Ташиевдин иштен алынышы: чет өлкөлүк эксперттер эмне дейт?

Темир Умаров, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Аркадий Дубнов
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Солдон оңго: Темир Умаров, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Аркадий Дубнов
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Бир катар чет өлкөлүк эксперттер жана басылмалар 10-февралда президент Садыр Жапаровдун УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди кызматтан алышына байланышкан темаларга орун берип, пикирлерин билдирүүдө.

Орусиялык саясат таануучу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстандагы соңку саясий окуяларга "жогортон ишке ашпай калган төңкөрүш" деген баасын берди.

Эксперт "57 жаштагы, Кыргызстандын Баатыры Камчыбек Ташиев өзүнүн теңтушу, жакын санаалашы жана өлкөнү башкарып келген тандемдеги өнөктөшү, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун алдында эмнеден жаңылды?"- деген суроо коюп, ага өзү жооп издейт.

Анын пикиринде, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы келишпестик аракеттеги президенттин мөөнөтү бүттүбү же жокпу деген талаштардан улам тутанышы мүмкүн.

"Балким, тандемдеги өнөктөштөр ортосундагы кечээки так ушул талаш Ташиевдин кызматтан кетишине алып келгендир. Кыргызстанда көпчүлүк генерал акыры барып өлкөнүн кийинки "биринчи адамы" болууну каалайт, ал эми азыркы "биринчи" ага орун бошотот деп ойлошчу. Анткени 2020-жылы алар бирге аракет кылып, бешинчи президент Сооронбай Жээнбековду кан төгүүсүз кызматтан кетиришкен. Ошондо Жапаровдун бийликке келишине Ташиев чоң роль ойногону белгилүү", - деп жазды эксперт.

Аркадий Дубнов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аркадий Дубнов

Аркадий Дубнов былтыр эле социологиялык сурамжылоолор Жапаров-Ташиев тандемине ишеним өсүп жатканын көрсөткөнүн эскерди. Анда шайлоочулардын көбү аларды туруктуулуктун белгиси катары кабыл алчу.

"Бүгүн болсо башкаруучу тандем өз мөөнөтүн өтөгөнү, эми ал туруктуулукту камсыз кыла албай калганы айкын болуп калды",- дейт Дубнов.

Аркадий Дубнов УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин ашкере саясий амбициялары аны "өлкөдөгү биринчи адам" катары кабылданта баштаган эледейт. Орусиялык эксперт Ташиевдин соңку жылдардагы ишмердигин да деп тизмектей кеткен:

"Анын эмгектери чоң: Тажикстан менен чек ара талашын жөнгө салууга катышты, КМШ масштабындагы "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевди жок кылуу буйругун берген, туулуп-өскөн Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүүгө демилге көтөргөн. Ошол эле шаардын мэрин туура эмес чечимдери үчүн жаакка чапкан учурлары да болгон".

"Ташиевдин таасири эми солгундайт"

Берлиндеги "Орусия-Евразия" Карнеги борборунун кызматкери Темур Умаров дагы Кыргызстанда орун алып жаткан саясий окуяларга Facebook аркылуу пикирин билдирди.

"Окуялар мындан ары кандай нукта өнүгөөрү азырынча түшүнүксүз. Бирок Ташиевге жаңы реалдуулукту кабыл алуудан башка жолду элестетүү кыйын болуп турат. Ташиевдин таасири формалдуу эмес мамилеге, президент менен достугуна жана аппараттык ролуна негизделген эле да. Бул экөөсүз анын таасири солгундайт. Башкача айтканда, азыр системанын ичинде кимдир бирөө Жапаровдун чечимине каршы чыгып, мурдагы башкы чекистке ачык лоялдуулук көрсөтөт деп элестетүү кыйын", - дейт Темур Умаров.

Эксперт Кыргызстанда эми Ташиевдей таасирдүү адам болуп чыга келүүсүнө жол берилбейт деп, президент Садыр Жапаровдун УКМКны алсыратуу процессин баштаганына көңүл бурду.

Умаров президент Садыр Жапаров эми өлкөдө "эч ким мындай деңгээлдеги таасирге ээ болбошу керектигин түшүндү", - деп жазды.

Темур Умаров

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Темур Умаров: "Ал (ред. С.Жапаров) президенттик кызматын узартууга даярдыгын баштайт"

Карнеги борборунун кызматкери Темур Умаров эми Садыр Жапаровдун кийинки кадамдары кандай болот деп суроо койгон.

"Инкумбенттен (ред.- бийлик ээси) кийинки кадамдарды күтөбүз. Ал өзүн институционалист катары көрсөттү жана бул биринчи жолу эмес. Билиппи же интуицияга негиздеппи, бирок ал кызматтын жана бюрократиянын маанисин түшүнүп жатат. Эми кийинкиси - ал өзүнүн президенттик кызматын узартууга даярдыгын баштайт".

Эксперт президент Садыр Жапаров Ташиевдин өлкөгө коопсуз кайтып келиши үчүн мүмкүнчүлүк берип жатканын, бул атайын кызматтын мурдагы төрагасынын ден-соолугуна да байланыштуу да болушу мүмкүн дейт.

Орус басылмалары Ташиевди "башкы русофоб" аташты

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орусиялык "Lenta.ru" басылмаcы Кыргызстандагы соңку окуяларды "Кыргызстанда башкы русофобду отставкага кетиришти" деген тема алдында чагылдырды.

Ал эми орусиялык РБК басылмасы Орусиянын Илимдер академиясынын алдындагы Постсоветтик өлкөлөрдү иликтөө борборунун улуу кызматкери Станислав Притчинден кыргыз саясатына каратапикирин сураган. Притчин соңку жылдары "УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бийликтеги позициясын улам бекемдеп келгенине" сереп салып берген:

"Атайын кызмат анын тушунда колуна эбегейсиз ыйгарым укуктарды топтоду - президенттин күзөтү, чек ара кызматы, тергөө укуктары жана Баш прокурордун компетенциясына кирген укуктарды ала алды. Ташиевдин парламентте да тарапкерлери көп эле. Соңку жылдары ал кардиналдуу түрдө күчтөнүп, ал эми Жапаровдун тарапташтары жетекчилик кызматтарынан кол жууп баштаган".

Притчиндин баамында, президент Ташиевди кызматтан кетирүү чечимин, өзү бийлигинен ажырап калгыча, озунуп кабыл алды.

Станислав Притчин

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Станислав Притчин:

"Албетте, УКМКнын жетекчилигин алмаштыруу менен эле маселе чечилбейт, анткени соңку жылдары Кыргызстандын атайын кызматы, биринчи кезекте , Камчыбек Ташиевдин кызыкчылыгына ылайык түзүлүп келди",- деп эксперт УКМКнын соңку реформасына да көңүл бурду.

"УКМКны күчтүү күч түзүмдөрүнүн конгломераты катары анын функцияларын бөлүштүрүү жүрүүдө. Мекеме административдик ыйгарым укуктарынан ажыратылып жана Ташиевге байланышы жок жаңы адамдарды дайындоо процесси жүрүүдө. Биз административдик жана күч түзүмдөрү жагынан конфигурацияны түп-тамырынан өзгөрткөн олуттуу, алдын ала даярдалган кадамды көрүп жатабыз".

Ташиевдин кызматтан бошотулушу тууралуу бир катар батыш маалымат каражаттары да жазышууда.

The Diplomat кыргыз саясатындагы соңку өзгөрүүлөргө кенен токтолуп, Берлиндеги Leibniz-Zentrum Moderner Orient (ZMO) борборунун илимий кызматкери доктор Аксана Исмаилбекованы эксперт катары кепке тарткан.

Окумуштуу бул тандемде "бийликтин так бөлүштүрүлүшү болгон эмес" деп, "Ташиев коопсуздук маселелеринен тышкары ички саясатка, анын ичинде социалдык долбоорлорго да жооптуу болгонун" айтып берген:

"Эки негизги көз караш бар. Көптөр Ташиев президенттикке талапкер болот деп эсептешет… Айрымдар болсо Путин - Медведев моделине окшош сценарий болушу мүмкүн деп да айтышат, анда эки саясатчы кызматтарды алмашып же ролдорду кезектештирип, бийликте кала берет".

The Diplomat 2026-жылдын январында эле Ташиев Жапаров тууралуу документалдык тасмада "Бул жашоодо бизди өлүм гана ажыратат" деп айтып оозун жыйгыча бир ай өтпөй кызматынан кеткенин да белгилей кетти.

Reuters дагы Кыргызстандагы саясий окуяларга токтолду:

"Жапаров менен Ташиевди, алардын колдоочулары бийликти консолидациялоо жана өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндөгү саясий элиталардын ортосунда альянстарды куруу аркылуу Борбор Азиядагы бул республикадагы көп жылдык саясий туруксуздукка чекит койгон адамдар катары көрүшөт" деп жазды аталган агенттик.

Басылма Орусия менен тыгыз байланышты сактап келген Кыргызстан Украинадагы согушка байланыштуу киргизилген санкцияларды айланып өтүүгө шарт түзгөн өлкөлөрдүн бирине айланганы үчүн Батыш мамлекеттеринин көз кырына кабылганын да кошумчалаган.