Кыйноолорго каршы борбор жоюлду. Акыйкатчы институту анын ишин алып бара алабы?

Айдай Аманкулова

Би-Би-Синин фрилансер-журналисти

иллюстрация

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Президент Садыр Жапаров "Акыйкатчы жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду. Анын алкагында Кыйноолорго каршы улуттук борбор өзүнчө орган катары жоюлду. Мекеме эми Акыйкатчы институтунун курамында иш алып барат. Буга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү, эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин көз карандысыз борборду сактап калууга үндөшкөн. БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары бул чечим кыйноолордун алдын алуу аракетине олуттуу сокку урарын билдирди.

Талаштуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 25-июнда кабыл алган. Документтин авторлорунун бири, депутат Марлен Маматалиев Кыйноолорду алдын алуу борбору Акыйкатчы институтунун функцияларын кайталап жаткандыктан, эки мекемени бириктирүү сунушу колдоо тапканын жүйөө келтирди.

"Кыйноолорго каршы улуттук борбор жоюлган жок. Акыйкатчы институтуна кошулду десек туура болот. Эми жабык жайлардагы мыйзам бузууларды экөө чогуу көзөмөлдөшөт, мурдагыдан да күчтүү болуп калышат. Кантсе да Акыйкатчынын мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Кыйноо фактыларын сүрөт, аудио-видео аркылуу каттоого алып гана тим болбостон, укугу бузулган жарандарга жардам көрсөтө алышат. Депутаттык комиссия маселени иликтеп, эксперттердин бүтүмү менен ушундай кадамга бардык".

Депутат Марлен Маматалиев Кыйноолорду алдын алуу борбору Акыйкатчы институтунун функцияларын кайталап жаткандыктан, эки мекемени бириктирүү сунушу колдоо тапканын жүйөө келтирди

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Депутат Марлен Маматалиев Кыйноолорду алдын алуу борбору Акыйкатчы институтунун функцияларын кайталап жаткандыктан, эки мекемени бириктирүү сунушу колдоо тапканын жүйөө келтирди

"Элге эле кыйын болду"

Укук коргоочулар кыргыз бийлигинин чечими туура болгонуна көздөрү жетпей турат. Алар Акыйкатчы институтунун ишмердиги кеңири, адам укуктарынын бардык тармактарын камтый турганын белгилешет. Натыйжада, өзүнчө көңүл бөлүүгө муктаж болгон жабык жайлардагы, аскер бөлүктөрүндөгү, балдар, карылар үйлөрүндөгү, психиатриалык ооруканалардагы кыйноо фактылары көз жаздымда калып калышы мүмкүн деп кооптонушууда.

"Кыйноолордун алдын алуу борбору мыйзам боюнча, жабык жайларга күнү-түнү, дем алыш, майрам күндөрү эскертүүсүз кирип, мыйзам бузуу фактыларын каттап турчу. Мындай укук акыйкатчы институтунун кызматкерлеринде жок, Акыйкатчынын өзүнө гана берилген. Ал жалгыз да, баарына кантип жетишет. Борбордун жабылып калганы өтө өкүнүчтүү. Элге эле кыйын болуп калды", – дейт укук коргоочу Азиза Абдирасулова.

"Жаңы мыйзам кыйноолордун алдын алууга доо кетирет"

Борбордун жоюлганына эл аралык уюмдар да тынчсызданып турушат. Мыйзамга кол коюлгандан кийин БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Тюрк дароо реакция жасады. Ал кыйноолордун алдын алуу боюнча көз карандысыз көзөмөл органды жоюп, анын ыйгарым укуктарын толук көз карандысыз боло элек Акыйкатчы институтуна өткөрүп берүү Кыргызстандын адам укуктары жаатында алган милдеттенмелерине карама-каршы келерин айтты.

Фолькер Тюрк Кыйноолого каршы улуттук борбор эл аралык стандарттарга жооп берген жалгыз көз карандысыз мекеме катары Борбор Азия чөлкөмү үчүн үлгү болгонун белгилеп, жабык жайларда адам укуктарынын камсыздалышы үчүн эми расмий Бишкек шашылыш аракеттерди көрүшү керектигин белгиледи.

"Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык, Акыйкатчы институтунун курамында жаңы түзүмдү түзүүгө; анын функционалдык, операциялык жана каржылык көз карандысыздыгын камсыз кылууга, анын ичинде жетиштүү, өзүнчө бюджет бөлүүгө чакырам", – деген Фолькер Тюрк.

Буга чейин БУУнун Кыйноолорго каршы комитети Акыйкатчы институтун парламенттен көз каранды орган катары атаган.

"Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, борборду сактап калууну өтүнгөн
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, борборду сактап калууну өтүнгөн

"Эми Акыйкатчы институту жарандык коомго кол сунушу керек"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындан мурдараак "Бир дүйнө-Кыргызстан" укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, борборду сактап калууну өтүнгөн.

Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова бардык аракеттерге карабай, мекемени өз алдынча орган катары сактап калууга мүмкүн болбогонуна кейиди.

Укук коргоочу эми Акыйкатчы институтун күчтөндүрүп, кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатып, жарандык коом менен бирге иш алып барууга үндөө керек деп эсептейт.

Болбосо жабык жайларда абал азыркыга чейин оор экенин, адам өлүмү менен аяктаган трагедиялуу көрүнүштөр болуп жатканын белгилейт:

"Биз канча жылдан бери түрмөлөргө байкоо жүргүзүп келебиз. Өз жанын кыйган, белгисиз жагдайларда өлүмгө дуушар болгон учурлар арбын. "Сотсуз өлүм жазасына тартуу" тажрыйбасы жоюла элек. Эгер жабык жайларда гуманизм принциби иштебесе, кыргыз коомуна кесепети тиет. Анткени абактарда кыйноого кабылган жарандардын үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Ошондуктан түрмөлөрдө реформа жүргүзүп, Акыйкатчы институтунун ичинде жарандык коомдук кеңеш түзүш керек. Бул институт "Париж принциптерине" ылайык, "А" деген макамды алышы керек. Ошондо гана жабык мекемелерде кыйноолордун алдын алууда натыйжалуу иш жүргүзсө болот".

"Париж принциптери" – 1993-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы кабыл алган эл аралык стандарттар.

Ал адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттарга коюлган негизги талаптарды аныктайт. Принциптердин максаты – мындай институттардын өз алдынчалыгын, көз карандысыздыгын жана эффективдүүлүгүн камсыз кылуу. Эң жогорку макам — "А". Ал "Париж принциптерине" толук жооп берет.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту эл аралык баалоолор боюнча "Б" макамын алган. Буга мекеменин Жогорку Кеңештен көз каранды орган экени негизги себеп катары айтылып келет.

"Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен институттун ыйгарым укуктары кеңейип, укуктук макамы бекемделди. Бул адамгерчиликсиз мамиленин алдын алууну күчөтүүгө жол ачат", - деди Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен институттун ыйгарым укуктары кеңейип, укуктук макамы бекемделди. Бул адамгерчиликсиз мамиленин алдын алууну күчөтүүгө жол ачат", - деди Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева

"Кыйноолордун алдын алуу боюнча активдүү иш алып барууну улантабыз"

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Би-Би-Сиге курган маегинде укук коргоочулардын тынчсызданууларына жооп берип, Кыргызстан БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясынын факультативдик протоколу боюнча өз милдетин аткарып жатканын, ыйгарым укуктарынын алкагында кыйноолордун жана ырайымсыз мамилелердин алдын алуу боюнча активдүү иш алып барууну улантарын билдирди.

"Акыйкатчы институту 2024-жылы жабык жайларга 258 жолу инспекция жана мониторинг жүргүзгөн. Алардын жыйынтыгында кармалгандардан жана соттолгондордон 139 арыз түшкөн. Мунун ичинен 36 учур кыйноого байланыштуу болгон. Жалпысынан 22 кызматкер жоопкерчиликке тартылган. Ал эми 2025-жылдын 8 айында кыйноолор боюнча 39 арыз келип түштү. Жаңы конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы менен институттун ыйгарым укуктары кеңейип, укуктук макамы бекемделди. Бул адамгерчиликсиз мамиленин алдын алууну күчөтүүгө жол ачат. Акыйкатчы институту кеңейтилген мандатынын алкагында көз карандысыздык, ыкчамдуулук жана эл аралык стандарттарга берилгендик принциптерин сактоо менен өз ишин улантат", – деди Жамиля Жаманбаева.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор бардык функциялары менен Акыйкатчы институтуна кошулабы, штаттык биримдик сакталып калабы же кыскарабы, белгисиз.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети алты айдын ичинде өзүнүн укуктук-ченемдик актыларын жөнгө салышы керек.

Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюмдун 2024-жылдагы баяндамасында Кыргызстандын жабык жайларында 444 киши сурамжылоого алынганы, анын ар бир бешинчиси же 20.6% кыйноого, психологиялык кысымга кабылганы айтылган.