"Абсолюттук бийлик бир адамдын колуна өттү". Тандем соңуна чыктыбы жана ага эмне себеп болду?

впетирап

Сүрөттүн булагы, Өткүрбек Рахманов

Окуу убактысы: 3 мүнөт

Камчыбек Ташиев менен жолугушуу, кадрдык өзгөрүүлөр, түндүк-түштүк маселеси, коррупцияга каршы күрөш жана достук. Соңку саясий жагдайларга байланыштуу президент Садыр Жапаров үч күн аралыгында экинчи жолу маек курду. Ал ортодо бүгүн дагы бир нече министр кызматынан кол жууду.

Бүгүнкү маектин ток этер жеринен баштасак, ал УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен достук мамиледе кала берерин, талаштуу маселе-жаралса, урушпай, сабырдуулук менен чечүү жолун тандап келгенин айтты. Ошол эле маалда ал Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди.

"Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. "Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр" дедим. Досумдун айтымы боюнча, "ак сакалдар" дейбизби, "көк сакалдар" дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, "медвежья услуга" көрсөтүштү", - деди Садыр Жапаров.

"Бул чечим биздин үй-бүлөдө резонанс деле болгон жок"

ыкпм

Сүрөттүн булагы, Өткүрбек Рахманов

Президенттин отставка тууралуу чечими күтүүсүз болгонун айтканын эске албаганда, Камчыбек Ташиев соңку кырдаал боюнча толук комментарий берип, же басма сөз жыйынын өткөрө элек.

Бир күн мурда Ташиевдин тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов фейк аккаунттар аркылуу түрдүү видеолор таратылып, Ташиевдердин үй-бүлөсүн каралоо аракети жүрүп жатканын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген:

"Ушул жол менен, албетте, урматтуу генералыбыз Камчыбек Ташиевди кыргыз элине жек көрсөтүүгө, кадыр-баркын түшүрүүгө багытталган видеокайрылуулар жана роликтер чыгарыла баштады. Бул аракеттер күтүлгөндөй өңүттө жана форматта активдүү түрдө ишке ашырылууда. Бирок Шаирбек Ташиев тууралуу видеоматериалдагы той берүү, кымбат баалуу байгелерди коюу, кымбат баалуу үй куруп алды ж.б. айтылган нерселер Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келе электе эле болгону эсиңиздерде болсо керек. Ал иш-чаралар ошол кезде эле элге ачык көрсөтүлгөн болчу".

Ал эми бүгүн Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев "Азаттыкка" маек куруп, Германиядан кайтып келген агасы менен жолукканын, ден соолугун чыңдаганга убакыт керектигин айтып, президенттин чечими алардын үй-бүлөсүндө резонанс жаратпаганын белгиледи. Буга чейин депутат Шаирбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени жөнүндө кептер тарап жаткан:

"Ден соолугун чыңдаганга дагы убакыт керек. Ал эми президенттин кабыл алган чечимдери боюнча эми бардык кызматкерлер, жарандар президенттин чечимин аткарыш керек. Ал президенттин чечими. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз аны туура же туура эмес деп талдагандан алыспыз. Бул чечим биздин үй-бүлөдө эч кандай деле резонанс болгон жок".

Коомчулукта "Беш жылга созулган саясий тандем соңуна чыктыбы? Камчыбек Ташиевдин кийинки кадамдары кандай болот?" деген суроолор берилип жатканы белгилүү. Азырынча бул суроолордун жообу бир кылка эмес.

"Камчыбек Ташиев эс алууга кетти. Мурдагыдай тандем жок. Абсолютук бийлик бир адамдын колуна өттү. Бул туура нерсе", - деп эсептейт жарандык активист Жеңиш Молдокматов.

"Парламент кадимки тартипте иштеп жатат"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Садыр Жапаров мурдараак саясий оюндар Жогорку Кеңеште башталып, ал ак сакалдардын кайрылуусу менен коштолгонун айткан болчу. Ташиевдин отставскасынан кийин Жогорку Кеңеште спикер да алмашкан эле. Нурланбек Тургунбек уулунун ордуна Марлен Маматалиев келген.

Бүгүн, 16-февралда бир катар жергиликтүү басылмалар Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатынан баш тартууга даяр экенин, ал БШКга арыз жазууга даярданып жатканын кабарлашкан. Кийин БШК бул маалыматты төгүндөп, мурдагы төрагадан мандатынан баш тартканы жөнүндө арыз түшпөгөнүн кабарлаган.

Көшөгө артында маанай кандай экени коомчулукка так белгисиз, бирок депутаттар иш ыргагы кадимки тартипте уланып жатканын билдиришүүдө.

"Ахыбал туруктуу, жаңы төрага менен иштешип жатабыз. Өзгөрүү деле жок. Жалпы жыйындар, комитет жыйындары болуп жатат. Мыйзамдар кабыл алынууда. Элдин көйгөйү көтөрүлүп жатат. Өлкө жетекчисинин депутаттар арасында да ушул иштерге тиешеси бар дегени боюнча айтканын сурап жатсаңыз, ал кишиде маалымат бардыр. Мен эми 87 депутаттын иши жөнүндө эч нерсе дей албайм", - деди депутат Табылды Муратбеков.

Президент бүгүнкү маегинде да бөлүнүп-жарылууну саясатчылар баштап, элди курал катары колдонорун да белгилеп өткөн.

"УКМКны реформалоо коомдун талабы"

Президент бул ирет түндүк-түштүккө бөлүнүүгө жол бербей турганы жөнүндө да кеңири кеп кылган. Буга жетекчилер ротациялык негизде дайындалганын мисал келтирген. Ал эч кимди кызматтан кет дебегенин, бирок өз каалоосу менен кеткендерди кармабай турганын айткан.

Ошол эле маалда бүгүн президентттин жарлыгы менен транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кызматтан бошотулду. Эл арасында бул аткаминерлер Ташиевдин тарапташтары катары аталып келген. Ал ортодо УКМКда кадрлар алмашууда, атүгүл камалууда.

14-февралда атайын кызматтын Бишкек шаары боюнча Башкы башкармалыгынын башчысы Элдар Жакыпбеков кызматтан алынып, ордуна Улан Бийбосунов дайындалган. Бүгүн Башкы прокуратура Элдар Жакыпбеков кармалганын, ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатканын ырастады.

Ал ортодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоор Жумабеков кызматынан алынганы кабарланууда. УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

"УКМКны толук реформалоо бүгүнкү күндүн, коомдун талабы. Акыркы беш жылда УКМК эбегейсиз бийликти өзүнө алган. Мамлекеттик-муниципалдык кызмат эмес, атайын кызматтарга, керек болсо сот системасына чейин түздөн-түз кийлигишип, бийлигин жүргүзүп, үстөмүк кылганын көргөнбүз. Ошондуктан УКМК реформаланып, түздөн-түз өз функцияларын аткара турган орган болуп калышы керек", - дейт жарандык активист Мавлян Аскарбеков.

Бул арада Садыр Жапаров төңкөрүш болушу мүмкүн деген кооптонууга негиз жоктугун, 20 саат иш үстүндө экенин айтып, криминалга каршы күрөш уланарын билдирип жатат.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

57 жаштагы Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы үзөңгүлөшү катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.