Булгары кымбат, тери текейден арзан. Каралбай калган кайран тери...
Булгары бут кийимдин баасы кымбат, тери болсо текейден арзан дегендер көп. Мал киндиктүү Нарында кой териси каралбай эле калгандай. Ууздардын колуна тийген бир аз бөлүгү эле үй оокат болуп бербесе, көпчүлүгүн ит тытып, таштандыга ыргытмай адатка айланды.
Мындан сырткары таштанды, жайлоодогу эски журтта, булуң-буйткада үйүлүп, чирип жаткан кой жүнү өзүнчө кеп. Жакшы жагы Ысык-Көлдө ишкер кыз атайын өндүрүш ачып, кадимки жүндөн жер семирткич чыгарууга беленип турган чагы. Европанын бир топ өлкөсүндө, анын ичинде Германияда эң баалуу, натуралдык жер семирткич катары кой жүнүнөн жасалган жер семирткичтер сатылаарын далай ишкер тамшанып айтып жүрөт.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Жакында эле бул маселени Минкабдын төрага орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев дагы көтөрдү. Ал маалымат жыйын өткөрүп жатып, булгаарыны жана тыбытты кайра иштетүү иши жанданаарын айтты.
“Маселен өлкөнүн Нарын облусунда мал чарбачылыгы өнүккөн. Бул аймакта булгаарыны жана тыбытты кайра иштетүү ишканасын ачууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, картошка сактоо, кездеме чыгаруу, сүт, эт, тоок этин өндүрү жана дан азыктары тармактары сыяктуу жакынкы жылдары 100 ири долбоор ишке ашырылат”, - деди Төрөбаев.
Биз бул ирет баркы кетип, бирок баалуу буюм жасала турчу терилер эмне үчүн чет жакка экспорттолбой калды, Кыргызстанда бул бизнести өркүндөтүүгө кандай тоскоолдуктар бар деп талдап көрдүк.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Тери иштетүү эт, кыртыш майдан, чел кабыгын тазалоодон башталып, далай түйшүгү бар. Бышык, бекем, жумшак, суу өтпөс болушуна түрдүу ыкмалар талап кылынат.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Өлкөдө теринин баасы жок, бирок андан жасалган буюмдар алда канча кымбат. Мисалы, баасы 3000 сомдон жогору турган-бул бут кийим булгаарыдан жасалган. Мындайлар борбор калаадагы элдин кыймылы көп болгон Ош базарда башка жөнөкөй бут кийимдерден айырмаланып, кымбат бааланат. Булгаарыдан жасалган бут кийим эң арзаны дегенде эле 2000 сомду түзөт, ошол сыяктуу эле булгары эмес бут кийим 1000 сомдун айланасында.
“Кыял” соода түйүнүндө булгаарыдан жасалган ар кандай буюм-тайымдар даярдалган катарга келдим. Соода абдан кызуу жүрүп жаткан чакта, бут кийим саткан жерге көзүм түштү. Басып барып, сатуучу байкеден бааларын кызыгып сурай баштадым. Байке дароо жооп берип: “булгаарыдан жасалган, бышык бут кийимдер” деп баалай баштады.
Адегенде эле “өзүбүз өндүргөн нерсеге маани берилбей калды” деп өкүндү.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
“Бул бут кийимдин бары базардан эле тигилет. “Кыял” өндүрүштүк бирикмесинде иштеген балдар жасайт. Булардын сапаты абдан жакшы, Кытайдан келген бут кийимдерге салыштырмалуу бутту жыттантпайт. Муну жок дегенде эле 4-5 жыл тепкилеп кийсең болот. Бирөөнү беш күндө жасап бүтүшөт, мыктайт, клей менен чаптайт. Анан ушунча убакыт созулуп кетет”,- дейт сатуучу Бөрүбай Оморкулов.
Кордолгон кой териси
Нарын шаарынын тургуну Нурбек Керимбаевдин 100гө жакын кой-эчкиси бар. Жылына бери дегенде эле 7-8 кой соёт. Анын терисин эч ким албагандыктан таштандыга ыргытат. Мурда айыл аралап тери алгандардын өзү турсун карааны жок.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
“Союлган малдын териси каякка кетет дейсиз, ошол эле таштандыга ыргытабыз. Күзүндө тайдын, уйдун терилер дагы көп чыгат. Алар деле өтпөйт. Эч ким албайт да, ошондуктан жүктөп барып эле таштанды талаасына таштайбыз. Ал жактан иттер дагы сүйрөп чыгат. Жайында сасыйт, курттайт. Мындан 5-6 жыл мурун койдун терисин 500-600 сомдон сатчубуз, жок дегенде үйгө май, чай алганга акча болуп калчу. Эми ал убакта терилерди чет жакка экспорттошчу да. Кийин эмне себептен экенин билбейм, экспорттобой калышты. Муну жөнгө салган эч ким жок”,- дейт каарманыбыз.
Нарын шаарын эле ала турган болсок бир күндө 60 тоннадан ашык таштанды чыгарылат. Күзүндө мунун үчтөн бирин койдун териси түзүп калат. Чыгарылган таштанды шаардын четиндеги "карга жайлоо" деп аталган жерге төгүлөт.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
“Тери иштетем деген ишкерлерге эч кандай тоскоолдук жок”
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2022-жылы Нарын облусунун бийлиги өзбекстандык ишкерлер менен сүйлөшүп, бугаары өндүрүп, кайра иштетүүчү ишкана куруларын шардана кылган. Долбоор 8 миллион долларга бааланып тери кайра иштетилмек. Бирок андан бери эки жылга жакын убакыт өтсө да ал цехтин дайыны жок.
Облустагы Изилдөөлөр жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Улан Алыбаев терини кайра иштетүүгө бел байлаган ишкерлер чыкса мамлекет аларга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө даяр экенин айтат.
Албетте терини иштетүүдө экологияга зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпайт деген кепилдик жок. Алыбаев ишкерлер бул жагынан дагы кооптонушу ыктымал экендигин белгиледи.
“Ушуну иштетем деген ишкер болсо аябай сонун болмок. Анткени союлган малдын терисин арзан баада алмак да. Азыркы учурда тери иштетүү боюнча рынокто атаандаштык жок. Экинчи тарабы да бар. Терини иштетүүдө андан экологияны булгаган көп заттар чыгат. Андан сырткары, ишкананын өзүнүн жыты болот. Буга чейин дагы Нарында ушундай ишкана болгон, бирок ошондой талаптары сакталбагандыктан кайра жабылган”,- деп кошумчалады ал.
Ишкана демекчи СССРдин убагында Кыргызстанда терини кайра иштеткен ишканалар болгон. Кийин союз тараганда анын баары менчикке өткөн.
Кыргызстандын эгемен тарыхынын алгачкы жылдарында Нарында “Аида” деп аталган терини кайра иштеткен цех иштеп турган. Анын жетекчиси Шерманбет Орозалиев кытайлар менен биргелешип, шымалана жумушту баштаган. Бирок ал цехте экологиялык нормалар сакталбайт деп шаар тургундары нааразылыгын билдирип турган. Натыйжада Орозалиев ишкерлигин 2000-жылдардын башында токтоткон. Андан бери Нарында терини кайра иштетүүгө бел байлап, тобокелге барган ишкер чыга элек.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Терини иштетип, чет өлкөлөргө экспорттогон «Булгаары» заводу
Чүй облусунда 1992-жылы түптөлүп, ушул күнгө чейин терини кайра иштеткен «Булгаары» заводу бар. Заводдон иштелип чыккан терини, Кыргызстандагы булгаарыдан буюм жасаган жеке ишкерлер алышат, мындан сырткары булгаары чет өлкөлөргө экспорттолот.
Аталган ишкананын жетекчиси Владимир Серов иштетилген тери Орусияга, Казакстанга жөнөтүлөрүн айтты. Кыргызстанда да туруктуу кардарлары бар экенин кошумчалады.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
"Соңку мезгилде көк бөрүнүн популярдуулугу артып, ат жабдыкка суроо талап өстү. Мындан сырткары, майда буюм-тайым, бут кийим жасаган иштерлер дагы бар. Бизге талап болгон үчүн булгарынын калыңдыгына жана түсүнө жараша түрлөрүн жасап жатабыз. Учурда бул ишкердик туруктуу иштеп жатат. Булгаары чыгаруу үчүн жылкынын терисинен башкасын бүт иштетебиз. Өндүрүш үчүн чийки зат өлкөнүн бардык аймагынан келет. Кочкор, Нарын райондору боюнча фирмалардын бири бизге тери алып келет. Чынында биздин өкүлдөр бардык аймакты камтый албайт", — деди ишкананын жетекчиси.
Ишкерлер терини кайра иштетүү бизнесинде жумуш орундары менен эле камсыз кылбастан, экономикага дагы салым кошо алышат. Владимир Серов да муну баса белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
"Негизи теринин сапаты начар болгон үчүн таштандыга ыргытылып кетет. Албетте бул жаман нерсе. Экологияга терс таасирин берет. Эгер тери иштетилсе экономикага пайда түшмөк. Адамдар малды сойгондо таза, терини кеспей союп, биз сыяктуу ишкерлерге өткөрсө өздөрүнүн чөнтөгүнө дагы пайда түшмөк. Мал жоголбосун деп териге бакыйта тамга басып салышат. мунун айынан тери күйүп, ошол жери эле эмес, жалпы териси жараксыз болуп калат. Учурда булгаарыны иштетүү боюнча мамлекет тарабынан ишкердикке эч кандай тоскоолдук жок. Бардык документтер жайында болсо, тоскоолдук болбойт жана экспорт үчүн салык алынбайт. Бизде иштетилген тери медицина тармагында протездик-ортопедиялык борборлор үчүн дагы колдонулат. Мындан тышкары Казакстан өз авиациясын форма менен камсыздоо үчүн да калың булгаарыларды алып кетет», — деп кошумчалады ал.
Эң байыркы, эң бышык каражаттын бири - булгаары
Неолит доорунда эле тери иштетүүнүн химиялык ыкмалары белгилүү болгон деп болжолдоого негиз бар. Мал чарбачылыктын өнүгүшү, көпчүлүк элдерде өз алдынча кол өнөрчүлүктүн бөлүнүп чыгышы жана булгаары, аңтери жасоодо фабрикалык өндүрүштүн таралышы менен тери иштетүү өркүндөгөн. Тери иштетүү чарбалык-маданий жана эко факторлор менен шартталган аймактык, этностук өзгөчөлүктөргө ээ.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
Түштүк Азиянын бир катар элдери терини туздуу сууга кайнатып, нефти майы менен сүрүп кургатышат. Өсүмдүктөр, минералдар, аралашма, малдын майы, альдегид менен ийлөөнү айырмалап көрсөтүүгө болот. Көпчүлүк өлкөлөрдө элдер үй өндүрүшү, кол өнөрчүлүк шарттарында ийлегич кислотаны пайдаланышкан. Даярдалган териге аны себелеп, узак убыкытка чейин атайын идишке салып коёт. Мындай себелөө ыкмасы Байыркы Египетте да колдонулган.
Айыл чарба багытындагы эл аралык эксперт, жеке ишкер Санжар Султанкулов тери иштетүү боюнча оң жана терс жактарына айтып берди.

Сүрөттүн булагы, Дилде Шатанова
“Терини иштетүүдө Кыргызстандын технологиясы жок. Мисалы, мен чет өлкөлөрдөн абдан күчтүү технология менен малдын терисин иштетишерин билем. Алар сапатын дагы жакшы чыгарышат, ошого жараша баасы дагы кымбат. Негизи терини иштетүүдө химиялык каражаттар көп колдонулат. Буга чейин Ошко барганда терини кайра иштеткен ишкананы көргөм, ал жакта химиялык заттар көп колдонулат экен. Анын таштандылары, суулары сөзсүз экологияга таасирин берет. Бирок ар бир ишкананын артында таасири каралат. Мисалы, адам бир жерди басса деле артында из калат го. Бул деле ошол сыяктуу да. Бирок так биздин өлкөдө терини зыянсыз кылып деле иштетсе болот. Буга чейин жапониялыктар менен иштешип калгам. Териден жасалган төшөк, көлдөлөңдөргө алар аябай кызыгып сатып алышкан. Бизде терини ушундай жол менен иштетсе болот экен деген ой келген. Бир жагынан кыргыздын нукура буюмун чет өлкөгө тааныта алабыз. Экинчиден, экономиканын дагы өсүшүнө салым кошобуз. Үчүнчүдөн, ошону жасаган ишкерлерге дагы жакшы мүмкүнчүлүк”,- деди ал.
Ал эми тери иштетүү боюнча башка мамлекеттердин тажрыйбасына таянсак, Кыргызстан сыяктуу эле Монголия мамлекети дагы мал-жандыкка бай өлкө. Монголияда малдын саны калктын санынан 20 эсеге көп экендиги айтылып келет. Аталган мамлекетте экспортко негизинен эт, тери жана кашмир жүнүн чыгарат. Өлкөнүн экономикасы дээрлик айыл-чарбасына негизделген.
Дилде Шатанова, эркин журналист.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.












