, соккулардын жыйынтыгында шаардын 46 миң тургуну жылуулуксуз калган.
Ага чейин, 12-февральда Украинанын Аскер-аба күчтөрү Орусия тарабынан өлкөгө учурулган 7 баллистикалык ракетанын алтоо жок кылынганын жана 123 дронду атып түшүрүшкөнүн билдирген. Анда Киевде бир адам каза болуп, төртөө жаракат алганын, анын ичинде ымыркай дагы бар экенин, куткаруучулар жана Украинанын президенти айткан.
Акыркы жолу үндүн ылдамдыгынан тез учкан "Кинжал" баллистикалык ракеталары менен 31-декабрьда чабуул жасашкан. Анда Орусиянын армиясы 61 ар кандай учкучсуз учак, дрон жана ракеталарды колдонуп, жапырт ракеталык аба чабуулун уюштурган. Алардын арасындагы жалгыз "Кинжалды", Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, абадан коргонуу системалары атып түшүрүшкөн.
Орусияда "Кинжал" ракеталары түгөнүп калышы мүмкүн деген эч кандай далил жок. Мындай маалыматтар чалгындоо кызматтарынан жалпыга маалымдоо каражаттарына же ачык булак иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен ачыкка чыгышы мүмкүн. Соңку убакта бул боюнча эч кандай чулгандуу иликтөөлөр деле чыга элек.

Сүрөттүн булагы, Anadolu
Украина үчүн "Кинжал" ракетасы жана МиГ-31 кыйратуучу учактар чоң коркунуч туудуруп турат. Баллистикалык ракеталарды "Пэтриот" ("Patriot") зениттик ракета комплекси аркылуу эле атып түшүрүү мүмкүн. Расмий маалыматтар боюнча, азыркы украин армиясынын карамагында андай комплексттен үчөө бар.
Бирок алар Украинанын баардык шаарларын абадан коргоп бералбайт. Ошондон улам алардын ар бир чабуулу ЖМКларда кылдаттык менен чагылдырылат.
Саясий абал
Атын атагысы келбеген орусиялык аскер эксперти Би-би-сиге билдиргендей, Орусия согуштун мындан аркы жүрүшү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда, бул сыяктуу оор куралды колдонуу боюнча чечимди тышкы саясий кырдаалды эске алуу менен эң жогорку деңгээлде кабыл алат.
Орус армиясы Украинага басып киргенден бери Орусия менен АКШнын жогорку денгээлдеги алгачкы расмий сүйлөшүүлөрү 18-февралда Сауд Арабияда өттү. Украинадагы согуш бир нече күн мурун өткөн Мюнхендеги коопсуздук конференциясында негизги темага айланды.
Кыйратуучу учактардын ресурстары түгөндүбү?
Бүгүнкү күндө кыргын салуучу учактардын согуш талаасында аз колдонулуп башташынын бирден-бир себеби: алардын кээ бир тетиктеринин иштөө мөөнөтү аяктаган болушу мүмкүн.
МиГ-31 учактары 1994-жылга чейин баардыгы 500 даана чыгарылган. Military Balance 2023 жана World Air Forces 2023 маалымат порталындагы билдирүүгө ылайык, 2023-жылга карата Орус армиясында 129 жарактуусу калган.
Military Balance алардын арасынан МиГ-31К модификациясындагы учактарын өзгөчө белгилей кеткен. Анда "Кинжал" ракеталарын учура турган атайын жабдуу орнотулганы менен буга окшош аскер учактарынан айырмалынып турат. Башка максатта алар колдонулбайт. Орус армиясынын карамагында андайдан 12 даанасы бар.
МиГ-31 учагы 15 чакырымдык бийиктикке көтөрүлүп, саатына 3000 чакырым жете алган учурда гана ракетаны ишке киргизе алат.
Ар бир учактын уча турчу ченеми каралган – абада өткөргөн белгилүү бир мөөнөтү же учуп-конуу тууралуу жыйындысы. Ага жараша учактардын кээ бир жабдыктары башкаларга караганда тезирээк эскилиги жетет.
Мисалы, "Д-30Ф6 учак кыймылдаткычтарынын эксплуатация учурунда эскирүү процессинин анализи" деген макалада, МиГ-31 кыймылдаткычынын структуралык элементтеринин эскирүү процесси 350 саат иштегенден кийин башталаары айтылган.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, Су-35 истребители үчүн чыгарылган АЛ-41Ф1С кыймылдаткычынын жалпы иштөө мөөнөтү 3000 саатты түзөт, бирок айрым тетиктерин алмаштыруу менен аны 4000 саатка чейин узартууга болот.
Бүгүнкү күндө Д-30Ф6 кыймылдаткычтары чыгарылбай калган, бирок, "Авиадвигатель" ААКнын башкы конструктору Александр Иноземцев 2014-жылы билдиргендей, "бардыгы болуп 1500гө жакын Д-30Ф6 кыймылдаткычтары өндүрүлүп, алардын чоң резерви куралган". Азыркы күндө алардын канчоосу резервде сакталып жатканы белгисиз.
Аскердик учууларда МиГ-31ге караганда МиГ-31К учактарынын консрукциясынына көбүрөөк күч келет. "Кинжал" ракетасынын көлөмү жана салмагы оор болгондуктан (алар 4,3 тонна жана фюзеляждын астындагы бир жеринде жайгашкан) учактан алдынкы тарабына оордук кылат.
Ар бир согуштук аба кемени кылдат изилдеп, эскирген жабдыктарын алмаштырса алардын иштөө мөөнөтүн узартса болот. Ошондуктан ондогон жылдар бою уча берет.

Сүрөттүн булагы, Donat Sorokin/TASS
Бул Орусия үчүн маселе жаратпайт
МиГ-31 кыйратуучу учактарынын согуш талаасына көп учпай калышы, орусиялыктарда кандайдыр бир көйгөй жаралганын билдирбейт деп Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн командачылыгынын басма сөз катчысы Юрий Игнат Би-Би-Cи Орус кызматына айткан.
"Орусяида Су жана Миг түрүндөгү учактарын өндүрүү, оңдоо жана модернизациялоонун толук цикли бар. Бир нерсеси бузулса, калыбына келтирет, бул Орусия үчүн маселе жаратпайт", — деп билдирди Юрий Игнат.
"Алардын Украинанын аба мейкиндигинде пайда болбой калганын бир нече себептери болушу мүмкүн, бирок мен бул сыяктуу аскер учактарынын эскилиги жетип калды дегенден оолакмын. Мүмкүн алар бир нерсе топтоп, кандайдыр бир чабуулга даярданып жатышкандыр, аба ырайы мурдагыдай эмес, балким " Кинжалдарды" топтоп жатышкандыр", — деди ал. (KB)












