Россияда бир дагы шайлоо бийлик алмашууга алып келген эмес. Анда анын эмне кереги бар?

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL TERESHCHENKO/TASS
Россияда жакында эле парламенттик шайлоолор өтүп, күтүлгөндөй эле бийлик партиясы конституциялык көпчүлүктү алды. Оппозициялык талапкерлер парламентке өтпөй калды, айрымдары такыр эле шайлоого коё берилген жок.
XXI кылымда Россияда шайлоо жолу менен бир да жолу бийлик алмашкан эмес. Анда шайлоолордун эмне кереги бар?
Бул жолу шайлоого чейин бир нече мыйзамдар кабыл алынып, алардын негизинде оппозициялык талапкерлер өздөрүн шайлоого талапкер катары көрсөтө албай калышты. Үч күнгө созулган шайлоо, бюллетендерди таңгактап салуу жана электрондук добуш берүүгө байланышкан ызы-чуулар менен коштолду.
БШК мыйзам бузуулар тууралуу бардык даттанууларды четке кагып жатты. Ошондой эле, Батыш өлкөлөрү шайлоого таасир этүүгө аракет кылууда деп туруп алды.
Орус бийлиги өз режимин эркин жана демократиялык дегени менен, ошол эле орус же батыш иликтөөчүлөрү Россияны автократиялык өлкө деп классификациялашат.
Бирок Россияда бардык деңгээлде тикелей шайлоолор өткөндүктөн бул орус бийлигине демократия жөнүндө оозанып жана орус демократиясын Батыштагы демократия менен салыштырганга мүмкүнчүлүк берет.
2000-жылдардан тарта Россияда бардык шайлоолордун тагдыры алдын ала чечилип келди. Freedom House уюму бул өлкөдөгү электоралдык эркиндикти абдан төмөн деп эсептейт. Себеби, шайлоолор айрым мамлекеттерде бийликтин алмашуу инструменти болсо, Россияга окшогон башка өлкөлөрдө ал эч кандай өзгөрүүлөргө алып келбей жатат.
Алдын ала ким жеңип чыгары белгилүү болсо, шайлоо өткөрүп кереги эмне?
Бир эле партиясы туруп, шайлоо өткөрүп, элди ошол партияга добуш бердиртүүнүн эмне кереги бар? Шайлоолордон кийин нараазы жарандар массалык демонстрацияларга чыгары турган иш, анда диктаторлорго шайлоо өткөрүүнү кажети барбы?
Би-Би-Синин орус кызматы бул суроолорго саясий илимде кандай жооп бар экенин жана Россиядагы шайлоолордун ролу жөнүндө түшүндүрүп берет.
Автократияларга шайлоонун эмне кереги бар?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Автократия – бул бир лидердин же мамлекеттик органдын чексиз бийлигине негизделген саясий режим.
Мындай автократ өлкөлөр дүйнөдө көп жана алардын саясий системасы абдан эле айырмаланып турат. Автократ өлкөлөргө ислам монархиясы, африкалык диктатура жана азиялык бир партиялуу режимдер да кирет.
Жана бул өлкөлөрдүн көбүндө шайлоолор өтүп турат: Сауд Арабиясында монарх алдындагы жыйынды шайлашат, Кытайда муниципалдык шайлоолорду өткөрүшөт. Ал түгүл Түндүк Кореяда эл бюллетенде бир партия көрсөтүлсө да, парламентти тандайт.
Автократия 90-жылдары, демократиялык түзүлүшкө өтүү мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөр башка саясий багытка өтүп кеткен мезгилден тарта, иликтөөгө алына баштады.
Санкт-Петербургдагы Европа университетинин профессору Григорий Голосов өзүнүн "Автократия" деген китебинде төмөнкүлөргө токтолот:
"Шайлоолор мындай өлкөлөрдө эчтеке чечпесе дагы, ал режимдердин туруктуу кармалышы үчүн аябан маанилүү жана буга бир канча негиздер бар".
"Эркин эмес режимдердин" баарында эртеби же кечпи бийлик алмашат деген коркунуч бар. Шайлоолордо автократ же бийлик партиясы көпчүлүк добушту алган болсо, бул бийлик алмаштырууга ниети бар оппозицияга жана ички атаандаштарга ооздуктоо болот. Автократиялык лидер шайлоолордо жалпы элдик добушка ээ болсо, анын легитимдүүлүгү бекемделет", - дейт Голосов.

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL METZEL/TASS
Шайлоолор саясий элитадагы тарапташтарды өзүнө тартуу же сактап калууда да маанилүү ролду ойнойт. Шайлоолордун мындай ролун саясий илимде "кооптация" дейт.
Элита үчүн регионалдык жана парламенттик шайлоолор ресурс жана кызмат ордуларын бөлүштүрүү катары кабылданып, ал нерселер режимди колдогондук үчүн берилет деген түшүнүк бар.
Ушуну менен шайлоолор автократка элита менен байланышта болууга көмөкчү болот да, бийликтеги коалициядан чыга качуунун алдын алат, дешет иликтөөчүлөр Женифер Ганди жана Эллен Луст-Окар.
Кооптация саясатчы жана чиновниктерге кезектеги жолу оппозиция режимге эле пайдасыз эмес, алар үчүн дагы материалдык жактан пайдасыз экенин көрсөтөт. Себеби, режим өз тарапкерлерин гана колдоп, аларды гана алдыга жылдырат эмеспи.
Ушул эле себептүү автократияларга киши көзүнө эле атаандаш үчүн партиялар керек, чындыгында алардын режимди колдоо гана ролу бар.
Ошентип "элдик" күчтүү партиянын болушу автократиянын позициясын бекемдейт", - деп жазат Геддес.
Партиялар режимге элдин колдоосун алып берет дегенге болбойт, бирок андай партиялардын болушу оппозициянын уюшуп кетишин кыйла татаалдаштырат.
Массалык партиялар катарына тарапкерлерди ар кандай жеңилдик же артыкчылык берген нерселер менен кызыктырып, партиялык лидерлер ар кандай масштабдуу иш-чараларды өткөрүп, ал жерде режимди колдоо үчүн саясий демилгелерди жылдырат.
Жыйынтыгында режимден кирешеси жана кызмат абалы көз каранды адамдардын саны өсөт.
Шайлоолор автократия үчүн маалыматтык да функцияны аткарат. Элита арасындагы колдоо жана компетенцияны билүү үчүн гана эмес, оппозициянын мүмкүнчүлүгү жана колдоосун билүүгө да шарт түзөт. (EK)








